Күүгүмдөгү сырдашуу
КРнын Эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырзалиева:
"Сырдашым да, муңдашым да театр"
Театр-жашоонун күзгүсү деп бекеринен айтышпайт чыгар. Бул актрисага жалаң гана сулуулардын, ажарлуу айымдардын каармандары буюруптур. Ар бир образдын майын чыгара аткарган, тубаса талант ээси Сайрабүбү айымды кепке тарттык.

- Азыркы учурда кайсы спектаклге даярдык көрүп жатасыз?
- Марша Нормандын "Түнүңүз бейпил болсун, апа" чыгармасын режиссёр Э. Ибрагимова койгон. КРнын Эл артисти Г. Каниметова эненин ролун аткарса, мен кызынын ролун аткардым. Талмасы бар, оорукчан эне бул турмуштун жыргал жашоосунан үмүтүн үзүп койгон. Уулу да нашакор чыгып, кыйынчылыкты башынан кечирет. Өзүн-өзүн өлтүрөм деген эненин трагедиясы чагылдырылган.
- Зуура Сооронбаеванын "Чоочун киши" чыгармасы боюнча телепостановка коюлган. Толкунбектин келинчеги Жайнагүлдүн образын мыкты ачып бергенсиз. Тасмаларга тартылбай калганыңыздын себебин билсек?
- Ошол телепостановканы Амантай агай койгон. Ошол убакта элдин кабыл алуусу да жакшы болгон. Эң өкүнүчтүүсү, унутта калып калды, себеби, бир режиссёр ич күйдүлүк кылып, ордуна башка долбоорду жазып салыптыр. Болбосо алтын фондуга сакталып калмак экен. Раматылык Амантай агайдын күйбөгөн жери күл болгонун айтпа. Жайнагүлдүн ролунан соң, режиссёрлор тарабынан тасмаларга тартылууга жакшы эле сунуштар түшкөн. Д. Садырбаевдин "Махабат дастанындагы" Бегимайдын ролун сунушташкан,тилекке каршы, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ал ролдон баш тартууга туура келди.
- Драматург Ж. Садыковдун "Айкөл Манас" пьесасын койгон режиссёр Бообек Ибраев эле. Аруукенин ролун сиз аткарганыңыз үчүн күйөрмандарыңыз кайра-кайра көрчү экен?
- Ал спектаклде мен Айчүрөктүн ролуна даярданып жүргөм. Орто жерден декретке чыгып кеткем. Раматылык Бообек Ибраев: "Декретке чыга турган убакытты да таапсың"-десе, Гүлсүн эженин да таасири болду, жолдошун көндүрүп, мага Аруукени берди. Жалил Садыковго да абдан жагыптыр. Биздин улуу актрисабыз Сабира Күмүшалиева: "Сайрагүлдүн Аруукесин көрүш үчүн көрүүчүлөр тарапка эртерээк келип отурам",-деп калчу. Дагы бир журналист: "Сиздин Аруукеңизди көрүп, жолдошума буга чейинки жасаган мамилемден уялдым, бир гана сулуулугуңуз эмес, аялзатынын чыныгы пакизалыгын көрсөтө алдыңыз",-деген.
- Жакында эле "Манастын уулу Семетейди" көрдүк. Бирок мурунку артисттердей таасир калтыра алышпады. Семетей да арыкчырай болуп окшошпой калгандай. Буга сиздин көз карашыңыз?
- Туура баамдагансың, баягы эле драматург Жалил Садыковдун үчилтиги эле, бирок ошол убактагы артисттерибиздин көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти. Манасты КРнын Эл артисти Күнболот Досумбаев ойногон да. Манаска окшоп баатырдай болуп турчу. Бирок ошолордун ордуна башка актёрлор аткарыш керек да, ошончолук деңгээлде ачып бере алышпай жаткандыр. Бизде профессионализм жок.
Э. Ибрагимова деген режиссёр келген, аны да арызданып жүрүп кетиргенбиз. Анткени, өзүбүздүн режиссёрлор коюп, көнүп калганбыз. Дыйканбаевдин небереси режиссёр болуп келди. Ошол баладан үмүтүбүз чоң.
- Жараткан ролдоруңуздун кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын?
- Мага бардык аткарган ролдорум бирдей. Драматург Мар Байжиевдин "Антоний менен Клеопатрасында" Клеопатранын жан жөкөрү Хармиананын ролун аткардым. Шекспирдин "Король Лиринде" экинчи кызы Регананын ролун ойнодум. Биздин мыкты аткарып беришибиз профессионал режиссёрлордун эмгегинен көз каранды. Режиссёр Эльвира Ибраимова койгон өзбек драматургу Саид Акматовдун "Күйөө бала" комедиясында эң кичүү кызы Назмини аткаргам.
- Азыркы жаштар китеп бетин ачат деп ойлойсузбу?
- Китеп бетин ачмак түгүл, эки сөздү бириктирип так сүйлөй алышпайт. Студенттер менен сүйлөшүп калганда ушунчалык билими төмөн экени өкүндүрөт. Биздин убакта байлык мансап менен эмес, билимге ушунчалык ынтаа коюп, дүйнө таанымды өрчүтүүгө бүт дитибизди койчубуз. Бириси мен Шарлотта Бронтенин "Джейн Эйр" чыгармасын окудум десе, бири мен детектив жанрына кызыккандыктан, Агата Кристинин "Эркюль Пуаросун" окуп чыктым деп талкуулап калышчу. Ал эми азырчы? Жусуп Турусбеков ким болгон деп сурачы? Билет бекен же "бизнесмен болсо керек да" деп кайра өзүңдү уят кылабы?
- Бала кезден эле актрисалыкка умтулчусузбу?
- Мен бала кезде үйдө телевизорубуз жок болчу. Кошуналардыкына барганда кошомат кылып кино көрчүбүз. 5-6-классымда Кыргыз радиосунда кечки саат 10до "Театр микрофондо" аттуу берүүнү калтырбай укчумун. Негедир мен жазуучу болгум келчү. Калима Бекбердиева эжекебиз: "Жазуучу деген кесип эмес, сен башка кесипти танда",- деген. Окууну бүтөр жылы "Ким болгум келет?" деген сочинение жазганда, "Мен актриса болгум келет" деп жазганым эсимде. Ошол жылдары Ташкенттеги театралдык окуу жайга таланттуу улан-кыздар кабыл алынат деген жарыя гезитке чыгыптыр. Калима эжекем: "Бактың бар экен, сен сөзсүз тапшырышың керек"-деди. Ошол эжемдин таасири менен окууга тапшырып, окуп калдым.
- Студенттик кез кызыктуу окуяларга бай эмеспи?
- Өзбекстан пахтанын мекени эмеспи. Мырза-Чөл деген айылга бизди пахтага иштегени алып барышты. Кеч күз, абдан суук. Кечкисин жууркандарды жамынып алып, кызыктуу окуяларды, уламыштарды айтып отурабыз. Тилек Жумагазиев деген балабыздын "Транзит" радиосу бар эле. Антеннасын ары-бери жылдырып жатып Кыргызстанды тапты. Таластын Ленинполь районундагы Калинин колхозу деп менин айылымды айтып жатат. Ата-энемдин жанынан карыш чыкпаган жаным, ыраакта аларды аябай сагынып куса болгонумду жашыра албай шолоктоп ыйлап жибердим. Курсташтарым соороткон сайын, ого бетер ыйым басылбайт. Биөөбүзгө айылдан посылка келип калса, бир нанды да бөлүп жеп, ынтымагыбызга чек жок эле.
- Сиздей таланттуу актрисанын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жолдошум Мурат Кулмановдун да кесиби актёр, бирок ал өз кесибин алмаштырды. Пикир келишпестиктерден улам жолубуз эки башка болду. Ортобузда Таласбек жана Талант аттуу уулдарыбыз бар. Азыр эки неберемдин жыпар жытына мас болуп, жашап келе жатам.

Динара Асылбекова