Жашынган жылдыз

Айдин Шер:
Соттошуп, Динара эжени уттум
Бир кезде сахнада "жалт" этип жанып турган, кийин бирөөнүн колу менен "жалп" өчкөн, азыр эми кайра күйгөн ырчы Айдин Шердин кызыктуу жаңылыктарына биз ортоктош болдук.

- Саламатсызбы, Айдин?! Чыгармачылыктан алыстап кеттиңиз го?! Же сахна менен бекинчек ойноп "тапкан тапалак" деп, күйөрмандарыңыз таап алгандан кийин, жашынган жериңизден чыктыңызбы?
- Менин сахнага чыга элегиме анык бир жыл болду. Былтыр ноябрда концерт бергем. Ошондон кийин чыкпай калдым. Продюсерим экөөбүздүн ортобузда кичине келишпестиктер болду. Ошол себептен ушул убакка чейин такыр ырдабай, концерттерге чыккан жокмун. Акыры соттошконго чейин бардык. Чынын айтсам, ыйлаган дагы күндөр болду. Ырчылыккка аябай көнүп алыптырмын, кийин катуу кыйналдым. Мен дагы сахнага чыкпай жүрө алган жокмун. Жети ай ырдабай бук болуп кеттим.
- Устаттан шакирт өтөт деп коёт. Тирешип жатып акыры продюсериңизди жеңдиңиз окшойт?
- Жеңдим! Сүйүнүчүбүз койнубузга батпай атат. Мактангандай болуп жатам го..? Мындай айтканда, революционер болдум окшойт? Анткени продюсерге буга чейин эч ким карама-каршы тирешкен эмес. Мен дагы тирешким келген эмес. Айласыздан болду. "Жок кылып салабыз" деген максаттарын жеңдим окшойт. Эң башкысы ишеним керек экен. "Ошол нерсени кылам, бул менен каалоом" деп тура берсең жеңет экенсиң. Болгону өзүмө тишелүү, өзүмө керектүү каражаттардын бардыгын уттум. Ырларымды, клиптеримди, эң башкысы "Айдин Шер" деген атымды дагы кайрып алдым.
- Билими күчтүү миңди, билеги күчтүү бирди жыгат дейт. Кайрадан акыл калчап, билек түрүнүп чыгармачылыкка кириштиңизби?
- Жаңы ырлардын үстүнөн иштешип жатабыз. Мурункудай болуп чыкпайм. Жаңы ыр, жаңы стилде чыгам. Бул жолу чыгармачылыкка катуу кириштим.
- Ушул убакка чейин эмне менен алек болуп, кантип жаныңызды багып жаттыңыз?
- Чын-чындап айтып келгенде өзүм кафеде да иштейм. Акырындан тойлорго барып жатып, жанымды бактым. Бирок, андан тышкары дагы өзүмдүн чакан бизнесим бар. Ошол менен алектенип жүрдүм. Чыгармачылыксыз жашаса болот. Бирок, бир топ кыйын болуп калат экен. Кыйналып жүргөн күндөрүмдө Жаныш Кулманбетов чалып калды. "Айдин сага жумуш бар. Кино тартып жаткам. Башкы ролун жаратып бербейсиңби?" - деп калды. Аябай сүйүнүп, "көптөн бери ырдай элек болсом" деп, шарт макул болдум. Бул мага керектүү нерсе болгондон кийин, колдон-буттан алып эле, "Жаныш агай, эртерээк тарталы" деп, жалынып эле барып калдым. Бардыгын сүйлөшүп бүткөндөн кийин бир аз тоскоолдуктар Динара эже жактан болду. "Бул бала чыкпаш керек! Сиз эмнеге бул баланы чыгарып жатасыз?!" - деп. Жаныш агай айтты : "Кандай кылабыз эми?" деп. Мен: "Анда мен тартылбай эле коёюн. Сизге кыйын болуп калат го?" десем, "Жок, мен сен үчүн жазганмын ушул сценарийди. Сен тартыласың!" деп туруп алды. Ушул киши мага жөлөк, менин ишеничим болду. Ошол эле учурда Динара эжеге да рахмат. Мени ушул деңгээлге чейин жеткерип койгонуна. Мен мынчалыкка барбайт болчумун. Болгону абдан катуу тиреп таштады. Айласыздан сотко бериш керек болду. Динара эжеден өч алуу оюмда жок. Мени "Айдин Шер" кылганы үчүн рахмат айтам.
- Динара эже менен эмне деп чечишип алдыңыз? Экөөңөрдүн чырыңар эмнеден улам чыкты эле?
- Динара эже экөөбүз соттон бери сүйлөшө элекпиз. Ортодо акчанын айынан чыр болгон. Түшүнүксүз нерселер көп болуп кетти. Мен башканы айттым, Динара эже башканы айтты. Мен: "Динара эже карызга батып калдым. Мени коё бериңизчи?!" десем, "мен сени коё бербейм. Эмне, жылдыз болуп кеттиңби? Мен сени жок кылып таштайм. Сен менсиз эч ким эмессиң! Эки үч күндөн кийин сенин ырларыңды радиолордон алып салам!" деди. Бардык радиолордон алындым. Ойлонуп кайра бардым. "Динара эже, кечирип коюңузчу. Балким, жаштык кылып койдум. Кайра иштешели, ушунча болду эми. Карыз карызы менен да. Иштешсек кайра ошол карыздан чыгып кетербиз десем", Динара эже: "Жок болбойт, мен сени кечире албайм!" деп койду. Ортодон билинбей жарым жыл өтүп кетти . Досторум да түшүнбөй, "Айдин сага эмне болуп кетти? Концерттерде жакшы эле чыгып жүрбөдүң беле?" дешет. Ар бирине түшүндүрө берип жадап кеттим. Апам дагы "Жакында мен барам. Анан бир жаңсыл кылалы" деп калды. "Ушунча баргандан кийин, аягына чыгаралы" деп, соттошуп бүтүрдүм.
- Энеси болушчаактын кызы ыйлаак деп коёт. Өткөндө бир гезиттен апаңыздын интервьюсуна көзүм чалып калды эле. Апаңыз дайыма сизге болуша береби?
- Албетте. Сиздин дагы апаңыз өзүңүзгө болушат болуш керек? Апа деген апа. Көңүлүм жок болсо да, апамдын көзүнчө күлгөнгө аркет кылам. Апам аябай жүрөгү жумшак аялзаты. Мен айтпасам да, карап эле эмне болуп жатканымды билип коёт. Көп учурда күлгөнгө аракет кылам. Динара эже менен кырылышып жатканда, апам бат картайып кетти. Көп ойлонуп, "эмне кылсам болот?" деп. Апам өзү журналист, КТРде бир канча жыл эмгектенген.
- Мындан ары өзүңүзчө иштейсизби же жаңы шыпыргы жаңычы шыпырат дегендей жаңы продюсер табасызбы?
- Продюсерлер азыр мени алышпайт. Алгысы келсе дагы, алганга болбойт. Мүмүкүнчүлүгү жок. Ошол себептен азыр, администратор алып, ошол менен иштешем.
- Азыр Айдин Шер менен эле чыгасызбы же атыңызды өзгөртөсүзбү?
- Жок, ушул атымды өзгөртпөйм. Анткени, Динара эже бир гезитке интервью бергенде: "Алмаз, "Айдин Шер" деген атты актаган жок", - деп айткан. Бул сөз мага катуу сокку болду. Жигит болгондон кийин өзүмдүн атымды коргогонго аракет кылдым. Өзүмдүн Айдин Шер деген ысымымды утуп алдым. Азыр эми "Айдин Шер продюсеринен кетип, телтейип калыптыр" деген сөз болот. Ошол сөз болбош үчүн жаңы ырларды жаңыча жаздырып, заманбап клиптерди тартам.


Жылдыз Абдыкерим кызы