Обон почта

ОП-194-01. Тамашоу лигасындагы "Юристтер" командасынын капитаны Нургазынын туулган күнү менен куттуктайм! Сен эң таланттуу баласың. Талантың өркүндөп, өсө берсин! Сизге албан-албан ийгилик! Айкөкүл күйөрманыңыз.
ОП-194-02. Баткен шаарынын Кара-Булак айылындагы Эрматов мектебинин жалпы мугалимдер жамаатына, 97-98-жылкыларга менден чоң салам! Силер суперсиңер! Өмүркан.
ОП-194-03. Салам, "Обонушка"! Силер мыкты гезитсиңер! Мага Омар жөнүндө маалымат бергилечи! 0772766ххх
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү -Жанышов Өмүрбек. Сахнадагы аты-Омар. Туулган жылы-1988-жыл, 19-ноябрь. Туулган жери-Бишкек шаары. Үй-бүлөлүк абалы-бойдок. Кыздардагы баалаган сапаты - ыймандуулук, мээримдүүлүк, токтоолук.
ОП-194-04. Айпери Кубик кызы, сизди байкем жакшы көрөт. 0773567ххх
ОП-194-05. Уктасам да элесиңди, жүзүңдү унутпаймын, Таза, тунук үнүңдү билсем да. Сен жөнүндө эч нерсе билбеймин го, Мага болгон сүйүүңдү. 0773567ххх
ОП-194-06. Исфайрам мектебиндеги 9-"А" классына салам жолдоймун! Дайыма бар болгула! 0778693ххх
ОП-194-07. Үнүң сенин башкалардан башкача, Арбап алган жүрөгүмдү таптаза. Бир күн сенин укпай калсам үнүңдү, Аалам баары, көрүнчүдөй капкара. 0773567ххх
ОП-194-08. КТРдин жүзү болгон Чынар Капарова жана Лунара Мамытованын жеке жашоосу жөнүндө билгим келет. 0773567ххх
ОП-194-09. Динара эжем менен Шайыр жездемдин алтындай болгон сүйүктүү балдары Аймээрим, Айгерим, Ырысбектин окууларына ийгиликтерди каалайм! Эжеси Бегай.
ОП-194-10. Чоң ата, чоң энемдин жаркыраган жан кызы. Атам менен апакемдин айдай болгон ай кызы. Эжелерин кубандырып "эжелечү", ширин кызы, бал кызы. Тентек кызы, шок кызы. Элпек кызы, эрке кызы. Күндөй болгон күн кызы, Аделина сиңдиме арнадым Бегайка.
ОП-194-11. Салам, "Обон"! 02.14 тобу жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы. 0770582ххх
ОП-194-12. Урматтуу "Обон"! Сураныч, SS501 группасы жөнүндө маалымат берсеңиздер! 0778963ххх
ОП-194-13. Сиңдим Аделинага арналат: Эже десең эргип кетем, Эжекеңдин жаны белең. Асмандагы айга теңейм, Сага арнап ырларымды жаза берем. Бегайка.
ОП-194-14. Питердеги апам Гүлзатка, атам Бакытка салам! Мирбек Атабековду өлө жакшы көрөм. Бегайка.
ОП-194-15. Салам, кыргыз элим, "Обондун" смсчилери! Тариел мырза, азаматсыз! 0773567ххх
ОП-194-16. Салам, "Обон"! Асел эже келе жаткан туулган күнүңүз менен! Үй бүлөңүз менен бактылуу болуңуз! Айнура.
ОП-194-17. Салам, менин сүйүктүү "Обонушкам" жана "Обонушкамдын" жалпы жамааты! Сиздерге ийгилик, бекем ден-соолук каалайм! Бар болуңуздар, аман болуңуздар! 0556190ххх
ОП-194-18. Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылындагы И. Умаров мектебиндеги 8-"А" жана 8-"Б" классына ысык салам! Көчөрбаева Альбира.
ОП-194-19. Сүйлөшкөн жигитим менен жолугушайын десем, баары мага каршы болот. Айтыңыздарчы, кантип жолугушсам болот? Смс жазып мага кеңеш бериңиздерчи? 0770237ххх
ОП-194-20. Махабат деген өзү бар нерсеби? Же жокпу? Айтор бу дүйнөнүн баары жалганга окшош. Кантип? Бир жүрөк эки адамды сүйүшү мүмкүн? Сүйгөн жүрөк.
ОП-194-21. Кыялым сага барат канат кагып, Жол карап күтөм сени, карек салып. Ойлонуп, оюмду токтото албай, Сени ойлоп уктаганым кандай бакыт. Бакыт 93.
ОП-194-22. Берекем күнөөлөбө түшүн мени, Ыймандай сырым ушул ичимдеги. Жактырып, жандай сүйүп, бирок айтпай, Жабыктым жалбырактай күзүндөгү. Айка 94.
ОП-194-23. Тогуз-Торо районунда жашаган, менин сүйүктүү курбум Аселге ысык салам! Айка 94.
ОП-194-24. Салам, менин сүйүктүү газетам! Ишиңерге ийгилик! Талыбаган мээнет каалайм! Казармандан Айка 94.
ОП-194-25. Таңдагы тийген күндүн нуру, Көктөгү учкан жылдыз. Саамайымдан сылаган сыдырым жел, Көз алдымда жанып турган чолпон жылдыз. Жүрөгүңдүн согуусун ылдамдаткан сезим күчү, Мунун баары мен деп, билгин! 0770207ххх
ОП-194-26. Салам, "Обон"! Алабаш айылынын орто мектебиндеги 9-"Б" класска ысык салам! 0773152ххх
ОП-194-27. Мен сени сүйөм! Бирок, сен бай жана сулуусуң. Бирок, мен сүйүүм менен күрөшөм! Жаным
ОП-194-28. Кеңеш берип койгулачы. Кантип, боюмду өстүрөм, арыктайм? 0773104ххх
ОП-194-29. Салам! Мага Ли Мин Хонун өмүр баяны жөнүндө маалымат берип коюңуздарчы? Сули.
"Обондон" жооп: Туулган жылы-1987-жыл, 22-июнь. Бою-185см, салмагы- 65кг. Хоббиси- Футбол, бейсбол ойноо. Үй-бүлөлүк абалы- бойдок. Тартылган тасмасы - "Мыкты жигиттер".
ОП-194-30. Салам, "Обон"! Мен, Ак-Турпак айылынын тургуну апам, Айнусканы 18-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Дайым бар болуң, бактылуу болуң! 0778703ххх
ОП-194-31. Урматуу смсчилер! "Обонго" смс, ыр жазып жүргөн Жазел аттуу бийкечтин ысымы Алтынай экенин билесиңерби? Алтынай, сенин ырың абдан сонун экен. Бирок, сен ошону өз ысымың менен жарыялап жүргүнүң! Крастока 98
ОП-194-32. Баткен районунун Кара-Булак айылына чоң салам! Айкөкүл.
ОП-194-33. Ноокат районунун Арбын айылынын тургуну тагам Расулду жана уулу Сулайманды 16-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Жумагүл, Тамара.
ОП-194-34. Зейнеп, сени сүйөм! Сенсиз мага жашоо жок! Дастан.
ОП-194-35. Элиза, Бакыт же Султан менен бактылуу болчу. Жайнагүл.
ОП-194-36. Жылдыз+Бакай бактылуу болгула! Жайнагүл, Саламат.
ОП-194-37. Сүйсөң күчтүү алы бар, Татсаң кычкыл даамы бар. Дүйнөдө сүйүүдөн айыкканга дары бар! Ал-убакыт! Асума.
ОП-194-38. Саламатсыздарбы?! Менин суроом бар 1.Анжелика сиздин ийгиликтериңиздин формуласы? Кандай кеңештерди бере аласыз!
2. Ар бир айым сулуу болгусу келет. Сиздин жеке кеңешиңиз жана тажрыйбаңыз. Рахмат! Мира, Токмок.
ОП-194-39. Ажарлуу айым Анжелика, сенин нурдуу жүзүң, муңайткан келбетиң өзүңө куп жарашат. Бул дүйнөдө эч жамандык көрбө. Сен билесиңби, бактылуу энесиң. Буюрса жакынкы күндөрдө мен да эне болом. Сени менен бир жерде баарлашып, сүйлөшүп өткөргүм келет. Бактылуу бол! 0771868ххх
ОП-194-40. Салам, "Обонушка"! Суранам мага менин сүйүктүү ырчым Мино жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы?! Айлин 96.
ОП-194-41. Ажалиев Таалайды 30-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Аделя.
ОП-194-42. Кочкор районунун тургундары Беримкул кызы Бурулсунду жана жолдошу Орозбек уулу Мирланды 20-ноябрь үйлөнүү-үлпөт тою менен куттуктайбыз! Экөөңөргө тунук сүйүү, үй-бүлөлүк бакыт жана тынч жашоону каалайбыз! Ата-энелер, бир туугандары.
ОП-194-43. Кыздар, "сүйөм, күйөм" деп, жамак ырларды жаза бербегилечи. Жигиттерге намысы бийик кыздар жагаарын билбейсиңерби? +77027654ххх
ОП-194-44. Салам, "Обон"! Менин саламым алтындай болгон апама жана алтындай болгон атама жолдонот. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Ар дайым аман болуңуздар! Кызыңар Айдай.
ОП-194-45. Нурсултан сага чыгармачылык ийгилик! Сен чынында таланттуу баласың. Кыргызстанымдын намысын коргоп жаңы ырларды жаздыра бер! Сырдуу кыз.
ОП-194-46. Эстрада ырчыларына ырларымды берем, иштешем. Сөзү, обону даяр. Аранжировка өздөрүнөн. Эгер, сөзү даяр болсо, башкаларга окшобогон, текстке жараша обон жаза алам. Аранжировканын стилинде, үндөрүнө кеңеш берем. Буга чейин ырдалбаган ырларым бар. Чыгармачылыкка баралы. 0779221ххх
ОП-194-47. Салам, "Обонушка"! Силер мыкты гезитсиңер! Кара-Булак районундагы Эрматов мектебиндеги досторум: Мырзайым, Нурайым, Айкөкүл, Адина, Гүлбара жана башкаларга менден чоң салам! Мен силерди аябай жакшы көрөм! 0772766932
ОП-194-48. Нарын районундагы Эмгек-Талаа орто мектебинин 8-"Б" классындагы окуган классташтарыма ысык салам! Классташыңар Алтынай.
ОП-194-49. Бермет 96, кудайга шүгүр жакшынакай эле ата-энем бар. Бир тууган байкем бар. Мен бул өмүрдө бактылуумун. Билип кой, эми сени менен дос боло албаймын. Бир сөзүң үчүн, мени жетим деген сөзүң үчүн! Кудай сага өз жазасын берерине ишенем.Мен бир гана Накуля менен досмун! 0771526ххх
ОП-194-50. Кыялбай бир өзүңдү досум дедимби? А бирок, акырында коштошомбу? Жүрөккө жалын туз сепкениңди, Түбөлүк унута албай бул кылганыңды. Кайыр кош! Эми сени эстебеймин. Кайрылбаймын, издебеймин, Түбөлүккө кол үздүм. Смсчи Бермет 96, эми менден алыс жүр! 0771526ххх
ОП-194-51. "Обон"! Жакында Москвага кетип жатам. Табышмактын жообун табалбайт окшоймун. Суранам, Кумар менен мен барайынчы. Эгер, кыялым орундалып Кумар Асанов менен барып калсам, кандай гана бактылуу болор элем! Айжамал.
ОП-194-52. Саламатсыздарбы, "Обон"! Газетанын жалпы жамааты! Ишиңиздерди ийгилик коштоп турсун ар дайым! 0773616ххх
ОП-194-53. Салам, "Обон"! Мал сатылган эмес деп ойлойм. Сураныч "Обон"! Бир мүмкүнчүлүк бергилечи. Клубка Кумра менен мени жөнөткүлөчү. Мен аны абдан жакшы көрөм! Айжамал.
ОП-194-54. Айгерим, келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм! Бир тууган эжең Айпери 98.
ОП-194-55. Мен Насипбек чоң атамдын балдары 86-жылкы Улан акемди, 88-жылкы Расул акемди, 90-жылкы Махабат эжемди издеп жатам. Эгерде ушул издөөнү окуп жатсаңыздар, чалып коюңуздар. Сиздерди издеген атаңыздын бир тууган үкөсү. Сыргабек акеңиздердин үй бүлөсү. Сиздерди көп убакыттан бери издеп жатабыз. 0772260ххх
ОП-194-56. 1-декабрда боло турган туулган күнүң менен куттуктайм! Үй бүлөңө күйүмдү кыз бол! Эжең Айпери . ОП-194-57. Мен Ильяз Абдыразаковдун ырларын баалап угам. Ар дайым жүрө берсин эл аралап демекчимин. Айпери.
ОП-194-58. Камбар-Ата шаарчасындагы Дамира апама, Сыргабек атама, бир туугандарым Айгеримге жана үкөм Мураталыга салам жолдойм! Мен сиздерди жакшы көрөм! Кызыңыздар Айпери.
ОП-194-59. Көк-Арт айылындагы Манас, мен сени чын жүрөктөн жакшы көрөм! Сүйгөнүң.
ОП-194-60. Умаровдордун үй бүлөсүнө чоң салам! Орозгүл.
ОП-194-61. Классташым Рахманов Мыктыбектин 24-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Сага ден-соолук, бакыт каалайм! Классташың Умарова Орозгүл.
ОП-194-62. Ишиңиздерге ийгилик! Кыргызстандагы 94төргө салам! Назгүл, туулган күнүң менен! 0777447ххх
ОП-194-63. Сагыныч жүрөгүмдү эзет улам, А бирок, унутууга мажбур болом. Кусалык жүрөгүмдө толуп турса, Коштошом арманым жок сени менен! Жазел 90.
ОП-194-64. Жалынып карааныңа мен барбаймын, Ыр арнап бир өзүңө мен жазбаймын. Көздөгөн максатыңа сен жетээрсиң, А бирок, кадырыма сен жетпейсиң! Жазел 90.
ОП-194-65. Оорутуп көңүлүмдү калтырбаймын, Сени ойлоп нечен түндү өткөрбөймүн. Бакытка бөлөнгөнмүн бир сен үчүн, Татыбай койду мага сенин гүлүң! Жазел 90.
ОП-194-67. Эрматов мектебинин мугалими Жапарова Канышай эжейге арналат: Кичинемден "А" тамгасын үйрөтүп, Келечекке эшик ачкан эжекем. Бирге-бирди кошууну үйрөтүп, Эжекем-бул экинчи энекем. Азылзат сырдуу берекем, Айтчы, сага бул дүйнөдө кайсыл адам тең экен?! Айкөкүл.
ОП-194-68. Ата-энем, азка-зоо тирегим! Бул дүйнөдө эң кымбатым зирегим. Келечекте ак сүтүңөрдү актап, Силерди багуу менин тилегим. Баткенден Айка.
ОП-194-69. Менин алтындай болгон апамдын 22-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Апа, өмүрүңүз узун, ден-соолугуңуз чын болсун! Кызыңыз Гүлиза.
ОП-194-70. Кыздарым Айканыш, Айдемиге бактылуу балалык каалайм! Медина, Нарын.
ОП-194-71. Табышмактын жандырмагы: 29 төө, 2 жылкы, 1 уй, 4 эшек. Каныкей.
ОП-194-72. Нурлан Насипке: Айланам тынч шашпай жаап жандай, Күндөр өтөт ары бери барамын, Сезимдерим ардакталып жашымдан, Күнүм-түнүм сени менен кызыктуу. Айнура, Ош.
ОП-194-73. Адамдык сапатыңды баалай билгин, Досуңдун кадырына жете билгин. Бир келген өмүрөңдү барктай билгин! Жазел 90.
ОП-194-74. Сүйгүм келет сүйгөнүмдү, барктаганымды, Мени алдап ак сүйүүмдү сатпаганды. Түбөлүк сүйүктүүсү мен болсом деп, Татыктуу жан шеригимди күткүм келет. 0559140ххх
ОП-194-75. "Обон", Каныкей тууралуу жазгылачы! Күйөрманы Айсулуу.
"Обондон" жооп: Толук аты-жөнү-Алымбекова Каныкей. Туулган жылы-1987-жыл, 16-октябрь. Туулган жери-Токмок шаары. Үй-бүлөлүк абалы-бойдок. Жакшы көрүп жегени-цитрус мөмө жемиштери.
ОП-194-76. Салам, "Обон"! Кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы Омар байкени 19-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Омар байке, сизге, узун өмүр, чың ден-соолук, чыгармачылык ийгилик каалайм! Күн нурундай болгон жүзүңүздөн эч качан жылмаюу кетпесин! Мээрим.
ОП-194-77. Нурлан Насипке: Күндөрүм сызылып алдыга карап, Умтулуп барамын бир сени каалап. Арзуулар изинен жашап жатамын, Жүрөгүм сагынып бир сени самап. Айнура, Ош.
ОП-194-78. Нурлан Насипке: Күндөрүм өзүнчө сага арбалып, Сезимдерим жүрөк жаралып. Карегимден барат жашым сызылып, Кыялымда күтүп сени сагынып. Айнура, Ош.
ОП-194-79. Жүрөгүм алоолонуп жанып турат, Жалыны жанды кыйнап муунттурат. Өчүрүүгө айла жоктон ыйлап алам, Дартымды кимге айтам, кимдер угат?! Гүлүм.
ОП-194-80. Сагынып олтуруп сага жазамын, Садагам арзуумду сага арнаймын, Жүрөктү ээлеген арзуулар менен, Сага жазып жүрөмүн күндөлүк менен. Айнура, Ош.
ОП-194-81. Талантым бар, ачылбаган ырларым бар, Жазылбаган жалооруп мени карап аяган. Продюсер таба албай койдум, не кылам? Жазел 90.
ОП-194-82. Табышмак мага тагдырым тандалат, Жүрөк сырларымды ырларымдан билдирем. Сүйүү сезим кылдарын, Сагындырып сенин жамалың. Көңүлүмдү сага бурамын, Өмүрүмдө сага жолуккан. Түбөлүк бактыма ыраазымын! Жазел 90.
ОП-194-83. Айлуу түндө сага барамын, Сүйүү сезимин сага арнаймын. Эгерде, ошондо мени таарынтсаң, Мен кетем алыстап сенден жаным! Жазел 90.
ОП-194-84. Жаштыкта боло берет ойго келбеген нерселер, боло берет башка түшкөн. Адамзаттын жашоосунда, Түйшүктүү көп нерселер. Жазел 90.
ОП-194-85. Ойлонуп, кыйналып ойго батамын, Ойлонуп сиз үчүн ырлар жазамын. Ойлонуп мен сизди күнү, түшүмдө. Уктабай ойлоп ойго батамын. Айнура, Ош.
ОП-194-86. Роза гүлүм, айтчы менин сырымды, Жашырып жүрөккө сен сактабачы. Айтып берчи, угайын сүйүү баянын, Сүйүүдөн жабыркадым мен мынчалык. Жазел 90.
ОП-194-87. Нурлан Насипке: Сызылып күн өтөт умтулуп шашып, Сезимдерим өзгөрбөйт кыялданып, Сага деген ойлор арзуулар менен, Ыр жазып жүрөмүн сага деген. Айнура, Ош.
ОП-194-88. Сыноо болот кээде өзүңдү жемелеген, Тагдыр болот бир башкача жазылган. Кээде сүйүү болот, бирок алсыз жообу, Бул мезгилде кайгыруунун кажети жок. Жазел 90.
ОП-194-89. Татаал тагдыр кимге гана буюрбасын, Маңдайына кандай тагдыр жазылбасын. Аркасынан сөзсүз болот сыноо жолу. Бул мезгилде өз жаныңды коёрго жер таппайсың. Не кыласың, жооп берүүдөн тартынасың, Аргасыздан качасың! Жазел 90.
ОП-194-90. Колуңду шилтейсиң мага, Мен асыламын сага. Таяк бересиң мага, Таарынып кетемин ата сага. Буту аксап сайгылашат, Анда ата бечара. Аксап кирип аксап чыгып, Күйпөлөктөп эмне болгон балама. Ата дегенди билбейсиң, Колуңду мага шилтейсиң. Кечирим сурасаң болбойбу? Таарынып атаң барат. Сокту атаң мени, Кайра кайра чыдамкайлык менен карап таарынып кеткен жигитин күтүп мүнөзү жок, көзү кара жолдо күтүп үшүгөн кыз турат. Эшиктеги жалгыз үшүгөн кызды , терезеден карайм. Мен кайра, кайра кечээ оюнга тойбогон сулуу кызды бүгүн издедим. Мен кайра, кайра аттиң ай! Аттиң ай! Армансыз жаштык ай! Өмүрүм өтсө да, алтындай жаштык ай! Эшигиңди жалгыз мен такылдатып, Караймын терезеңе кайра, кайра… Тариел.
ОП-194-91. Менин күйөөм Нурланга чоң салам! Мен сени сагындым, эрте кел! Медина.
ОП-194-92. 6 төө,6 эшек, 6 жылкы, 6 уй саткан болот! 0773259ххх
ОП-194-93. Бактыгүл эже, эмне көрүнбөйсүз? Сахнага чыкпай койдуңуз? 0779941ххх
ОП-194-94. Даниель, сен суперсиң! Сулуусуң! Ар дайым жүзүңдөн күлкү кетпесин! Асманың ачык болсун! Сизди урматтап карындашыңыз! 0779941ххх
ОП-194-95. Гүлжигит Калыков жөнүндө маалымат бергилечи, сураныч! "Обонтай"! Биз аны "Евразия жылдызы" сынагында утушу менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Өркүндөп өсө бер! Биз сени менен! Сиз мыктылардын мыктысысыз! Сиздин күйөрмандарыңыз: Таттыгүл, Айдана.
"Обондон" жооп: Кичи мекени-Ат-Башынын Ак-Муз айылы. Баалаган актёру-Уилл Смит. Сүйүктүү акын жазуучусу - Ч. Айтматов, А. Пушкин. Кыргыз, орус, англис тилдеринде сүйлөй алат. Жылдыз белгиси-Арстан. Азыркы учурда-жеке ырча жана Кыргызстанда өткөн "Евразия жылдызы" сынагынын жеңүүчүсү.
ОП-194-96. Мен сизди жакшы көрөм, Эрмек аке! Эмнеге сезбейсиз?! Сиз деп жашаймын! 0779317ххх
ОП-194-97. Салам! Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын Абдраимов мектебинде 10-"Б" класста окуган досторума салам жолдойм! Алардын аттары: Миванар, Бекен, Жылдызбек. Силерге бардык жакшылыктарды каалайм! Эллада 95.
ОП-194-98. Сен эмне сүйө албайт деп ойлодуңбу? Бул эмне мени таштап койгонуңбу? Кичине болсо дагы мен жөнүндө, Айтчы алтыным, мен жөнүндө ойлодуңбу? Элдияр 92.
ОП-194-99. Асанов Орозалыны 21-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Чың ден-соолук, апам экөөң биздин маңдайыбызда жүрө бергиле! Балдары.
ОП-194-100. Салам айтам "Обондун" баардыгына, Ким болбосун жашы дагы карысына! Смсчилер силерге да, Кыргызымдын кыздарына, баарысына! Элдияр 92.