Президенттик шайлоодо 63.19 %
добуш менен Атамбаев жеңди
30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев атаандаштарынан алдыга озуп 63.19 пайыз алды. Ал эми Адахан Мадумаров 14.76%, Камчыбек Ташиев 14.33%, Т.Асанбеков 0.92%, Ө.Суваналиев 0.87% алышты. Калган талапкерлер бир пайызга да жеткен жок. Жеңишке жетпей калган талапкерлер шайлоо таза эмес өткөндүгү жөнүндө пресс-конференция бергенге да үлгүрүштү. Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровдор болсо шайлоону тааныбагандарын айтышты. Атамбаев өз кезегинде Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров менен бир келишимге келип, алар менен чогуу иштешүүдөн да баш тартпагандыгын айтса, экөө Алмазбек Атамбаев менен бир иштегенге каршы болуп чыгышууда. Жала-Абадда Камчыбек Ташиевдин шайлоочулары жол тосуп башташып кайра жолду ачышты. Чет өлкөлүк байкоочулар болсо Кыргызстанда таза шайлоо өткөндүгүн айтышууда. А.Келдибеков үчөөнү жараштырам дегендей кылып атат, эми аны убакыт өзү көргөзөөр.


6-ноябрда Кыргызстан Курман айт майрамын белгилейт
Курман айт 6-ноябрда, ай башы 5-ноябрда болот. Бул тууралуу 31-октябрда борбордук мечиттен билдиришти. Курман айтты мусулмандар ажылык зыяраттын аякташынын белгиси катары майрамдашат. Быйыл Меккеге барган кыргызстандыктардын саны 5 миң болот. Алардын төрт миңи учурда Арабстанда жүрүшөт, калган бир миңи бүгүн кетиши керек.


Тата Уландын бет капсыз көрүнүшү ушундайбы?
Facebook интернет баракчасында Азаттыктын кабарчысы Жанар Акаевдин " Тата Уландын маскасыз көрүнүшү. Жалал-Абад кафесинен жолуктурдук" - деген жарыясын окуп калдык. Тата Уланды бет кабы жок көрдүңүз беле окурман? Эгер билсеңиздер айтып коюңуздарчы, биз да билип алалы.


P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды