Светлана Аширова:
Циркте, колум, бутум сынган учурлар болгон
Кээ бир бийкечтердин жан курбуларына айтпаган сыры-гардеробундагы кийилбеген кийимине окшош. Бирок, биздин бүгүнкү каарманыбыз Алмазбек Райымкуловдун келинчеги Кыргыз мамлекеттик циркинин артисти Светлана Ашированын өнөрү менен тааныштык.

- Куш келипсиз, Светлана! Сизди цирктен көрөбүз. Ал жакка барууңузга ким түрткү болгон?
- Мен ал жакка 2006-жылы барып калгам. "Балет боюнча бий көргөзүп бериңизчи," деп чакырып калышкан. Ошол учурда мен хореографиялык окуу жайында окучумун. Мен барган учурда кыргыз циркине казактар дагы келген экен. Ошондо бийиктикте бир кыз учуп жүргөнүн көрдүм. Ал менин көзүмө абдан сулуу көрүндү. Мага анын бийиктикте өзүн эркин алып жүрүүсү аябай жаккан. Бир чети таң калдым. Мен ойлодум, "эмнеге мен кыла албайм? Мен дагы аракет жасасам, балким жыйынтыгы чыгат" деп. Ошол кезде циркте иштеген Тажиев Кадырбек агай менин машыктыруучум болчу. Айталиев Анарбек деген киши: "Сен дагы учсаң болот. Өзүң балерина болсоң, эмнеге сага болбосун, аракет кыл!" деп айтып калды. Ошондон кийин эле күндө машыгып, колумдан келишинче аракет кылып иштеп калдым.
- Ар ишти баштоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Башында кыйналган болушуңуз керек?
- Албетте, ансыз болбойт. Бул дагы биздин жумуш. Анткени мен 12метр бийиктикте учам. Кээде андан дагы ашып кеткен күндөр болот. Негизи 8 метрден баштап, 13 метрге чейин болуш керек. Ал жерде мен бирөөнүн көз карандысыз, тактап айтсам белиме жип байлабай ойнойм. Элдер "көзгө көрүнбөгөн бир жипти илип алып ойнойт" деп ойлойт. Менин жанрымды "полотна" деп коёт. Ал өтө татаал нерсе. Анткени, өзүңдүн жашооңо өзүң жооп бересиң. Туура эмес трюк жасап алсаң, ошол жерден учтуң.
- Клиптердин дагы көркүн ачып келесиз. Алар сизди өзүлөрү чакырышабы?
- Эң биринчи Таалайдын клибине тартылгам. Ал биздин досубуз. Кийин Замир Мырзанын клибине тартылып калдым. Клип тартуучулар, режиссёр мени сүрөттөн көрүп жактырып калышыптыр. Андан тышкары өзүм моделдик агентстволорго да катышам.
- Балетке кандайча кызыгып калгансыз. Андан кандай пайдалуу нерселерди алып жатасыз?
- Балетке төрт жашымдан баштап бара баштагам. Сүрөт, гимнастикаларга да катышып, бийлерге да барчумун. Устаттарым Питерден, Москвадан, Россиядан болгон. Балетти үйрөнүү абдан татаал болду. Эрки күчтүү адамдар гана ушундай тармакты тандайт болуш керек. Бул жөн гана бий эмес, бул искусствонун эң кыйын түрү. Мындан татаал эч нерсе болбойт деп ойлойм. Балетте окуп жүргөнүмдө кыйналдым, бирок ага карабастан болгон күчүмдү жумшап жакшы аракет кылып окуумду кызыл менен бүттүм.
- Баарын бирге алып кетүү оорчулукту туудурбайбы?
- Мен бир нерсени жасайм десем ошол ишти сөзсүз жан дилим менен берилип аягына чейин аткарам. Бул адамдын өзүнүн каалоосунан го?.. Чарчасам дагы бардык жакка жетишкенге аракет кылчумун.
- Циркте жүрүп денеңизди оорутуп, жаракат алгансызбы?
- Ооба. Циркте жүргөнүмдө колум да, бутум дагы сынган учурлар болгон. Бир жолу Америкадан келген коноктор менен шоу көргөзүп жатканбыз. Трюк жасап жатканда экөөбүз тең куладык. Ат мени басып калып колумдан жаракат алгам.
- Цирк менен балет эки башка нерсе. Кайсынысы жүрөгүңүзгө жакыныраак?
- Мен "бул" же "тигил" деп айта албайм. Мен экөөнү тең окудум. Экөөнө тең иштедим. Балет мага дене тарбия жагынан чоң жардам берди. Циркте сенин жогорку деңгээлде даярдыгың болбосо эч ким, эч качан ал жакка албайт. Башкача айтканда сен анда цирктин жылдызы эмессиң. Ар бир адам "мен циркачка болом" деп барса кабылдабайт. Ага да талант, шык, өзүңдүн башкача бир жөндөмүң болуусу зарыл. Цирк жагын карасам ал жак дагы мага чоң жардам берди. Циркте мага аттар менен иштөө чоң жетишкендик.
- Булардан тышкары ырчылык талантыңыз бар экенин көрүп калдым эле. Эмнеге чоң сахнага чыкпайсыз?
- Бул дагы жакшы суроо болду. Вокал боюнча кичинекей кезимден бери сабак алып жүрөм. Азыр дагы ага даярдык көрүп жатабыз. Мурун 1996-жылдары чыккам. Анда кичинекей кезим болчу. Азыр мени эч ким деле тааныбай калды болуш керек? Ошол кезде "Рабаят" деген бөбөктөрдүн берүүсүнүн алып баруучусу мен болчумун. "Рабаятта" иштеп жүргөндө аны менен катар ырдап да жүрчүмүн. Азыр кайрадан ырларды жаздырып, вокалдан сабак алып чоң сахнага даярданып жатам. Жакында клип тартабыз деген пландарыбыз бар
- Көп кырдуу өнөр ээси Светлананын жеке жашоосу кандай болду экен?
- 2009-жылы Алмазбек Райымкулов экөөбүз баш кошконбуз. Азыр дагы бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап жашап келебиз. Мен өзүм үйдө жалгыз кызмын. Башкалар мени "эрке кыз болушуң керек" деп ойлошот. Бирок менин мүнөзүм андай эмес.