Репортаж

Эгемендүүлүк келгенден кийинки жылдарда арабызда хиджаб кийген кыздардын саны арбып, көпчүлүктүн арасында ар түрдүү талаш-тартышты жаратып келет. Ушул тууралуу кеңири маалымат бергенге аракет кылдык.

Хиджаб кийүү айымдарга парзбы?
Элибиздин 80ден ашык пайызын мусулмандар түзөт деп айтып келебиз. Жыл өткөн сайын калкыбыздын калың катмары Ислам динин таанып, мусулманчылыктын парздарын аткарып, дин жолунда жашап, ошол эле учурда айымдар арасында хиджаб кийгендердин саны арбыды. Бирок айрымдар колдосо, айрымдары арабдарды туурап кийишет деп каршы болушуп, коомдо кайчы пикирлер айтылып келет. Негизи эле хиджаб кийүү шартпы, хиджаб тууралуу куранда эмнелер айтылган, кыргыз кызынын хиджаб кийүүсү туурабы? Сөз учугун ушул туурасында улоо максатында, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын Фатва бөлүмүнө кайрылдык.
Шергазиев Жоробай, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн кызматкери:
- Хиджаб деген сөз эмнени түшүндүрөт жана хиджаб туурасында куранда эмнелер айтылган?
- "Хиджаб" деген сөздүн мааниси "жамынуу" дегенди билдирет.
Куранда түздөн-түз парзда: "Момун мусулман айымдар бардык аураттарын, өзүлөрүнүн жүзүнөн жана колдорунан башка жерлерин эч кимге көргөзбөй жамынып жүрүшү шарт",-деп айтылган. Үйүндө гана каалагандай жүрүшсө болот. Ошондой эле жолдошу, атасы, бир тууган агасы жана уулунун алдында жоолук салынбай жүрсө боло берет, ал эми башка эркектердин алдында жоолугу жок жүргөнгө болбойт.
- Динди карманып намаз окуп, бирок хиджаб кийбей жүрсө эмне болот?
- Хиджаб кийүү, намаз окуу-экөө тең парз. Айрым адамдар намаз окуп, бирок хиджаб кийишпейт. Шариятта намаз өзүнчө, хиджаб өзүнчө маселе деп эсептелинет. Намаз окугандар намаздын парзынан кутулушат. Ал эми хиджаб кийбей, дене мүчөсүн билгизген кийим, кыска юбка кийип, башына жоолук салынбай, шариятта чоочун мырзаларга көргөзбөй турган жерлерин жаппай жүргөндөрү үчүн күнөөгө батышат. Намаз окуганда күнөөлөрүнөн кутулуу, же кутулбашы бир гана Алладан. Алар намаздын милдетинен кутулуп, хиджабдын милдетинен кутулган жок деп эсептелинет.
- Мектеп окуучуларынын арасында хиджап кийген кыздарга мугалимдер тарабынан тыюу салгандары бар экен, ушул туурабы?
- Окуучуларга "хиджаб" кийбегиле деп тыйганга биздин мыйзам боюнча эч кимдин укугу жок. Мугалимдер "биздин уставга туура келбейт" деп айтышат, бирок мектептин уставынан, мамлекеттин конституциясы жогору турат деп эсептейбиз. Билим берүү министрлигинин да орун басарлары келишкен, алар: "Эч бир мугалимдин тыюу салганга укугу жок, эгер тыюу салгандар болсо, окуучулар сотко беришсе болот",- деп айтышкан.


Хиджаб саткан дүкөнгө киргенибизде, сатуучулар хиджабга суроо-талап күн санап өсүп жатканын, хиджаб кийимдер Турциядан, Индиядан алынып келерин,ошондой эле жергиликтүү тикмечилер тиккен хиджабдарды сатышарын айтышты. Андан соң хиджаб кийген айымдардын оюн билсек жана хиджабды кандай тандоо керек деген суроого жооп издедик.
Дүйшөнбиева Салиха, Ислам университетинин мугалими:
"Адамдын кайсыл мүчөсү кандай экени билинбей турган болуусу керек"
- Хиджаб кийип калууңуз туурасында айтып берсеңиз?
Мындан10 жыл мурун динге кызыгып, динди жакыныраак таануу максатында Ислам университетине окууга киргем. Хиджаб бизге буйрулган парз экенин билип, ошондон кийин хиджаб кийип калгам. Албетте, алгач кийгенде жеңил болгон десем калп айткан болом, бир аз кыйыныраак болгон. Себеби, каалагандай кийинип жүрүп,бир күнү жоолук салынып, жамынып калсаң башкача сезимде болосуң.
- Кийим тандоодо эмнеге көңүл буруу керек?
- Кийим тандоодо түстөргө көп маани берилет. Өтө ачык, сары, жашыл түстөгү кийимдерди кийгенге болбойт, себеби, түстөр адамдын көңүлүн бурбагандай болуусу керек. Азыр хиджабды ар ким ар кандай кылып кийип жүрөт, туурасы хиджаб кийгенде бардык мүчөң жабык болуп, адамдын кайсыл мүчөсү кандай экени билинбей турган болуу керек.
- Сиздер кийген хиджаб кийимдерди, кыргыздын улуттук кийимдери эмес дегендер да бар…
Араб улутундагылардын кийими деп ойлогондор көп, бирок алар жаңылышат. Ислам дини келгенче араб улутундагы айымдар ачык эле кийинишкен. "Кайсыл бир өлкөнүн улуттук кийимин кийгиле"-деп айтылган эмес, жөн гана жамынышсын деп айтылган. Ал эми ар бир адам өзү каалагандай жамынып жүрсө болот. Азыр кыргыз колорити менен оюуларды түшүрүп, улуттук, бирок шариятка туура келген, эки жакты бирдей камтып кете турган жаңы хиджаб кийимдерди тиктирип жатабыз.

Омар, ырчы:
Хиджаб кийген кыздарга деле жакшы көз карашта караса болот, алардын Аллага болгон сүйүүсү, урматтоосу бар деп ойлойм. Хиджаб кийип, намаз окуган кыздарды сыйлайм. Бирок оронуп алып эле жаман иштерди жасап жүргөндөр да бар. Заманбап кийинген кыздарга деле каршылыгым жок, алар азыркы замандын талабына ылайык кийинип жүрүшөт.

Ильгиз, ашпозчу:
Хиджаб кийген кыздарга жакшы эле көз караштамын.Алардын арасында чыныгы ыйманы бар кыздары да бар, кээ бири хиджаб кийип алып деле жаман жолдорго барып жүрүшөт.

Атыркүл, бухгалтер:
Азыр ар ким өзүнө жаккандай кийинип калды. Хиджаб кийген кыздар жашоодо жамынып жүргөн туура деп эсептешсе керек. Өзүм жаратканга ишенип, баарын жасасам да хиджаб кийбейт элем. Эң негизгиси, адамдын жүрөгү таза болсо болду деп ойлойм.


Жибек, үй кожойкеси:
Араб улутундагыларды туурап кийишет деп ойлойм. Арабдар го ал жактын ысыгынан сактаныш үчүн жамынышат экен, ал эми биздин кыздар хиджабды эмнеге кийип жүрүшкөндөрүнө түшүнбөйм.


Керемет Сабыржан кызы, ди-джей:
Хиджаб кийген кыздарды урматтайм, сыйлайм, анткени, хиджаб кийүү-ыймандуу болуунун бирден бир жолу. Ал эми мектеп окуучулары болгон көп кыздарды көрүп жүрөм, хиджаб кийип мектепке баргандарды. Мен ойлойм, хиджабды бойго жеткен, же турмушка чыккан кыздар кийсе жакшы болмок деп. Экинчиден, хиджаб кийбей деле таза жолдо жүрсө болду деп ойлойм.


Кыргыздын белгилүү айымдарынын арасында да дин жолунда жүргөндөр бар. Ырчылардан Асел Кыдыкова хиджаб кийип биротоло сахнадан кеткен болсо, Ташкент кызы Гүл да хиджаб кийип, көп убакыттан бери сахнадан алыстап кеткен.
Ташкент кызы Гүл, ырчы:
"Хиджаб айымдарды күнөөгө батыруучу эркектердин жаман көздөрүнөн сактайт"
- Хиджаб кийип калууңузга эмне түрткү болгон жана хиджаб кийгенден кийин эмнеге сахнадан көрүнбөй кеттиңиз?
- Менин хиджаб кийип калуума, албетте дин жолуна түшүп, намаз окуганым себеп болгон. Намаз окуган адам өзү эле хиджаб кийгиси келип калат. Башында бардык кыздар кийип жүргөн хиджаб кийимин кийгем, бирок арабдардын кийими деп угуп, азыркы учурда андай кийим кийбейм.Бардык жеримди жапкан кыргыздын эле кийимдерин кийип жүрөм.Дин жолуна түшө электе ачык кийимдерди кийип жүргөм, бирок билбестиктен кийгем деп ойлойм. Мисалы, заманбап кийинип жүргөндө көчөдөн балдар сугун артып карашкан болсо, хиджаб кийгенден кийин карай албай калышат. Хиджаб айымдарды күнөөгө батыруучу эркектердин жаман көздөрүнөн сактайт. Өзгөчө үй-бүлөлүү айымдарга хиджабды сунуштамакмын, себеби, жолдошунан башка эркектердин көзүнө илинбей жүрүүлөрүн каалайм.Ал эми ырчылык жолумда мурдагыдай жеңил-желпи ырларды ырдабастан, ыйман жолундагы ислам динин даңазалаган чыгармаларды жаздырайын деп жатам.


P.S. Сөзүбүздүн аягында айтарыбыз, азыркы биз жашап жаткан эркин заманда эч бир адамды мындай кийим киесиң деп таңуулаганга укугу жок. Ким кандай кийимди тандаса да, эң негизгиси, адам деген ыйык атыбызды, абийирибизди бекем сактайлы. Бирок бизге бул жаркын дүйнөнү көрсөткөн жаратуучунун да парздарын аткарып жүрсөк жаман болбос. Калганын ар бир адам өзү ойлонуп, жыйынтык чыгарат деген ойдобуз.


Динара Чокоева