Азырынча туугандарымдын тойлорунда гана ырдайм
- Маегибизди сиздин чыгармачылыгыңыздан баштасак?
- Былтыр Алексей Филатовдун "Жаңы ысым" деген долбооруна катышып, жеңүүчү аталгам. "Эстечи" деген ырыма клип тартып беришкен. Ал клип азыр Эхо Манас жана НБТ теле каналдарынан кетип жатат. Бир жылдан бери ырчылык кесип менен алектенип келе жатам. Өзүм БГУда экономика факультетинде сырттан окуйм.
- Канча жашыңыздан бери ырга берилип, ырдай баштагансыз?
- Бала кезимден бери ырдап, бийлечүмүн. Концерт он программадан турса, ошонун тогузун өзүм аткарчумун. "Бардыгына эле сен катышасыңбы?" -деп мугалимдер күлүп калчу.
- Той-топурларга чакыруулар көп болуп жатса керек?..
- Тойлордо өзүмдүн туугандарымдыкында гана ырдайм. Азырынча көп чакыруулар боло элек.
- Музыкалык билимиңиз барбы?
- Музыкалык билимим жок. Вокалдын опера жагына жаңы барып жатам. Өзүмдүн төрт ырым бар. Азыр бешинчи ырымдын үстүндө иштеп жатабыз. Ырларымдын сөзүн да, обонун да Дархан жазат. Элдер "Бакыт кушу" деген ырымды жакшы кабыл алып угуп жатышат. Дархан экөөбүз Алексейдин долбооруна катышканда таанышып калып, мага чыгармачылык жактан жардам берип атат.
- Шоу бизнесте пияр менеджерсиз же продюсерсиз иштин алдыга жылышы оорчулукту туудурбай койбойт. Сиз кайсы продюсер менен иштешесиз?
- Продюсер менен атайын кагаз жүзүндө келишим түзүп иштеше элекмин. Бирок, реклама жагынан НБТтынын алып баруучусу Чолпонай көмөктөшүп атат. Жаңы баштагангабы айтор, продюсер жөнүндө ойлонуп көрбөптүрмүн.
- "Жарк" этип кайра, "жалп" өчүп калуудан коркпойсузбу?
- Жок аракет кылып жатам. Ар бир ишти баштаарда жакшы ой, жакшы тилектер менен баштайт эмеспизби. Мен да алдыга жакшы тилектерди, максаттарды коюп чыгармачылыкка белсенип отурам. Кудай берген талантым бар. Буюрса аракет кылып, "жалп" этпей, "жарк" этет болушум керек деп ойлойм. Өчүп калыш ар бир ырчынын өзүнөн деп ойлойм. Эгер канчалык тырышып, кыйынчылыктарды жеңе билсе, чыгармачылыктын эң бийик чокусуна чыгат. Анан кичинекей тоскоолдуктарга, сыноолорго чыдабаса, сиз айткандай "жалп" этип калыш бир паста.
- Эл адамы болгондой кийин өзгөчөлөнүп туруш керек. Сиздин өзгөчөлүгүңүз эмнеде?
- "Үнүң өзгөчө" деп көптөр айтып калышат.
- Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар назик болот эмесипи сиз кандайсыз?
- Жок андай деле эмесин го. Тааныган адамдарым катуу айтып койсо ыйлайм. Башка бирөөлөр антип таарынтып койсо ыйлабайм деле.
- Айымдардын көбү кир жууп же болбосо тамак жасап үй жыйнагандан рахат алат. Сиз эмнеден рахат аласыз?
- Мен ар бир аялзаты сыяктуу эле үй жумуштарын жасагандан рахат алам. Көп учурда үйлөрдү таза жыйнап алып, бугумду чыгара ырдаганда абдан эс алып калам.
- Кара торунун сулуусу экенсиз. Сулуулардын эталону деп кимди айта аласыз?
- Анжелина Джоли, бизден Р.Аманова эжекебизди айтсак болот. Ал эми Кыргызстандын эң биринчи сулуусу Таттыбүбүнү айтсак болот.
- Сулуулугуңуздун сыры эмнеде?
- Элдик дарыгерлердин тажрыйбасына басым жасайм. Кичинемден бери эле петрушканы пайдаланып жүрөм.
- "Фигураңызды" сакташ үчүн фитнеске барасызбы?
- Жок фитнеске барбайм. Болгон турпатым ушул.