Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат

"Тамашалары да кичине ороюраак, биздин менталитетибизге туура келбеген"
Бир убакта "ТамаШОУнун" ар бир күйөрманынын кумирине айланган "Саяктар" командасынын капитаны Азамат Калдыбаев менен маек курдук.

- "Саяктар" командасы кайда? "ТамаШОУдан" финалга чыгып, оюндан кеткенден кийин эмне менен алексиздер?
- Учурда команданын курамы толук бойдон борбордо. Көп убакыттан бери тамашалуу берүү тартып жүрдүк, анын атын "Үзүндү ШОУ" деп атаганбыз. Сценарий жазылып, даярданып бир топ убакыт кетти. Ошол менен бир жыл алек болдук. Биздин арабыздагы жаш балдар бөлүнүп, "Нарын юнайтед" командасын түзүшүп, "ТамаШОУга" чыгып жатышат. Ошондой эле азыркы убакта кино тартуудабыз.
- Кинону эмне максат менен тартып жатасыңар? Максатыңар искусство жаратуубу, же акча табуубу?
- Кинодон каражат жагынан пайда деле көрбөсөң керек. Бирок ар бир нерсени жасаарда пайда көрсөк деген ой болот, атак-даңктуу болсок деп да ойлойбуз. Биз тартып жаткан кино менен кино тармагына салым кошсок деп айта албайбыз. Негизи, биздин кинолордун баары философиялык багытта тартылган. Ал эми биз комедия жанрындагы кино тартып жатабыз. Комедиялуу кинолор анча жок го бизде.
- Кино тартууну мындан ары да улантсак дейсиңерби?
- Балдар айтышат, кино тарткандан кийин, же абдан жакшы болуп кетет, же начар болуп калат деп. Көрөбүз эми, жакшы болуп кетсе дагы улантабыз. Мындан сырткары да ойлор-долбоорлор бар, ошолорду ишке ашырабыз деп ойлойбуз.
- Киного актёрлорду тандоо жагы кандай болду?
- Актёр жагын айтсам, командадагы балдар аткарышат, ал эми актрисаларды бир ай мурда кастинг өткөрүп тандап алдык. Тилек Чериков аттуу бала режиссёрлук кылып жатат, ал бала Эрнест Абдыжапаровдун "Мастер классын" бүтүргөн. Кинонун аты "Көк салкын" болуп жатпайбы, ал Абдыжапаровдун "Боз салкын" чыгармасынын пародиясы.
- Каражат жагы кандай чечилип жатат?
- Чынында эле кино тартууга аябагандай көп каражат кетет экен. Буга чейин биздин командага "Дордой плаза" соода борборунун башкы директору Улукбек Салымбеков жардам берип келген. Киного азырынча өзүбүздөн эле кетип жатат.
- Силер орус тилинде өтүүчү "Азия мих" КВНинде ойноп жүрөсүңөр, "ТамаШОУда" ойнодуңар. Ушул экөөнүн кандай айрымачылыгы бар?
- "Азия мих" шаардыктарга, орус тилдүүлөргө арналган. Тамашаларды жалаң орусча аткарышат. Тамашалары да кичине ороюраак, биздин менталитетибизге туура келбеген. Бирок ал жакка ошол тамашаларды түшүнгөндөр келет. Ал эми "ТамаШОУга" нукура кыргыздар келишет, айрымасы тил жана көрүүчүлөр жагынан.
- Сиздин оюңузча, "Азия михтегилердин" деңгээли күчтүүбү, же "ТамаШОУнуку" күчтүүбү?
- "ТамаШОУнун" деңгээли өйдөрөөк, себеби, ал бүткүл Кыргызстанга чыгат, ал эми "Азия мих" бир гана шаарда болот.
- Ал эми чет жерде өткөн КВНге баргандачы, кимиси барат?
- Чет жерге чыгууда чынында эле "ТамаШОУ" кала берет. Ал эми "Азия мих" Сочиде өткөн фестивалда экинчи турга өтүп, Жогорку Украиналык лигага жолдомо алышты. Ал жакка келе жаткан сентябрдан баштап катышышат. Тил жагын айтсам, "ТамаШОУ" лигасынын балдары деле орус тилин жакшы билишет. Казакстанда өтүүчү КВНге 2 жылдан бери барып жатышып, деңгээлин көтөрүп алышты. Бирок чет жерге чыкканда "Азия мих" командасы күчтүрөөк кылат.
- Кыргызстанда учурда КВНдин абалы кандай, башка өлкөлөргө салыштырмалуу?
- Кыргызстанда КВН буга чейин деле өнүгүп келген. Бирок "ТамаШОУ" келгенден бери эле каралып, көңүл бурула баштады. Болбосо биз 10 жылдан бери эле катышып келе жатабыз. Биздин мамлекет жактан, колунда бар адамдар жактан.
- "ТамаШОУнун" жеңүүчүсү катары учурдагы командалардын кайсынысына баа бересиз?
- Биз чемпион болуп кеткенден кийин деле "ТамаШОУга" барып турабыз. 2-сезондун финалында биз менен теңтайлашкан "Жигиттер" командасын быйылкы жылы чемпион болот деп ойлочубуз. Жылдын башында "IUK" (Аю кей) деген команда да жакшы ойноду, ал эми "Ак- Өргө city" командасы башынан эле мыкты ойношчу. Мен ушул командаларды күчтүү деп ойлойм. Эрмек менен Арстандын жакшы жери-эң жакшы ойногондордун баарын "ТамаШОУнун" курамына алып алышты. Ал курама команда абдан күчтүү, эгерде алар менен биз таймашсак утулуп калышыбыз мүмкүн.
- Силер чемпион болгондон кийин эле кетип калдыңар, кеткениңерге өкүнбөйсүңөрбү?
- Жок, биз деле жаштарга жол беришибиз керек да. Анан эл бизди жакшы көрөт экен деп эле, "ТамаШОУнун" аркасынан жүрө берген туура эмес да.
- Мүмкүн, кийинки оюндарда утулуп, беделибиз түшүп калбаса деген ой болгондур?
- Андай ойлор болду. Мүмкүн, биз утулуп калсак, же бир тамаша менен жаман чыгып калып, "булар начар болуп калышыптыр" деген атка коно электе качып кетели деп ойлогонбуз.
- Жеке жашооңуз тууралуу айта кетсеңиз?
- Үй-бүлөлүүмүн, 2 балам бар. Жубайым мени түшүнүп, колдоп келет.

Динара Чокоева