п»ї
Сынчынын сыңар
өтүгү майрык
"Жүз сомуң болгуча, жүз досуң болсун" деп бекеринен айтылбаса керек. Кайда болбо адам баласына дос, жоро-жолдош керек эмеспи. Ар эле адам айлана- чөйрөсүнө жараша дос күтүшөт. Ал эми биздин шоу бизнестеги жылдыздар өздөрүнүн жакын досторун сынап беришти.


Асел Касымова ырчы:
"Жанэль бой көтөргөндү билбейт"
Мага жаккан сапаты:
Шоу бизнесте баары менен эле жакшы мамиледемин, бирөөнү жакшы, жаман деп айтыштан алысмын. Ал эми Жанэль дайыма менин жанымда, жакшы мамиледебиз деп айта алам. Ал эми Жанэлдин жакшы сапаттары аябай ак көңүл, тырышчаак, көп эле боюн көтөрө бербейт. Көп нерсени түшүнөт, түшүнүктүү кыз. Турмушка да аябай тың, бышкан кыз да. Мага таза, чын жүрөктөн мамиле кылат, ошонусу аябай жагат.
Мага жакпаган сапаты:
Кемчилиги баардык эле адамдарга бирдей мамиле кылат да, анан көбүнчөсүнөн көңүлү калып калат. Мындайча айканда куулук жагы азыраак. Куулугу бар, бирок куу болуп туруп деле алданып калат. Бир адамдан көңүлү калып калса деле, кайра эле ошол адамга барып баштагыдай мамиле жасай берет. Анан абайласаң боло деп айтып калам, кээде.


Омар ырчы:
"Максат абдан жакшы ата"
Мага жаккан сапаты
Шоу бизнесте баары эле жакын досторум, баары менен эле жакшымын. Көп эми баарын атасам, бир бетиң өпсөм, бир бетиң калат дегендей. Максат Бегалиев менен абдан жакшымын. Макстын биринчиден мен чыгармачылыгын анан ага катары сыйлаймын. Себеб дегенде Макс менден алты жети жаш улуу, анан ошо өзүнүн улуулугун салбайт. Мага эң жөнөкөйлүгү жагат, баардыгы менен бат тил табышып кетет. Абдан жакшы бала. Абдан тамашакөй, шайыр жана жакшы ата деп белгилеп кетким келет.
Мага жакпаган сапаты
Максаттын бир эле кемчилигин байкагам, ал убакыт жактан кичине так эмес. Ошонусун оңдосо жакшы болмок да. Эми дайыма эле кечигип жүрөт деп айта албайм, айрым учурларда кечигип калат. Ошол себептен улам алтыга болсо мен алтыга он минут калганда чакырам.


Жанэль ырчы:
"Асель жалкоо…"
Мага жаккан сапаты:
Эми чыгармачылыкта баары менен эле сый мамиледемин. Бирок ошолордун ичинде Асель Касымова менен жакынмын деп айта алам. Асель негизи өзү аябай шайыр ачык кыз, кичи пейил. Мага бардык эле сапаттары жагат, аябай ак көңүл, адамгерчиликтүү, сөз көтөрүмдүү жакшы кыз.
Мага жакпаган сапаты:
Кемчилиги кичине жалкоорок, иштебейт чыгармачылыкта. Жакшылап иштесе жакшы болмок. Кээде өзүнүн оюн айталбайт адамга ичине сактап жүрө берет. Бетке ачык айта албайт.


Максат Бегалиев ырчы:
"Омар бар болсо да жок деп айтат"
Мага жаккан сапаты:
Шоу бизнесте Омар менен жакшы мамиледемин деп айта алам. Омар өзү аябай ак көңүл, дайыма күлүп жүргөн бала. Талантын айтпай эле коёюн, ансыз деле белгилүүдө да. Иштеш керек деп аракет кылат. Айтканынан кайра артка кайтпаган, дайыма алдыга деп жүргөн бала. Эч нерседен тартынбайт, мен кээде анча-мынча нерселерден өзүмдү өзүм кой деп тартып коем да, ал эми Омар болсо тартынбайт.
Мага жакпаган сапаты:
Кемчилиги жагынан айтканда бир кемчилиги мага жакпайт, бирок ал кемчилигин айтпай эле коюш керек го дейм. Айтсам таарынып калат деп ойлойм. Андан башка кемчилигин айтсам, кичине анча-мынча жалкоолук жагы бар, эми ал деле анча чоң кемчилик эмес. Анан дагы колунда турган нерсени жок деп турат. Бар болсо дагы жок деп турат. Мен уруша берем, " ай, "жок" деп айтпа, кудайга шүгүр де, жок эмес бар го" деп. Ушул сапаты мага жакпайт, калганы жакшы.


Алиса Сапарбекова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??