ТҮЛЕЕВДИ ПУТИН КАБЫЛ АЛАБЫ?!
Түлеев "7-апрель жаштар кыймылы" партиясынан президенттикке көрсөтүлүп, элди бир таң калтырган. Талапкерлерден эң биринчи болуп эң көп - 135 872 кол тапшырып жана чуу түшүргөн. Ага карабай БШК жарыштан четтетти эле Нариман Ташболотович Биринчи май райондук анан Жогорку сотто утуп, Жогорку Кеңеш тарабынан жарышка кайра киргизилип, коомчулукту жана бир таң калтырды. Оппоненттери "Кыргызча жакшы сүйлөй албайт" дешчү эле, Түлеев тил сынакта күчтүү ораторлордон калышпай мыкты сүйлөп, көптөрдүн оозун дагы бир жолу Ошту каратты.

Марат Султанов талапкерлигин алып, Түлеевди колдоорлугун жар салды. Эми "Коммунисттер партиясынын" лидери Искак Масалиев , "Жашасын Кыргызстандын" ана башы Токтайым Үмөталиева баш болушкан бир катар талапкерлер Нариманды сүрөп чыгышканы жатканы айтылууда.
Минтип рейтинги күн санап өсүп бараткан күтүүсүз чыккан күчтүү талапкерди аңгыча Москва чакырып, атайын самолёт менен 3-октябрга караган таңкы саат 3тө алып кеткени дүң болду. Кремлде Нариман Ташболотовичти Россия өкмөт башчысы Путин кабыл алары кызуу кепке тартылып жатат.




Баягы эле Бабановдун жоруктарынан
Баскан-турган жеринде таластыктарды уят кылып, акча десе жантыгынан жата калып, баарын унуткан биринчи-вице бала Бабановдун түркүн-түстүү шоуларына кулак менен көз көнүп деле бүтпөдүбү.
Былтыр "Республика" партиясынын шайлоо алдындагы үгүтүн жүргүзүп жүрүп, "ар бир дыйканга 9 пайыздан кредит беребиз" деп ишке ашпас жомокту убада кылганда эл байкуш ишенип, парламентке өткөрүп салышкан. Эми ошол партиясынын арты менен өкмөт башчынын орун басарлыгына жетип алып, оюндагысын жасап жаткан чагы. Баарынан кызыгы, 24-сентябрь күнү Бабанов Таласта той өткөрүп, "Манас Ордо" улуттук комплексинде Ала-Тоодой эт, ала көлдөй чык тарттырып, улак уюштуруп, ой да сайран курдуруптур. Анан калса өзүн Манаска теңеткениби, же жердештериме көрүнүп коёюн дегениби, айтор, өзү баштаган "республикачылар" "Манас Ордого" кирип келе жатканда жер дүңгүрөтө Манастын обонуна салып, күпүлдөтүп Бабановду мактаган бир жамакчынын жамагын коё бердирген экен, отурган эл балакайдын бул кылганына түкүрүнүп, араң эле отурушту дейт.


М.Султанов да талапкерлигинен баш тартты
Президенттик шайлоого мен кыйынмын дегендин баары эле талапкерлигин коюшту эле. Шайлоо жакындаган сайын "кыйындар" талапкерлигинен баш тартып атканы кызык болуп атат. Мындан бир аз убакыт мурун эле "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев талапкерлигинен баш тарткан болсо, бул жолу Марат Султанов баш тартып отурат.
Бул боюнча Марат Султанов өзүнүн талапкерлигинен баш тартып, Н.Түлеевди колдой тургандыгын 3-октябрдагы маалымат жыйынында айтты. Анын айтымында, бул чечимге ал Кыргызстандын биримдиги жана альтернатива болсун үчүн келди. " Нариман Түлеев экөөбүз буга чейин бирге иштеп жүргөнбүз, экөөбүздүн ортобузда жакшы, достук мамиле бар. Ошондой эле азыркы кырдаалды эске алуу менен өлкөгө антикризистик менеджерлер керек. Нариман Түлеев бул ишке жарайт деп ойлойм. Мамлекеттик жактан такшалган тажрыйбасы бар, көп иштерди жасаган адам. Өзүнүн байлыгын өзүнүн тери менен тапкан, темир жолду курууга жетишти. Ошондуктан, бул адамды колдоону чечтим. Менин чечимимди башка талапкерлер да колдойт деп ойлойм", - деди М.Султанов.