Молдонун айтканын кыл...

Кыргыз Республикасынын муфтийи Чубак ажы Жалилов менен ачык маек.
Муратаалы ажыны өлтүргөндөрдүн ичинде Чубак ажы да бар беле?
- Чубак ажы, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айтсаңыз, алар каякта турушат, эмне менен шугулданышат?
- Атам мугалим, математик, алтымыш бирде. Апамдын жашы элүү тогузда, англис тилинен сабак берет. Эжем да география мугалими, ОшМУну бүтүргөн. Менден кийинки карындашым Венада токой чарбасы боюнча аспирантураны аяктап атат. БУУда иштейт. Кыргызстан, Тажикстан, Афганистандын токой чарбасы боюнча жетекчилик кылат. Андан кийинки иним да мектепте дене тарбия сабагынан мугалим. Андан кийинки карындашым эсепчи, андан кичүүсү да мугалим. Негизи, биздин үй-бүлө мугалимдердин үй-бүлөсү десем болот. Өзүм мектепти күмүш медаль менен бүтүргөм. Жакшы окугам десем болот. Ата-энем азыр Базар-Коргондо турушат. Мектепти бүткөндөн кийин динге багыт алгам. Ошол жылы Чынара Жакыпова Билим берүү министри болчу. Ошондо биринчи жолу Кыргызстандын тарыхында чет өлкөгө балдарды окууга жөнөтүп баштаган. Мектепти жакшы аяктаганымды билген министр мени Түркияга окууга жөнөтөйүн дегенде, атам мени жөнөткүсү келген жок. Айтор, мен бара албай калдым. СССРдин акыркы мууну болуп калгандан кийин, Ош, Жалал-Абаддан окусаң уят катары көрүнчү. Мен Түркияга кетем деп атып, башка окуу жайдан кечигип калдым. Анан Ошто окугум келген жок. Бишкекте да ЖОЖго тапшыруу аяктап калганынан медресе бар дегенинен келип окуп калдым. 24 жашымда үйлөндүм. Азыр беш баланын атасымын. Үч уулум, эки кызым бар. Үчөө мектепте окушат. Балдарымдын эң улуусу бешинчи класста, кичүүсү бир жашта.
- Жубайыңызга кантип үйлөндүңүз эле?
- Мен университетти бүтүп сабак бергенде, жубайым менин окуучум болгон. Менден жети жаш кичүү, өзгөндүк болот. Түбү Ысык-Көлдөн. Атамдар келип, колун сурап барып үйлөнгөнбүз. 2000-жылдан бери бирге жашап жатабыз.
- Муфтий болушуңузга Араб эмираты да түздөн-түз кийлигишиптир го? Анткени, араб өлкөлөрү менен сиздин ымалаңыз мыкты экен.
- Менин араб өлкөсү менен мамилем бар экени чын. Себеби, мен дүйнөдөгү бардык мусулман өлкөлөрүнүн муфтийлери менен муфтий катарында сүйлөшө алам. Алардын көптөрүн тааныйм. Илимий чөйрө бирин-бири билип турат. Менин бул аманатка келишиме алар өтө кубанычта болушту. Бирок алардын кайсы бир таасири астында деген сөз туура эмес. Алардын эч кандай кийлигишүүсү болгон жок.
- Эмне үчүн муфтийлерди коркутуп, сабап кете беришет, же сиздердин мекемеде мафия барбы?
- Ажылык убагында бизде 11-12 миллион доллар акча жүрөт. Муфтий болуп келген адам ошолордун ичинен уурдап алат деген сөз. Ушундай түшүнүктү эске алыш керек. Ушул убакка чейин кимде-ким муфтий болом деп жулунган болсо, ошонун бардыгы тыйын, напси маселеси. Мен ошондуктан быйылкы жылкы ажылыкта "Ажылык Умара" борборун түзүп, бул боюнча көптөгөн реформаларды жасадык. Мисалы, биринчи эле маселе тыйындардын бардыгы банк аркылуу болсун дедик. Бул жерде ар бир тыйын финансы мыйзам талаасына кирди деген сөз. Ар бир адамга отчёт берилет. Мурда адамдардын чөнтөгүндө болуп, банкка топтолгон эмес. Биринчи жолу биз беш миң ажынын бардыгынын акчасын банкка төлөттүрдүк. Мындан ары муфтий болууну каалагандар көп деле болбой калат го деп ойлойм. Себеп дегенде, бул маселеден уурдай тургандарга шарт түзүлбөй калды да. Буга чейин ажылык иш сапарынан акча уурдалып келген. Биздин ишибиз тунук болуш үчүн, кылган ишибизди китеп кылып чыгарып атабыз.
- Жашыруун болбосо, канча айлык аласыз?
- Мен муфтий катары 12 миң сом айлык алам. Бизде айлык эмес, белек деп эсептелинет. Областтык казылар, имамдар бир тыйын алышпайт. Алар жанын бакканга өздөрүнүн аз-маз бизнестери болушу мүмкүн. Мисалы, бири мал багып, экинчиси машина сатып жан багышы мүмкүн. Ысык-Көлдүн казысы картошка айдаган болсо, Ош шаарынын казысы мал бактырып, этин саттырат. Менин Оштогу жардамчым Кореядан машина алып келип сатат. Быйылкы жылдан баштап областтык деңгээлдеги казыяттарыбызды да айлык менен камсыз кылалы деп атабыз. Текебаев мыйзам долбоорун иштеп атат. Ар бир мусулман бир доллардан айлыгынан бөлсө, ошону менен Кыргызстан боюнча диний абалды жөнгө салсак деп. Бул керек. Себеби, бизде диний терроризм жана башка нерселер болуп атпайбы. Ошолорго каршы туруш үчүн сырткы күчтөрдөн тыйын албай, өзүбүздөн болуш керек.
- 12 миң сомду эмнеге жеткиресиз, же сиз дагы Кореядан машина алып келип сатасызбы?
- Менин бизнесим жок. Болгону илимий иштер менен алектенем. Дүйнөдөгү авторитеттүү кээ бир журналдарда макалам же көз карашым жарыяланат. Алардын редколлегиясында мүчөмүн. Андан сырткары, Сауд Аравиясында тогуз жылга жакын жашап, ошол жерде иштегем. Ошол жерде иштеп жүрүп, үй алгам. Кайсы бир деңгээлде базам түптөлгөн деп айтсам болот. Андан сырткары, биздин туугандарыбыз жардам берип турат. Менин бир тууган карындашым үй-бүлөлүү эмес. Ал жетерлик айлык алгандыктан, жардам берип турат. Ашып-ташып деле жашабайбыз. Эл катары эле картошканы каптап алып коёбуз. Муфтий катары мага жеңилдиктер каралган. Мен машинеге төлөбөйм. Жол киреге акча кетпейт. Балдарымдын баары үйүмдүн жанындагы мектепке барышат.
- "Муратаалы ажыны уурдап кетип өлтүрбөй эле, молдокелер өздөрү жерге чаап салып, жүлүнү үзүлүп, омурткалары ажырап, ичегиси эзилген", - деген кептер жүрөт. Аны өлтүргөндөрдүн арасында сизди да бар дешет?
- Бул Муратаалы ажы жумуштан кеткенден кийин болгон маселе. Мунун учугу азыр билине баштады окшойт. Аны өлтүргөнгө ким буйрук бергени билинип атат. Муратаалы ажы ыраматылык бул боюнча бизге эч нерсе айткан жок. Балким, балдарынын келечегин ойлоду. Ошол уурдап кеткендин эртеси уламалар кеңеши болмок. Жумуштан ыргып кетсе да, а киши таасирлүү адам болгон. Ошол уламалар кеңешинде кайсы бир муфтийге добуш берип, же багыт берип коюшу мүмкүн деген таризде адамдар аракет кылган болушу мүмкүн. Айтып коёт деп акча талап кылган деп да айтып жүрүшөт. Мен үчүн, чындыгында, туңгуюк маселе. Бул боюнча өзүм да кызыкдармын. Инилеринен сурап көрсөм, алар да эч нерсе айтпаганын айтып атышат. Ал кишиден кийин Абдышүкүр ажы, анан Сүйүн ажы, анан Руслан ажы, анан мен төртүнчү адам болуп отурам. Кудайдын таразасына койдум. Мен Муратаалы ажыны дасыккан саясатчы, дипломат катары билем. Андан көп нерсени үйрөндүм, эки жыл анын кол алдында иштегем.
- Сизди "жакында экинчи аялын алганы жатат, бирок жар салбайт экен" деп уктук. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Мындай маалыматты биринчи жолу угуп атам. "Шоро" фирмасынын, "Дордойдун" чоңу эмне себептен жөн эле жүрүшөт? Булар үч-төрттөн аял алсын. Себеби, биздин кыздарыбыз күйөөсү жок жүрүшөт. Кытайларга тийип атат деп айтам. Анан сиздин канча аялыңыз бар деп калышат. Анда мен Өзбек ажыны кара, анын эки аялы бар, ошондон үлгү ала бер дейм. Менин убактым жок. Азыркы учурда бир эле аялым бар. Аялымдын да укуктарын толук бербей атат болушум керек. Себеби, эрте кетип, кеч келем. Балдарыма да кайсы бир деңгээлде зулумдук кылып жатат болушум керек.
- Убактыңыз болсо алмак белеңиз?
- Кудай таалам менин жанымды алганга чейин убактымды жок кылса керек. Себеби, мен илим адамымын. Убактымды дайыма илимге берип, ошону жайылтуум керек.
- Көп депутаттар, чиновниктер, кыз жактан эч кандай күбөсү жок нике кыйдырып кетишет экен. Жылына канча чиновник келип, сизге нике кыйдыртып кетишет?
- Мага көбүнчө карапайым адамдар, экинчи-үчүнчү никелер келишет. Мурдагы жылы аты орусча бир депутат келип нике кыйдырган. Аялы экөө ажырашыптыр. Мусулман болгон француз жигитине кыргыз кызы турмушка чыгып, нике кыйып бергем. Америкалык жигитке да нике кыйгам. Бизде молдокелер негизинен жанагындай мектепти бүтпөгөн жаш кыздарга нике кыйышпайт. Тааныш-туунуштар эле өздөрүнүн никесин өздөрү кыя беришпесе, мечитте антип кыйбайт. Чиновниктерден мага нике кыйдырган эч ким жок. Себеби, менин нике кыйганга убактым жок. Ушул жерде бир маселе бар. Кыздардын укуктары тебеленип калат. Ошондуктан, азыр менин реформалык кадамдарымдын дагы бири Кыргызстан боюнча нике кыя турган молдолорго лицензия бериш керек. Ким нике кыя алат, ким кыя албайт деген. Кээ бирде күйөөсү бар аялдарга нике кыйып койгон учурлар кездешет. Кээде никенин шарттарын туура эмес аткарып коюшат. Азыркы учурда кичине намаз окугандар деле барып нике кыя турган болуп алды. Ошондуктан, бул маселеге катуу талап коюп атам. Кыздын ата-энесинин уруксатысыз нике кыйбайбыз.

Төлөбүбү Касымалиева