Бир тууган

Жууркан талашып чоңойгон бир туугандар
"Атадан алтоо болсоң да, бир жалгыздык башта бар" деп ата-бабаларыбыз айтканы менен эже-сиңди, ага-иниң болсо, жалгыздыгыңды жашырып турат өңдүү. Ал эми биздин аттын кашкасындай таанымал инсандарыбыздын бала кезиндеги, балалык менен кылган кылыктарын бир туугандары бөлүшүп берди.

Жанчоро, Бекчоронун бир тууган агасы:
"Тентип кетип издеп эле жүрчүбүз"
Айылда андан өткөн шок бала жок болчу. Айылда ар кимдин баласын сабап, акылга сыйбаган иштерди көп кылат эле. Алардын ата-энелери үйгө, " балаңар минтип атат, тигинтип атат" деп, арызданышып келишчү. Ал өзүбүздүн үйдө алма бак турса, кошунанын алмасына кирип жегенди жакшы көрчү. Түз кирип барган, "наглый" мүнөзү бар болчу. Кичинесинде чыр болгону менен, боорукер, аябай тууганчыл эле. Анан мектептен токмок жеп келген, токмоктоп келген күндөрү да болгон. Кичинесинде кыздарды аябай жаман көрчү. Такыр тил табыша алчу эмес, бат эле урушуп кетчү. Бетке ачык айтчу, ошого жараша эч качан калп айтчу эмес. Ошо чындыкты айтам деп, дайыма атабыздан тил угуп калчу. Анан машиналар кетип баратса, ошолорго артынан "телешкасына" жармашып, айдоочулардын айласын кетирген. Бир күнү трактордун телешкасына жармашып, трактор силкингенде жерге кулап түшүп, башын жарып алып, үйгө ыйлап келгени эсимде. Ошондон кийин мындай адатын тыштаган. Маңдайында чоң кыздардыкындай көкүлү бар болгондуктан, көкүлүн байлап алып ойночумун. Бекчородо коркуу деген сезим жашачу эмес. Каалаган жагына кетип калмай адаты бар эле. Тентип кетип издеп эле жүрчүбүз. Анан бир жолу 6-7-класста окуп жүргөндө, жоготуп алганбыз. Негизи, андай учурлары мурда эле бар болчу да. Ошентип жоготуп алып, атабыз муну Жалал- Абаддан таап келген. Иши кылып, кетип калмай адаты бар болчу. Жалал- Абаддан, Оштон таап келчүбүз. ,Кошунанын алмасын жегенди жакшы көрчү, "үйдө турат, үйдөн эле жебейсиңби?!" деп атабыз айтса, "кошунаныкын жегим келип жатат, ошолордуку сонун экен" дээр эле. Бир жолу, баягыдай "наглый" эле барып, кошунанын алмасынын башына чыгып алып жеп жатса, кошунанын баласы " Эй, түш! Алдагы алманы атам бизге да жедирбей жаткан" десе, "азыр, кое турчу, жеп алайын, өзүм атайын келсем" дептир да. Ошо балалыгы ызы чуу менен өткөн. Аябай өжөр, бир нерсени жасайм десе, аягына чыкмайынча жаны тынбай турган мүнөзү бар. Кичинесинде эле ырдай берчү, башка тилде болсо дагы окшоштуруп, кыңылдап ырдап калчу.


Наргиза, Назира Айтбекованын бөлөсү:
"Жүндү тоңдуруп…"
Мен төрөлгөндөн кийин атымды Наргиза коюп, анан бир жылдан кийин сиңдим төрөлүп, "Наргизага сиңди болсун" деп, атын Назира коюшат. Экөөбүз кичинебизден чогуу чоңойдук, азырга чейин чогуу жүрөбүз. Кичинекей кезинде эле, Назира күзгүгө каранып алып, "мен алып баруучу болом" дей берчү. Ошол учурда эле анын чачы узун болчу. Анан экиге бөлүп алып, колуна микрофон жасап алып, концерттерди коюп, уюштура берер эле. Назира мектепке бара элегинде эле тамга таануучу, кийин мектепте да кыйын окуду. Мен биринчи класста окуп жүргөндө Назира окуй элек кези. Ошондо аябай таң калганым өзүм араң жаңы тамгаларды үйрөнүп жатсам, ал китепти шатыратып окуучу. Андай эмес, мындай деп менин сөздөрүмдү тууралап окуп берип, кыйын эле. Бир жолу таенемдикинде жүрсөк, айылдын клубуна концерт келет. Назира экөөбүз баралы десек, таенем такыр жибербейт, "концертке барбайсыңар" деп. Анан таенем конокко кеткенде, үйдүн баарын жыйнап, тазалап, идиш-аякты жууп, анан төрт каскан кылып толтура оромо бышырып алып күтүп жатабыз. Таенем келгенден кийин оромодон берип, үйдүн тазасын көрсөтүп, анан концертке баруу үчүн сурансак, "мейли эми" деп жиберген. Концертке барсак толтура балдар Назиранын аркасынан таанышуу үчүн ээрчип алышкан эле. Ошондо менден улуу байкем экөөбүздү көрүп калып кубалаганы эсимден кетпейт. Биз байкемден качып, бизди болсо балдар ээрчип алган. Ошол көз ирмемден байкемден жашынып жүргөнүбүз эсимде калыптыр. Бир жолу кичинекей кезибизде Назираныкына Балыкчыга барып калдым. Ушундай топ ойногубуз келип, эмне кыларыбызды билбей, "кел, топ жасап ойнойбуз" дедик. Үйүндө карыган энеси бар болучу, дайыма ийик ийрип отурчу, апасынын түйүнчөктөп койгон жүнүн экөөбүз уурдап чыктык. Аны алып аябай тоголоктоп, самындап жууп туруп, муздаткычка топ болуп калсын деген ой менен салып койсок, апасы көрүп калып алып катуу урушкан. Көрсө самындап салсаң катыбайт экен да.


Бакыт, Жолдош Жанжигитовдун бир тууган иниси:
"Жаман жан кашайтчу"
Байкем экөөбүз жумуш кылгандан качып, көчөгө ойноп кетип калчубуз. Бир жолу дагы ошентип качып кетип, ойноп жүрсөк чоң атам урушуп бизди кубалап жатпайбы. Биз дайыма эле чоң атам урушуп, кубаласа жеткирбей качып кетчүбүз. Ошентип чоң атам бизге жетпей, таш менен уруп жиберсе, байкемдин бутуна тийип, байкем томугун кармап алып ыйлап жатпайбы, "томугум ай, томугум" деп. Азыр билбейм эми, азыр деле ооруган жерин кармап ыйлайт болуш керек байкем. Бирок байкем мага караганда жакшы иштечү. Мен кичүүрөк болуп эрке болчумун. Анан жанагыдай болуп качып кеткенде, тил укканда дайыма байкем угуп калчу. Мен кичүү болгондуктан байкем кыздарга кетчү, а мен болсо үйдө калчумун. Анан түндүн жарымында келип алып уктап жатсаң, "тур, башыма суу куюп бер" деп жалдырачу, тургум келбей жатса да эптеп кыйшалаңдап туруп барып башына суу куюп берсең, рахмат айткандын ордуна, " мен сага суу куюп бер деп айттымбы?" деп, жаман жан кашайтчу. Көчөдөн кыздар менен көрүп калсам, "жеңе" деп тийишчүмүн. Байкем, "ай, уят эмеспи?" деп калчу. Мен Жочу деп айтчумун да, "байке дебейсиңби" деп көп сабачу. Ошентип, байке дегенге да көндүргөн. Мектепте окуп жүргөндө токмок жеп калсам, ыйлап барчумун . Андай учурда байкем катуу сабачу. Кулагы үзүлгөнчө сабап койчу, балдарды. Жакшы эле болушкан. Ошолор калыптыр эсимде.