Саякбайды ким билбейт?
Кийинки учурларда дүйнө тааным, адабият, искусство жааттан таанымалдар чөйрөсү алыстай баштаганы бизге маалым. Бүгүнкү рубрикабыздын коноктору канчалык деңгээлде жооп бергенине өзүңүз күбө болуңуз, урматтуу окурман.


1. Дунгандай мээнеткеч, еврейлердей куу, татардай акылдуу, чечендей намыскөй болгондо гана кыргыз башка элдер менен теңтайлаша алат.(Туура жообу: Кыргызстандагы чыгаан публицист, адабият таануучу, энциклопедиячы, журналист жана агартуучу Салижан Жигитов). Бул курч сөздөр кимге таандык?

2. Дайралар толкуп-ташыйт, сел болбосо,
Аргымак ат арыбайт, бел болбосо.
Дыйканга түшүм кайда, жер болбосо,
Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо! Бул кимдин чыгармасы?( Туура жообу: Барпы Алыкулов)

3. "Зардалыдагы баян" деген кинонун режиссёру жана сценарийдин автору ким? (Туура жооп: Мурза Гапаровдун "Ээн калган өрөөн"чыгармасынан кинорежиссёр Кадыржан Кадыралиев "Зардалыдагы баян" аттуу тасма жараткан).

4. Назым Хикметтин кайсы белгилүү чыгармасына "Мосфильм" кино тарткан? (Туура жообу:"Сүйүү жөнүндө уламыш" чыгармасын "Мосфильмде" "Сүйүүм менин, кайгым менин" деген кино тартышкан).

5. Кайсы белгилүү инсанды "ХХ кылымдын Гомери" деп кайсы жазуучу атаган? (Туура жообу: Манасчы Саякбай Каралаевди казак акыны Мухтар Ауэзов атаган).


Гүлзада Рыскулова:
"Барпыны билбесем уят"
1.Еврейдей куу болсок жакшы бекен? Кимдин сөзү экен? Ммм…Билбейт экем.
2. "Ала-Тоо көрккө келбейт, эл болбосо" деген ыр Барпы акындыкы экенин билбесем уят го.
3. Өрүкзар тууралуу кинону кинорежиссёр Кадыржан Кадыралиев тарткан, ал эми сценарийи кимге таандык экенин билбейм.
4. Назым Хикметтин абакта отуруп жазган"Человеческое понарама" деген чыгармасын билем.
5. Манасчы Саякбай Каралаевди айтылуу "Илиада"менен "Одиссеяны" айткан Гомерге салыштырган казак акыны Мухтар Ауэзов болгон.

Ди-джей Расул Рахманалиев:
"Мурза Гапаров жазган"
1. Шуулдаба теректерим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин…деген ырдын автору Эсенгул Ибраев акын атабыз ташка тамга баскандай алтын сөздөрүн жүрөгүнөн бизге ыроолоп калтырган.(Туура эмес, Расул, бул ырдын автору С. Жигитов).
2.Албетте, радио тармагында иштеп жүрүп, салттуу ырдын үлгүсү болгон бул ырды билбей коюш уят иш. Мукам үндүү Роза Аманова обон созуп жүрөт.
3. Бул кинонун сценарийин Мурза Гапаров жазган, ал эми режиссёру Дооронбек Садырбаев.
4. Түрк акыны Назым Хикмет өз элинде куугунтукталып, Москвада көз жумган. "Унутулган адам" драмасы жана "Мажүрүм тал" аттуу ырлар жыйнагын көзүм чалган. Ушул чыгармалар болушу ыктымал.
5. Манасчы С. Каралаевди акын М. Ауэзов айтканын окугам.(М. Ауэзов акын эмес, жазуучу)

Самат Дөөлөтбаков:
"Тилекке каршы, билбейт экенмин"
1. Ким айткан экен ммм…Билбейм.
2. Экинчи суроону да билбей жатам.
3. Тилекке каршы, чынын айтсам, жооп бере албайт окшойм.
4. Түрк акыны? Ммм…Жок, бул суроого да жооп жок.
5. "ХХ кылымдын Гомери"деп кимди атаганын билбейм.