п»ї
Сабира Суранчиева:
Мени тирүү бекен дегендер бар
Эл сагынган ырчыларды таап, элге азыркы жашоосу тууралуу азыноолак кеп салуу биздин милдет. Бүгүнкү талант ээсин орто муун жана улуу муундар атын укканда эле таңшыган ырчынын үнүнө арбалып, жүрөктөрү "дүрт" этиши абзел. Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кете элек дегендей Сабира эженин коңгуроодой кубулжуган үнү дале да жаштыгындай сакталып калыптыр.

Сталиндин кызынын атын мага коюп
Мен төрөлгөн кезде орусча ат койгон мода болчу экен. Атымды Сталиндин кызы Светлананын атынан мени төрөткөн акушерка коюп коюптур. Чоңойгондо атама: "Ата, өзүңүз кыргыз болсоңуз атымды эмнеге орусча койгонсуздар, жок дегенде Тамара болсом кана"-дегем. Филармонияга келгенде Светлана атым өчүп Сабира болуп калдым.

Ата-энем ырчылыгыма жол ачты
Эрке-Сай айылында балалык баёо сезимдерим калган. Кыргыздын менталитетинде ырчы, актриса болгонго каршы болуу канга сиңип калган көрүнүш го. Менин ата-энем, тескерисинче, ырчылыгыма жол ачып беришти. Мектепте окуп жүргөнүмдө композитор Жумамүдүн Шералиевдин "Жибек чачын" ырдачумун.

Радиодон уккан ырларды кулагына шак илип алчумун
Мен мектепти бүтөөр замат, Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын алдына эки жылдык вокалдык жана хор студиясы ачылат деп гезиттен окуп калдым. Ал убакта бир айылда бир кишинин үйүндө гана радио болор эле. Ырга ышкыбоз жаным радиодон кыргыздын залкар өнөрпоздордун ырларын угуп чоңойгондуктан асмандан издегеним жерден табылгансып бардым. Кыргыздар таланттуу келишет эмеспи, ыр-дүйнөсүнө кызыкдарлар көп экен. Конкурстан иргелип отуруп 30дай бала сынактан өтүп кетти. Менин курсташтарым: Болот Миңжылкиев, Хусеин Мухтаров, Уркаш Мамбеталиевдер эле.

Залкар таланттардын арасында
Мен абдан бактылуумун, себеби кыргызымдын кыраандары Ы. Борончиев, А. Үсөнбаев, А. Шаршенов, Т. Шабданбеков, А. Айталиев, Мыскал Өмүрканова, Мейликан Козубековалар менен табакташ болгонума сүйүнөмүн.Бул кеменгер инсандарды концертте кулактандырып, сахнага жетелеп алып чыкчумун да.

Филармониянын кызы аталып
1962-жылы филармониянын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде дирижёр Асанкан Жумакматов иштеп калат. Маестро келээри менен оркестрди түп тамыры менен өзгөрттү. Нукура кыргыз классикалык ырлар жаңырып калды. Күлгүн жаш аттуу ырды оркестрге түшүрүп эң биринчи ырдап чыккан ырчы мен болчумун. "Күлгүн жаш", "Күн чыгышым" ырларды да ырдап жүрдүм. Мен ырчылык чөйрөгө 16 жашымдан аралашып калгам да. Филармонияга жумушка орношкондо паспортум жок болчу да. Директорубуз: "Кызым, айлык алганыңда паспорттун кереги бар" деп жүрүп алдырган да. Мени Филармониянын кызы деп аташчу. Музыковед Балбай Алагушевге ыраазычылыгымды билдирем, себеби алтын фондго менин ырларымды сактап коюптур.

Рыспай "Алмашымды" мен үчүн жараткандай
Ооба, Рыспай өзү да сен ырдагандай "Алмашымды" ырдай албайт экен дегендерди угуп калчумун. Бул эми элдин берген баасы да. Бир сабын Рыспай, бир сабын мен ырдап телеге чыгалы деп да ойлодук, шум ажал Рыспайды арабыздан сууруп алып кетпедиби. Рыспайдын ырлары өтө татаал. "Сагынуу", "Алмашымды" эл абдан суранышат эле.

Өжөрлөнүп филармониядан чыгып кеттим
К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестри 15 күнгө Ошко гастролго чыкмак. Кызым жаңыдан мектеп босогосун аттап жаткан, каралашкан эч ким жок. Мен кызымды мектепке киргизип алайын десем, директор Смар Шимеев уруксат берди, бирок дирижёр Эсенгул Жумабаев: "Гастролго барасың, башкасын билбейм"-деп туруп алды. Мен да чыгармачылыктан биринчи үй-бүлөмдү жогору коюп, өжөрлөнө жумуштан чыгып кеттим. Директорубуз Смар Шимеев:"Сабира бекер кыласың, казандагы эт бышаар маалында таштап кеткениң болбойт. Жогору жакка наамга көрсөткөн элек. Жок дегенде эмгегиңди алып кетчи"-дегенине макул болбой кетип калдым. Бирок ал жумуштан чыкканым менен радиодо 8 жылдай иштедим.

Кечээ чыккан ырчылар наам алышса чалкаман кетип
Кыргыз Энциклопедиясында атым жазылуу. Казакстандагы Курмангазы атындагы оркестрдин солисткасы Жамал Умарова Казак элинин артисти: " Сен дагы эле КРнын Эл артисти боло элексиңби ?"десе, абдан кызыктай болгом. " Сиз кыргыздын тун ырчы кыздарынын бирисиз",-деп билгендер айтып калышат. Мага Эл артистигин элибиз эбак эле берип коюшкан. Азыр эмне заман башка, коом өзгөрүлдү дегендей. Элге окшоп чуркап жүрүп наамды сатып ала албайм. Азыр "Таанышың болсо танкасың, таанышың болбосо маңкасың"- деген чын тура. Мына кечээ гана, 3, 4 жыл гана элге белгилүү болгондор КРнын Эмгек сиңирген артистти наамын алса эсим ооп, чалкаман кеттим. Былтыр 80ашкан Сүйдүм Төлөкова эже, актёр Чоро Думанаев, Деңизбек Чалапинов, Нурак Абдракмановдор наам алышса өзүм алгандай кубангам. Бул өнөр адамдарына мурун эле бериш керек болчу.

Ушулар тирүү экен дегендер бар
"Биз силерди сагындык" деген концертти уюштургандарга ыраазымын. Чындыгында биздин муундагы ырчыларды тирүү бекен дегендер да жок эмес. Концерттин аты айтылып тургандай эл биздин ырларды чындыгында абдан сагынышыптыр. "Унутпадым","Күн чыгышым" аттуу ырларымды ырдап чыккам.

Жолдошум да чыгармачыл инсан эле
Жолдошум Сатыгул Шаршенов флейсист, ал экөөбүз чыгармачылыктын казанында бирге кайнап келдик. Мени түшүнгөн түгөйүмө өмүрү өткүчөктүү ыраазы болдум. Бир уулубуз, бир кызыбыз бар. Неберелерим, чөбөрөлөрүмдүн кылыктарына мас болуп, алардын курчоосунда жашап келем.

Ат-араба менен концерт койчубуз
Биз жүрбөгөн көчө, биз кыдырбаган жер калган жок. Ал убакта элдин пейили да кең эле. Ат-араба менен колхоз-совхозго кыдырып, гастролдоп жүргөнбүз. Ошондогу адамгерчилик, улууга урмат, кичүүгө ызат бар эле. Биздин убакта ырчыларды сыйлап, кой союшуп, залкарларга ичик жаап, тон кийгизип узатышчу. Мен жаш кызмын да, атыр, сумка белекке беришчү.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??