Кат куржун

Жаңылбас жаак болбойт
Биздин редакцияга окурмандардан келген каттарга жооп алдык. Кызыгы, биздин эле гезитке мурда ошол эле суроого башкача жооп беришкен болуп чыкты. Кандай жооп бергендерине өзүңүздөр күбө болуңуздар.

"Мени Бакиев декан кылган эмес да"
Асел Турдалиева бир убактарда: "Курманбек Бакиевдин келиши мен үчүн ак жолтой жылдардан болду. Эки жолу декан болдум, Жеке турмушумда дагы жакшы жетишкендиктерге жетиштим"-деп, 2009-жылы сиздердин гезитке интервью берди эле. Эжеке учурда дагы деле деканбы? Бакиев кеткенден бери жашоосу кандай экен, ушул тууралуу сурап берип койгулачы?
Наргиза, Бишкек шаары
Асел Турдалиева:
Курманбек Салиевичтин келиши мен үчүн ак жолтой жылдардан болду. Бир эмес, эки жолу декан болдум. КРнын Ардак грамотасын алдым. Ошондой эле жеке турмушумда да жакшы жетишкендиктерге жетиштим.
"Обон" гезити, 30-июнь, 2009-жыл, № 71
Асел Турдалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
Биз деген искусствонун адамдарыбыз да туурабы? Саясатташкан адамдардан эмеспиз. Ошондуктан ар бир артисттин ырыскысы бар, жашоосу өз нугу менен кете берет. Азыр кудайга шүгүр, ишим да, турмушум да жакшы, баары өз нугунда. Керек болсо ал учурдан да сонун. Азыр деле деканмын, мени Бакиев декан кылган эмес да, жөн гана ошол убакка туш келген. Заман өзгөрө берет экен, бирок менин жумушум алга жылып, баары жакшы.




Канат калпычыбы же Дайыр калпычыбы?
Бир убакта Дайыр: "Продюсерим Канат Кадыржан экөөбүз бөлө болобуз",-деп жүрдү эле. Кийин экөө урушуп, иштешпей калышты. Эми алардын тууганчылыгы эмне болду? Апалары да катташпай калдыбы? Экөөнөн тең жооп алып бергилечи?
Тамара, Бишкек шаары
Дайыр Исмадияров:
"Продюсерим Канат Кадыржан экөөбүз бөлө болобуз. Бирок ортобуздагы тууганчылык арткы орунда турат. Соодада достук жок дегенди туу тутуп, нааразы болбогондой так иштөөгө аракет кылабыз.
"Обон" гезити, 7-июль,
2009-жыл, №69
Канат Кадыржан, продюсер:
Биз эч кандай бөлө эмес болчубуз, ошондой маалыматтар тарап кеткен. Дайыр эмнеге антип айтып жүрөт билбейм, аны өзүнөн сурагыла.
Дайыр Исмадияров, ырчы:
Негизи, экөөбүз бөлө эмеспиз. Бул Канаттын кандайдыр бир саясаты болчу, мен ага түшүнбөйм. Ал гезиттерге бөлө болобуз деп интервью берип коюптур, анан мен ага кайра каршы чыкпайын деп, мен да ошентип айтып койгом. Ал кезде көпчүлүк интервьюларды Канат текшерчү да, анан мен антип айтпасам деле ал ошентип кошуп койчу.






"Кыз-Бурактын" турмушка чыккан кыздары топко кайра алынабы?
"Кыз-Бурактын" мыйзамы боюнча турмушка чыккандан кийин кыздар кайра топко алынбайт деп Гүлшайыр эженин айтканы бар. Анан эмнеге Гүлбахор аттуу турмушка чыгып, 2 балалуу болгон кызын, кайрадан топко алды? Ушул тууралуу сурап бериңиздерчи?
Диана, Бишкек шаары
Гүлшайыр Садыбакасова:
"Кыз-Бурактын" мыйзамы баарына бирдей, турмушка чыккандан кийин, өз арабасын өзүлөрү тартыш керек. Эгерде мен бирөөсүн кайра ала турган болсом, кеткен кыздардын баары таарынышат.
"Обон" гезити, 14-декабрь, 2010-жыл, №147
Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын эмгек сиңирген артисти:
Кыргыз Республикасынын конституциясы 20 жылдан бери канча жолу өзгөрдү? Анан эмне "Кыз-Бурактын" конституциясы бир жолу өзгөрсө болбой калат бекен? КРнын конституциясын каалаганча оңдоп жатышат, биздин алардан эмнебиз кем деп ойлодук. Быйылкы жылдан баштап, биздин уставыбызга жаңы өзгөртүү киргиздик. Эгерде бизге жүрөгү таза, көңүлү түз, чыккынчылык-саткынчылык кылбаган, жолдошу дагы музыкант, түшүнүктүү болсо, жумушка кайра алынсын деген кошумча киргиздик. Себеби, канча кыздар менден кеткенден кийин, жөндөп кете албай, же демөөрчүсү жок, же продюсери жок өчүп калышты. Ал эми чыккынчылык кылган, ою кара кыздарга эшигибиз жабык. Бир чети ошолорго боорум ооруп, Гүлбахорду топко алдым. Ал эки жылдан бери тынымсыз телефон чалып жүргөн, күйөөсү да музыкант экен.




Айчүрөк Иманалиева Динара Акуловага эмнеге жакпайт?
Акыйнек долбоорунун көңүл чордонунда бүгүн ырчылар Динара Акулова менен Айчүрөк Иманалиева эжекелер болмокчу.
Эске салсак, "Пресс.kg" гезитинин 1-сентябрда чыккан санында ырчы А.Иманалиева тууралуу Динара Акулованын терс пикири жарык көргөн эле. Анда Д.Акулованын пикири делинип, мындай деп айтылган: "Мага ырчы Айчүрөк Иманалиеванын ырдаганы эле жакпаса, калган эч кандай жакшы жери жок А.Иманалиева өзүн дайыма көтөрүңкү алып жүрөт жана менменсинип турат. Өзүн "кыргыздын жылдызымын" деп ойлоп алып, өтө эле көккө учуп алган. Бири-бирибиз менен эч келишпейбиз. Мүнөзү да, жүрүм-туруму жагынан да өтө начар айымдын катарын толуктайт. Концерттерде, ар кандай кечелерде жолугуп калабыз, ошондо көп көрөм. Кыскасы, мен Айчүрөктү жакшы аялзаты деп айтуудан алысмын".
А.Иманалиева:
"Динара калп экенин тастыктап
берем деп кечирим сурап жатат"
- Гезит чыккан күнү эле, Динара "менин атымдан ушундай билдирүү кетиптир, ага сен ишенбе" деп, караңгы түндө кечирим сурады. Чынын айтсам, Динара мени ушундай сөздөр менен жамандайт деп ишенгим келбейт. Өзү биринчи айтып, аябай кечирим сурап жаткандан кийин мүмкүн чын эле айткан эместир деген ойго келдим. Бирок, номерлерди териштире келгенде, "Жанара Атабекованын телефону экен",-деп айтты. "Ал сенин окуучуң эле, билбейм, эмне кылып атканыңарды, ушул туура эмес да",-дедим. Мүмкүн, мынчалык деңгээлде жамандап ийбесе да, Айчүрөк жакпайт, тиги-бу деп айтса керек. Чындыгында, бардык эле ырчыларга ниетим ак. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгына арналган концертке катыша турган ырчылардын ичинде Динара жок болчу. Мен уюштуруучуларга сөзсүз түрдө Динара катышышы керек, ырдаш керек, деп айтып катыштырткам. Өзүңөр күбө болгондой, менин автордук ырымды Динара экөөбүз аткарып чыктык. Мен андан мындай мамилени күткөн эмесмин. Бирок, калп экенин тастыктап берем деп кечирим сурап жатат.


Айпери Жумаева