Кат куржун

Борончу көзүнө сурма жасатканбы?
Саламатсыздарбы, "Обон" газетасы! Мен сиздерден бир нерсени сурайын дегем. Мындан эки жыл мурун, "куудул Борончу Кудайбергенов көзүнө сурма жасаткан" деп, менин кошунам айтып калчу. Мен таптакыр ишенбечүмүн. Ушунун чын-төгүнүн сиздерден билгим келет. Анткени ошол мезгилде Борончунун көзү жүлжүгүй таптакыр кичине экен. Ошол себептен көзүнө сурма жасатыптыр.
Гүлмира, Бишкек.

Борончу Кудайбергенов, куудул:
"Жанымдагы кичинекей балага жасатыптыр десе жарашат"
Ал менин жанымдагы "телохранителим" менен алмаштырып алышса керек. Менин өзүмдүн көзүмдүн сурмасы бар. Ишенбесеңиздер мурдакы сүрөттөрүм менен деле салыштырсаңыздар болот. Сурманы сурмасы жок киши жасатса керек. Менин жанымда кичинекей бала жүрбөйбү, ошого жасатыптыр десе жарашат эле. Ага деле жасаткан эмесмин, негизи айтып жатам. Ал бала ошол көзү менен оргиниалдуу да. Ага биз тамашалаганбыз, "көзүңдү жумасың да, биз көзүңдүн сыртына бакыракай көз тартабыз дагы клипке тартабыз. Бир убакта ички көзүңдү ачасың депчи. Анан ичинен дагы бир көз пайда болуп калат" деп тамашалай. Жок, мен сурма жасаткан эмесмин.




Динара Акулова Өмүрзаковадан таяк жегенби?
- Кыргыз элине белгилүү ырчы Динара Акулованы мындан көп жыл мурда бир ресторандан Гүлнара Өмүрзакова аттуу ырчы айым чачтан алып, катуу сабаган деп жүрүшөт. Себеби дос кызым ошол ресторанда иштөөчү. Бул ушактын канчалык чын төгүн экенин билип бересиздерби?

Акмарал, Бишкек.
Динара Акулова, ырчы:
"Ал кызды мен тааныбайм"
Кандай?! Гүлнара?! Ошондой да ырчы бар бекен? Өмүрзакова менен чатагым да, аны менен ишим да жок. Ал кызды мен тааныбайм. Мамилебиз жок. Мен ал кызды көрүп калам. Ушул катты жөн эле койгулачы. Эмне деген интригалар болуп жатат? Ай, эки күн мурда эле бир газетаны тыйып келсем. Эмне керек болуп жатат? Деги мени жайыма койгулачы! Мындай ушакчы каттарды алып окугандай, силер кимсиңер?! Эмне кереги бар?! Бизди көтөргөндүн ордуна, кайра "курсубузду" өлтүрөсүңөр го, такыр?! Ишим да жок ал кыз менен. Аны ар кайсы жерде көргөнүм болбосо,чатагым деле жок. Ал менден канча жаш кичүү кыз. Мени менен эмне иши бар экен? Мен ошого сабаганга мүмкүнчүлүк берет бекенмин?! Бул кат жалган. Анын эмне кереги бар? Мындайларды жазбагыла дагы, чыгарбагыла! Мен жакында Кыргызстанга концерт бергени жатам. "Зачем" интрига кылышты, алтыным. Эң мыкты концерт берем, "лучше" ошону сонун интервью кылып жарыялагыла. Сиңдин дагы Лондонго кетип жатат, муну жазгыла! Азыр жаңы фотосессия жасатып атам.




Кыргыз басмасөз күнүнө
87 жыл
толот
Саясаттын ак-карасын катыра жазып, шоу жылдыздардын талантына саресеп салган жана коомдук көйгөйлөрдү кайдыгер калтырбастан чындык үчүн күрөшкөн Кыргыз басма сөз күнүнө быйыл 87 күз толот. 1924-жылы 7-ноябрда кыргыз тилинде эң алгачкы "Эркин Тоо" гезити жарык көрсө, азыркы учурда эне тилибизде 150дөн ашуун гезит жарык көрүүдө. 87 жылдын ичинде биз басма сөздүн кырааны болгон"Асаба" аттуу гезит аркылуу сөз эркиндигинин туу чокусуна жете алдык. Тактап айтканда, кыргыз басма сөзүнө сөз эркиндигинин пайдубалын куруп кеткен адам - бул Мелис Эшимканов болгон эле. Бул адамдын да убагында баркын билбей, буюккан талантты колдон учуруп алыпбыз… Урматтуу кесиптештер, бир жылда бир эскерилүүчүү 7-ноябрь - басма сөз күнүңүздөр менен куттуктайбыз!


Сапалкан АРИПОВ, эркин журналист:
"Самандай сапырлган гезиттердин сапаты жок"
- "Эркин Тоо" гезитинин жаралуу убагынан бери алып караганда кыргыз басма сөзүнө 87 жыл толот экен. Ушул убакыттын ичинде басма сөзүбүз кандай ийгиликке жетти деп ойлойсуз?
- Биз кыргыз басма сөз күнүн совет мезгилинен бери эсептеп келебиз. Ал учурда басма сөз бир гана идеяны колдогон. Эч бир гезит же журналист советтик бийликке каршы сөз айта алган эмес. Кандай гана макала жазба, макала гезитке чыгардан мурда ошол жерде отурган тажрыйбалуу калемгерлердин колунан өткөн. Журналистика - бул төртүнчү бийлик. Эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп эсептелет. Сөз менен журналист калкты оңго да, солго да буруп коюшу мүмкүн. Азыркы учурда кыргыз басма сөзү бир аз да болсо өнүктү. Бирок, канчалык өнүккөнү менен ошончолук өз баркын да кетирип алды. Өнүккөн жагы - кайсыл тармактагы макала жазба өз тилибизде эркин жаза алабыз. Ал эми баркынын кеткени журналисттер айрым саясий күчтөргө акча үчүн тирүүлөй курал болуп калды. Ошонун кесепетинен басма сөз жаатында сөздүн баркы күндөн-күнгө төмөндөп баратат.
- Совет мезгилде бир же эки гана гезит бар болсо, азыр гезиттин саны 150 дөн ашат. Кыргыз гезиттеринин көбөйүшү кыргыз басма сөзүнүн өнүгүүсүнө киреби?
- Азыр бизде өкмөттүк гезиттер кошулуп отуруп сиз айткандай 150гө жетти. Кыргыз гезиттеринин көбөйгөнү жакшы. Жогоруда айтылган гезиттерди саны самандай сапырылган менен, сапаттары өтө начарлап, базар деңгээлиндеги чыгармалар жарык көрүүдө. Ким эмнени жазгысы келсе, ошону басып, кыргыз журналистикасы "демократияны" туура эмес түшүнүүдөбүз. Мурда жаш журналисттерди бизге окшогон эмгеги сиңген, калеми курч инсандар тарбиялоочу. Кийинчирээк улуу таланттарыбыз жаштарга жол көрсөткөндөн да кызганып калды. Себеби көрө албастык, мансаптык ушул жолго алып келди. Кыргыз басма сөзүн өнүктүрүү үчүн ар бир журналист өзүнүн укугун жана элдин укугун билүүсү зарыл.
- Кыргыз журналистикасы боюнча азыр так даана жазылган мыйзам жок. Анан кантип журналисттер өз укугун коргой алат?
- Бул суроо туура берилди. Чындыгында эле азыр журналистика боюнча мыйзам тургай журналист - деген ким экени жөнүндө даана маалымат жок. Буга кыргыз өкмөтү күнөөлүү. Анткени, ММКны төртүнчү бийлик деп кагаз жүзүндө атагандары менен иш жүзүндө жөн гана маалымат таркатуучу "почтальон" болуп жатат. Өкмөт сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, журанлисттердин эмгегин баалай турган атайын комиссияларды түзүүсү шарт. Улуу муун менен кичүү муундагы жаш калемкөйлөр бириккенде гана кыргыз бамса сөзү өнүгөт.





Чындык үчүн чымындай жаны кыйылган кесиптештер
Курч калемдери менен чындыкты көзгө сайып көрсөтүп, арамза саясатты абийрин ачкан кесиптик иши үчүн Бакиевдин учурунда көз жумган журналисттер А.Саипов, Г.Павлюк, Данил Кыштобаев. Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрында Ош дубанында белгисиз бирөөлөрдүн огунан мерт болгон. Ушул күнгө чейин кылмышка күнөөлүүлөр так аныктала элек. Ал эми Геннадий Павлюк бийликтин катуу запкысынан улам көз жумган. 2009-жылы 16-декабрда көз карандысыз журналист Геннадий Павлюк Алматыда көп кабаттуу үйлөрдүн биринде колу-буту таңылып туруп ыргытылган. 6күн ооруканада эс учуна келе албай жатып 51 жашында көз жумган. Акаевдин мезгилинде "Золотой перо" наамга татыктуу болгон Данил Кыштобаев 2008-жылдын 22-мартында "жүрөк оорудан көз жумган" деп жымсалданган түрдө айтылып жүрөт. Бирок Кыштобаев "жүрөк оорудан" өлбөй эле, саясий буйрутмага туш болгон. Бул журналисттин өлүмү чоң чырды башын каткан сыр болгон. Ошол сырды дүйнө жүзүн ачыкка чыгарбоо үчүн, "кыргыз саясатчылары Назарбаевге "Каркыра" жайлоосун берип ооз басырык кылышкан. Болбосо чоң чыр чыгып кетмек" дешет, айрым саясый серепчилер. Эл аралык басма сөз институтунун (the International Press Institute - IPI) 2010-жылы 11-февралда жарык көргөн акыркы иликтөөсүнө караганда, ар кайсы өлкөлөрдөн735 журналист кесибине байланыштуу набыт болгон. Алардын 170и Иракта, 93ү Филиппинде, 58и Колумбияда, 38и Мексикада, 35и Орусияда набыт болушкан. Изилдөөлөргө караганда, Азия менен Жакынкы Чыгыш журналисттер үчүн эң опурталдуу аймактардан болуп саналат.

Бегайым ШАЙЫПОВА




Кыз же уулдун көп төрөлүшү аял-эркектин жаш айырмасына байланыштуу
Өткөн саныбызда Баатырбек Эралиевдин "Кыздын же уулдун көп төрөлүшү аял-эркектин жаш айырмасына байланыштуу" деген макаласынын негизинде редакцияга бир топ каттар келип, чалуулар болду. Чалган окурмандарга Баатырбек Эралиев эсептеп чыгып, гезит аркылуу жообун берди.
Ташкөмүр шаарынан Адылбек (1972-ж) жана Гүлмиранын (1977) төрт кызы бар экен. 2013-жылы аракет кылсаңыздар уул болот, буюрса.
Бакыт (1968-ж) келинчеги (1968-ж), үч кызы бар. Сиздерде уул жок.
Бишкектен Урмат (1975-ж) келинчеги Аида (1976-ж), төрт кызы бар. 2012-жылкыга пландаштырсаңыздар, уул болот.
Тогуз Тородон Индира (1976-ж), жолдошу (1973-ж) үч кызы бар. Сиздер 2013-жылы уулдуу болосуздар.
Токтогулдан Айгүл (1984-ж), жолдошу (1978-ж) үч кызы бар. 2014-жылы уулдуу болосуздар.
Сатыбалдиева Зама (1973-ж), Матисаков Нурлан (1973-ж) 3 кызы бар. 2012-жылы уулдуу болосуздар.
Дөөлөтбек (1982-ж) Жийдегүл (1984) эки кызы бар. 2012-жылы уулдуу болосуздар.