Күүгүм кечте сырдашуу

Актриса Рыскүл Орозова:
Датканын ролу-көксөп жүргөн кыялым…
Театр-коом күзгүсү. Ушул ыйык сахна сересинде улуу корифейлердин изи калган. Ошолордун учун улап, азыр жаш өнөр адамдары толуктап келет. Т. Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театрында эмгектенген жаш актриса Рыскүл Орозованы кепке тарттык.

- Азыркы учурда кайсы спектаклге кызуу даярданып жатасыз?
- "О, кыздар!" спектаклине даярдык көрүп жатабыз. Султан Раевдин "О, кыздарын" койгон режиссёр КРнын Эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев. Маани маңызы азыркы мырзалардын аялзатына болгон мамилеси. Бир тигүү цехинде иштеп, жатаканада жашаган кыздардын ар биринин тагдыры өзүнчө сүрөттөлөт. Алардын жаш курагы да ар кандай. Менин каарманым Жаркынай кара далы кыз болот. Ошол бөлмөлөш кыздардын эң улуусу. Окуусун бүтүп иштеп жүрүп, жашы өтүп баратканын байкабай калат. Жигиттерден да жолу болбой, акыры аларга салкын мамиледе боло баштайт . Эч кимди жактырбай жалгыздыкты эш тутуп жүрөт. Ошол кыздарга таалим-тарбия берип, ынтымакты сактап турган кыз болот. Жигиттерге жакын ойсоке кыз Перинин образын Анара Сөлпиева аткарат. Боюнда болуп калып, баласы кимден экенин билбей, боюнан алдырып салат. Флюра-Альбина Имашева толук, тарсылдаган ачык кыз. Анын проблемасы диета кармап, арыкташ. Карлыгач-Айсалкын Кыйыкбаева,жигити алдап кетип, боюнда болуп калат. Акыры, баласын төрөп, турмуштун кыйынчылыгын жаштайынан өткөрөт. Кыздардын эң кичүүсүн-Жанара Барманова ойногон. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кызга турмуштун өзү кызык. Баарын билгиси келет. Жигиттер менен кантип сүйлөшүш керек, мунун баары ага кызыктай туюлат.
- Ушул чыгарма болгон окуядан алынган дешет?
- Ооба, Султан агай студент кезде кыздар менен жатаканада чогуу жашаптыр. Көпчүлүк каармандар турмуштан алынган экен. Алгач бул спектакль Ош драма театрында коюлуптур. Биздин КРнын Эл артисттери, КРнын Эмгек сиңирген артисттери "О, кыздарды" майын чыгара аткарышкан экен.
- Бал тамган балалыгыңыз жөнүндө билсек?
- Кичинекейимде ырчы болом дей берчүмүн. Атам той-топурда Т. Казаков, Р. Абдыкадыровдун, Ч. Сатаевдин ырларын ырдачу. Ошол ырларды үйрөнүп алып ырдап калдым. Үйгө конок келсе эле ырдай берчүмүн. Каникулда таенеме барганда да "ырчы кыз" келди дешип, кошуналары үйгө толуп алар эле.
- Окуучулук күндөрүңүздү эстей кетсеңиз?
- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы мектепте окугам. Атам мектептин директору болгондуктан, атамды уят кылбаганга аракет кылчумун. Мектепке түптүз барып, түптүз келчүмүн. Классташтар менен отуруштарга барсам, "директордун кызы да жүрөт" деп кеп кылышчу. Кийинчерээк ошол сөздөрдөн тартынып, туулган күндөргө барбай да калдым.
- Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кандайча аралашып калдыңыз?
- МУКтун алдында түзүлгөн колледжде окуп жүрүп, Филармониянын студиясында Улукмырза Полотов агайдан вокалдан билим алдым. Бир жылча окуган соң, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Исскуство институтуна тапшырдым. Мүнөзүм өтө тартынчаак болгондуктан, 180 градуска өзгөрүүнү каалап, актёрдук бөлүмүн тандап алдым. Дипломдук иште Б.Жакиевдин "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" спектклинде келиндин образын ачып бергем.
- Талант ээси кандай ата-эненин колунан таалим-тарбия алды экен?
- Атам көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенди. Апам кыргыз улуттук кийимдерди тигип, чакан цех ачып алган. Үй-бүлөөдө 4 биртуугандын улуусумун. Башкалары да чыгармачылыкка жакын, айрыкча, эң кичүү инибиз мектепти бүтсө, музыкалык билим алууну максат кылып жүрөт.
- Кыялда жашаган каарман?
- Генералды эңсебеген солдат болбойт демекчи, кыялдагы ролум-тарыхый чыгармалардагы каармандар. Курманжан датканын ролу-менин көксөп жүргөн кыялым. Уильям Шекспир, Жек Лондондун чыгармалары классикага айланып калды. Дүйнөлүк чыгармаларды сахналаштырбаган өлкө болбосо керек. Өзүбүздүн чыгаан жазуучуларыбыздын классикалык чыгармаларынан да куру эмеспиз. Буюрса, театр иштей баштады. Алдыда да көптөгөн драмаларды элге тартуулайбыз деген ойдомун.
- Жараткан каарман-дарыңызга токтоло кетсеңиз?
- Мен жараткан образдардын саны ондон ашуун болуп калды. Айтматовдун "Ак-Кемесиндеги" Бекейдин, "Эрте келген турналарда" Анатайдын жеңесин аткаргам. "Тагдыр" спектаклинде сойку кыздын ролун жараткам. Жакында эле Тамашоунун Саяктар командасы тартып жаткан "Көк салкын" киносунда кыздын жеңесин аткардым.
- Томуктай максат үчүн, тоодой күч үрө дегендей кандай максаттарыңыз ишке ашты?
- Эң негизгиси өз кесибимди туура тандаганым бул биринчи максатым. Мектепке барганга чейин эле кыргыз кинолорду ынтаа коюп көрчүмүн. Кинорежиссёр Г. Базаров тарткан "Саманчынын жолу" киносу чоң таасир берди. Себеби ошол кино бүткөндөн кийин чоң апамдын апакай жоолугун салынып, аяк кармап алып басып, "Арбаңыз, Жер эне!" деп, улуу актриса Бакен Кыдыкееваны туурачумун. Көрсө, бала кезимде эле актриса болууга далалат койчу экем да. Ал эми кыялда жашап калган максатым-диктор болуу. Элдин сүймөнчүктүү диктору Гүлшан Молдоеванын баскан-турганы, уккулуктуу үнү кимди болбосун өзүнө тартат эмеспи. Бир жолу 2-классымда үйдө жалгыз калгам. Күзгүнү карап алып, Гүлшан эжедей түптүз отуруп алып, колумдагы программаны алып, "Саламатсыздарбы, урматтуу телекөрүүчүлөр!"деп тааныштырып чыкчумун.
- Кыргыз керемети сиз үчүн?
- Кыргыз керемети аталган кинолорду эстегенде эле кыраакы кинорежиссёр Т.Океев тарткан "Бакайдын жайыты" көз алдымда. Чыныгы кыргыздын турмушу чагылдырылган. Кыргыздын улуу актёрлорунун бири Муратбек Рыскулов ошол каарманды катыра аткарган. Айрыкча бакма бүркүтү менен коштошкон кадры эт жүрөгүңдү элжиретип жиберет. Кичине бала да образын мыкты аткарып койгон.
- Сүйлөгөн сөзү да орундуу, турмушка олуттуу караган актрисанын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жогоруда сөз кылып кеткен каараманым Жаркынайдай жалгыздыкты эш тутуп келем. Болочоктогу жолдошум чыгармачыл чөйрөдөн болсо. Анткени чыгармачыл казанда бирге кайнап, бир-бирибизди көз-карашыбыздан эле түшүнгүдөй болобуз деп ойлойм. Токтоо мүнөз, намыстуу, сөзүнө бекем турган мырзалар жагат.
P. S. Мен бала кезде ата-энем театрга көп алып барышчу. Ошондон уламбы кино, театр дүйнөсүнө ал ансайын кызыгуум артат. Эми ал мезгил менен бүгүнкү күндү салыштырып болбостур. Театр көрүүчүлөрдү жоготуп койгондой, барсаң суук, кунарсыз эле. Өткөн айда кайрадан театралдык сезондун ачылышы болуп, зал элге толду. Сахна чеберлердин болуп көрбөгөндөй маанайы жарык. Театрдын ичи да заманга жараша өзгөрүлүптүр. Эми театр сүйүүчүлөр күндөн күнгө көбөйөт деген үмүттөмүн.


Динара Асылбекова

di-as-79@mail.ru




  Талапкерге ашык кат

"Көкжалдын айбатындай оттуу көз-карашыңыз…"
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп,
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан,
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып-деп арзуу катымды алп акыныбыз Алыкулдун ыр сабынан баштадым. Акындын сүйүүнү ушинтип даңазалаганын мен эми түшүндүм шекилдүү. Жан эрмегим эле сүйүүдөн тамган поэзия болуп калды. Кыялымдагы мырза менен жашап келем. Ашыгымдын атын атагандан да айбыгам. Балким, ал мырзанын ысымын жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө сактап жүргөнүмдөн уламдыр. Бул инсандын ээлеген кызматы тууралуу сөз кылгым келбейт. Болгону Ош окуясында эли-жери үчүн башын сайып коюуга даяр турган эрдигин эли баалаганын айткым келет. Анын карапайым үй-бүлөдөн чыкканы жөнөкөйлүүлүгүндө даана көрүнүп турат. Адамгерчилигин эл менен жолугушканда баамдадым. Ошондон баштап жан-дүйнөмө туруштук бербеген сезим отун жагып өттү.
Махабат ышкысы айтып бүткүс дастан тура. Египет ханышасы Клеопатра үчүн Рим паашасы Гай Юлий Цезарь орноткон "Сүйүү багына" чакырсам келээр бекенсиз?! Көп күттүрбөй жигиттик сөзүңүзгө туруп, ошол ашыктык сезим ыроологон жайга кирип келдиңиз. Кудум Цезарь сыяктуу олбурлуу денеңиз, көкжалдын айбатындай оттуу көз-карашыңыз дене бойду "дүрт" эттирип коргошундай эритип жиберди. Сиздин саясатта лакап атыңыз "Көкжал" экенин эшитип калгам. Карышкырдын канчалык сүрү болбосун, баарыбир өзүнө тартып тураары бышык. Сиздин сүрүңүз кудум көкжалдын сүрүндөй. Карылуу колдоруңуз менен өзүңүзгө имере кучактап, акырын кулагыма шыбырай:
Ырдан обон жараттым тыңшап көрчү,
Кайрыктары жагымдуу тыңдап көрчү,
Жаралуу сезимиме шыпаа болоор,
"Жалт" карап кумар көзүң ымдап көрчү-деп аярлай сүйлөгөнүңүздө кокусунан "Дүйнөлүк тарых" сабагынан берген мугалим оюмду онго бөлүп салды.
Ширин, Бишкек шаары