Болочок келиндерге күмүш сырга

Анжелика үйлөнүү-үлпөт салонун ачты
Ырчы кызыбыз Анжелика көптөн бери сахнадан эмнеге көрүнбөй калды деп жүрсөк, өзүнүн ишин кылып, кыялын орундатып жүрүптүр. 23-октябрь күнү Айым Style үйлөнүү үлпөт салонунун ачылышы болуп, болочок келиндердин тойдо кие турган ак көйнөктөрүнүн көргөзмөсү болду. Кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн көйнөктөр мыкты жасалгаланыптыр.

Анжелика:
"Январдан бери 22 көйнөк өз колубуздан тигилди"
- Үйлөнүү-үлпөт салонун ачуу идеясы качан пайда болду эле? Мүмкүн өзүңдүн тоюңдагы көйнөгүң сенин кыялыңдагыдай болбой калгандыр?
- Адамдын жашоодогу ар бир кадамында өзүнүн кыялы болот экен. Мисалы, мен кичинекей кезимде ырчы болууну каалап жүрүп, ырчы болдум. Ал кыялың аткарылгандан кийин, ошол жерде эле токтоп кала албайт экенсиң. Дагы да алдыга максаттарды коюп, улам өркүндөгүң келет экен. Сулуулук салонун ачсам, айымдарды сулууласам деген тилегим да орундалган. Кийин ошол эле сулуулук салонунда иштеп атканымда, болочок келиндер келип:"Кыргыздын оймо-чиймеси менен үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүн каяктан алсак болот?" - деп көп сурап калышчу. Башка өлкөлөрдө да биздин улуттук кийим менен турмушка узасак деген таттуу кыялдарын угуп калдым. Башка жагынан алганда үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүндө көбүнчө Европанын стили басымдуулук кылат экен. Аялдын төбөсүн көккө көкөлөткөн шөкүлөсү Казакстанда жана бизде гана бар. Бирок биздики баарынан бийик көрүнүп турат. Бул идея мага эки жыл мурун келген. Менин үйлөнүү үлпөт көйнөгүм Европанын стилинде болсо дагы, кыргыздын оймолору, саймасы түшүрүлгөн болчу. Анан ушундай көйнөктү кыргыздын ар бир аялзаты кийсе деп ойлончумун.
- Дизайнерлерден ким менен иштешесиң?
- Эч ким менен иштешпейм. Оймо-чиймелери, таштары, материалдарына чейин өзүм курайм.
- Коллекцияңда канча көйнөк болуп калды? Көйнөктөрдүн баасы канчадан?
- Бир айда эки көйнөк тигилет. Январь айынан бери 22 көйнөк шөкүлөсү менен өз колубуздан чыкты. Ал эми Малайзияга барганда сапаттуу жакшы көйнөктөрдү, материалдарды ала келгем. Бизде көйнөктөрдү ижарага алганга ылайыктуу. Себеби, сатып алганга баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт. Көбүнчө эле ижарага сурап жаткан учурлары. Бардык талаптарга жооп бере турган сегиз миң сомдон баштап, 40-50 миң сомго чейинки көйнөктөр бар. Таштары жана саймалары көп болсо, ошончолук кымбатыраак болот. Эң биринчи беш көйнөк тиккем. Беш көйнөктү беш кыз ижарага алышкан. Анын акчасына үч көйнөк тигилип, кайра сегиз көйнөктү ижарага берип, коллекциям көбөйүп калды.
- Коллекцияңда курбу кыздарга ылайыктуу көйнөктөрдү да байкадым. Аларды да өзүң тигесиңби?
- Бизде биринчи жана экинчи зал болуп экиге бөлүнүп атат. Биринчи залда тойго катышкан кайнене, апалар, жеңелер, курбу кыздарга арналып тигилген көйнөктөрдүн эскиздери илинип турат. Көбүнчө табитке жараша тигип беребиз.

Сайра Сопушева




Кыздын же уулдун көп төрөлүшү аял-эркектин жаш айырмасына тиешелүү
Кыргызда кыздын аркасынан кыз төрөй берсе, кайненеси жаман көрүп, күйөөсү ал келинди жерип, "кыз эле төрөй бересиң, төркүнүңө кет!" - деп кууп жиберген учурлар көп эле кездешип жүрөт. Кыздын же уулдун көп төрөлүшүн аял-эркектин ортосундагы жаш айырмасынан экенин Батырбек мырза төмөнкүдөй тест менен түшүндүрдү.

Батырбек Эралиев:
Кыз же уул баланын төрөлүшүн кантип аныктоого болот?
Бул суроо - ар бир аял же эркек кишини кызыктырса керек деген ойдомун.
Адам баласы үй-бүлөдө жалаң кыз же жалаң уул төрөлсө - кудайдын бергени, же маңдайга жазганы деп тим болушат. Күйөөсү аялын "Сен, кыз эле төрөй бересиң", - деп урушкандар, ажырашкандар да аз эмес.
Ушул суроону иш жүзүндө ашыруу үчүн 1985-жылдан бери ар түрдүү текшерүү ыкма аркылуу иштеп келип, 2010-жылы гана ишенимдүү түрдө, ойлогон оюмдун соңуна жеттим деп эсептеймин.
Мен ойлоп тапкан ыкма дүйнөлүк практикада да жок болушу мүмкүн. Теориялык далилдериме ылайык, кыз же уул бала төрөлүш үчүн, эч кандай медициналык кийлигишүү аркылуу да, мусулманчылык (мазарларга сыйынуу) да, тамак-аштын да тиешеси жок деп ишенимдүү айта аламын. Бул ыкма аркылуу үй-бүлөдөн чыккан уруш-талаш, жубайлардын ажырашуусуна, аялдын ден соолугуна, жыл үнөмдөөгө, каалаган перзенттүү болушуна жардам берет. Бир жыныстагы перзенттүү болууга бир эле аял күнөөкөр эмес. Себеби, урук аялда да, эркекте да бирдей болот.
Эмне үчүн Кыргызстанда уул балага караганда кыз бала көп төрөлөт?
Менин эсептөө ыкмам аркылуу, кыз менен уул баланын төрөлүшүн теңдөөгө болот. Кыз же эркек уул баланын көп төрөлүшү аял эркектин ортосундагы жаш айырмасына гана тиешелүү. Эксперименталдык талдоо ишимдин жыйынтыгындааял менен эркекте үчтөн урук болот деген жыйынтыкка токтодум.
Эмне себептен уул балага караганда кыздар көп төрөлөт?
Себеби, (1-сүрөт) - уул уругуна караганда кыз уругу экөө, жыл айланып кыз уругуна тие берет да уул уругуна тие албайт.