• СЫР МАЕК

Аскат Мусабеков:

"Абышка-кемпирлер менен отуруп сүйлөшкөндү жакшы көрөм"

Кайсы тойго барба "Аруузатымды" ырдап, ал ырга бийлегендерди көрөсүң. Бул жыл бою хит болгон ырдын аткаруучусу Аскат Мусабеков биз менен маек курду.
- "Аруузатым" азыр хит болуп атат, ушул ырды кантип ырдап калдыңыз эле?
- 2009-жылы Токтогулга чоң концерт менен барган элек. Чычкан капчыгайынан бизди коноктошуп, кой союп эт жеп атканда мен сыртта жүргөм. Боз үйдүн ичинде Элмирбек байкенин ырдап аткан үнү угулуп калды. Бара калсам, "Аруузатым" деп ырдап атыптыр. Мага ырдын сөздөрү, обону абдан жакты. "Айланайын, мага бир жолук", - деген сөздөрү кулагыма сиңип калды. Ушул ырды мен ырдасам деп ойлодум. Ырчыларлын көзүнчө сурагандан тартындым. Анын үстүнө мен жакшы ыр угуп калсам эле, "менден башка бирөө ырдай электе мен ырдасам экен" деген кызганчаактык пайда болот. Бишкекке келгенде, Элмирбек байкеге четин чыгарып айттым. Ушул ырыңыз жагып калды, мага бербейсизби десем, сөзүн жазып берди, обонун үйрөтүп бир күн кечке Элмирбек байке менен жүрдүм. Бул ырды биринчи ырдаганда эле ооруп калгам. Ырдын башында эле мындай хит болорун билгем. Муну тагдырлуу ыр десек да болот. Анткени, тагдыр, өкүнүч, сүйүнүч камтылган.
- Сиздин репертуарыңызда Улукмырза Полотовдун табитиндеги ырлар көбүрөөк кездешет. Же Улукмырза агай сизге ушул ырды ырда деп турабы?
- Менин өзүмдүн эле табитим. Эгер агайдын гана сунушу менен ырдасам, репертуарымдагы ырлардын көбү элдик чыгармалар, комуз менен ырдагандар болмок. Ошентсе да, элдик ырлар басымдуулук кылат.
- Көптөр ырчылыкты кесип кылбай, хобби же бизнес катары кабылдап атышпайбы. Ырчылык сиз үчүн эмне?
- Бул чоң көйгөй. Баарын талантсыз деп айтпайм. Мен шоу- бизнес менен чыгармачылыкты эки башка карайм. Шоу-бизнестин өмүрү кыска болуп калышы мүмкүн. Анткени, анын негизги максаты-акча табуу, коммерция. Ал эми чыгармачылык үйүңө жатып алып деле ыр жазып, ыр чыгарып, өзүнүн жан дүйнөсү үчүн ырдай берсе болот. Чыгармачылык адам менен өмүр бою жашай турган нерсе. А мен өзүмдү чыгармачылыктын өкүлү катары эсептейм.
- Азыр ЖКнын депутаттары фонограмманы жоюу боюнча мыйзам долбоорунун үстүнөн иштеп атышпайбы. Буга болгон сиздин көз карашыңыз?
- Бул жерде ырчылардыкы да туура. Анткени, ар кандай кечелерде, концерттерде чогуу болуп калабыз. Аппарат жакшы болбогон күндө жандуу ырдай берет, бирок анын да өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Аппарат жакшы болбой, микрофон иштебесе, үнгө тоскоол болот. А эгер комуз менен ырдасаң, тоонун үстүнө чыгып алып деле ырдай берсең болот. Бул маселени эки бөлөк караш керек. Мындай деле ырдай бербейби дешет. Эстрада ырчыларына минусовка койгондо жакшы ырдашат. Мен комуз менен ырдай берем. Бир жагынан алганда элдердики туура. Анткени, азыр фонограмма көбөйүп кетти. Канчалаган акчаларды төлөп концертке келет. Фонограмма элди алдагандай болуп калат. Эгерде жандуу үн менен ырдаш керек болуп атса, бизге аппаратты жакшылап коюп бериш керек. Бул мыйзам долбоорун мен колдойм.
- Бир караган адамга өтө эле уялчаак көрүнөсүз. Мүнөзүңүз кандай?
- Сырттан карагандарга билинсе керек. Сүйүнгөндү же капаланганды көп сыртыма чыгара албайм. 2010-жылы "Ысык-Көлдө Кадыр түн" сынагынан биринчи орунду алганда жөн эле отурсам:"Эмнеге сүйүнбөйсүң?" - дегендер көп болгон. Жылдызым келишкен адам менен чечилип сүйлөшөм.
- Жакшы мүнөзүңүздү кандай жаман сапатыңыз жууп кетет?
- Дайыма эле кечигип жүрөм. Ушул оору да. Үлгүрөйүн дейм, бирок жумуштар көп болуп калат. Анын үстүнө эч кимдин көңүлүн калтыргым келбей, баарына макул боло бермейим бар. Аны да калтырыш керек. Бирок өзүм күткөндү жаман көрөм. Бир жалкоолонсом бир топко чейин жалкоолонуп койом.
- Улуу жана кичүү муундун өкүлдөрү менен бирдей иштейт эмессизби. Кичүү муун бизди улуулар түшүнбөйт деп арызданып калышканын угабыз.
- Улууну урматтап, кичүүнү ызатташ керек экен. Кичүүнү кичүү деп эле коруй бербей, анын көңүлүн көтөрүп коюш керек. А кичүүлөр же орус эмес, же кыргыз, же америкалык эмес кызыктуудай. Бирок алардын деле жашы өтөт. Ошондуктан, алар да улууларды урматташ керек. Мен эки муундун ырчылары менен бирдей сүйлөшөм. Айрыкча, абышка-кемпирлер менен отуруп сүйлөшкөндү жакшы көрөм. Бизден 10-20 жаш улуу ырчылар менен деле аралашып кете берем. Ар бир замандын өзүнүн ырчысы бар. Сахна болсо жаштыкты талап кылат экен. Жашың өткөндөн кийин каалайсыңбы, каалабайсыңбы артыңда келе жаткан муунга жол бошотуп бересиң.
- Улуу муундар менен чогуу жүрүп, алардын кандай жакшы жактарын сиңире алдыңыз?
- Мен улуу муундар менен аралашканыма сыймыктанам. Телевизордон көрүп, радиодон уккан ырчылар менен кийин аралашып калдым. Театр, кино жагынан Д. Байдөбөтов агайды кичинемен бери билем. Т. Казаков менен отуруп сүйлөшүп калганда, а кишинин токтоолугун, акыл калчап иш алып барарын, сөздү таптап, өз орду менен сүйлөгөн жерлерин үйрөндүм. Улукмырза агайдын да токтоолугун үйрөндүм. Ашыраалы Айталиевди үйүнө жеткирип калдык.
Азыр ырчы аябай көп экен. Анын ичинде жеңил-желписи көп. Бирок бул мыйзам ченемдүү нерсе. Жакшы болбосо жамандын жаман экенин эч ким билбейт. Жаштардын көбү улуулардын баркын билбей атышпайбы. Азыр билбесең, кийин сен деле алардын баралына жетесиң. Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат дегендей, аларды да унутпаш керек.
- Келинчегиңиз Залина эжени чет өлкөгө 4-5 жылдык контракт менен чакырып калышса жибересизби?
- Билбейм, аны ойлонуш керек. Өзү деле макул болбойт. Биз жаңы үйлөнгөндө бир жарым айга Америкадан чакыруу болгон экен. Өзү эле баш тартып коюптур. Эгер үйбүлөбүз менен барсак бир жөн.
- Койон жылы эмнеси менен эсиңизде калды?
- Койон жылы бою "Аруузатымды" ырдап чыктым десем болот. Аягында "Жылдын мыкты ыры" деген наамга татыды. Андан сырткары, чыгармачылыкта жакшы чыгармалар жаралды. Аз да болсо ырчылардын арасынан өзүмдүн ордумду таап алдым.
- Эсте калган Жаңы жылыңыз?
- Жаңы жыл келгенде эле кичинекей кезим эсиме түшөт. Балаты тигип алып, үйдөгүлөргө бийлеп, ырдап берчүмүн. Аяз Ата келет деп белек күтчү элем. Бир жолу окуй элек кезим, Аяз Атадан көп момпосуй сураган элем. Эшикте кар бапалактап жаап аткан. Эшикти ача калсак эле, сары мүшөктүн жарымынан момпосуй турат. Таң калып, үстүнө минип алып момпосуй жегеним эсимде. Көрсө, ата-энем кылган окшойт.
- Кызыңыз да Аяз Атадан белек күтүп атса керек?
- Ал баарын сурап атат. "Чана, көп оюнчук, көп шоколад", - дейт. Бир туруп койон, ташбака сурайт. Кызыма да жакшы белек кылабыз деп турабыз. 21-декабрь- өзүнүн туулган күнү. Жаңы жылда эсинде кала тургандай белек кылабыз. Балаты алып келип бериңиз дегенинен, балаты алып келгем. Кураштырып, оюнчуктарын илгенбиз. Бир жактан кайра келсем, оюнчуктарын жыйнап алыптыр. Баланын бактысы үчүн ата-энеси аман болуш керек экен.
- "Күн желеси" гезити сизди Залина эже менен ажырашып кетти деп чыгышты эле. Чынында эле ошондой болгонбу?
- 2010-жылы мен концерт берип, он күндөн кийин биз Турцияга кеттик. Он күндөн кийин келсек эле, аэропорттон бизге тааныштарыбыз телефон чалышты. "Ушундай маалымат уктук, чынбы?" дегенинен, "Турциядан келе жатабыз", - дедик. Тааныштарыбыз бизге чалышса, экөөбүздүн тең телефонубуз өчүк. Анан аа чын эле ажырашышкан окшойт деп ойлоп калышыптыр. Андан кийин "бир продюсер менен иштешип, банкрот болуп калыптыр" деп да чыгышты. Банкрот болбой эле жакшынакай киреше кирди. Бул-жөн эле бизди жаманатты кылган сөздөр. А сөздөр айтыла берет экен.
Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева