Сөзгө сараң, ойго бай, кыргыздын кыраан кушу эле...
12-декабрь улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Аттиң, бири кем дүнүйө! Агабыз арабызда тирүү болсо, 83 жаштын босогосун аттамак. Кыргыз адабиятына "Гезитчи Дзюдо" деген кичинекей аңгемеси менен жарк этип кирип келген жазуучу 80 жылдык өмүрүндө кыргыз деген улуу тоодо жашаган, өзү да тоолоруна окшогон алпейим, ак көңүл эл бар экенин таанытты. "Жамиласы" менен ыйык махабатты даңазаласа, "Кылым карыткан бир күнү" менен адам менен табигаттын ортосундагы ажырымды, адамзаты барып-келип жер үстүнө өзү батпай каларлыгы тууралуу ойлорду айтты. "Бетме-бет" повестинде согуштун адамдарга тартуулаган азап-тозогун сүрөттөсө, "Кассандра тамгасында" фантастика жанрын пайдаланып, дагы бир жолу адамзатынын душманы адам өзү экендигин коңгуроо какты. Айтматовдун ааламдан кайтканына мына эки жылдын жүзү болуп баратса да, анын чыгармалары Айтматовдун өлбөстүгүн даназалап турат. Ошондой өлбөс чыгармалардын биринен үзүндү алып,
окурмандарга дил азык тартуулоону туура көрдүк.


Моюнкумдагы
алаамат
"О, кишилер, кишилер - адам кудайлар! Ошол кишилер эзелтен бери Моюнкумдун бөкөндөрүн куугундап келатпайбы. Абалы алар жаргак шым, куур тон кийип, мингени ат, колунда жаасы болор эле. Андан кийин тарс этме балээ таап, бөкөндөрдүн тобун чаң-тополоң түшүрүп куугундашты. Ага болбой бөкөндөр сөксөөл бадалды аралай качып кутулуп жүрүштү. Кийинчерээк адам кудайлар машине ойлоп минишип, жиниктире куугундап, тарс этмейи татыраган ок жаадырып кырчу болду. Ошондо эле ынсап кылып калчу адам кудайлар бекен, андан кийин калдыркан канат вертолёт минип, жайылып жаткан короо-короо бөкөндөрдүн төбөсүнөн тик сайылып учуп, жерде: машинечен келаткан аткычтарына кайгуулунун кабарын берип, а тиги машинечендер болсо саатына жүз-жүздөн ыкчам километр тездикте чабылып, бөкөндөрдү көз жазгырып кетчү туугуна жеткирбей кыра баштады. "Куугун салган вертолёттор рация аркылуу бири-бири менен сүйлөшүп, качкан топту эки жактан сүрөй кысып, төбөдөн ажал болуп күркүрөп, ансыз да катуу качып бараткан бөкөндөрдү андан катуу качууга аргасыздантып, кууп келатат. "Жыйырманчы, уккун, жыйырманчы! Кана, дагы күчөтө түш! Дагы күчөт!" Жогортон карап бараткан вертолётчу учкучтарга астындагы өздөрү козгогон кара сүргүн даана көрүнөт. Сапырылган ак карды уюлгутуп, киргил кара дайра албууттанып, тынбай агып бараткандай. Анда жыйырманчынын ээликкен үнү кулакчындан шаңдуу угулат: "Күчөтсө мына! - Хахаза, карасаң, арасында карышкырлар да качып баратат. Мына кызык, сүргүнгө кабылган экенсиңер ээ, кашабаңдар! Өлүмдөн кайда качып кутуласыңар? "
Акырында күтүрөп качкан бөкөндөрдүн калың тобу жайык түзгө агылып чыга бергенде аткычтарга кептелди. Чүмбөтү ачык "Уазик" минген аткычтар бөкөндөрдү андан ары кубалай артынан сая түштү да, автоматтарынан ок жаадырып, огородунан чөп чапкан сыңары мээлебей-этпей кыркып кыра баштады. Анын артынан прицептүү машиналар бекер олжону жыйнап, кишилер ок жеген бөкөндөрдү машинеге ыргытып салып баратты. Чала жандуусун шамшар менен сол колтукка бир сайып, аны да ыргытып, жаралуусун кууп жетип жүрүштү. Акыр кыяматтын коркунучу да мынчалык болбос - дүңгүрөгөн дүбүрттөн, ок жаадырган автоматтардын добушунан улам кулагы биротоло тунуп калган Акбарага бүгүн дүйнө дүлөй болуп калгандай туюлду, асман-жер астын-үстүн түшүп, колго кармагыс, көзгө көрүнгүс болуп кыйрап кеткенсиди. Төбөдөгү боз чалган күндүн өзү да бу кара сүргүнгө жердегилер менен кошо куулуп, жылтылдаган миң сан майда сынык болуп быркырап, үн-дабышсыз, ың-жың алоолоп бараткансыды. Автоматчан аткычтар "уазиктердин" үстүнө бири тизелеп, бири бортко өбөктөп, үн-доошсуз атып баратышат, жер үстүндө кайкып учуп баратышат, машиналар үнсүз зыпылдап чуркап, зоруккан бөкөндөр алсырай тикиреңдеп, окко тешилип, кан жая үнсүз кулап жатышат…
"Эт планы сөзсүз аткарылат,- деп жооп берип жатты облбашкарма,- жакынкы декадада аткарабыз. Кошумча резервдер бар. Жер-жерлерди кысымга алабыз, талап кылабыз…"
Жыл маалы Акбара менен Ташчайнар Алдаш камышынын арасында жүрдү. Мына ушерде экөөнүн эң көп бөлтүрүктөрү - беш бөлтүрүк туулду. Мына тукум! Бөлтүрүктөрү чоңоюп келатканда камыш өрттөнүп, бөрүлөргө дагы балээ болду. Ушул аймакта жаңы ачылган тоо-кен жайына жол салыш керек болгон соң, камышты өрттөп жиберишти. Алдаш көлүнүн калаасындагы жүздөгөн, миңдеген гектар жерди байыртадан ээлеп өскөн камыш өрткө кетип, түп-тамыры менен коңторулду. Согуштан кийин бул аймактан сейрек кезикчү кен табылган. Ошого байланыштуу ээн талаада аты жок "почтовый ящик" шаарчасы курулуп жатат. Андай табылбас кен табылганда камыш да сөзбү, дүйнөдө бөтөнчө делген Алдаш көлүнүн өзүн жок кылып жибериштен тартынабы адам. Керек болсо жер шарын ашкабактай кылып ичин кырып алар.
Оболу камыш токоюнун үстүнөн самолёттор кайып жапыс учуп, от тутантар бир суюктук чачып жүрдү. Көрсө, керектүү маалда камыш дүрт күйөт экен.
Өрттү түн ортосу ченде тутантышты. Алиги суюктук чачылган камыш ок дарыдай дүрт жалбырттап, калың токой күйгөндөн алда канча катуу күйдү. Жалын алоосу асманды чапчып, түтүнү кышкы тумандан бешбетер жер бетин каптап калды.
Күйүк жыт келип, өрт ар кай жерден жалбырттай баштаганда эле бөрүлөр бөлтүрүктөрүн сактоонун амалын таппай, камыш арасында алдастап калышты. Улам бир жерге тиштеп барып коюшат. Алдаштын калың токоюндагы акыр заман мына ошентип башталды. Чуулдаган үндөрү алдагайда жаңырып, көл үстүндө канаттуулар калың булут болуп удургуй учушту. Кылымдап камышты байырлаган доңузунан баштап, жыланга чейин дүрбөлөңгө кабылып, тополоңу тос түштү..


Кыргыз Эл акыны, депутат Эгемберди Эрматов;
"Улуу тоолор алыстан көрүнөт"
Э.Эрматов: Мен "Кыргызстан маданиятында" иштеп турган жылдары Ч. Айтматов жазуучулар союзунун төрагасы эле. Кыргызбыз да, генийдин гений экендигин сезбей, аны ушак сөзгө аралаштырууга аракет жасадык, баркын билбей койдук. Кыргызда сөз бар эмеспи "Улуу тоолор алыстан бийик көрүнөт",-деген. Анын сыңарындай, Айтматовдун улуулугун көзү өткөн соң гана билдик.
- Адамдарга мамилеси кандай эле?
Айтматовду бирөөлөр кырс киши дешчү, кырс мамиле жасаганга ошондой эле. Айтматовду сараң дешчү, жок, ал киши ойго сараң эле. Жазуучу болуш оңой эмес, жазуучулук жашоо образы болууга тийиш. Акын-жазуучу деген этек-жеңи делбектеп, табигаттын өзүндөй болуп жашоого тийиш.
- Депутат катары жазуучунун атын түбөлүккө калтыруу боюнча кандай демилгелерди көтөрүп чыктыңыз?
Э.Э: Назгүл, өзүң билесиң, Айтматовго таштан эстелик коюунун кажети жок, ал өзүнө чыгармалары менен эстелик жасап кетти. Ошентсе да, кийинки муун атын билип, эскерип жүрүш үчүн "Ала-Тоо" аянтына эстелиги коюлду. Борбордук аянтта эки гана эстелик туруш керек. Бири Манастын, бири Ч.Айтматовдун эстелиги. 12-декабрь Айтматовдун туулган күнү болсо, дагы бир алп акыныбыз Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн кайткан күнү. Ушуну эске алып ЖКнын токтомунун негизинде 12- декабрь акын-жазуучулардын кесиптик майрамы деп белгиленди.


Каныбек АБДЫКАДЫРОВ
Кыргыздын кырааны
бар аты- Чыңгыз
Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс,
Кыргыздын кырааны бар, аты-Чыңгыз.
Кайсы элге барса дагы тааный турган,
Кыргыздын паспорту бар, аты-Чыңгыз.

Түмөн жыл өтсө дагы унутулгус,
Түрк элдин туйгуну бар, аты- Чыңгыз.
Түптүү эл түбөлүккө данкталсын деп,
Тенирим тартуу кылган өчпөс жылдыз!

Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс,
Кыргыздын кырааны бар, аты- Чыңгыз.
Кайсы элге барса дагы тааный турган,
Кыргыздын паспорту бар, аты- Чыңгыз.

Назгүл Осмонова