Айпери Сыдыкова:
"Күйөөмө уул төрөп берип, жеңилдеп калдым"
Өзүнүн өзгөчө үнү менен айырмаланган, сахнада татыктуу орунду ээлеген, азыр эне болуп сүйүнүчү койнуна батпай жаткан ырчы кыз Айпери Сыдыкова менен маектештик. Апасынын сөзүнө кошулуп, Исак да ыңаалап, бизге жооп бергенсип жатты. Анда эне болгон Айперинин жакшы жаңылыктарына күбө болобуз.

- Айпери, уулдуу болушуңуз менен чын дилибизден куттуктайбыз.
- Рахмат!
- Эне статусуна ээ болдуңуз, кандай сезимдерге балкып турасыз?
- Түшүндүрө албай жатам, баары бир өзүңдүн балаң башкача болот экен. Башка жаш балдарды жакшы көргөнүм менен азыр өзүмдүн балам андан да жакшы көрүнүп жатат. Биринчи эле көзүмө апам элестеди.Өзүм жети бир тууган болгондуктан, жетөөбүздү ушинтип, кыйналып төрөгөн турбайбы деп апамды аядым.
- Боюңузда бар кезде эмнеге талгак болдуңуз?
- Бир нерсеге талгак болгон жокмун, телевизордон, журналдан эмне көрүп калсам жегим келе берчү. Өзгөчө манты, лагман, самсы, шашлык, гамбургер сыяктуу тамактарды жегим келди. Боюмда бар кезде, көбүнчө китеп окуган жокмун. Интернеттеги сайттарга кирип, газеталарды окуп, саясат жөнүндө көбүрөөк малымат алдым. "Балам саясат адамы болот го" деп күлүп калам. Музыканы болсо таптакыр эле уккум келбей калды.
- Төрөт убагында кыйналган жоксузбу?
- Кыйналдым, ошон үчүн жана айтпадымбы, биринчи эле апамды ойлодум, бардыгыбызга чыдаганы үчүн. Төрөп жатканда көз алдымда турду.
- Эне сүтүңүз балаңызды тойгузуп жатабы?
- Ооба, азыр сүт келе баштады. Биринчи келбейт экен да, "ууз сүт" деп коёт го, ошону менен тойгузуп жаткам. Эми кадимкидей эле сүтүм чыгып, баламдын курсагын тойгузуп, энелик мээримимди төгүп жатам.
- Сүт көп болуш үчүн кандай тамактанып жатасыз?
- Көбүнчө кайнатылган шорпо, сүт азыктарынан даярдалган тамактарды ичиш керек экен. Дарыгерлердин айтканы менен тамактанып жатам.
- Уулуңуздун ысымын Исак деп ким койду?
- Исак деп жолдошумдун эжеси бар эле, кайненемдин бир тууган эжеси, ошол ыйгарды. Жолдошумду ушул даражага жеткиргенге чоң салымы бар. Эми экинчи апасы болот деп койсом да жарашат. Анан ошондо жолдошум айткан, боюмда бар кезде: "Эгер кыз төрөсө мен коёмун, уул төрөсө, эже, сиз коёсуз"- деген. Анан уул төрөгөнүм үчүн кайнежем Исак деп койду.
- Уулуңуз торолуп, атасынын кубанычы койнуна батпай жатса керек?
- Эми кыз болсо деле, уул болсо деле, эң негизгиси, аман төрөп алдың деди. Мен өзүм сезип жаткам "уул төрөйм го" деп. Азыр жолдошум аябай сүйүнүп жаткан кези. Өзүм дагы бир топ жеңилдеп калдым.
- Балаңыз ыйлаакпы, же жоошпу? Түнкүсүн сизди кыйнабайбы?
- Жок, курсагы ток болуп, бардыгы таза болсо ыйлабайт деле. Курсагы ачканда гана ыйлабаса, азырынча жоош.
- Туугандарыңыздар кимге окшоштуруп жатышат. Атасынабы же сизгеби?
- Биринчи мага окшоштурушкан, бүгүн кайра жолдошума окшоштуруп жатышат. Үч күндө эле бир аз өзгөрө түштү. Эми чоңойгондо да көбүрөөк өзгөрөт окшойт. Азыр торолуп калды, бир айдан кийин, кыркы чынканча дагы жакшы болуп калса керек
- Толгоо тартканда аябай кыйналдыңызбы?
- Кыйналдым, андай кыйынчылыкты сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Чынын айтсам, өлүп эле калгың келет экен. Ушунчалык чыдатпай оорутканынан "мындан көрө өлүп калайынчы"деп, ошого деле кайыл болуп калдым. 17-август күнү саат үч жарымдан өткөндөн кийин көз жарып, эне болдум. Үч саат толгоо тартым, аябай кыйналдым. Салмагы үч килограммга жетпей калды. 2 кг 945 грамм. Ал эми бою 50 см.
- Кайсыл жактан төрөдүңүз?
- Жолдошум Кара-Көлдөн болгондуктан, ошол жактан төрөдүм. Кайнежем өзү ошол жерде иштегендиктен, мени өзү жаткырып, өзү карап жатты. Бүгүн эле бир-эки саат мурун чыктым, азыр эле үйгө келдим. Азыр Асел деген кайын сиңдим да жанымда, мага жардам берип жүрөт. Кайра-кайра уулумду карап, жакшы көрүп жаткан кези.
- Рахмат, убактыңызды бөлүп, биз менен маек курганыңызга. Уулуңуз эртерээк эр жетсин.
- Сиздерге да рахмат!




  Узун кулак

Рустам Сагыналиевди Фарида Карбосова сабатып кеттиби?
Рустамды "эстрададагы сүйүү ырларын жогорку дэңгээлде ырдаган, орто муундун белгилүү ырчы айымы сабатып кетиптир"- деген имиш эшитип калдык. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар экенин Рустамдын өзүнөн сурайлы деп, ага коңгуроо кылсак жеткиликтүү эмес болду. Жадабастан кечке телефон чалып жатып, бир маалда Рустам өзү алды. "Саламатсызбы, сизди Фарида Карбосова токмоктоттуруп кеткен экен, ушул чынбы?"- деген менин суроомо, "Мен кайра өзүм чалайынчы, кимден уктуңуз? Ал сыр боюнча эле калсынчы, ал жөнүндө айтпай эле коёюнчу, азыр укол алып бүтүп сиз менен байланышам",- деди. Менин байкашымча, Рустамдын сүйлөгөнү дагы башкача чыгып, оор акыбалда экенин түшүндүм. Тынчым кетип кайра чалсам, үнү анча угулбай койду. Кайра дагы байланышка чыктым, ал шарт эле алып: "Жылдыз, сен кандай уксаң, ошондой кылып жаза бер, мен азыр түшүндүрүп бере албайм, аябай кыйналып укол алып жатам, азыр айылда болчумун, ошон үчүн сага чалайын десем, "антенна" чыкпай жатат",- деди. Мен кайра "анда сабатып кеткени чын да, ээ"- десем, Рустам "ии" деп гана күдүк жооп узатты. Эртеси дагы байланышсам: "Мен азыр шаарга жолго чыктым, баргандан кийин өзүм сизге жолугайынчы"-деп, менин суроомо кылчактап, толугу менен жооп бере алган жок. Сыягы, ырчынын желдеттери Рустамдын үшүн алып, абдан катуу коркутса керек, "эч кимге айтпа" деп. Эки ырчынын чыры эми эмне менен аяктайт, аны Рустам айыгып келгенде бетме-бет сүйлөшөбүз.


Фарида Карбосова:
"Ай, андайдан кудай сактасын"
Биз дагы чындыкты билүү максатында чындап эле Фарида сабатып кеткенби деп, кайра Фаридага чалып: "Сиз Рустамды сабатып кеткен турбайсызбы? Эмне үчүн?"-десем, ал:"Менби?"-деп, жөн эле чочугансыдыбы, же чын элеби, айтор, аябай менин соболума так секирип: "Ай, кой айланайын, андайдан кудай сактасын, үстүбүздө кудай турат го, ал жөн эле ушак. Ал дагы бирөөнүн баласы да, жолукканда кандай, жакшы деп калабыз. Биз урушкан да, талашкан да эмеспиз",-деп жооп айтты. Кылгылыкты кылып коюп, эми билмексендей түр көргөзүп жатабы, же Рустам менен сахнада чындап эле саламы түзбү, ким билсин, булар туурасындагы маалыматты кийинки сандарыбызда тактап, чын-бышыгын билебиз.

Жылдыз Абдыкерим кызы