Уяттуу жерде отуруп,чакап кетип оозуңуздагы тамак дастарконго чачырап кетсе эмне кылат элеңиз?
Адам болгондон кийин ар кандай абалга кабыла берерибиз чын. Жолдо баратып ойлонуп кетип дубал сүзүп аласыңбы же конокто отуруп бутуң уктап калып ордуңдан тура албай катып калган учурлар деле кездеше берет эмеспи. Ал эми биздин шоу дүйнөсүндө өздөрүнүн ордун таап калган инсандарыбызга "чакап кетип оозуңдагы тамак дасторконго чачырап кетсе, эмне кылат элеңиз? деген суроо узатып көрдүк.


Сапар Эркебаев, ырчы:
Күрүчтөр чачырап кеткен
- Ордуман туруп кетип калмакмын биринчи варианты, анан эмне кылмак элем уялмакмын. Анан колум менен тазаламакмын бирок. Билбейм, мындай учур болгон эмес, бирок бир жолу аш жеп жатканымда чүчкүрүп жиберип, күрүчтөрдүн баары чачырап кеткен болчу. Ал эми оозумдагы тамак уяттуу жерден чачырап кеткен учурга кабыла элекмин. Ошо, уялып калмак болчумун.


Нурдөөлөт Копоев, актер;
МАңкасы чачына жармашып...
- Ой кечирип койгулачы, эми муну кайра жегенге болбой калды,- деп тамашалап, сүлгүгө ороп коймокмун. Бир жолу болгон ушундай окуя. Бир жерде отуруп самоор төгүлүп кетип, байкем ысык суудан кача коём деп, мени колу менен түртүп алып жатпайбы. А мен жаңы эле чай ууртаган болчумун. Анан байкемдин колу кокустан тийип кетип, чыныдагы чай менин бетиме куюлуп, чайдын ичинде каймак бар экен да, ал каймак менин чачыма жармашып, аябай ызы-чуу болуп жатсак, жаныбызда дагы бир конок бар болчу, ал болсо, "абайлабайсыңарбы, тиги Нурдөөлөттүн башына маңкасы жармашып калды" деп жатпайбы. Урушуп жатам, " кайдагы маңка? Эмне мурдуман чыгып башыма жармашып калды дейсиңби?" деп. Анан мындай абалга туш болуп калсам кызарып, уялып же болбосо кетип калбай, кайра тамашага салып эле абалдан чыгып кетмекмин.


Замир Мырза, ырчы:
"Тамашалап алып жеп коймокмун"
- Тамашалап алып жеп коём кайра. Мындай абалга кабылып көрө элекмин, эми албетте үйдө болот дечи, бирок уяттуу жерде отурганда болгон эмес. Эгер мындай учурга кабылып калсам, албетте кечирим сурамакмын. Башка эмне кылмак элем? Анан чачылып калган тамакты терип сүлгүгө ороп коймокмун го, дейм. Эгер бирөө жарым байкабаса, акырын тарелка менен жаап коймокмун. Байкап калышса анда кечирим суроо менен гана кутулмакмын.


Баян Акматов, ырчы;
Түшүндүргөнгө аракет кылмакмын
- Кудай сактасын мындай учурдан. Эгер мындай абалга кабылып калсам, алгач ошол жерде отургандардын баарынан кечирим сурап, түшүндүргөнгө аракет кылмакмын. Үйдө отурганда боло берет да, туугандарың туура түшүнөт. Үйдө мындай учурларга кабылгам, ал баарында эле болот берет го деп ойлойм.


Курмангазы Азыкбаев, музыкант;
"Аарчып, тазалап, кечирим сурамакмын"
- Анын бетин ары кылсын. Эми андай учурга кабылып калсам сүлгү менен аарчып, тазалап, кечирим сурамакмын. Андан башка эмне кылмак элем. Мындай абалга кабылып көрө элекмин, кабылбай эле коеюн кудай сактасын.