Ырчы Акбар уулдуу болуп кубанып турган чагы
26-октябрь №4 бейтапканада ырчы Акбар Сүйүнбаевге келинчеги кубулжуган үндүү диджей Кундуз Казыбек кызы уул төрөп берди. "Келинчегимдин абалы жакшы. Балам 3кг 700грамм салмакта төрөлдү. Азыр ымыркайыбызга ысым коё элекбиз. Ата болдум деп аябай сүйүнүп, кубанып турган чагым", - дейт ырчы. Кубанычын биз менен тең бөлүшкөн Акбар менен Кундуздун уулдуу болушу менен куттуктайбыз!


Каныкей жеке концертин берет
"Каныкейдин жеке концерти ноябрь айынын аягында Ош жана Жалал-Абад шаарларында болот. Андан кийин Бишкек шаарында декабрь айларында боло турган концертине кам көрүп жатабыз. Бул жылы январь менен май айларында өзүнүн концертин бергенге үлгүрдү. Быйылкы жылдагы пограммасынын негизинде даярдалган соңку концерти болмокчу. Жаңырган жылда жаңы программанын коштоосу менен чет мамлекеттен келген Каныкейдин күйөрман коноктору менен уюштуралы деп даярдык көрүп жатабыз" - деп Каныкейдин продюсери Мамасадык Багышев билдирди.


Сьездбек Искеналиев кыздуу болду
"26-октябрь күнү саат 11де балалуу болдум. Балам 3кг салмак менен төрөлдү. Боюнун узундугу болсо 49см болду. Келинчегим боюнда бар кезде ашкананын тамактарына талгак болгон. Үй-бүлөөбүз менен жакшы ысым тандап жатабыз" деп ырчы Сьездбек Искеналиев жагымдуу кабарын тең бөлүшүп кетти. Биз дагы Сьездбек менен келинчегинин бешик боосу бек болсун деп куттуктамакчыбыз!


Кумар Асанов "Алмашымга" жаңы көрк берди
"Рыспай Абдыкадыровдун "Алмашым" аттуу чыгармасын жаздырып, ага кыргыз жыттанган клип тартырып бүттүк. Буга чейин бул ыр аккардеон менен ырдалып келген болсо, эми аны жаңыртып жаздырды. Клип абдан жогорку деңгээлде тартылды. Тактап айтканда, чыныгы нукура кыргыздын исин жыттатып, оюулардын кооздугу көрсөтүлдү. Азыр клип ысык боюнча кыргыз теле каналдардан кетип жатат" деп, Ислам Сатаров ырчы Кумардын жаңы клибин сүрөттөп берди.




Чет элдик конок
"Tanham" ыры менен атактуулукка жетишкен, көптөгөн ыр сүйүүчүлөрүнүн бүйүрүн кызыктырып келген Рамин Р.К эң биринчи жолу эл билбеген сырларын биз менен бөлүшүп, жылуу маек курду.

Рамин Р.К :
"Кыздарга көп деле кызыкпайм"

- Саламатсызбы, жакшы келдиңизби? Ырыңыз абдан популярдуу болуп жатат. Сөз башын чыгармачылык кадамдарыңыздан баштасаңыз?
- Мен чыгармачылыкка абдан кызыкчумун. Чыныгы ырчы болгум келчү. Менин рэппер досум бар эле. Ал ичке үн издеп жүрүптүр. Дал меникине окшогон ичке үн. Досу аркылуу мен аны менен тааныштым. Алар мени ырдатып көрүп, ушул ырды ырдатыш үчүн ыр жаздырган студияга чакырышты. Бибакты көптөр ойлошот музыка деп. Ал өзү рэппер мен да анын жанында ырдайм. Ушинтип чыгармачыл кадамдарым башталган.
- Жеке жашооңуз жалпы күйөрмандарыңызга кызык болуп жатса керек. Үй-бүлөңүз туурасында айта кетпейсизби?
- Балачагымда эле ырдачумун. Бир музыканы угуп жактырып калсам, кайра өзүм үчүн кайталап ырдай берчүмүн. Үйдүн улуусумун, менден кийин карындашым жана иним бар. Апам, атам болуп чогуу турабыз. Алар мага абдан жардам берип, чыгармачылыгымды колдоп турушат.
- Кандай ийгиликтерге кол сунганы турасыз? Алдыдагы биз билбеген кандай пландарыңыз бар?
- Азыр продюсер менен иштешип жатам. Пландарым Кыргызстандын кооз жеринен "Танхам" ырыма клип тарттыруу.
- Сыр болбосо сүйүүңүз туурасында айтып бербейсизби. Качан бойдокчулук менен коштошойун деп жатасыз?
- Мен азырынча үйлөнгөндү каалабайм. Бул жөнүндө ойлонуп да көрбөптүрмүн. Кыздарга көп деле кызыкпайм. Эң башкысы бул менин иштеп жаткан жумушум.
- Кыргызстандан тышкары дагы кайсы мамлекеттерге баргансыз?
- Тажикстанда, Казакстанда, Кытайда болгом. Мага ал жактын аба ырайы, адамдары абдан жакты. Алардын дагы Бишкектей кооз жерлери бар экен. Бишкектин көчөлөрүнөн басканда алардыкына окшош көчөлөрдү жолуктурдум.
- Иран менен Кыргызстандын ырчыларынын өзгөчөлүктөрү эмнеде экенин байкап жатасыз?
- Иранда артист болуш өтө кыйын. Бул жактан мен көп ырчыларга жолуктум. Алардын мага кылган мамилеси абдан жакты. Мени жакшы кабыл алышты.
- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
- Бош убакыт болуп калса футбол ойнойм. Үйдө олтуруп алып ырдайм. Кээ күндөрү жөн эле эс алам.
- Кыргызстан менен Иран мамлекеттеринин айырмасы эмнеде экен?
- Иран эки миң беш жүз жылды ичине камтыган чоң мамлекет. Албетте, Иран жакшы. Бирок, бул жакта адамдардын пейли жакшы сакталган экен жана кооз табияты жакты. Ирандыкына караганда суусу таза экен.
- Улуттук тамагыбыз беш бармактан даам сыздыңызбы?
- Мен бул жакка келип кафеден эле тамактанып жатам. Бирок, беш бармакты аябай жегим келип жатат. Жегенге жетишкен жокмун. Айтып жатышат беш бармакты аябай даамдуу жасап беребиз деп. Бул жактан плов жедим даамдуу экен. Кесме, куурулган манты дагы жедим.


Жылдыз Абдыкерим кызы