Достум, билгениңен биле элегиң көп!
АЙТМАТОВДУН АЙЫМДАРЫ
(АДАБИЙ ЧАЛЫШ МАЕК-РОМАН)

(Башы өткөн санда)
- Эми анда, сиз бир кысылып атасыз да. Бу баары бир чыгат. Менин айтайын дегеним, Батышта мындайдын баары ачык эле жазылып, ызы-чуу түшүп эле жатышат. Эч ким андан эч нерсе болгон жери жок. Биерде болгону мени кызыктырган нерсе, өзүнүн аялы туруп, аялына үч талак бербей туруп ойнош күткөн адам, же ойнош күтөйүн деп ниеттенген адам... ээ, канчалык деңгээлде ыйманы бар?
- Үүйш.. иман! Иман дегенди, айланайын ай, иман дегенди бир эле жыл болду го, мурун ким билчи эле иманды?!
- Жоо, ал залкар киши...
- Ага чейин Бейшеналиева менен жүрдү деп укчубуз. Аны көрбөгөндөн кийин каяктан билебиз эми...
- Жоо, Бейшеналиева ошо мезгилде кайтыш болуп калгандан кийин, как раз ошо, оро-пара келип калды да Таттыбүбү эже, маселен. Анан жанагындай коноктор менен болгон моменттен кийин чыгып кетип, азыркы жеңебизге тушукту-уу дегендей...
- Менин айтайын дегеним, Чыңгыз просто мунун сулуулугуна кызыкты. Башка эч сөз жок. Беречь.. анан Таттыбүбүнүн талантын беречь этейин деп?.. Может ою болгондур. Эгерде андай болсо любой гряздан Таттыбүбүнү алып чыгышы керек эле. Ошончолук адам болсо.
- Демек жанагы ою, үйлөнөйүн, тиги-бу дегени астейдил эмеспи?
- А... мне кажется,.. (шык этип койду, тамгага түшпөйт экен - Ж).
- Өзүнүн эң жакын досу катары айтып жатасыз да бу сөздөрдү, иэ? Бу сөздөрүңүзгө өзүңүз...
- Менин оюмча андай эмес ко дейм. Андай болгондо, эгерде ошончолук ушундай ак ниет, ак жүрөгү менен жакшы көрсө, ээ... өзүң деле сүйүп көргөндүрсүң да, любой жаман жагынан ал кишини сууруп алса болот, эй. Мало что ли отурду!
- Минерден нары жагын өткөн иш деп, минерден бери жагын оңдоп албайбы десеңиз...
- Мен ким менен отурсам эмне экен? Мени жакшы көрсө балакет., өзүң деле көрүп жүрбөйсүңбү фильмдерден: көчөдө калган проституткаларга деле үйлөнүп жатышпайбы! Жакшы көрсө!.. Коё тур! Жакшы көрсө ошентет эле да! Муну сүйүү деш просто...
- Менимче, менин оюмча муну жарым жолдо өзүнүн көңүлүн гана тынчытыш үчүнбү, же кандай?
- Ошондой эле го деп ойлоп калдым мен.
- Ушуну азыр ойлоп жатасызбы же ошол моментте ойлодуңуз беле?
- Жо, ошол моментте ойлогон жокмун, азыр ойлоп жатам. Моминтип турмуш башыман өткөндөн кийин, жаман-жакшыны көргөндөн кийин ойлоп жатам.
- Ал моментте сиздин оюңуз кандай эле?
- Мен ал моментте момундай деп ойлогом өзүмчү: ушуга чыгып эле алса, депчи. Мына, күн батып баратат ко...
- Алат беле, албайт беле дегенин...
- Анысын ойлободум, ушуга чыгып эле алса дечүмүн. Ийе мейли, заграницага кетсе кетип калсын, атак-даңктуу фильмдерге да түшөт эле, бүт дүйнөгө... Тээтиги чехтен, ГДРдан режиссёрлор келе баштаган да жанагы "Уркуядан" кийин. Жанагы, "Советский экранга" чыгаргандан кийинчи. Ошондо келгенден кийин үйүнүн адресин айтып беришпей койгон турбайбы биздикилер, эй. Анан минесин айтасың, эй! Ушуерге канча келишти режиссёрлор, анан Бакен эже айтып бербей койгон адресин...
- Эми дагы бир ушак да: Даркүл эже айткан имиш, бир ооматы келип турат, бу киши да бекеринен гүл тандабайт, сени тандап калгандан кийин макул деп чыгып ал, деген имиш...
- Айтса айткандыр, Даркүл эже өзү эмне дейт?
- А киши, кокуй мен антип кантип айтайын, дейт..
- Может айткандыр, ушу курактуу кишилер тана берет айтканын, айткан сөздөрүн танып коюшат. Коркот да айткандан. Айткандыр өзү.
- Эми Таттыбүбүнүн трагедиясы дечи, буларды козгоп жатканыбыз. Бирок кийинки кездери кызылдай эле көкөлөтө бергенибиз өзүнө зыяндуу болбос бекен? Ашкере көкөлөткөнү анткордой сезилип атат.
- Тегерегиндеги кишилер кичине неметиш керек эле, айкыныраак болушу керек эле да...
- Сөзүбүздүн акырында кайра башынан келеличи: Мар акенин ушул трагедиядагы биринчи салымы кандай болду дейм да?
- Кандай салым? Жанагы, тоого чыкканыбызбы? Анда эч нерсе...
- Бирок төртөөлөп тоого чыккансыңар да?
- Чыкса эмне экен? Отурдук, сүйлөштүк... Анан биз качып кетип калганбыз молоковоз менен...
- "Керек болсо!" - дегенди кошуп койбойсузбу.. -... керек эле болсо!!! - деп Жаркын эже астейдил күлүп жиберди. Кудум онду бүткөн кыздардай угулду күлкүсү. Алиги тоодон Таттыбүбү экөө кол алышып качып түшүп келаткандагы шаңдуу күлкүдөй сезилди мага. Бирок... ким билет, ошондо карт бөрүлөргө кактырып жибердиңер бекен, же чын эле торго чалынбай буйтап түшүп кеттиңерби-и...
Төртүнчү айым:
Мариям УРМАТОВА
Бул ургаачы - Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун расмий экинчи жубайы. Бизге жеңе болордон мурун тээ жетимишинчи жылдардын башында эле айтылуу "Таң сыры'' деген ырдын баш кейипкери болгон. Демек, атак жолунда Чыкемен кем калышпайт, калк арасында Мариям жеңе туурасында калпы-чыны шалданган кептер көп айтылат, ошолордун айрымдары менен кийинки барактардан таанышасыздар. Жапар аке Кенчиев деңгээлиндеги ушак сөздөрдү киргизгенибиз, санжырага сапар улаган Мариям жеңебиздин икаясы калк арасына кадыресе тарап баратканынын бир белгиси демекпиз... Ал эми кийинки, кыргыз акын кыздарыбыздын биринин айтканы - Мариям таржымалынын өздөрүн интеллигенция деп эсептегендердин арасында айтылып жүргөн варианты.
Ал эми Мариям жеңе туурасында улуттук оозеки чыгармачылык деңгээлинен жогорураак маалымат алайын деген далбасым анчалык аткарылбай калды, туугандар...
Биринчи аракетим, Болот аке Шамшиевди сөзгө тартмакчы болуп, анын "Салам-алик" фирмасына беш-алты жолу салам айтып бардым, алик ала турган кишим табылбады. Кезинде залкар таланттарыбыздын бири, бүгүнкү күндө чатактын чыласынан чыгалбай убара тарткан Болот аке Шамшиев тээ алтымышынчы жылдары ВГИКте окуп жүргөндө Мариям жеңебиз экөө абдан ынак жашашыптыр имиш. Бирок Болот акенин атасы, карыя акыныбыз Төлөн аке Шамшиев кызды жетим экен деп, үйлөнүүгө каршы болуптур да. Кийин тандаган... жанагыдай болгондо Төлөн аке Мариям кыздын жакшы бүлөдөн тарбия көргөнүн, Илимдер Академиябыздын тил бөлүмүнүн ардактуу кызматкеринин таалиминде чоңойгонун кийинчерээк угуп калып, катуу капа болуптур деген сөз бар... Мына ушуну тагыраак билейин деп акыры бир күнү Болот акенин кабинетине кирип сурасам: "Жогол! А то биздүлей получишь!" - деп орусчалап кууп чыкпадыбы, шайтан алгырдыкы. Анысына деле көнбөй нары жактан бир гезиттин кабарчысын ээрчите келсем, андан бешбетер албууттанып бербеспи... А болуптур, дедим, айтпай-ак койсунчу. Ушактар деген кокодон да...

(Уландысы кийинки санда)




Айгүл ШАРШЕН
Бакыттын жылмайышы
(Башы өткөн санда)
- Менин жүрөгүм аны каалаган эмес.
- Мейли эми, өзүң бил, Гүлзар түндө ыйлап шаарга кетип калыптыр.
- Жумушу бардыр.
- Кайдагы жумуш, сенин үйлөнгөнүңдү угуп эле кетип калыптыр.
- Кызык, мен ага сөз бербесем, же сүйлөшпөсөм, эмнеге антет?
- Ким билет, сени катуу сүйүп калса керек, сүрөтүңдү блокнотуна катып алыптыр дейт.
- Ким көрүптүр?
- Менин кызым Сайрагүл, экөө теңтуш эмес беле?
- Болсо болот да, жеңе, сүрөттү да мен берген эмесмин.
Үч-төрт күн айыл-ападагылар келин көрүп келип жатышты. Давлеттин дагы каттоосу көп болгондуктан келим-кетими үзүлбөй Марат кете албай жатты. Нуржанатты үйлөнгөндүн эртеси ишинен калбасын деп, жакшылап коноктоп, кийит-кече кийгизип, узатып коюшкан. Давлеткан келинин кетиргиси келбей:
- Балам, Калысты менин жаныма эле коюп кой, эрмектешип отура беребиз, - деди.
- Макул, апа, калса калсын, мен окуума бара берейин.
- Ошент, садага, карындашың да окуп кеч келет, баарыңар кетип калсаңар мен соксоюп кала берет экенмин.
- Кантип, таштап коймок белек, апа, окуумду бүтүп алсам эле жаныңызда болом, - деп Марат апасын жылмая карады.
- Силердин амандыгыңар менин бактым, эми кудай буйруп балалуу болсоңор неберемди жыттап оңуп калайын, - деди Давлеткан чын дилден энелик мээримин төгө. Калыс өзүн күнөөлүү сезип жер карады. Эртеси Марат Фрунзеге жол тартты. Калыс кайненесине жумуш жасатпай, шыпылдап баарын өзү жасап, кир-когун жууп, керээлден кечке тыным албайт. Марат шаарга барары менен Давлетке өзүнчө, Калыска өзүнчө кат жазыптыр. Убакыт өтүп жазган каттары өтө сейрек, супсак жазылчу болду, бат эле убакыт өтүп, Калыс кыз төрөп алды. Марат кубана Калыска гүл көтөрүп, төрөтканага келди.
- Куттуктайм! - деди араң ичин басып келген Калысты эки бетинен өөп.
- Рахмат, өзүңдү дагы куттуктайм, балалуу болушуң менен, - деп жылмайып койду Калыс.
- Баары үчүн сага рахмат, мени кырк жылкылуу кылганыңа ыраазымын.
- Аман болсун.
- Өзүң кандай жакшы элесиңби, кыйналган жоксуңбу?
- Жок, анча-мынча болот экен да, эки күндөн кийин чыгам, сен качан кетесиң?
- Бир жумадай болом го.
- Ийи.
- Кызымды көрсөм болобу?
- Азыр он-он беш мүнөттөн кийин эмизгени алып келет балдарды, күтөсүңбү?
- Сөзсүз күтөм, кызымдын атын ким коёбуз?
- Апам билсин.
- Макул, Айжандар менен кеңешебиз ээ, сен кирип, баланы алып чык эми.
- Макул, - деп Калыс гүл менен баштыкты алып ичкери кирди, анан бир топтон кийин наристесин көтөрүп келди. Марат колунан ала коюп, бир саамга сонуркай карап туруп чекесинен өптү.
- Калыс, сага эле окшош экен ээ?
- Апам сага окшош деди го?
- Жо-ок, сенин эле өзүң болот кийин.
- Кимге окшош болсо дагы аман болсун.
- Ооба, чоңоё берсин, - деп Марат келинчегин кучактап өптү. - Алтыным, сен мага капа болбо, - деди кучагына кысып.
- Рахмат, сенин алдыңда менин төө көтөргүс күнөөм бар, сенин чечкиндүүлүгүңө, мага болгон сүйүүңө ыраазымын!
- Антпе, алтыным, мен сага ыраазымын, мени минтип кыздуу кылып, апамды неберелүү кылып, кубанычка бөлөп отурасың. Буйруса, келерки жылы окуумду бүтсөм биякка келем.
- Өзүң бил, шартыңа кара, ылайыгы менен бол, мен апам, кызым болуп сени күтүп, амандыгыңды тилеп жашай беребиз, - деп Калыс муңая улутунуп койду.
- Улутунба, - деп Марат Калысты мурдунан чымчый эркелетип койду да, палатасына кирип кеткиче карап турду. Үйүнө келсе апасы жентекке деп боорсок жасап, эчки сойдуруп жатыптыр. Марат келип эле жардам берди.
- Аке, жеңем сизди аябай сүйөт го? - деди карындашы Айжан күлүмсүрөй карап.
- Акеңе андай деп айтууга ким уруксат берди, шайтан кыз?
- Кечириң.
- Болуптур эми, сиңдиңди жакшылап караш, макулбу?
- Өзүм эле багам да.
- Азамат, окууларың кандай?
- Эң сонун, эки жылдан кийин буйруса мугалим болуп калам, - деди Айжан кубанычтуу.
- Ийгилик каалайм.
- Рахмат, аке, кызыңыздын атын ким коёсуз?
- Апам экөөңөр коёсуңар да.
- Анда-а... - Айжан оозун чормойто ойлонуп калды. - Чолпонай койсок кандай болот?
- Апама жакса коё бергиле.
- Азыр, апама айтып келе калайын, - деп ичкери кирип кетти, бир аздан кийин кайра келип, - Апам Мырзагүл деп коёбуз дейт го? - деди.
- Мырзагүл?! - Мир аны карап туруп калды.
- Эмнеге чочуп кеттиңиз?
- Ыя, чочуганым жок, эмнеге чочумак элем, жакшы ат экен, - деп ыңгайсыздана отуруп: "Кызык, унутууга аракет кылып жүрсө, ал менин жашоомдо кайрадан жашай турган болду", - деп ойлонуп алды. Аңгыча Давлеткан кирди.
- Садага болоюн, жолдо чарчап келгендирсиң, куурдак бышса чай ичип алып, эс ал. Биз Айжан экөөбүз Калыска барып келели. Баса тун неберемдин атын Мырзагүл деп коёлу деп жатам, жагабы, балам?
- Жагат, эң сонун ат экен.
- Болду анда, мен Калыска айтам.
- Эртең барам мен, экөөңөр эле барып келгиле ээ, апа?
- Ооба, садага, сен тамак ичип алып эс ал, - деп эне куурдагын алып келип, чай куйду. Айжан көп жумуш жасачу эмес, аталуу арсыз жетим, энелүү эрке жетим дегендей эне балдарын ойдогудай өстүрүп-чоңойткон.
- Апа, бу кызың күйөөгө чыкса кантип жумуш жасап көнөт, бирдеме жасап үйрөнсө боло? - деди Мир, кирип-чыгып күйпөлөктөп жүргөн апасына боору ооруй, карындашын эликтеп.
- Апа-а, карачы, менин шылдыңдап жатат.
- Өзү жасап көнөт, балам, менин колумда эркелеп алсын, бөтөн үйдө кайдан эркелемек эле. Кыз эне-атасынын үйүндө конок болот, кагылайын, кудай буйруп жакшы жерге барса, бактылуу болсо эле болду каралдым, силердин бактыңар менин бактым.
- Кам санаба, апа, биз сизди кейитпей багабыз.

(Уландысы кийинки санда)