Обон почта
ОП-183-01. Саламатсыздарбы, "Обон", кандайсыңар? Мен 1-сентябрь сабакка барып келдим, менин группалаштарым абдан жакшы экен.
ОП-183-02. Айгерим, сени мен Улуттук университеттен көрдүм. Сен ошол жакта окуйт турбайсыңбы. Сени көрүп абдан кубанып, кайрадан сүйүп калдым. Азамат
ОП-183-04. Келчи жаным, кайрадан кол кармашып, мурункудай бирге бак аралап басалы. Азамат
ОП-183-05."Обончик", мен силердин газетаңар аркылуу көптөгөн маалыматтарды билип келем. Бул жолу мага Кундуз Канатбек кызы тууралуу маалымат бериңиздерчи. Гүлбара
"Обондон" жооп: Кундуздун толук аты-жөнү Канатбек кызы Кундуз. Ал 1987-жылы 13-апрелде Ысык-Көл облусуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Жылдыз белгиси-кой.Кундуз балык этинен жасалган тамактардын бардыгын сүйүп жейт. Ал эми өзү тамактардын түрүн жасаганды жакшы көрөт. Бийиктиктен, чагылгандан абдан коркот. Азыр кыргыз элиме ырчы деген ат менен таанымал. Алдыга койгон максаты-дүйнө жүзүн кыдырып келүү.
ОП-183-06. " ТамаШОУ" лигасынын эң мыкты командасы "Юриссттерге" жалындуу ысык салам. Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар дайым бар болгула. Силерди сүйгөн Айкөкүл
ОП-183-07. Сүйүктүү ырчыларым Султан жана Урмат+Неляга менден салам. Чыгармачылыгыңарга ийгилик.Ар дайым жакшы ырларыңар менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап жүрө бергиле. Силер чыныгы суперсиңер. Силердин күйөрманыңар Айкөкүл
ОП-183-08. Менин эң сүйүктүү жандай көргөн курбу кызым Динара, сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Козу, мен сени аябай жакшы көрөм жана сендей курбум бар үчүн мен абдан бактылуумун. Айкөкүл
ОП-183-09. 2011-жылы №87 орто мектебинин 11-А классын бүтүргөн классташтарыма чоң салам. Алардын окууларына ийгилик. Айгерим
ОП-183-10. Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясындагы Карабаева Мыскал эжеме салам. Мыскал эже, сиз дүйнөдөгү эң мыкты мугалимсиз.Мен сиз менен сыймыктанамын. Сизди терең урматтоо менен сиздин окуучуңуз Жалал кызы Айгерим
ОП-183-11. "Юристтер" командасын алдыга сүрөп, супер кылып турган капитаны Саралаев Нургазыга чоң салам. Айко
ОП-183-12. Оо, Кыргызстанда Манас атам менен Чыңгыз атамдын эстелиги коюлуп, абдан сонун болуп калыптыр. Аны жасаткан адамдарга чоң рахмат. Мен кыргыздын чыныгы патриотумун. Кубан
ОП-183-13. Ай асманда кечкисин сырдуу көрүнөт. Ал эми жылдыздар болсо жымыңдашып, нурларын төгүшөт. Мен ошолорду карап туруп, сенин карааныңды көз алдыма элестетем, берекем. Жиза
ОП-183-14. Таластын жашоочуларына менден чоң салам. Күз келип кампаңар данга толуп жатса керек. Быйылкы түшүмүңөр мол болсун. Кыял 95
ОП-183-15. Өкүкзарлуу Баткен калкым, кандайсыңар. Өрүк кандай болду? Кыял 95
ОП-183-16. Жүрөгүм сени көргөндө бир башкача боло түшөт. Балким, сен мени таппай жатсаң керек, а мен сенин жаныңда дайыма жүрөм. Бир кылчайып артыңды караган кезде мен өзүмдү жашоодо бактылуу адамдай сеземин.
Ысмадияр
ОП-183-17. Шүүдүрүм айды карап жалгыз олтурамын. Сен жылдызсың, а мен сага кол сунамын. Жылмаясың жылуу күлүп, ардагым, жүрөгүмдүн болдуң го сен тумары. Ысмадыяр
ОП-183-18. Билсең эгер бул менин дарманымды, бул ааламда сени сүйүп калганымды. Жоодураган моймолжуган көздөрүң, айлуу түндө мага айткан ширин ошол сөздөрүң.
ОП-183-19. Учкум келет, баргым келет мен сага, жүрөгүмдү бергим келет садага. Колдорубуз бир-бир-бирине кыналышып, бассам деймин сени менен жай гана.
ОП-183-20. Салам, "Обон", мен эжекем Кусматова Бурулдун туулган күнү менен куттуктайм. Ал абдан сулуу, татынакай, жөнөкөй, акылдуу кыздардын катарына кирет. Сабакты да абдан жакшы окуйт. Мен сизди жакшы көрөм. 6-сентябрь сизди төрөгөн апакеңизди куттуктайм. Эч качан оорубай, дайыма күлүп-жайнап жүрө бериңиз. Эржан
ОП-183-21. Апа, мен сизди абдан жакшы көрөмүн. Сиздин мага деген жылуу мамилеңизди эч бир асыл жанга теңей албайм. Сиз бул ааламдагы эң кымбат жана эң мыкты эне болуп эсептелинесиз. Мен сизди ушунчалык жакшы көрөм. Бир мүнөт сизден алыс кетсем, санаа тартып, куса болуп, ооруп каламын. Ошол үчүн мен сиздин жаныңыздан чыккым келбей, сиздин энелик мээримизге чөмүлгүм келет. Сиз оорубай аман болуңуз. Бегимжан
ОП-183-22. Мен группалаштарыма салам жолдойм. Алар Улуттук университеттин журналистика факультетинде окушат. Гүлбарчын
ОП-183-23. Каалайм сага арчадай узак өмүр, каалайм сага деңиздей тунук көңүл. Каалайм сага бул дүйнөнүн жакшысын, каалайм сага бул дүйнөнүн ачкычын. Менин курбум Асел, бар бол. Жамал
ОП-183-24. Гоинде иштеген Жанат деген кызга салам жолдойм. Мен кечээ ошол кызга чачымды кырктырып кеткен болчумун. Ал кыз ушунчалык сулуу экен. Татынакай жүзү бир көргөндө мени өзүнө арбап алды. Мен кантип сүйүп калганымды дагы билбейм. Эми күнүгө ошол "Жаркын" деген сулуулук салондун жанынан өтчү болдум. Ага кантип өз сүйүүмдү билдирем билбейм, азыр ойлонуп жатамын. Жанат, эгер СМСти окусаң, сен менин жүрөгүмдүн сүйүү деген дартка кабылганын билип өзүң мага кабарлап коёрсуң. Чын, мен сени сүйүп калдым. Мынчалык ойго батып, сүйүүгө кабылган эмесмин. Бекзат
ОП-183-25. Кыргызстандын жаштары көчөгө чыгып эле ар кимден кол топтоп убактыңарды кетире бербей, татыктуу, Кыргызстандын келечегин ойлогон ажо шайлап албайлыбы. Көрүнгөнгө эле кошомат кылбай. Макс
ОП-183-26. Досторум Жаркынай, Элина, Майрамгүл, Перизат, Нуркыз, Тахмина, Гүлбарчын, Динара, Айжаркын, Жапаргүлгө менден ысык салам. Силердин окууңарга, ишиңерге ийгиликтерди каалаймын. Турмушка чыгып, бактылуу-таалайлуу адамдардан болгула.
ОП-183-27. Саламым "Обондун" жалпы жамаатына, ишиңерге ийгилик. Калемиңер курчуй берсин. Дайым алдыда биринчилердин биринчиси болуп жүрө бергиле. Сырдуу кыз
ОП-183-28. Күздүн келиши менен жалпы кыргыз элимди куттуктаймын. Кампаңар данга толуп жыргап калдыңар болуш керек. Ошону менен катар айылда дыйканчылык кылган Марс байкеме салам жолдойм. Жазым
ОП-183-29. Ат-Башынын мени тааныган бардык тургундарына салам. Мен өзүм Ат-Башынын жайлоосунда кымыз ичип чоңойгом. Азыр ошол кымызды, апамдын ысык нанынын үстүнө каймак сүйкөп жегенди абдан сагындым. Бурулча
ОП-183-30. "Обонтай", сени майрамың менен куттуктайм. Мага белгилүү кино жылдызы Анжелина Жоли жөнүндө маалымат жазып коюңуздарчы. Нурзат
"Обондон" жооп: Анжелина Жоли-Войт 1975-жылы 4-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы 1978-жылы "Үйгө кайтып келүү" аттуу фильминдеги ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын алган белгилүү актёр Жон Войт болгон. Ал эми апасы Марселина Бертран убагында модель болчу. Анжелинанын 2 жашар кезинде ата-энеси ажырашып кетишкен. Ар кандай ушактардан чочулаган апасы Анжелина менен уулу Жеймсти алып, Нью-Йорк шаарына баш калкалап көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Азыркы учурда Анжелина Жоли дүйнө жүзүнө белгилүү актрисалардын бири.
ОП-183-31. Келинчегим Гүлайым, уулум Чолпонбек, кызым Айгеримге салам. Силерди сагындым, эртерээк келгилечи. Нурик
ОП-183-32. Атама, апама чо-оң салам. Ноокенден Эркин
ОП-183-33. Кара-Суудагы аскер бөлүгүндө кызмат кылган Шергазыга салам. Айпери
ОП-183-34. Ноокат районунун Борбаш айылындагы ата-энеме, досторума салам,- деп Шергазы.
ОП-183-35. Салам, "Обон", кыргыз элиме салам. Кыздар менен агент аркылуу таанышкам. Ошол сулуу кыздарга менден салам. 0778998ххх
ОП-183-36. 30629 аскер бөлүгүндө иштеген балдарга салам. Нурик
ОП-183-37. Нурбек, Алимбек, Мирбек, Турат, Авазга менден чоң салам. Эркин
ОП-183-38. Ноокен районунун Бүргөндү айылында жашаган эжем Алтынга жана Ильяз, Дооронго салам. Аваз
ОП-183-39. Жаңы-Арыктык 88-жылкы досторума ысык салам. Досуңар Нурбек
ОП-183-40. Жүзү жок аялды жүз өпкөнчө, жүз грамм ичип жатып алган артык. Нурбек
ОП-183-41. Салам Аиза, сени сагындым, качан жолугабыз? 0707110ххх
ОП-183-42. Курама айылына салам. Эжем Гүлназга да салам. Нурик
ОП-183-43. Жалал-Абад шаарына караштуу Ала-Бука районунун Падек айылындагы Т. Жоробаев атындагы орто мектебинин эжекелерине жана агайларына салам. 0707110ххх
ОП-183-44. Ноокенге Эркинден салам.
ОП-183-45. Жалал-Абадга чоң салам. Нурик
ОП-183-46. Кызымды туулган күнү менен куттуктайм. Ага арчадай жаштыкты, музыкадай шаттыкты каалайм. Бар бол, ооруба, сени сүйөм,- деп Эркин.
ОП-183-47. Салам, Жалал-Абад шаарына караштуу Падек айылынын 91-жылкыларына салам. 0707110ххх
ОП-183-48. Алибе, кыздуу болушуң менен куттуктайм. 0707110ххх
ОП-183-49. Турдали, алган жубайың менен бактылуу бол, досум. Нурик
ОП-183-50. Менин сүйгөнүм таштап кетти, эми эмне кылам? 0707110ххх
ОП-183-51. Аиза, мен сени сүйөм. 0707110ххх
ОП-183-52. Жданов айылына салам. 0707110ххх
ОП-183-53. Салам, бардык мени тааныгандарга да тааныбагандарга да. Иштериңер кандай, кандай жүрөсүңөр? 0779880ххх
ОП-183-54. Кыргызстанга башка өлкөдөн келген бардык туристтерге салам. Кыргызстан абдан кооз жана кылка меймандос келет. 0779880ххх
ОП-183-55. Оштогу Куршаб айылына салам. Менин айылдаштарым, силерде кандай жаңылык? Мен окуп жатам, бул жакка көнүшүп калдым. Миргүл
ОП-183-56. Мирбек Атабеков көрүнбөй кайда жүрөт экен? Мирбек, сиздин чыгармачылыгыңызга албан-албан ийгиликтерди каалаймын. Мен сиздин талантыңызга таазим кылам. Перизат
ОП-183-67.Салам, "Обончик", мен спортчу Майкл Фелпс жөнүндө билгим келет. Мага ошол тууралуу маалымат бериңиздерчи. Мен сиздерди жакшы көрөм. Мен сиздерден жооп күтөм. Марс
Майкл Фелпстин толук аты-жөнү-Майкл Фред Фелпс. 1985-жылы 30-июнда Балтимор шаарында төрөлгөн. Ал 47-өлчөмдөгү бут кийим кийсе, боюнун узундугу 91 смди түзөт. Спорт боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону болгон. Майклдын үй-бүлөсү үлгүлүү америкалык үй-бүлөлөрдөн болгон.Атасы Фред полиция кызматкери болсо, апасы Дебби мектепте окуучуларга сабак берип иштечү. Ал жети жашынан баштап сууда сүзүү менен алектене баштаган. Майкл мелдеште, бассейнге музыкасыз чыкпайт. Анын эки эжеси тең сууда машыгат. Майкл дайыма бир калыпта тамактанып жүрөт. Дайыма эртең менен 3 сэндвич, быштак, салат, помидор жейт. 2 стакан кофе ичет. Түштө болсо 2 гамбургер же чизбургер, анан суусундук ичип алат. Кечкисин болсо жарым килограмм макарондон жасалган тамак жана бир пицца, анан энергетикалык суусундуктан ичет.
ОП-183-58. Токтогулдун Жетиген деген айылына менден жалындаган ысык салам. Мен жакында барам, мени күтүп алгыла. Динара
ОП-183-59. Динарага бизден ысык салам. Ал бизди айт күнү абдан сонун коноктоду. Биз сага ыраазыбыз. Динара жана Алиса
ОП-183-60. Галя эже, сиз сүйүүңүзгө жолугуп, бактылуу-таалайлуу болуңуз. Картаң, үй-бүлөлүү адамды сүйбөй, суранам өз теңиңизди табыңызчы. Дику
ОП-183-61. Жылдар жылып, айлар агып артта калды, саргайгансып сагынычтын барактары. Жалгыздыкка сырдаш болдум элден азып, менин бактым, менин сырым кайда. Түнүм чексиз, күнүм элсиз өтүп жатты, неге тагдыр бакыт кушун менден катты. Салам айтам алыс учкан ак кушумдан, алсаң керек менин жазган ыр сабым. Бакир
ОП-183-62. Жаштык кетет кайрылбай, өткөн күндөн айрылбай. Үнсүз тиктейт жалбырак, кечки сулуу сезим кылдары.Ансыз кыска өмүрдө, кайгы калат көңүлдө. Барчын
ОП-183-63. Түнү бою уктабастан ойго батам, көз ирмебей сен жөнүндө ойлоп жатам. Кете бердиң кайрылбай, жок сүйүүгө арбалып. Калдым мен жалгыз, күн өтсө сансыз, жок үмүткө алданып. Сенин эми жүрөгүңдө башка адам билем. Билсем дагы мен баары бир өзүңдү эңсейм. Жашоомдун кызыгы элең, сүйүүмдүн жылдызы элең, түшүнбөй жаным кеттиң адашып. Бакир
ОП-183-64. Жал кичи районундагы Сулуу-Төр конушунда жашаган эжем жана жездеме менден салам. Элиза
ОП-183-65. Бакытка балкып турган менин сүйгөнүм Жанат, мен сени чексиз сүйөм. Бул дүйнөдө сага тең асыл жан жок. Бекзат
ОП-183-66. Ээрчишип экөөбүз жазгы таңда, чачтарың сеңселип жазгы шамалга. Жылмайып жүзүңдөн жылдыз жанганда, сага ашык болгонумду ыйлап эстедим. Сенден алыс жалгыздыктан азап тартканда, майда-майда басканыңды сыздап эстедим. Элестеп ар дайым ошол сезимдер, от болуп удургуйт назик көңүлдөр. Жүрөктө айыкпаган арман-кайгылар, ал бактылуу күндөрүмдү сыздап эстедим. Сынды сүйүү күзгүлөр сынды махабат, жараланган жүрөгүмдү тыңшап эстедим. Бакир
ОП-183-67. Келинчегиме, балдарыма, кыздарыма узак өмүр, ден соолук, жакшы жашоо каалайм. Бар болгула, менин күчүктөрүм. Элнур
ОП-183-68. Бардык жумушчуларга менин атымдан салам. Чарчаган жоксуңарбы? Бакыт
ОП-183-69. Байдөөлөткө салам жолдойм. Сенин иштериңе ийгиликтерди каалайм. Анан качан эс алганы жатасың, айтчы жигит? Марипа
ОП-183-70. Бардыгы жалган тура бул дүйнөдө, алдамчы, эки жүздүү адамдар көбөйгөндөн көбөйүп бара жатат. Кыргызстан качан оңолот же төөнүн куйругу жерге тийгендеби? Базар
ОП-183-71. Студенттер, окуу жылыңар кандай башталды, көнүп калдыңарбы? Силерден чоң студенттер кандай кабыл алышты? Майрам
ОП-183-72. Салиха Абирова жана анын эрке, татынакай кызы Бегимайдын иштерине жакшылыктарды каалайм. Дайыма жакшы күндөрдү, бактылуу көз ирмемдерди өткөрүп жүрө бериңиздер. 0705007ххх
ОП-182-73. Айсулуу, окууңа ийгилик каалайм. Сен сулуу кызсың. Талантыңа таазим кылам. Эркай
ОП-183-74. Айгерим, мен сени сүйөм. Сен эң акылдуу кызсың. Сенин сүйүктүүң Т
ОП-183-75. Нарын областына караштуу Ат- Башы районунун Талды-Суу айылынын тургундарына салам,-деп силердин жердешиңер Жакыпов Төлөмүш.
ОП-183-76. Алып баруучу Нурзат Токтосуновага салам. Элиза
ОП-182-78. Э мына, өкмөт бизди жыргатам деди эле, убакыт өтүп жатат. Биз качан оңолобуз? Бакир
ОП-183-79. Атам Курманга, апам Шайырга менден салам. Ата, апа оорубагыла, мен силердин кылган эмгегиңерди актайм. Бибигүл
ОП-183-80. Чоңко айылына салам. Чоңколуктарга салам. Ырыскүл
ОП-183-81. Гүлнур Асанова эмнеге көрүнбөй калды? Мен сени сыналгыдан көрүп калганда, ичкен ашымды жерге коём. Мен сени сүйүп калдым. Мага сахнада өзүңдү алып жүргөнүң абдан жагат. Бакыт
ОП-183-82. Улуу тоодо шаңшыган, улардын үнүндөй кубулжутуп ырдаган кыргыз ырчыларына салам. Темирлан
ОП-183-83. Көргүм келет сени күндө, көлөкөңө зар болуп, алтыным. Түшөм жалынга, көлдөй толкуп көңүлүңдө, көкөлөймүн жар болуп, жаркыным. Азиз
ОП-183-84. Менин сүйүүм деңиздей бир чалкыган, чагылгандай чарк-чурк этип чагылган. Нөшөрлөгөн жамгыр сымал талыкпай, сүйүүм сага алоолонуп жагылган. Мээрим
ОП-183-85. Алгачкы жолуккан күн 16 курак кезимде, ал күндөр унутулгус сүйүү орногон сезимге. Жамгырдын төккөнүн ай, ошондогу өпкөнүңдүн даамы дале эсимде. Мээрим
ОП-183-86. Ишенген досум Бакытка салам. Сен менин чыныгы досум болуп эсептелинесиң. Мурат
ОП-183-87. Көп гүлдөр бар, аларга кызыгам. А ошолордун арасында жалгыз гана менин Элини деген сүйгөнүм бар. Эльнур
ОП-183-88. Тогуз-Торолук менин жердештериме салам. Тилек
ОП-183-89. Жалгыз баскандан абдан чарчадым. Элдар, кайра кайтып келчи, экөөбүз бирге бак аралап басалы. Кайрадан сүйүшкөн жаштарга айланалы. Сабира
ОП-182-90. Мурдагы ырлардын кайрыктары эч качан өлбөй турган. Мен улуу муундун ырларын угуп тарбияланам. Жаштар, силер дагы ошондой кылгыла, макулбу? Абдул
ОП-183-91. Классташтарым Айдай, Салкынай, Назгүл, Тахминага салам. 077896ххх
ОП-182-92. Жакыпов Төлөмүшкө жана анын сүйүктүүсүнө салам жолдойм. Кармашкан колуңар ажырабай, бактылуу болгула. 0705007ххх
ОП-183-93. Балыкчылык досторума салам. Мен жакынкы арада силерге барам. Айдай
ОП-183-94. Айгерим, Айкөкүл деген эгиз кыздарга салам айтам. Айдай
ОП-183-95. Максат, кандайсың. Кайда жүрөсүң, дарегиңди билдирип койчу? Сүйүктүүң
ОП-183-96. Салтанат, жумушка чыктың беле? Азыр жакшы болуп калдыңбы?-деп бөлөң.
ОП-183-97. Канча жолу бассам да бир сендей кызды учураткан жокмун. Сен ушунчалык мээримдүү кыз экенсиң, Жанат. Мен сени өмүр бою сүйүп жашайм. Бекзат
ОП-183-98. Айтолкун, өтүп кеткен айт майрамың менен куттуктайм. Кандай тостуң, мен бара албай калдым кечир. Сенин курбуң Чолпон
ОП-183-100. Арманым батпай калды, канча жол артта калды. Өзүң деп соккон жүрөк, башкага чаппай калды. Жанат, эгер түшүнсөң, сенден башка жанды мен сүйө албаймын. Бекзат
ОП-183-101. Батыркуловдордун үй-бүлөсүнө бактылуу жашоо каалайм. Жыкы
ОП-183-102. Москвада жүргөн Нурматова Гүлжан классташыма салам.
Индира
ОП-183-103. Нургазыга салам. Өмүр гүлү жаш курак, ойноп күлгүн ар убак. Сизге каалайм 3 тилек: өмүр, бакыт, махабат. Сизди сыйлаган Айкөкүл
ОП-183-104 . Сагынычтуу саламымды "Обонтайга" айтамын. Бар болгула, аман болгула "Обондун" жалпы жааматы. Карим
ОП-183-105. Күндөр өтүп жүрөк күтүп сагынат, аппак сүйүүм бир өзүңө багынат. Бирге жүргөн ошол алтын күндөрдү, бүгүн эми жүрөк кайра сагынат. Ысмадияр
ОП-183-106. Неге мынча сүйдүм экен сени мен, неге мынча бир өзүңө берилем. Сени самап, сени сүйүп жүргөнүм, сезер белең, сездиң бекен деги сен? Дайыр
ОП-183-107. Жашоомо өзүнчө эле шаң тартуулаган кыздарым Жанат, Бурул, Аксана жана эркетайыма салам. Мен силерди жакшы көрөм,- деп апаңар Чынара.
ОП-183-108. Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун бейнесин борборго койгону жакшы болуптур. Ушул идея кимден чыкса да азамат жигит экен. Биздин урпактарды унутпаган. Баарыңарга ийгилик каалайм. Майрам
ОП-183-109. Сагынып- саргайып санаа тартып турган кезим,ашыгат жүрөктөгү жылуу сезим. Жанда жок сулуулугуң жүрөктү эзип, издеп жүрөм сендей жанды аалам кезип. Бекзат
ОП-183-110. Жаргылчакта жашаган айылдаштарыма жана сүйүктүү он бир жыл бирге окуган классташтарыма салам. Жийде