Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
Жанызак басма
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)
(Башы өткөн санда)
Анын сыңарындай, залкар жазуучубуз чыгармаларын жаратып жүрө берсе, биз да жүрө бермекпиз, анын каармандарына суктанып коюп. Бирок айрым билермандарыбыз а кишини: "кыргыз журтунун ыйман таразасы!" дегенчелик деңгээлге чыгармакка далбастап жатышпайбы! Ошол жүктү көтөрө алат болду бекен, алигидей таржымалы менен?! Мына маселе каякта. Демек, а кишини Ыйман-Тоого айландырам деген аракет акыры кытмыр күлкү менен бүтөрүн, ушул аракеттин өзү залкарыбызга канчалык доо кетирерин бир аз эле ой жүгүртө билген адам түшүнөт. Андыктан а кишини көп козгобой, чыгармачыл Аскар-Тоо боюнча гана калтырганыбыз жөн. Эгерде болбой эле алиги жүктү алиги чыгармачылга артып таштасак, анда чыгармачылдын артынан убап-чубап калбай келаткан бейчекиликке улуттук ыйманыбызды чылап, биротоло ботко кылып албайбызбы?! Мына маселени башкачараак коёлучу: Кыргыз ким да, Манас ким? Кыргыз дегениң килтейген кара таш! "Глыба", орусчасынан айтканда. Ал эми Манас ошол Глыбанын бир күкүмчөсү гана! Манас Кыргызды жараткан жок, кыргыз "Манасты" жаратты! Анын сыңарындай, кыргыз аттуу килтейген кара таштын жанында Чыкемдин Ыйман-Тоосун кантесиң?!
Ал эми чыгармачыл жагынан келсек, аларын иликтөөдө кеткен айрым бейчекиликтерди биринчилерден болуп мына мен өзүм четке кагам! Окурмандарым билер билгендери. Ал эми анын турмуш чекиликтерин ушул коомубуздун бир мүчөсү катары анчалык көтөрө албайм. Биз ушуерден кур намыс, улууларды кыйшык урматтоо, билмексенге салуу, көрмөксөн болуу деген сыяктуу жасалмалуулуктан арылышыбыз дурус чыгар. Күндөлүк турмушта коомубуз кабыл алган, коомубуз мыйзам деңгээлинде кабыл алган шарттарды аткарууга аракеттенгенибиз жөн болор. Жок эле дегенде жеке турмушубуздагы кылмышка тете аракеттерибиздин коомго тескери таасир бербешин камсыз кылсак дейм. Жанагы сиз айткан психо-половая гигиенаны элибизге жөндөп жеткиреличи. Балким, мен аларды жетиштүү талдай албастырмын, бирок унчукпай тылтыйып койгонго караганда бу да болсо "айранга талкан көөлөп жегендей" демек, башкаларыбыз толуктарбыз. Анан акыры түбү аныгына жетпесек да, айрым бир салт-санаабызды жалпы адамзаттык асыл нарктын багытына буруп, нугубузду түздөй баштаарбыз. Кечиресиз, узак сүйлөп жибердим окшойт.
- Азыр начинается кризис человеческих взаимоотношений. Үй-бүлөлөрдүн баары неме болуп атат. Мына эми рыночный экономика келе баштады, бай менен кедейлер келе баштады.. Мурда кандайдыр бир стабильный коом болсо, эми ошолордун баары жылаңачтанып, адамдардын мамилелери да ачыкка чыга баштады. Ким өзү кандай болсо түпкүлүгүндө, азыр эми жүзүн жаппай эле ачыкка чыгып, колунан келгенин жасай баштады. И мисалы моралдык жактан дагы, морально-нравственный жактан дагы. Ошол.
- Мен жанагыларды түптөп билгим келет да: кандай себептер алпарды Чыкемди ушундай окуяга? Мына сиздин көз карашыңызда.
- Ал аял тияктан келгенден кийин... видимо, честолюбивая женщина, тияктан келгенден кийин, менимче, өзүнө максат койгон, жыгылсаң нардан жыгыл.
- Жо-о, мына сиз жооп берсеңиз; же түшүндүрсөңүз: Чыкем өзүнүн алигиндей бийиктигинен!.. жанагы машинистка келиндин деңгээлине кантип түштү дейм да? Дурусураак бирдеме тапкан жокпу, эл артисткасы дегендей?
- Аны эркек киши жооп бербесе... Мен билбейм да эркектердин психологиясын. Я просто думаю, что она приглянулась, ну, чтобы переспать. А тут она ребенка запланировала. Ичин таңып да билдирбей жүргөн имиш. Анысы төрөлүп неме кылгандан кийин, она поставила его перед фактом. Анан, Чыкең өзү абийирдүү киши... Талкалап да салса болмок: Я знать не знаю! Пошла вон! Кимдин баласы экенин мен каяктан билем?! - деп койсо это было бы в норме. Мен билбейм, деп коймок, болду. Ал болсо келип свою семью поставил перед фактом: эмне кылабыз? - деп. Аерден тиги Керез эже да, видимо, переживала: эмне кылабыз?... тиги-бу дегендей. Анан Керез эже да айткан экен: кызыбыз жок эле, ырас болбодубу, кел багып алалы! - дептир...
- Мындан башка да бир-эки сөз угуп калдым эле.
- Эмне, башка да балдары бар бекен?
- Каңырыш угуп калган жайым бар эле, бирок анык эмес да.
- Эми, кыргызда илгертен эле сөз бар, жакшы кишиден тукум алып калалы, деген...
- Бирок алар бул ургаачыга караганда бир топ карапайым окшобойбу. Мунусу көбүрөөк наглыйраак экен да, туурабы?
- Анан кантсин, өз бактысына жараша да. Капа болот дейт, үшкүрөт экен, бышкырат имиш. Семейный скандалдар да жок эмес дейт. Ушунун баары акыры келип эле Чыкеме тийет да...
- Кыскасы, нашла коса на камень, дечи. Анысы ал, эми булардын уровени эмне болот?
- Кандай уровень?
- Мисалы, Чыңгыздын деңгээлинде сүйлөшүш үчүн...
- Эми Чыңгыз деген көчөгө чыкканда Чыңгыз да, биз үчүн Чыңгыз! Үйгө келгенде простой мужчина, простой муж смертный! Керек болсо чайды берет: ичсең ич, ичпесең жок, дейт. Первое время ей, может быть, таасир этиши мүмкүн Чыңгыз деген наам. Азыр ал ага жөнөкөй эле күйөө. Она же не будет ему молиться как Будде, правильно?! Албетте, жанагыдай мамилелер болгондон кийин, бүлөдө кичинекей жарака бар да, кантип жок болсун. Какие-то душевные нюансы. Экөөбүз тең эле азыр в таком возрасте, мы уже должны понимать. Сиз кайсы... э-э, билимиңиз эмне, кесибиңиз?
- Ташкент чет тилдерин бүткөм, кесибим.. Азыр көрүп турбайсызбы, ушак жыйнап жүрөм талыкпай...
- Мен болсо адабиятчы...
- Сиз даамдуу жазасыз..
- Эмнени окудуңуз?
- Жанагы, "Ак батанын" экинчи санынан интервьюңузду окуп алып келбедимби сизге...
- Орточо эле... Эженин Луи Арагон, Маркес, Ауэзов жөнүндө айткандары бар эң эле бир сонун кылып, мен аны экинчи этапка коюп койдум. Со временем, балким, кайрылармын...
- Та-ак, менин эми биерде айтайын дегеним мындай да: америкалык конгрессмендер менен сенаторлор кайсы бир адепсиздик кылса, ойнош күткөнү билинип калса, мейли он жыл өтсө да жооп беришет экен, атүгүл депутаттык укугунан ажыратып да коюшат экен...
- Ой жанагы Бушту деле предполагаемый подружкалары бар деп канча козгошту.
- Эми бул өңүттөн караганда бизде атүгүл ошол ойношторун ээрчитип барып деле депутат болуп шайланып кетип жатышпайбы...
- Бизде скорее всего... Жанагы мурдагы партийный иштердеги аялдар жөнүндө Өмүрканов бир ыр жазды го, ал чындыктын бир гана бетин ачып койду...






Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Кургасын, жайып кой, балам.
- Ал эмне болгон кат, апа, Мараттан эмеспи?
- Жо-ок, башка кат, эртең Маратка телеграмма береличи.
- Эмнеге?
- Келбесе болбойт, Нурсейит менен Алсейитти, Гүлжандарды, Маратты чакырталы.
- Тынчылыкпы, апа?
- Тынчылык эле, менин балдарыма айтарым бар, - деп Давлет оор улутунуп алды, бирок жүзүндө кубаныч турду. Эртеси почтага барып, балдарына телеграмма берди. Эки күндөн кийин балдары, кыздары келип бапырап отурушту. Айрыкча, Марат бул чакырууга абдан таң калды. Жүрөк басып чай ичип, бир аз отургандан кийин улуу баласы Нурсейит:
- Апа, бу бизди кандай иш менен чакырдыңыз, жумуш кычап турган кезде баарыбызды чогултканга эмне себеп болду? - деп сурады Давлеттен.
- Балдарым, силерге айта турган бир сөзүм бар, канча жыл жүрөк өйүгөн арманым, өкүнүчүм бар. Силер таң каларсыңар, бул менин жаңылыштыгым эмес, тагдырымдын гана мага таңуулаган белеги.
- Эмне болгон арман экен? - Марат апасын түшүнө бербей карады.
- Атаңардан мурун күйөөгө тийгемин, андан кызым бар эле… - деп Давлет катты Нурсейитке сунду. - Муну окуп, анан мага жооп бергиле, чакырайынбы, же тааныбаган бойдон калайынбы, силер айткандай болсун, - деди Давлет башын жерге салып. Анткени менен ал эч качан балдарына баш иймек эмес, алар макул болбой койсо эле ошого көнүп отуруп калмак эмес. Болгону эркиндик берди, тун кызын, болгондо дагы көз ачып көргөн наристесин көрсөм дегенде эки көзү төрт болуп турган.
- Апа, анда биздин эжебиз болот тура! - деди Нурсейит катты окуп болуп, анын колунан Марат алды. Баары окуп чыгып, көпкө үн катпай тунжурап калышты.
- Кандай бүтүмгө келдиңер, силер кабыл аласыңарбы же жокпу? - Давлеткан балдарын кыдырата карады.
- Мен макулмун, кирген киреше, чыккан чыгаша, бир туугандын бары жакшы, эжебиздин бары биз үчүн сыймык эле болор. Аты Мырзагүл экен. Апа, билип туруп эле атайын кызыңды эстеп туруш үчүн Мараттын кызынын атын Мырзагүл койгонсуң го? - деп Нурсейит күлүп калды.
- Мен аны төрөтканадан эле бергемин, атын билген да, уккан да эмесмин, кудайдын буйругу менен ошондой болуп калды, балдарым. Анда эртең ушул дарекке телеграмма жөнөткүлө, Фрунзеде жашайт экен, быйыл отуз үчкө чыгат, күйөөсү, бала-чакасы бар экен…
- Болду анда, мен баарыңардын атыңардан телеграмманы жөнөтөйүн, келсе тезирээк келсин, жумуштан калбай биз дагы кетели.
- Ошондой болсун, мен дагы үч күнгө келдим, жумуштан бошошум кыйын, сырттан окуганым дурус болуп, өзүм иштеп жатпайымбы, - деди Марат.
- Апа, - деди Гүлжан апасына эркелей, - үч кыз болуп калат экенбиз да.
- Ооба, садага, ошол кызды көрсөм дегенде эки көзүм төрт эле, эми өзүн эмес үй-бүлөсүн көргөнү турам, - деп Давлет көкүрөгүн кере терең дем алды. Негедир кубанычтан толкунданып, жүзү тамылжый, жүрөгү тез-тез кагып, башкача абалда отурду. Дал ошол эле күнү телеграмма берип, даярданып калышты. Арадан үч күн өткөндө эшиктин алдына ак волга токтоду. Ичинен келишкен галстук тагынган кырктардагы адам, анын артынан узун бойлуу, чачын артына түйгөн, кийген кийими өзүнө жарашып суйкайган сулуу Мырзагүл ондордогу эркек бала менен жети-сегиздердеги бапыракай көйнөкчөн кызды ээрчитип түштү. Аларды утурлай тосуп келе жаткан Марат тык эле токтоп калды. Баары тосуп алып учурашып жатканда, Давлеткан менен Мырзагүл саамга кучакташып туруп калды. Эрнис Маратты көрүп: "Бул кайдан жүрөт, Мырзагүлдү сүйөм деп карыш бастырбай калганда зорго алып калбадым беле?"-деп аны көз айрыбай карап калганда Нурсейит үйгө карай колун жаңсады.
- Үйгө кириңиздер.
- Ооба, киргиле, айланайын, - деп Давлеткан далбастай көз жашын аарчып, бир күлүп, бир ыйлай үйгө карай жөнөдү. Чогуу кирип, төрдөн орун алган соң, - Бул улуу балам Нурсейит, Алсейит, Мирсаид, кыздарым Айжан, Гүлжан, бу тургандар болсо неберелерим, - деп күлмүңдөй Мырзагүл менен күйөө баласына баарын тааныштырды.
- Жакшы, - деди Эрнис. - Мен Марат деп билем бул балаңызды, биз таанышпыз, көрсө, тагдыр бизди ошондо эле тааныштырган турбайбы?
- Ооба, бизди бир туугандык сезим жакындаткан экен да, - деп Мырзагүл коштоду. Андан кийин арыдан-бери союш союлуп, конок тосуу башталды. Давлеткан кызы менен отуруп, сүйлөшүп отурушту.
- Кандай, кызым, сенден кабар ала албаганым үчүн кечир мени, анткени, мен сени атаңдарга ошондой убада менен бергемин. Анын үстүнө алар менден качып кетишти, дайын-дарегин билбей калдым, акыры айтышат экен, менден качпай эле коюшса болмок.
- Апамдын оюна койсо мага эч нерсе айтмак эмес, ушундай жакшы көрөт эле. Балдарын дагы мага сүйлөтчү эмес, балдары менин башка экенимди билишпейт, - деди Мырзагүл күлө.
- Ыраазымын кудайга, кеч болсо да сени көрдүм, көрбөй өтүп кетемби деп коркчу элем. Садага кетейиним десе, ымыркайыңда кеткен элең, минтип суйкайган кезиңде келип отурасың, - деп Давлет кызына жалынып-жалбарып, балдарын өөп, кубанып отурду. Марат эшикте жүрүп, өзүнчө ойлоп коёт: "Мырзагүл менин бир тууганым тура, көрсө, бир туугандык сезим мени ага тартып жаткан экен да. Кудай уруп, артынан ээрчип, күйөөсү менен жаман айтышпаганым жакшы болгон экен. Тагдырың түшкүр десе, ушундай дагы жолугушуу болот экен да", - деп ойлонуп Мырзагүлдү карагандан айбыгып, эт бышканча эшикте жүрө берди. Ошол кезде Эрнис чыгып келип, Нурсейит менен сүйлөшүп туруп калды. Марат аларга жакындай албай жеңелерине кол кабыш кылымыш болуп жүрдү, Эрнис дагы аны түшүнүп, үндөгөн жок. Кеч күүгүмдө колго суу куюлуп, дасторконго эт келди.
Давлеткан уул-келиндери менен кыз-күйөөсүн сыйлап жатты, неберелерине эт карматып, шыйрак берип, басса-турса жалбарат. Ошентип үч күн конок күтүштү, колунан келишинче сыйлап кийит кийгизди, эки небересине бирден кой энчиледи, кетеринде бир койду союп салып берип, коштошуп калышты. Марат алар менен чогуу кетмек болуп машинага отуруп жатканда Калыс:
- Мир, сен эми качан келесиң? - деди акырын.