Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров:
"Шайлоочулар тандаган жол - алардын балдарынын,
эртеңки урпактардын тагдырын чечет"
Кайран Калыгул
Акыр заман келгенде
Кызыл кызыл кыялар,
Кыргый талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз жигитти кубалаар.
Жашыл ала кыялар,
Жагалмай талга уялаар,
Акыр заман келгенде
Жаштар бизди кубалаар.
Кайран Калыгул, бийлиги алсыз, эки жүздүү, эли бейбаш ушул заманды көрүп тургандай алдын-ала жазган экен. Адамдар пикет-митингдерди нан таап жей турган булакка айлантып, койгон талабынын артында эмне жатат, ал туурабы-туура эмеспи, аларды алып чыккан адамдардын максаты эмне, деги эле эмне үчүн бала-чакасын, тиричилигин таштап чыгып атканын талдабай эле "кетсин, берсин, алсын" деген эле кыйкырык менен күн кечирип калгандай. Алардын арасында "такыясын колго алып" үйдүн куту, коломтонун берекеси болгон аялзаты жүрөт. Мына ошондой митингдердин биринин бутасы болгон ЖКнын депутаты, "Ата Журт" партиясынын лидери Жапаров Садыр Нургожоевичти кепке тарттык.
- Акыркы айлардагы башаламан пикет-митингдер, соттордун ызы-чуусу ишиңизге тоскоол болуп жатабы, же "ырдаганы келгенден кийин ырдайм" дегендей, көңүл бурбай эле иштеп жатасыздарбы?
- Абдан тоскоол болуп жатат, бирок, биз элдин жүгүн көтөрөм деп эл аркылуу шайланып келгенден кийин элдин тентегине да, жөнтөгүнө да чыдап, көпчүлүктүн ыр-чырын көтөрүшүбүз керек. Бул жерде эң жаманы эл паракорлордун кол баласына айланып, ошолор шилтеген жакка кеткени болуп жатат. Пара алган, андан да аны сиңиргиси келген адам ар кандай жолго баруусу мүмкүн. Мен мурда комиссар болуп иштегенде эле, паракорлукка каршы күрөшүү абдан оор болорун, коркунучтуу экенин түшүнгөм. Азыр абал андан да оор, анткени азыр митинг-пикетке чыккан элдин артында паракорлукка аралашкан чиновниктер, кылган аракетинин баарын чет мамлекетке шылтап коюп, Айдар менен Максимдин артында турган адамдар бар. Мына ушулар менен күрөшүү татаал болуп жатат. Менин оппонентим Каптагаев гезиттерге "Жапаров Максим Бакиевдин актоочусу болуп жатат" деп жазып чыгыптыр. Бул кишинин эмненин негизинде минтип айтканын түшүнө албай койдум. Актанарга айла таппай алдастап калган киши гана ушинтип акылдан адашып айтпаса, абийири таза, акыл-эси жайында киши минтип айтпайт. Бул карандай чындыкка чычалап, бирок, ошого далил таба албай карайлаган чиновниктин актангандагысы. Муну көрөгөч эл көрүп эле турбайбы.
- Сиз касиеттүү Көлдүн, Камчыбек Кыдыршаевич Жалал-Абаддын кулуну. Сиздерди жалпы кызматтык кызыкчылыктардан башка эмне байланыштырып турат?
- Кызматтык кызыкчылык бул экинчи орунда, бизди биринчиден, дил жакындыгы, көз караштарыбыздын, максаттарыбыздын окшоштугу байланыштырат. Кызматтык кызыкчылык байланыштыргандардын достугунун өмүрү узун болбойт. 2005-жылы парламентке келген жаштардын арасынан өзүн патриотмун деп эсептеген он чакты жигит биригип дос болгонбуз. Мезгилдин сынынан өткөндөрүбүз бүгүнкү күнгө чейин жаман-жакшыда, оор-жеңилде бирге келе жатабыз. Ырас, арабыздан кеткендер да болду. Менимче чыныгы досторду "мен түндүктөн, сен түштүктөнсүң, мен сенден кыйынмын" деген пенделик майда нерселер ажырата албайт. Ушул күнгө чейин бири-бирибизди колдоп келе жатабыз. Бизди бириктирген дагы бир нерсе, биз бир да жолу өз кызыкчылыгыбызды эч качан мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан жогору койгон жокпуз Айтсын билгендер болсо, "Жапаров мобу жерде өз кызыкчылыгына тартты, Ташиев балан жерде өзү үчүн иштеди" деп далилдешсин, мен мойнума алайын. Азыр баары эле "тиги Алмакан эже айтпадыбы" дегендей сүйлөп калбадыбы
- Шайлоодо шайтан оюндар ойнолобу? Сиздер президенттик тактыга жетүүдө эмнеге ишенип жатасыздар?
- Шайтан оюн уюштуруп көз боёмой алсыздын, эки жүздүү адамдардын кылары. Ташиев сөздүн адамы, ал шайтан оюндар менен алектенбейт. Биз, биринчиден, кудайга, анан Ташиевди билген элге ишенебиз. Биздин партия ар дайым таза иштеп келген, дагы да таза иштейт.
- Ташиев тууралуу ар кандай кептерди айтып жүрүшөт. Сиз бул адамды жакшы билип калдыңыз. Саясатчы, дос, адам катары бул киши тууралуу эмне айтат элеңиз?
- Ташиев тууралуу али дагы көп сөздөрдү айтышат, керек болсо ойго келбеген таржымалды ойлоп табышы да мүмкүн, анткени Ташиев күчтүү каршылаш, жегичтердин, саткычтардын тамагына турган сөөк. Башкасын айтпайын, кечээ жакында эле "Фергана ru" гезити Ташиевдин нарко барон экендигине бир да далилдүү факты келтирбей туруп шыбап чыкты. Ташиевдин басып өткөн жолу элдин, айрыкча түштүк элинин көз алдында өттү. Чет өлкөдө жүрүп, дайынсыз кетип анан байып пайда боло калса, анда эл ушундай калп жоромолдорго ишенмек. Азыр мындай жөө жомокко эл ишенбей калган. Ташиев элдин уулу, ал элдин кичүүсүн ини-карындаш, улуусун ага-эже, кары-картаңын ата-эне деп билет. Ар бирине колунан келген жардамын аянбайт. Башкасын айтпайын, кечээ июн окуясында эле бир тентек атып жиберет экен дебей Сузактагы кандуу кагылышты болтурбоо үчүн өз көкүрөгүн тосту го. Алсыз адам каршылашына күчү жетпей баратканын байкаганда эмне кыларын билбей жаш баладай ойго келгенди айтып жамандай баштайт тура. Мен Ташиевдин каршылаштарынын "билимсиз, чоң муштум, тентек" деген сөздөрдү абдан көркөмдөп ар бир гезитке, эгер уяты жол берсе ар бир жол жээгиндеги мамыга жазып чыккысы келген бечаралыгына күлкүм келет. Ташиев билимдүү адам. Анткени, ал союздун тартиби күч, пара берип окутуу эмне экенин Камчынын атасындай карапайым адамдар биле элек кезде Томскиге барып өз күчү окууга менен өтүп, билим алып келди. Бул сөздү атасынын арам акчасына чет өлкөдөгү престиждүү окуу жайлардан бүткөн, бирок көкүрөгүндө кыргыз, мекен, намыс, жигитчилик парз деген нерселердин жугу жок бирөөлөр айттырып жатканы сокурга да маалым. Камчынын жалган сөзгө, куйтулукка, эки жүздүүлүккө чыдабаган сапаттары бар. Эгер кимдир бирөө кыргыздын намысына сөз тийгизсе, элдин кызыкчылыгын пайдалангысы келсе, алсызды тебелесе, эки жүздүүлүк кылса "менин саясий аброюма сөз тийип калат экен" деп маска кийе албай чаап жибергендин эмнеси чоң муштумдук? Кыргызда мындай адамдарды жакшы сөздүн теңи эмес деп коёт. Алар демек, муштумдун теңи. Бул ушак кептин баары эптеп Камчыга ылай шыбоонун айласы. Шыбай беришсин, асыл таш кандай булгаса да асыл таш бойдон калат. Камчыда бири-бирине дал келбеген асыл сапаттар бар. Сүрдүү, ошол эле учурда жанда жок боорукер. Катууя. ошол эле учурда алсызды көрсө жардамдан баш тарта албаган жумшак. Өжөрлүгүнө, сөзгө бектигине аябай таң калам. Сөз бердиби, кандай шарт болбосун аткарат, бир максатты койдубу, ошого эмне болгон күндө да жетет, талап кылдыбы, аткартат. Мен мисалы Камчы кайда жүр десе барууга, кандай иш тапшырса аткарууга даярмын, анткени Камчы менен кайда жүрсөң да сатпайт, таштабайт, жаман ишке досторун жумшабайт. Эгер Камчы аткарган иш элге кесирин тийгизе турган болсо ал кандай мансап болбосун, кандай акча сунушталбасын ошол иштен баш тарта алат. Мисалы, Акаевдин, же Бакиевдин учурунда элдин кызыкчылыгы үчүн, "мен силердин мындай акмак саясатыңар менен макул эмесмин" деп эшикти тарс жаап, постту таштап кеткен бир министрди Ташиевди жамандаган адамдар көрсөтүп бере алабы? Конституцияга да бир гана Ташиев каршы чыкты. Азыр мына ушундай президент керек бизге. Түштүк-түндүк куштун эки канатындай. Түндүктөгү патриот жигиттер түндүктүн, түштүктөгү патриот жигиттер түштүктүн канаты. Куштун бир эле канаты жок болсо уча албайт. Мына ошон үчүн биз түндүк-түштүк деп бөлүнүүгө акыбыз жок.
- Депутат, саясатчы эмес адам катары айтар сөзүңүз барбы?
- Тилегим эле журт бөлүнбөсө. Эл ушул жолу болор-болбос акчага, пенделик майдалыкка алдырбай, "сен Атамбаевчисиң, сен Ташиевчисиң" деп жакалашпай шайлоону тынч өткөрсө. Шайлоочулар азыр тандачу жол - балдарынын, эртеңки урпактын тагдырын чечет, биз, улуулар, ушуну унутпасак.





К.Ташиевди Каныш-Кыя менен Ала-Букада миңдеген адамдар кыргыздын баатыры катары тосуп алышты
Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев Чаткал районунун Каныш-Кыя айылынын тургундары менен жолугушту. Жалпы жонунан 1 миңдей адам К.Ташиевди колдогон ураандар, желектер менен жолугушууга келишкен.
Жергиликтүү эл ичинен сөз алган айылдын кадыр-барктуу жашоочулары бүгүн эртең мененки Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн ачылышына Камчыбек мырзанын кошкон салымы зор болгонун баса белгилешти. "Буга чейинки президенттерге Ыдырыс пайгамбардын кыргыз тарыхындагы ордун айтып кайрылганыбызда, күмбөздү бүткөрүп берүүгө сөз беришкен болчу. Анын бири жасалбады. Ошол эле учурда К.Ташиев милдеткер болбосо да, бул ишти колго алып, бүткөрүп бергени эрдикке тете иш. Ошондуктан, Чаткал эли бир гана Камчыбекти колдойт. Башкасы бизди кооз сөздөр менен алдаганы келбей эле койсун. Элге күйө турган адамдар Камчыбектей болот",- дешти алар.
Жолугушуу учурунда Камчыбек Ташиев кыргыз элине бактылуу турмуш алып келүү максатында президенттикке аттангандыгын билдирди: "Мен ким болмоюн, элге колдон келген жардамымды аябайм. Анткени, ата-энемдин мага берген тарбиясы ушундай. Өзүн жакшы жашап, ошол учурларда миңдеген адамдардын кыйынчылыкта жашап турганы жакшы көрүнүш эмес. Дал ошондуктан, мен ар бир кыргызстандыктын турмушун кескин түрдө жакшы жакка өзгөртүү максатында чоң күрөшкө чыктым. Мен Кыргызстанды өзгөртүүнүн жолун билем жана сөзсүз бул максатыма жетем".
Бүгүн түштөн кийин Камчыбек Ташиев Ала-Бука районуна барып, 4 миң адам катышкан жолугушууда өз программасынын урунттуу жерлерин айтып берди: "Мен башкаларга окшоп 5 жыл убакыт сурабайм. Бир жыл ичинде бекем тартипти орнотуп, эл ырыскысына кол салган жеп-ичерлерден бийликти тазалайм. Президенттик мөөнөтүм бүткөндө, кийинки келе турган адамга таптакыр башка, экономикасы өнүккөн мамлекетти тапшырам. Бул куру сөз эмес. Менин программамда бул максатка жетүү жолдору так жазылган".
Жергиликтүү калк К.Ташиевдин Ош окуясын токтотуудагы баатырдыгын дагы бир ирет эске салышып, талапкерди болочок президенттей кабыл алышып, чепкен жаап, кыргыздын ак калпагын кийгизишти. Аксакалдар ак батасын берип узатышты.
Андан кийин К.Ташиевдин Аксы районунун борбору Караванда жолугушуусу болуп, ага 4 - 4,5 миң адам катышты.