Кино жылдыз болом дегендердин кулагына күмүш сырга
"Жан" киностудиясы жаңы киного кастинг жарыялайт! Кино жылдызы болууну каалагандар 10-11-12-сентябрь күндөрү саат 15:00дөн-18:00гө чейин "Кыргызфильм" киностудиясынын имаратына келип, өз талантын сынап көрсө болот. Дареги: Динара Асанова көчөсү 1, батыш автобекети жакта. Байланыш телефону: 0771-34-43-33.


Сергек жашоо образын бий менен даңазала!
Кыргыз шоу - бизнесине кадам таштаган жаңы - "Миң кыял" бий тобунун мүчөсү болууну кааласаңыз, анда бул КАСТИНГ сиз үчүн. "Миң кыял" жаңы бий тобуна, 25 жашка чейинки кымча белдүү, ажары айдай жана бийге суусаган кыздарды чакырабыз. Өз кыялыңдын жемишин бий өнөрүнөн тап! Буга чейин белгилүү бий тобунун аткаруучу директору болуп келген ди-джей мырза Акылбек Жеңишбек уулу эми жаңы топ түзүүгө шымаланып киришти. Топту жакшы тилек менен "Миң кыял" деп атап, бул күндөрү кастинг жарыялап жүргөн кези. 25 жашка чейинки кымча бел, ажары айдай, келбеттүү, бийге шыктуу бийкечтер өзүн сынап көрсө болот. Толук маалымат алуу үчүн 0773-28-11-32 жана 0557-91-77-11 номерлерине байланышса болот.


Айнура Салахидинова жакында турмушка чыгат
Ажарлуу айымдардын бири Айнура Салахидинова:"Күз айларынын акыркы күндөрүндө оң колумдун аты жогуна нике шакегин тагынып, кадырлуу кайненемдин сандыкта катылып жаткан аппак жоолугун салынып турмуш жолуна сапар алам",- дейт. Ырчынын айтымына караганда, кара казанга аралашып, келиндин кызматын аткара турган убакыт келгичекти эки коёнду бир ок менен атып, эки чыгармасына клип тартканды пландап жатат. Эмнеси болсо да Айнурага үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.


Кубаныч Сатаевден эскерүү концерти болот
13-сентябрь күнү Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев Спорт ордосунда атасынын жаркын элесине арнап эскерүү концертин бергени жатат. Концерттин сыйлуу коноктору болуп, боордош элибиз Казакстандын "Арно" жана "МузАрт" группасы келмекчи. Мындан тышкары, өзүбүздүн аттуу-баштуу жылдыздарыбыз да катышат. Концерттин коноктору Чубак Сатаевдин ырларын аткарышмакчы. Жай айында Кубаныч Сатаев атасы Чубак Сатаевдин атынан коомдук фонд негиздеген. Ошол фонддун биринчи иш-чарасы ушул эскерүү концерти болмокчу.


Алиса Сапарбекова




  Бир ырдын тарыхы

Айбек Карымов:
"Жүрөктө сүйүү толкуп турганда жаралган"
Ар бир хит болгон эски ырлардын биринен бири өзгөчөлөнүп тарыхы кызыктуу эмеспи. Бир убакта ар бир сүйүшкөндөрдүн гимнине айланган, учурда жаңыдан жандана баштаган сөзү обону А. Карымовго таандык "Сүйүү керемети" деген ырдын жаралыш тарыхына кайрылдык.

- Бул ырыңызды канчанчы жылы, кимге арнап жарыкка чыгаргансыз?
- Бул менин эң алгачкы ырым. Муну 1992-жылы студент кезде, жүрөктө сүйүү бар болуп, толкуп жүргөндө жараткам. Атайын бир адамга деле арнап чыгарган эмесмин. Ошол убакта мен жаңыдан ыр жазып, обон чыгарып жүргөн маалым эле. Жөн эле эргүү келип жаралып калган. Ошондо окуудан жайкы эс алууга жайлоого чыгып, колума гитара кармап биринчи обону келген. Анан бат эле сөзүн жазып, кыскасы, бир айдын ичинде даяр болгон.
- Сизден кийин бул ырды кимдер ырдашты?
- Муну эң биринчи жолу өзүм окуу жайдан оркестрге салып ырдап, дипломумду жактагам. Анан Кутман Жолдошев ырдап чыкты. Бирок элге Клара Алибекова кеңири таратты деп ойлойм.
- Учурда Даниель жаңыдан жашоо берип алып чыгып жатат? Сизден уруксат алыштыбы?
- Ооба, жакында Даниель чалып: "Байке, мен сиздин "Сүйүү керемети" деген ырыңызды ырдап чыксам болобу?"- деп суранган. Мен эч ойлонбостон эле уруксат бердим.
- Аны автор катары саттыңызбы же…?
- Жок, мындай эле бердим. Ушул убакка чейин чыгармаларымдын бирөөсүн дагы ырчыларга саткан эмесмин. Жагып сурашса жөн эле берем жана берип келе жатам.
- Сиздин ырыңызды ушул үч ырчынын кимиси жеткиликтүү ырдады деп ойлойсуз? Мисалы, Даниелдин ырдаганына ыраазы болдуңузбу?
- Албетте, ыраазы болдум. Даниель аябай жакшы ырдаптыр. Өткөндө менин туулган күнүмө арналган концертимде келип ырдап берди. Жаңыча үн, стиль менен ырдаптыр жакшы.





Ырчы Клара Алибекова:
"Бул ырды сүйүү эмне экенин билбей ырдагам"
- Канча жашыңызда бул ырды ырдадыңыз жана кантип ырдап калдыңыз?
- Бул ырды ырдаганда аябай кичинекей кыз болчумун. 7-классымда ырдап чыктым. Мен өзүм деле атайын тандап алган эмесмин. Ошол убакта Айбек Карымов "Нур" деген эстрадалык топ түзгөн. Ал топто 1 жылдай ырдап калдым. Ошондо Айбек байке мага ушул ырды ырда деп берген. Ал убакта сүйүү эмне экенин деле түшүнбөй, муну ырда десе эле ырдай бериптирмин, ойлоп көрсөм. Эми кандай десем? Бирок, менин оюмча, кичинемде бул ыр мага татыктуу,жарашыктуу эмес болчу да. Анткени, 7-класста жанагындай сөздөрү менен ырдаганыма азыр эстеп таң калам. Бул ырды азыр ырдасам туура болмок. Ал эле эмес Айбек байкенин "Энекем" деген ырын дагы ырдап чыккам. Негизи эле Айбек байке ал убакта болгон ырларынын баарын мага ырдатчу.
Ырчы Даниель:
"Кичинемден бери жакшы көрүп укчумун"
- "Сүйүү керемети" деген ырды кичине кезибизден эле баарыбыз сүйүп укчубуз. Мен дагы көптөн бери өзүмчө жакшы көрүп ырдап жүрчүмүн. Атам дагы бул ырды жакшы көрөт. Анан ушул ырды ырдап чыгайын деп, албетте, биринчи Айбек байкеден уруксат алдык.Уруксат бергенден кийин аранжировкасын Эрнис Жоошев деген балага жаздырдык. Ошол убакта Айбек байке концерт берейин деп жаткан. Ошого жетишип калалык деп жаздырып, биринчи жолу Айбек байкенин концертинде ырдап чыктым. Учурда радиолордон кетип жатат. Эми кандай болгонун, албетте, эл сындайт. Элге жагып кетсе экен деген ойдобуз.