Роза Шакирова:
"Үйүбүздө Бир күндө Тата Уландын ырлары 200 жолу коюлат"
Бегайым: - Бейиштин ачкычы эненин таманынын алдында дейт го. Апаңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
- Менин апам аябай мээримдүү. Жети баланы төрөп, чоңойтуп өстүрдү. Азыр бүт жакшылыктарын көрүп олтурат. Бизге сабак берип жатканда деле кайгылуу сөз болуп калса, ыйлап жиберет. Ошол жагынан мен апамды тарткам. Кайгылуу кино көргөндө дагы көп ыйлап жиберем. Апам башкача, апам өзгөчө. Менин сөзүмө дайыма кулак салып, дайыма колдоп турат. Мен апам менен дайыма кеңешип иш кылам.
Айдана: - Кайсы ырыңыз сиздин жүрөгүңүзгө жакын?
- Мен бул ырым жакшы, же бул ырым жаман деп бөлбөйм. Бардык ырларым менин жүрөгүмө жакын. Көбүнчө ырдаган ырым- "Өмүр". Ушул ырымды той-топурда комуз менен он жылдан бери ырдап жүрөм.
- Кайсыл жактан кийинесиз?
- Менин дене мүчөмө дүкөндөн алган кийимдер анча жараша бербейт. Орто-Сай базарына жакын жашайм. Кээде ошол жактан алам. Убакытым кенен болсо, Дордой базарын кыдырып өзүмө жарашыктуу кийимдерди таап алам. Убакытым тар болуп бир жакка шашылыш түрдө барыш керек боло калса, жолдошум менен дүкөндөргө барганга туура келет.
Айкөкүл: - Балаңыздын кандай сапаттары, же кайсы жери сизге окшош?
- Балам быйыл үч жашка толот. Мурду эле мага окшош болбосо, калганы атасына окшош. Үйдөн Тата Уландын, Нурбек Дайырбек уулунун ырларын берилип угуп, кыңылдап ырдап калат.
- Ибрагим Жунусовдун "Үйлөнүү той" деген ырын кантип ырдап калдыңыз эле?
- 1996-жылы мен 1-курста окуйт элем. Ошондо бир жолу тойго барсам Ибрагим Жунусов отуруптур. Анан ага "мен сиздин ырыңызды комуз менен ырдасам болобу?"-десем, "кайсы ырымды?" деп калды. "Үйлөнүү той" деген ырыңызды десем, "ырдай бер" деди. Ошентип, ырдап калгам. Аны 2006-жылы ырдап жүргөм.
- Ал ырды кимдин тагдырын элестетип ырдагансыз?
- Бул ыр мындай карап көрсөм бардыгынын турмушуна байланышып кетет. Мен деле ак көйнөк кийген жокмун. Өзүмө деле байланыштырып койсом болот. Бирок анда "жарың мен эмесмин" деген сөздөр бар да. Мен ал кезде 17 жашта болчумун. Мага кайгылуу ыр жаккандыктан, бул ырды алгам. Көбүнчө элдер бул ыр менин жашоомдон алынган ыр деп айтып калышат.
Перизат: - "Көрө, көрө көсөм болот, сүйлөй сүйлөй чечен болот" демекчи, өзүңүздү профессионалдуумун деп эсептейсизби?
- Мен ырдайм деп окуганмын. Жалаң гана кыргызча ырларды ырдаган жагынан жакшымын. Бөтөн ырлардан казактардыкын профессионалдуу ырдаймын деп айта алам.
Айкөкүл: - Президенттик шайлоо жакындап калды. Кимисин колдоп ырдайсыз?
- Сунуштар түштү, көп эле партиялардан. Мени акчасы канааттандырган жок. Менин акчам аларды канааттандырган жок. Башында иштеп коёюн дегем. Бирок жолдошум иштебей эле койчу дегенинен, азыр үйдө олтурам балам менен.
Айпери:- Тойлорго көп чакыруулар болуп жатабы?
- Көп эле тойлорго чакырышат. Бир күндө беш той болсо, үчөөнө гана ырдаганга убакытым жетет. Канча берсе ошончо алам. Анан меники момунча деп так сумманы айтпайм.
- Үйдө кандай кожойкесиз?
- Үйдө тыңмын. Бүт бардыгын жасаймын. Тамакты аябай жакшы дитимди коюп, мээримимди төгүп жасайм. Бир картошка, бир пияз болсо дагы, ошону чын ниетим менен жасайм. Себеби, аны менин балам жейт, менин жолдошум жейт, үйдөгү сиңдилерим жейт. Тамакты жасаган жагынан аябай жакшымын. Үйдү бир айда бир жолу иреттеп коём. Калгандарын сиңдилерим бар, ошолор тазалап, жыйнап коюшат.
Айчүрөк: - Шакиртиңиз барбы?
- Бир кызды тарбиялап баштагам, Саадат Калыкова деген. Менин тарбияма чыдабай койду окшойт, үйдөн көп чыгарбайм да. Чыдабай калып кетип калды. Ыр жагынан алганда деле нөл болуп келген. Эми нөл болгон адамды гана чыгарыш керек. Үнү бар адамды чыгарсаң, кийин айтат, "менин үнүм башында эле бар болчу" деп. Ошол кызды чыгарайын деп эле жакшы аракет кылгам. Мага чыдабай койду. Жөндөмү жок адамды деле үйрөтсөң, үйрөнүп кетет.
- Үй-бүлөңүз туурасында айтсаңыз?
- Мен өзүм жети бир тууганмын. Үйдө ортончусу болом. Апам, бир туугандарым бар. Мына жанымда балам силер менен сүйлөшүп отурат. Жолдошум дайыма чыгармачылыгымды түшүнүп, ыр жаздырам десем ыр жаздырып берет. Тойго десем тойго, бардык жакка өзү алып барып келет. Оор басырыктуу, мени түшүнгөн, мен каалагандай адам.
Перизат: - Сиз аябай шайыр адамдардын катарын толуктайсыз. Чыныгы жашооңузда дагы ушундайсызбы?
- Ооба, мен абдан шайыр адаммын.
Гүлбүбү: - Чыныгы бакыт сиз үчүн кандай?
- Чыныгы бакыт деген-бул эрте менен эрте ойгонуп, бул жашоодо жашап жаткандыгың. Мен күнүгө эрте турганыма сүйүнөм, өлбөй аман-эсен жашап жатканыма. Мен жакшы түш көрсөм дагы сүйүнөм, алар эч качан унутулбайт. Жакшылыктар болуп турса-бул дагы өзүнчө бир бакыт. Жакында эле инимди үйлөп келдим.
Ажар: -Чыгармачылыктан чарчаганда кантип эс аласыз?
- Мен чыгармачылыктан чарчабайм. Түнкүсүн саат бир болсо дагы ырдап олтура берем. Бир жакка барам деп бара албай калсам, ошолордон чарчап кетем. Чыгармачылык- бул менин жашоом, өзүмдүн сүйгөн кесибим. Ошол үчүн мен чарчабайм. Мен чарчайм, жөө басып бара жатканда.
Айчүрөк: - Улуу адамдардан күйөрмандарыңыз барбы?
- Уят болбосом экен деп кудайдан тилейм. Концерт болгондо көп кол чабуулар болот. Күйөрмандарым түнкү саат он экилерде чалса, албайм. Ага чейин чалса кадимкидей эле "кандай?","жакшыбы?" деп сүйлөшүп жата берем. Көбүнчө Токтогулдан, анан Казармандан абышкалар чалат. "Кызым, сенин ырлар жыйнагың жок" дей беришет. "Ой, мен чыгаргам, ал таратылып кетти",- дейм. Чалып алышып: "Кызым, кой союп салып жибердим, эртең алып ал макулбу?" дегендери дагы болот. Ал ырыскы да, мен аларды алып туугандарыма да бөлүп берем.
- 17 жашымда эле ырдачумун деп жатасыз. А эмнеге сахнага кеч чыктыңыз?
- Мага ошол кезде акыл айткан адам жок болгон. Силер кичинекей болсоңор керек, 95-96-жылдары Кыргызстанда ачарчылык болгон. Ачыгын айтканда, окууга эптеп өткөргөн. Азык-түлүктү айылдан ташып турчумун. Стипендия алып, аны үнөмдүү коротчумун. Бирөө дагы айткан эмес, ырдап чык деп. Балким, кечирээк чыкканым деле жакшы болгон болуш керек. Азыр ага өкүнбөйм деле. Эң башкысы, менин балам, жолдошум бар.
- Балаңыз кийин ырчы болом десе каршы болбойсузбу?
- Балам азыр эле ырдайт. Менин үйүмдө Тата Уландын ырлары бир күндө эки жүз жолу кайталанат. Көчөдөгү машиналар бар го, ошолорду көрсө дагы Тата Уландын машинасы дейт. Үйдө бет кеп кийип алып, анын ырларын ырдайт, бийлейт.

Жылдыз Абдыкерим кызы