Аял-эркекти ажыраштырып- жараштырган касиеттүү шейшептер
Үй кожойкелери тамакты гана катырып жасабастан, төшөк жаатында да бир нерселерди биле жүргөнү жакшы. Шейшептерди кантип тандоо, кантип жууш керектиги туурасында аз-маз сөз кылабыз.

Шейшептин көрүнүшүнө эмес, сапатына караңыз
"Жашоону жаткан жерден башта" деп бир окумуштуу айткан экен. Анын сыңарындай, жаткан жериңизге көңүл буруу менен маанайыңызды да оңдой аласыз. Мисалы, ачык түстөгү шейшептерди пайдалансаңыз, төшөккө жатарда маанайыңыз жакшы болуп, жакшы түштөрдү көрөсүз дагы, турганда да позитивдүү маанай менен турасыз. Азыр базарда шейшептен көп нерсе жок. Каалагандай тандап алсаңыз болот. Бирок, эң биринчи анын көрүнүшүнө эмес, сапатына карасаңыз жакшы.


Шейшеп-аял-эркекти жараштырып-уруштурган касиетке ээ
Шейшепти тандоодо өңдүн символикасына көңүл бурган жакшы. Анткени, шейшептин өңү аял-эркектин мамилесин бузуп, кайра жараштырган касиетке да ээ. Ошондуктан, шейшепти аларда бул факторду да көңүлгө түйө жүргөн жакшы.

Ак шейшеп - тазалыктын, жаштыктын символу. Ак шейшепти жактыргандар көп урушпайт.
Кызыл шейшеп - сексуалдуулуктун өңү. Мындай түстөгү шейшепти жактыргандар көп балалуу болушат. Бирок бат-бат урушуп турушат.
Көк шейшеп - баштын ооруганын басып, маанайды оңдойт.
Жашыл шейшеп - кан басымды түшүрүп, иммундук системаны күчтөп турат.
Сары шейшепти - депрессиядан чыгууда колдонсо болот.
Сыя шейшеп - айлана-чөйрөдөгү жаман энергиядан сактайт.
Шейшептеги тактарды кетирүү:
Көптөр шейшепти жуугандан качышат. Анткени, шейшептеги тактарды кетирүү бир топ оорчулуктарды туудурат. Кээ бири мындайда чоң энесинин айткандарына кулак түрүп жуушат. Эң негизги сыры так түшкөн шейшепти көп убакыт кармабай, ошол замат жууп салса жакшы.
Шейшепти жууганда да өтө ысык эмес жылуу сууга жууш керек.
Айымдардын көбү төшөктө жатып алып кофе ичкенди жактырышат. Ичип атса күйөөсү тура калат же баласы чуркап келип, кофеси шейшепке төгүлүп калат. Андай учурда так болгон жерге тузду коё коюш керек дагы, перекись менен сүрө калса, так жоголот.
Чайдын тагын лимондун ширеси кошулган самындуу суу менен чайкап койсо кетип калат.
Жашылча-жемиштен калган такты жөнөкөй суу менен жууп көрүңүз, эгер ага да болбосо, агарта турган нерсени кошуп чылап коюңуз.


Шейшеп тандоодо көңүл бура турган нерсе
Эң биринчи шейшептин материалына көз чаптырыңыз. Шейшеп денеге жагымдуу болуп, кычыштырбагандай болуусу шарт. Анан дагы материалы чоюлчаак эмес болуш керек.
Экинчиден, шейшепти атайын жиптер менен тигишет. Ага да көңүл буруңуз.
Үчүнчүдөн, жытына караңыз. Эгер жагымсыз жыттана турган болсо, ал шейшепти алуудан качыңыз. Анткени, бир же эки жуугандан кийин ал шейшеп формасын өзгөртүп коёт.
Шейшепти тандоодо анын өңү да чоң роль ойнойт. Ар бир кожойке өзүнүн кыялына жараша тандап алса болот. Эгерде үй кожойкеси бош болуп, үй иштерине көбүрөөк убакыт бөлө алса, ачык түстөгү шейшептерди тандап алса болот. А эгер колу бошобой, башка иштер менен көбүрөөк шугулданса, күңүрт түстөгүгө басым жасаганы оң. - Сатин, жадка, жибектен тигилген шейшептер модадан түшпөйт дагы, көрүнүшү да жакшы.