Достум, билгениңен биле элегиң көп!

АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
- Азыркы айтканыңыз боюнча, сиз өзүңүздүн профессордук иштериңизди мыктылап аткарып, калган кемчиликтерди кетире берсеңиз, коом сизди кечириш керек экен да, ушундайбы?
- Коом эмес.
- Иии, ким анан?
- ...ар ким өзүнүн дининин алдында, алла-тааланын... тиги, ал өзүнүн грехи (күнөөсү - Ж.), ал үчүн мени кудай тиги дүйнөгө барганда тозокко салабы... вот это как раз на совести человека.
- Жана мен сизге айтып жатканым, пайгамбар жашынан өткөндөн кийин тообо кылыш керек. Кудайданбы, башкаданбы, айтор кечирим сураш керек. Орусчалаганда, нужно покаяться...
- Эмне кыласың эми! Ушу кишинин ушунчалык ранимый экенин билип туруп...
- Кеп ранимыйда эмес, эже. Кеп ошо киши аркылуу жалпы эле биздин коомубуздун, кыргыздардын адептик ахвалында. Ранимый экени чын болсо өзү жасаган иштерден канчама адамдар кыйыр запкы жеп жатканын, канчамаларга а киши жасаган иштер кандай таасир эткенин же этээрин алдын ала билээр беле дейм да..
- По сравнению с любым другим вашим кыргызом он же ангел!
- Айтаарыңызды түшүндүм, демек, периштелик деңгээлибиз ушул болсо, анда кыргыздын көрпенделик деңгээлин кудай өзү сактасын дең.
- Ай балам ай, баардык нерсе всегда в сравнении познается... (салыштырып билинет - Ж.)
- Эгерде биз ар бир эле чекилик кетирген адамдын коомго жат иштерин туура дей берсек... Албетте, не "судите, ибо не судимы будете", деген да кеп бар, бирок эгерде Иисус ошого окшогон бир иттик кылса, анан шакирттери аны кечирип койсо, ал кудай болбойт эле.
- Эми аны ким кудай кылып атат?! Он же земной человек...
- Туурабы? Мен да ошону айтайын дөп атпайымбы, ал да Пенде...
- Он земной человек, но он гений в одном... элге ошол бир эле жагы керек.
- Ал өзүнүн чыгармаларында гана гений.
- Туура, в своих произведениях. Эми ушу, бу адамга сөз тийгизип отуруп,..
- Жо, эже, кеп андан эмес, кеп мындай да: мына Токомбаев аксакалдын көзү өткөндөн кийин, анан аны а-адеп казышып атпайбы тигинтти-минтти, деп. Андан көрө көзүнүн тирүүсүндө айтып, ошо кишиге актануу, же сактануу, же коргонуу мүмкүнчүлүгүн бериш керек болчу. Көзү өткөндөн кийин тигинтти-минтти дегизгенден көрө ушул жакшы.
- Жанызак, айланайын балам, сен, мен экөөбүз, биз анын алдында...
- ...пешкабыз...
- ...пендебиз. А судьи-то кто?!
- "Ж.Жанызакпы, байкуш?" дегиңиз бар го, ушулбу сиздин оюңуз?
- Жо, мен антейин дегеним жок. Асанбек да (Стамов - Ж.) өзүнчө жакшы бала. Ал эми Токомбаевдин ким экенин эл билет, Аалыкемин ким экени белгилүү да. Анан келип алып... Атүгүл Акаевдин ким экенин деле эл билет, Чынгышевдин ким экенин деле эл билет. Анан... анын да ким экенин эл билет...
- Эже, биз сүйлөшүп жаткан тема таптакыр башка жактан: бейнике кишини пакиза десек болобу-жокпу? Мына бир эле суроо.
- Эми максатың эмне? Эми ушул алтымыш бешке келгенде...
- Эже, бу бирөө үчүн эмес, өзүнө, өзүнүн көкүрөгүнө. Өзүнүн өткөн чагына. Аны жылдыз теңеп келген орто муун, жаш муундардын таптаза сезимине бүлүк түшүрбөө үчүн. Ал аз десеңиз мына биз: сиз, мен жалган пакизалыктан арылышым үчүн. Нукура асылдуулук дегенди теңирден тескери кабылдап калгандыгыбыз үчүн. "Президент болсун!" деп демократтардын ачарчылык жарыялагандыгы үчүн. Кечээ жакында жаштар форумунун бир бөлүгүнүн ушул маселе боюнча "ЭрК" гезитине баргандыгы үчүн. Ушулардын баары ишенимден келип чыгып жатпайбы. Бирок ошол ишеним канчалык деңгээлде адептүүлүк менен шайкеш келет?.. Айта берсе арман көп дегендей, артыкбаш иллюзиябыз үчүн, наконец...
- ...Ой а киши тобо кылып жүргөнүн кайдан билесиң?! А киши кудайга ишенген киши...
- Эже, кеп жалаң ошо киши жөнүндө эмес, бирок артыкбаш эскертип койсо ашыкча болбойт, кашу маслом не испортишь, дегендей. Эми эже, мындай узак вступлениеден кийин, тикелей суроо-жоопко өтөлү: мына ошондой алптарыбыз кандай себептер менен жанагыдай чалынып калды деп ойлойсуз? Сиз биерде фактологический эмес, өзүңүздүн мындай бир, философиялык ой жүгүртүүлөрүңүздү, ошондон чыккан тыянакты айтып берсеңиз?
- Жаныбек, я с тобой очень хорошо поговорю, если ты слово "Айтматов" уберешь...
- Не о нем речь. Я же даже не упоминаю его.
- Сен мынабу жерге кийирбегин. Ты сделай со мной беседу на нравственную тему..
- Болуптур анда, маселени башкача коелу: Залкар адамдар! жөн эле бир кымындай ташка кантип чалынып калат дейм да?
- Сен кимди кымындай таш көрүп жатасың? А киши эметкен эмени биз сен экөөбүз, бенде, кичинекей көрөбүз, а киши, балким, аны чоң көрүп жаткандыр. Ромео менен Жульетта мындайынан караганда...
- Эми анчалык аша чаппаңыз да, эже.
- Аша чапкандык эмес... Ну давай анда, .өзүнүн эмесин, Жамийласы менен Даниярын алалы...
- Ооба..
- Эркин (Борбиев, күйөөсү - Ж.) тиги айылдагы, жаткан жериң жайлуу болсун, бир эже бар эле, ошо киши күйөөсү аскерге кеткенде жапжаш күйөөсүн күтпөй бир чалга тийип алат да. Эркин айтып калчу: ошол эле эжебиздин тарыхындай тарыхты сила художественного слова выдвинул, деп. Эми Айтматовдун музейине барсаң, бу кишинин бүт эле геройлорунун баарынын прототиби бар экен. Ошол өзү переживать эткен нерсени до уровня мирового восприятия довел... Эми ал прототиптерди кантип тапса болот дейсиң, бу деген Айтматовдун генийи да. Мен деле өзүмдү бир акынмын деп ойлойм, бирок элге жеткиргениң эсеп да. Эми бир, каким-то образом чыгат экен ошол талант...
- Бул Айтматовдун чыгармачыл жагы. Сиз үчүн кандай ыйык болсо, мен үчүн да а кишинин Чыгармачыл Тоосу абдан ыйык. Бирок биз земной пенде жөнүндө кеп салып атабыз, эже. Ал жагын айтсак эле: уят, ранимый и так далее, деп чыгабыз, эмне үчүн анда не менее талантливый Хемингуэй жөнүндө сөз козголсо анчалык уят эмес?
- Айтканыңа кошумчалап кетейин: Хемингуэйден сураптыр дейт өлөөр чагында: төрт аялыңыздын кимисин жакшы көрчү элеңиз, деп. Ошондо баарын тең жакшы көргөм деп жооп бериптир.
- Өзүнө жараша туура айтыптыр да.
- Эми сенин экинчи сурооңо: садагаң кетейин Жаныбек, сен Азия деген эмине-ээ, Чыгыш деген эмине-ээ, Батыш деген эмине, Батыштын философиясы деген эмине, Чыгыштын философиясы деген эмине... мына кыргыздын өзүнүн да, мен башым ооруп отуруп ойлонуп жаткан нерсенин да очень реальный философиясы бар.

(Уландысы кийинки санда)





Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Менин дагы кубанычтан толкуган жүрөгүмдүн дабышы эмдигиче басыла элек, секетиң кетейин. Сенин дүйнөгө келгениңди бир көрдүм, көзүңдү ачып, эне жытын искетпедим, адеп күлгөнүңдү, тамтуң басканыңды, "апалаган" балдыр тилиңин чыкканын көрбөдүм. Мунун баары өмүр бою жүрөгүмдү эзип келген өкүнүч-арманым эле, эми жок дегенде көзүм өткөнчө көрөмбү деген тилегим орундалды, бактылуумун, садага, - деген Давлеткан көзүнө жаш мелт-калт толо Мырзагүлдү кучактап алып солкулдап ийди.
- Эне-бала болбойсуңар го? - деп Айжан кичинекей Мырзагүлдү көтөрүп келди. - Апа, кызың ыйлап жатат.
- Келе гой, берекем, келе гой, - деди Давлеткан небересине кулач жая. - Ушунун атын Мырзагүл койгонумда кудайым оозума сала берген экен, эжесин таап алдык, - деп небересин колуна алып, өөп алдына отургузду. - Өзү дагы сага окшош, туурабы, кызым?
- Ооба, апа, бизди өзүңө окшоштуруп төрөпсүң да, атама эч кимибиз окшобойбуз, - деп Айжан эркелей сүйлөдү.
- Кудай жараткан да, кызым.
- Айжан, апаңды капалантпа, - деп Мырзагүл Айжанга сөөмөйүн кезей күлүп калды. - Болбосо кетирбей койом.
- Апам көнөбү ошого?
- Эмнеге көнбөйм, жанагы неберелеримди эркелетип отура берем, ээ, Мырзагүл? - деп Давлеткан күлө Мырзагүлдү караганда ал дагы күлүп калды:
- Ананчы, апамды өзүм алып калам.
- Ооба сага, мен күйөөгө тийгенче үйдө болгонуң жакшы эмеспи?
- Анда капалантпа-а!
- Болуптур, Гүлжан эжеме кетип калам, - деп Айжан таарына ашканадан чыга жөнөдү.
- Таарынба, сиңдим, апаң сеники эле, - деди Мырзагүл кыткылыктай. Давлеткан көзүн ымдай күлүп, тим кой дегендей колун шилтеди.
- Таарынып кайда бармак эле?
- Мени жаман көрүп калбаса болду.
- Жаман көрбөйт, өзүңдү антип бөлбөй жүр, садага.
- Макул эми, кызыңыздын кардын тойгузуп алып, эс алгыла, - деди да, Мырзагүл тамак куюп берип, өзү жанында отурду. Бир жарым жаштагы кыз тамак ичкенден кийин эле чоң энесинин алдына уктай баштады.
- Биз жаталы, - деп Давлеткан небересин көтөрүп, ички бөлмөгө кирди.
- Жакшы жатып, жай туруңуз, - деген Мырзагүл өз бөлмөсүн карай басты.
- Жатыштыбы? - деди ал кирээри менен Эрнис.
- Ооба, эс алышсын.
- Эмне мынча көпкө отурдуңар?
- Ой кудай ай, ушу апамдан дагы кызганасыңбы? - Мырзагүл эркелей күйөөсүнүн жанына жата кетти.
- Сени чымындан дагы кызганам, жаным.
- Билем, а бул апам да.
- Ошентсе дагы желден, суудан, асманда тийген күндөн, түнкүсүн жарык берген айдан кызганам, жаным. Колуман келсе жан адамга көрсөтпөй баксам, өзүмдөн башка эч ким көрбөсө деп ойлойм. Аргам гана жок, буюм эмессиң да сандыкка катып алып, көзүм тойгончо карап, кайра жаап койгудай, - деп аялын кучактап моюнунан жаш балача жыттап, жүзүнөн аймалап кирди. - Кээде өзүмдөн-өзүм кызганып кетем.
- Койчу, ошончолук жакшы көрсөң жумушта кантип жүрөсүң? - деп кыткылыктай наздана шыбырады аялы.
- Иштебесем болбойт, мындай жылсам эле кызматымды аңдып турушат, кызматым болбосо сага менин да керегим жок, туура айтамбы, чүрөгүм?
- Эрнис, чыны менен өмүр бою ушинтип сүйүп өтөөр белең?
- Албетте, көзүм жумулганча алаканыма салып өтөм.
- Менин сөзүмдү угасыңбы андай болсо?
- Айт, кандай сөз?
- Мен үйдөн зеригип кеттим.
- Ийи анан? - Эрнис аялын тикирейе тиктеп калды.
- Иштесем көңүлүм көтөрүлөт эле…
- Көңүлүң эмнеге чөгөт, каалаганыңды жасап жатпаймынбы?
- Баары бир үйдө эки бала менен калам, Амир мектепке кетет, Темирди жетелеп жалгыз калам.
- Мырзагүл, мен сага айттым го, сени үлп эткен желден коруйм, өзү сен ойноп-күлгүң келет окшойт?
- Тирүүлүккө бир жаралып келипмин, жандан башкача сулуумун, көчөгө чыксам, эл арасына барсам бир жалт карашат да, талып калышат. Анан ушундай жанды үйгө катканың дуруспу же дүйнөгө жаралып, бир сени көрүп кете беремби караңгылыкка?
- Мырзаш, сен чын эле башкалар менен дагы жүргүң келет окшойт ээ? Мен сени өзүм менен гана алып чыгам, менсиз эч жакка барбайсың, эртең камынып эртерээк паркка барабыз, балдарды алып кечке жүрүп, кечинде концертке барабыз.
- Ой, жинди, мен сага башка эркектерди айтканым жок, эл менен аралашып, тели-теңтуш күтүп дегендей. Мени кызганып, жоро-жолдош күтпөй калдың, менин туулган күнүм эки баланын туулган күнү, сеникине эч бир адам чакырылбайт. Үч күндөн кийин менин туулган күнүм, дагы эле өзүбүз өткөрөбүзбү?
- Кереги эмне, өзүбүз деле жетишебиз, - деп Эрнис ачуусу келгенин билгизбей ары карап кетти. - Достун кереги эмне, андан көрө апам калсын, инилериң, сиңдиң болуп тособуз, - деп кайра бери бурулду.
- Алар калса калат, мени ата-энем окутту эле, сен иштетпей карап отурасың, мага ишенбейсиңби?
- Мен билем адамдарды, кээси бир көргөнгө ашыгат, кээси акылынан адашканча сүйөм деп уйгактай жабышып артыңдан ээрчийт. Мага душман арттырасың, сулуу катын көптүкү, эстүү катын бирдики дегендей сен деп ансыз да жинди боло жаздап жүрөм.
- Эмнеге?
- Үйдө эмне кылып жатат деп ойлонсом кабинетке эки мүнөт отургум келбейт. Суранам, жаным, үйдө эле болчу, балдарымдын энеси, өзүмдүн аялым болгонуң жетет го, алтынным, айым, күнүм менин, мага түшүнчү.
- Анда апамдыкына барып, бир-эки жума жүрүп келейин, - деп эркелей мойнуна асылып, кылык көрсөтүп, назданып жатты Мырзагүл.
- Жок, мен сени жалгыз жөнөтпөйм.
- Суранып жатам го-о?
- Болбойт, сенсиз мен эмне болом?
- Баары турбайбы, мага акчаңдын да кереги жок.
- Койчу эми, алтыным, суранам сенден.
- Суранба!
- Суранам, өтүнөм сенден.
- Кереги жок укта!
(Уландысы кийинки санда)