Таштанды чогулткан Талант менен маек
Бул бир кишинин тагдыры. тактап айтканда, биздин коомдо мындай адамдарды "БОМЖ" дешет. Алардын тагдыры окшош эле бирок, кээде туруп алардын бизден алыс экенин билесиң. Мен жашаган аймакта ушундай адамдардын бири да жашайт. Бул адам да тагдырына байланыштуу көчөдө калган. Арак жана нан таап алса эле кудуңдап сүйүнүп калат. Мен кудукта жатып, менден акча сураган адамдан интервью алгым келди. Мен баарлаша турган адам жакшы сүйлөйт экен. Менин бардык суроолорума жакшы жооп берди.


- Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи?
- Атым Талант. Мурда курулушта иштечүмүн. Азыр болсо бөтөлкө чогултам, темирлерди чогултуп сатып, акчасына арак анан жегенге бир нерсе алам.
- Күнүнө канча акча табасыз анан?
- Эми ар кандай болот. Бирде жакшы таап калсам, бирде таптакыр эле таппай калам.
- А эгерде эч нерсе таппай калсаңыз эмне кыласыз?
- Кайыр сурайм. Андан башка эмне кылмак элем?! Тамак жегиң келет… ичкиң да келет. (күлүп) Негизи башында кайырчылык кылгым келчү эмес. Азыр деле анча сүйбөйм, бирок акырындап көнүп калат экенсиң. Өтүп бараткандардын жаман көздөрүн байкабай деле каласың. Биздейлерде уялуу, намыстануу деген жок. Биз бүгүнкү күн менен гана жашайбыз ошондуктан, эч бир нерсеге өкүнбөйбүз деле. Болгону жүз граммга анан бир сындырым нанга акча тапсак болду.
- Үй-бүлөңүз барбы?
- Үй-бүлөм бар болчу. Таптатынакай болгон аялым жана акылдуу балам бар эле. Баарын өзүм талкаладым. Көп иччүмүн, эртең менен сопсоо үйдөн чыксам, кечинде мас келчүмүн. Аялым менен күнүгө урушуп, Айдар уулум күндө ыйлачу. Дарыланайын деп да көрдүм. Болгону бир аз тыйындарыбыздын баарын дарыланганга жумшадым. Бирок, ал деле жардам берген жок. Мен ичпей жүргөн айларда өтө эле жиним келип, кыжырым кайнап, жөндөн-жөн эле аялыма да, уулума да кыйкырган адат таап алдым. Бир жолу уулумдун көзүнчө аялымды өлгүдөй сабадым… Эртең менен турсам баламды алып апасыныкына кетип калыптыр. Канча жолу жалдырап барсам да аялым мени менен жашагысы келген жок. Балам да мага сууп калыптыр.
- Уулуңуз сиздин көчөдө жашаганыңызды билеби?
- Билбейт болуш керек. Билсе дагы мага келишин каалабайм. Уялам. Канча жыл өттү, менин кандай экенимди унутуп деле калса керек.
- Кантип көчөдө жашап калгансыз?
- Аялым менен ажырашкандан кийин үйүмдү сатып, Бишкекке баса бергем. Бул жактан жаңы үй сатып алып, жаңы жашоо баштайын деп ойлогом. Илгерки досторума жолугуп калып, күндө ичип атып бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеттим. Акчамдын баарын ичип салдым. Анан ушинтип арактын айынан көчөдө калдым.
- Иш издеп көрдүңүзбү?
- Ар кайсы жерде иштеп жүрдүм. Темирлерди чогултуп жүрүп башка "БОМЖ"дор менен тааныштым. Алар менен чогуу элдерден акча сурап, акырында өзүң көрүп турган адам болдум.
- Көчөдөн эмнелерден коркосуз?
- Көп нерседен коркобуз. Айрыкча кыштан корком. Мас балдардан жана "менттерден" корком. Кыш биз үчүн өлүм мезгили. Мас балдар келип бизди өлгүчө тепкилеп кете беришет. Алар бизди сабаганы үчүн эч нерсе болбойт. Биз эч бир жерге арыздана да албайбыз.
- А милиционерлерден эмнеге коркосуз?
- Алар бизди кабыл алып-бөлүштүргөн жерине алып барат. Ал жак көчөдөн да жаман. Эртең менен эрте курулушка алып барып, "иштегиле!" деп кыйнайт. Күнүнө бир жолу тамак берет. Болгондо да сууга бышкан капуста берет.
- Сыйкырдуу лампа таап алсаңыз, кандай тилек айтмаксыз?
- Билбейм, бир ящик арак жана көбүрөөк тамак тилемекмин.
P.S. Жообу мени таң калтырды. Аялын жана уулун кайра кайтып келүүсүн суранат го деп ойлогон элем. Алар жөнүндө кыялданбасы да билинди. Менимче "жүз грамм" бардык жакындарын алмаштырган окшойт.
P.S. Интервью интернет булагынан кыргызчаланды.