Нурлан Насип туулган күнүн белгиледи
10-сентябрь күнү Нурлан Насип борбор калаабыздын чет жагындагы особнякта туулган күнүн белгиледи. Туулган күнгө өзүнүн жакын достору, классташтары, санаалаштары келип куттукташты. Туулган күн ушунчалык шаңдуу өтүп, ар кандай оюндар уюштурулуп, келген коноктор чер жазып кетишти. Нурлан Насип туулган күнүнө катуу даярданган өңдөнөт. Атайын лоторея да ойнотулду. Мындан тышкары, туулган күн тосом деген жаш ырчы жигитибиз, шаардагы боло турган тойлордон баш тартууга туура келген. Мындайча айтканда, чакыруулардан баш тартып бара албай калган үчүн кечирим сурайт.


Данияр тойго даярданып жатат
Өзгөндө Данияр Эрматовдун чоң атасынын атынан көчөгө ат берилди. Туулуп-өскөн айылына жакын аранын ичинде барып чоң той берсекпи деп туугандары менен даярданып жаткан учуру. Мындан тышкары, бул боло турган тойго эстрада жылдыздары да барабыз деп катуу даярдык көрүшүүдө. Бир айдын ичинде биздин эстрада жылдыздарыбыз Өзгөнгө барып тойлоп келишет деген ойдобуз.


Лутфилладан жаңы ырлар, жаңы клип
Жаш таланттарыбыздын бири Лутфилланын "Ленин пик" тобундагы көзү азиз жигит Улан Таалай Бектургановдун "Ата-эне" аттуу ырын жаздырды. Мындан тышкары, Улан өзү аткарып жүргөн "Апакем"аттуу ырына клип тарттырып, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөбүз",- дейт Лутфилла.


Куш бооңор бек болсун!

9-сентябрь күнү "Назик" бийчилер тобунун жетекчиси Назик закондуу түрдө турмушка чыкты. Өзгөчө даярдыкта өткөн тойдо Назиктин жакын санаалаштары келип кубанычын тең бөлүшүп, тойдун көркүн ачып кетишти. Өчпөс отко сүйүүбүз ушул өчпөс оттой болсун деген жакшы тилек менен келе жаткан жубайларды "Назик" бийчилер тобу бий менен тосуп алышты.


Назик, жолдошуң жөнүндө кыскача айтып кетесиңби?
- Жолдошум Кубат 1980-жылкы болот, түбү көлдөн, кесиби боюнча юрист.
Кандайча таанышып калдыңар эле?
- Экөөбүз эки жыл мурун таанышканбыз, биз куда-кудача болчубуз, эжемдин кайнилеринен болуп кетет. Эми көргөн жерден сүйлөшүп, тойлордо көрүп калчумун. Анан быйыл 14-февралда жактырарын айтып, экөөбүз расмий кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Ошентип беш ай сүйлөшүп, бири-бирибизди түшүнүшүп калдык деген ойдо 22-июль күнү баш кошуп, мына 9-сентябрда тоюбузду берип жатабыз.


- Назикти биринчи көргөндө калтырган сезим?
Кубат: - Назикти биринчи "Жылдыздар манежинде" көргөм. Көрүп ушунчалык баа бергем, эркек мүнөз кыз экен деп. Кийин бир тойго барып калып, ошол жактан көрдүм, бирок такыр тааныша албай койгом. Анан бир күнү байкемдикине айттап барып, ошол жактан көрүп, аябай жактырып калгам. Боёгу жок, үй кийиминде көрүп, жакшы кожейке болчудай сезим калтырган.


Алиса Сапарбекова