Тойдогу тополоңдор

Эсте калган тоюңуз?
Тамадалар тойго барганда болгон кызыктуу окуяларын айтып түгөтө албай келишет. Биз да алардын эстеринен кетпеген кызыктуу, тойдо болгон окуяларын сурап бир жылмайып алдык.

Борончу Кудайбергенов, тамада:
"Тойдо үйлөнүп жаткан бала уктап, торт кесип"
Үйлөнүү тоюн алып барып жаткам. Үйлөнгөн бала 2-3 күн мурда эле майрамдап алганбы? Кыз менен жигит торт кесер жерине келгенде бала уктап калып, күйөө жолдош бала менен келинчеги экөө эки жагынан кармап келишти. Элестет уктап жатат тигиниси, улам кулап кетейин дейт, берки экөө кармап калат. Тортту кес деп бычак карматышса ойгонбойт. Акырында эптеп берки экөө бычак карматып, тортту кестиришкен. "Эми тигиге ооз тийгизип койгула, торт жеп жатсын" деп тамашалагам. Элдин баары таң калып күлүп калышкан. Ошол бала азыр эч нерсени билбейт болушу керек, өчүп калган. Андан кийин да бир үйлөнү тойдо, бир мас чыгып алып, сөз сүйлөп калды. Улам эле: "Бүгүнкү сүннөт тоюңар кут болсун!" - дейт. "Эй, сүннөт той эмес, үйлөнүү той", - дешсе деле болбойт. Анан мен: "Ооба, туура эле, баланы сүннөткө олтургузуп жатпайлыбы" - десем, элдер күлүп калган.

Эрнист Бөрүбаев, тамада:
"Санжар чочуганынан тажикче сүйлөп жиберди"
Дайыма той бүтөрдө "менден кетсе кечиресиздер" - деп айтмай адатым бар. Анан бир жолу да: "Менден кетсе кечирип коюшка уруксат этесиздер" - деп алып, өзүм токтоно албай өлө күлүп жатсам, элдин баары кол чаап жиберсе, чочуп кетиптирмин. Дагы бир тойдо Санжар досум ырдап жатып, свето музыканын жанына басып келип калды. Мен жөн турбай жанагы түтүн чыгаргычты басып салдым эле "пааш" деп үнү жаман катуу чыгат экен. Санжар чочуганынан тажикче сүйлөп жиберди окшойт. Элдер аны көрүп өлө күлүп, Санжар да аларга кошулуп күлүп, араң ырдап бүткөн.


Мадин Итикеев, тамада:
"Ал киши арак ичип
алып, уктап калыптыр…"
Тойлорго барганда ар кандай кызыктар болот. Биринде эртерээк тойдун ээсинин туугандарын чакырсам, сүйлөп жатышкан. Бир маалда бирөөсү: "Урматтуу куда-сөөктөр" деп айтам деп жатып, "Урматтуу куда-сөрөйлөр" деп айтып жатпайбы? Аны угуп баарысы дуулдап күлүшкөн. Жакында бир киши 50 жылдыгын өткөрүп, тамада кылганга мени чакырган. Той башталды, баары чыгып сүйлөп жатышат, тойдун ээси жок. Биринчи антракт бүтүп, экинчи антракт болду, дагы эле жок. Аялы, балдары жүрөт. Көрсө, ал киши арак ичип алып, тура албай жатып калыптыр да. Элдер келип менден сурай башташты. Мен анда: "Ой, жаңы баланы да көрсөтчү беле, бул жактагыларына айта бергиле?" - деп эптеп жайгардым. Ошентип ал той ээси жок өткөн.


Жылдызбек Турсунбаев, тамада:
"Кемпир чочугандан уят сөздөрдүн ассортиментин айтса болобу"
Бир тойду алып барып жаткам. Сөзгө чакырган коноктордун ичинен бир чоң эне кеп баштап калды. Микрофон кармаганга көнбөгөн кемпир улам эле колун төмөнгө түшүрүп ийип, үнү угулбай калат. Өзүм 2-3 жолу көтөрдүм да, анан микрофонду жөлөп тур деп келинине бере салыпмын. Келини шартылдаган шашма неме экен. Микрофон адатынча дагы ылдыйлап баратканда күч менен көтөрүп жиберди эле, ансыз да тиштери жок карыган апанын үстүңкү ээгине бир тийип кетип жатпайбы. Ошондо белимчи кемпир чочугандан уят сөздөрдүн ассортиментин айтса болобу. Анын баары микрофондон залга угулганы, 250дөй коноктун бир кылка каткырып боорун тырмап жатып калганы эч эстен кетпейт.

Динара Чокоева




  Өнөрүң болсо, өргө чап

"Тирүү аттын куйругунан жасалган…"
Бул өнөрлүү кыз сахнага жарк этип чыкканда, кыл кыяктын дабышы да тээ байыркы искусствого жетелегенсийт. Жаркылдап күлүп, күүнү кыл кыякта ойногондо, бүткөн боюң дирилдеп чыгары анык. Кыякчы кыз Айнура Бердикулова:


- Музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз?
- Бала кезден кыргыздын элдик ырларын ынтаа коюп укчумун. Нукура кыргыздын аспабы кыл кыякка кызыгуум артып, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте 3-10-класска чейин окугам. Бүгүнкү ийгиликке жетишиме устатым Бактыгүл Адышеванын эмгеги зор.
- Байкашымча, элдик күүлөрдү берилип ойнойт экенсиз, Бекарстандын тарых-таржымалына токтоло кетсеңиз?
- Негизи, күүнү чертип жатканда, күүнү уга да билиш керек. Бекарстан баатыр жөнүндө күү бар. Ал эки элдин биримдигин ойлоп, эл-жери үчүн салгылашкан баатыр жөнүндө баян.
- Талантка балкыган кыздын жеке жашоосу кандай болду экен?
- Жолдошум Талант экөөбүз чыгармачылыктын казанында бирге кайнап келебиз. Ал жалаң нарындык балдардан түзүлгөн"Теңир тоо"аттуу квартет топто ырдайт. Ай жүздүү кыздарыбыз Акылай, Жаркынай - биздин бактыбыз.
- Ысык-Көлдө кадыр түн-2010" фестивалында поппури ойногонуңуз көңүл жубатарлык болду. Дагы кайсы ырларды ойнойсуз?
- Жолдошум Талант: "Жалаң күүлөрдү ойной бербей, ырларды да кыл кыякка түшүрсөң жакшы болмок",-деп калды. Рыспай Абдыкадыровдун "Чойт, эркечим", "Эсимде", "Түгөйүмө" деген ырларын кыл кыякка түшүрүп чертип катышкам. Аранжировщик Жылдызбек байкенин демилгеси менен поппури ойноп калдым. Жакында Чубак Сатаевдин концертинде "Кең дүйнө", "Арман", ""Жазгы күтүү" " ырларына поппури жасадык. Жылдызбек байке аккордеондо болсо, мен кыл кыяк тарттым. Экөө жуурулушуп, болуп көрбөгөндөй кайрыктар пайда болду. Эл абдан суранды. Жылдызбек байке: "Кыл кыяктын үнү өзгөчөбү, эл абдан суранып жатат, дагы ушундай залкардын ырларын даярдап алалы",-деген жакшы оюн айтты.
- Кандай чыгарманы кыл кыякка түшүрүүнү ойлоп турасыз?
- Белгилүү ырчыбыз Аваз Чикеевдин обонуна таандык "Ойлойсуңбу" аттуу ырды кыл кыякка түшүрсөмбү деген ой бар. Ушул ырды уккандар сөзсүз түрдө романтикага бөлөнөрү бышык.
- Репертуарыңызда канча ыр бар?
- Элдик күүлөрдөн: "Кер-Өзөн", "Кул пенде", "Бекарстан", "Керме-Тоо", "Жусуп менен Зулайка", "Саринжи-Бөкөй", Муратаалы, Сайид Бекмуратовдун "Кош кайрык", "Топ жылкы", "Тизгин күү", "Байге" аттуу күүлөрүн тартам.
- Комузга салыштырмалуу кыл кыяк сейрек кездешчү аспаптардан, угармандардын саны ойлондурбай койбосо керек?
- Билесизби, бир кездери эстраданын агымы аябай өркүндөбөдү беле. Азыр бара-бара чыныгы профессионалдар четинен иргелип жатат. Салттуу музыкага кызыккандардын саны арбыды. Мындайда кубанбай коё албайсың. Чындыгында, комузга караганда кыл кыяктын күүлөрү аздык кылат. Бир чети кыл кыяк тартуу татаал дагы. Комузду бир күүлөгөндө, жок дегенде жарым саат туруштук бере алат. Ал эми кыл кыякта бат-баттан өзгөрө берет. Архивден эски күүлөрдү алып, ошол күүлөрдү жандандырып кыл кыякка түшүрсөмбү деп турам.
- Кыл кыякты аздектегенге жараша, ушул аспапты жасаган чебер уста тууралуу айта кетсеңиз?
- Марат Берикбаев деген кыяк жасаган уста менен иштешем. Кыякты өрүктөн чапса, дабышы ого бетер жакшы чыгат. Кылына кадимки аттын куйругун жасайт. Ал эми сыртын төөнүн териси менен каптап койсо, баалуу кыяктардан болуп калат. Жаңы эле жасаткан кыягым дал ушундай төөнүн терисинен капталып, кылы тирүүлөй аттын кылы менен жасалган. Себеби, тирүүлөй жылкынын куйругу өзүнчө тирүү үн берет экен.
- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылануулар бар?
- Консерваторияны аяктап, азыр ассистент стажировкадамын. Бир жылдын отчёту катары жеке концерт беришим керек. Ошого даярдыктар кызуу жүрүп жаткан кез.


Динара Асылбекова