Равшан Жээнбеков менен Ширин Айтматова чын эле үйлөнгөн атышабы?
Бир аз убакыт мурун интернет баракчаларында "ата мекенчи депутат Равшан Жээнбековду партиялашы Ширин Айтматова менен үйлөнгөнү жатыптыр" деген имиш-имиш кеп эл арасында укмуш сенсацияны жаратууда.
Бул боюнча Равшан мырзага телефон аркылуу байланышканыбызда, " Ширин Чыңгызовна экөөбүздүн ортобузда эч кандай ысык мамиле жок, болгону партиялашым катары сүйлөшөм. Мен жөнүндө жазылган, айтылган маалыматтын баары жалган", - деп билдирди. Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей, кырк күндөн кийин эле депутаттын актанганы төгүнгө чыгып калбаса болду деп чочулап атабыз.


Кыргызстандын калкынын саны 44 миң 800 адамга көбөйдү
Кыргызстандын калкынын саны 44 миң 800 адамга же 0,8 пайызга көбөйдү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин ар айлык талдоосунда берилген.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата калктын саны 5 миллион 522 миң адамды түздү. Мында аймактар боюнча Баткен, Жалал-Абад жана Талас областтарында, Бишкек шаарында калктын саны 1 пайызга чейин көбөйүп, бул эң жогорку көрсөткүч болду.
Жашаган калктын саны боюнча Ош областы биринчи орунда турат. Учурда областта 1 миллион 130 миң адам жашаса, Жалал-Абадда 1 миллион 36 миң, Бишкек шаарында 859 миң, Чүйдө 814 миң, Ысык-Көлдө 444 миң, Баткенде 441 миң, Нарында 262 миң жана Таласта 231 миң адам жашайт.

Ибрагим Жунусовдун байкеси Кара-Суу базарынын директору А.Жунусовдун өлүмүнө шектүү адам кармалды
Ош шаарындагы Уюшкан кылмыштуулук боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Жалал-Абад областында Кара-Суу базарынын директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө шектүү делинип, 34 жаштагы Сапарали Аканов кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев бүгүн, 24-октябрда Ош шаарында өткөн маалымат жыйында билдирди, деп маалымдады "Баракелденин" түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы. М.Турганбаевдин айтымында, С.Аканов 2005-жылдан бери издөөдө жүргөн. Учурда кылмыш иликтөө иштери жүрүп жатат. Эскерте кетсек, 2005-жылдын сентябрь айында Фергана өрөөнү боюнча эң чоң базар болуп эсептелинген "Кара-Суу эл базары" мамлекеттик ишканасынын директору Абдалим Жунусов өз үйүнөн өлтүрүлгөн.


Түркияда болгон зилзаладан 200дөн ашык адам каза болду
Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван аймагында бүгүн болгон жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны акыркы маалыматтарга ылайык, 200дөн ашты. Мындан мурда өлкө бийлиги 70 адамдын көз жумгандыгын маалымдаган болчу. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу кабарлады.
АКШ геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу жердин түпкүрүнөн 20 км тереңдиктен чыккан. Бул аймак Ван шаарынан 20 км аралыкта. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, табият кырсыгынан жабыркагандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн. Анткени кыйраган имараттардын алдында жүздөгөн адамдар калууда жана тазалоо иштери эми гана башталды. Зилзаладан көптөгөн имараттар бузулган жана алардын бири жети кабаттуу.
Ван шаарындагы жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:41 де болгон. Алгачкы силкинүүнүн күчү 7,2 баллга жетип, экинчи силкинүүнүн күчү 6,1 балл болгон. Жердин силкинүүсү өлкөнүн башка аймактарында да сезилип, Армениянын борбору Ереванда да байкалган. "Телефон тармактары элдин корккондугунан улам тынбай чалынып, биз зыяндын көлөмүн азыр аныктай элекпиз", - деди түркиялык NTV каналына шаардын мэри Бекир Кайя. Ал эми Эрджиша шаарынын мэри Зульфикар Арап оглунун айтуусунда, анын шаарында да кыйроолор жана адам өлүмү болгон. Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайип Эрдоган учурда табият кырсыгы болгон аймакта жүрөт жана жергиликтүү жашоочуларга керектүү өлчөмдө жардам берилерин убада кылууда.Түркия сейсмикалык жактан коркунучтуу аймакта жайгашкан. 1999-жылы күчү 7 баллдан ашкан эки жер титирөө өлкөнүн түндүк-батышындагы калк жыш жайгашкан аймактагы 20 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен.

Нарында 90 килограмм
жардыргыч зат табылды
Нарында 90 килограмм жардыргыч зат табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Нарын областтык башкармалыгынын башчысы Акылбек Боёнов билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда Нарын шаарында туруктуу жашап келген тургундун үйүнөн 90 кг ар түрдүү жардыргыч зат табылган. Кармалган заттарды алып, экспертизага жөнөтүшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Областтык чекист бул окуянын шайлоого тиешеси жок деген пикирде. Мындай маалымат кабарчыбыз Эркингүл Бокоевадан алынды.


Алматыдагы Эл аралык турнирде кыргызстандык спортчу Б.Дуванаева күмүш медалга ээ болду
Алматыда өткөн теннис боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык спортчу Бермет Дуванаева экинчи орунга ээ болду. Бул туурасында дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Айгүл Садыбаева билдирди.
Маалыматка ылайык Б.Дуванаева жарым финалда казакстандык Залина Хайрутдинованы 6:3,5:7,6:2 эсеби менен жеңип чыккан. Бирок финалда россиялык спортчу Александра
Артамоновага уттуруп жиберген.
Бул оюндарга 20 мамлекеттен 100гө жакын спортчу катышкан, экинчи орунга ээ болуу биздин спортчу үчүн чоң эле жетишкендик,-дейт басма сөз катчы.

  Бир Бүркүм

Ошто жыл башынан бери диний экстремизмге байланышкан 30 факты катталды.
Президент Р.Отунбаева БУУнун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Кыргызстандын калкынын саны 44 миң 800 адамга көбөйдү.
Кыргызстандын калкынын саны 44 миң 800 адамга же 0,8 пайызга көбөйдү. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин ар айлык талдоосунда берилген.
Учурда Кыргызстан дүйнөнүн 123 өлкөсү менен соода жүргүзүүдө. 2011-жылдын сегиз айында тышкы соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 34,6 пайызга өсүп, 3 миллиард 772 миллион долларды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Лейлектин Көк-Таш айылындагы мектепте өрт чыгып, чатыры күйүп кетти.
Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы областтык филармонияда 20-октябрь күнү "Областтык тынчтык фестивалы - 2011" болуп өттү, -деп билдирди Министрликтин областтык бөлүмүнүн башкы адиси Майрамбек Адылбеков.
Ош шаарында бир катар кадрдык дайындоолор болду.
22-23-октябрь күндөрү Кыргызстандын түштүк аймагында катары менен жер титирөө катталды. Жабыркагандар болгон жок.
Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери тарабынан атайын операциянын жүрүшүндө "Кыргызпочтасынын" Чоң-Алай райондук филиалын тоноого шектүү делинген уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды