Режиссёр Алим Токторов:
"Дөңгөлөк kg" комедиялык жанр, түпкү мааниси-философия"
- "Дөңгөлөк кg" деген жаңы киноңузга көрүүчүлөрдүн агымы кандай болууда?
- Азыр жайдын ысык аптабы, рамазан айы да болгондуктан, элдин саны орточо. Киного киргенде эле кооптонуп көрүп жатат. Эшикте машине токтоп калбагай эле деп, ою бир жерде болбой көрүшөт.Кечки сеансты саат 19-00гө койсок болчудай экен.
- Сизди кесибиңиз башка тармактан деп билебиз. Колуна камера көтөргөндөр деле режиссёр болуп жатат дешкендерге көз-карашыңыз?
- Мен азыркы КТУну бүтүргөм, бирок, өзүмдүн кесибим боюнча бир да иштеген эмесмин. Биз бүткөн жыл союздун кыйрашына туш келип, мен иштейин деп барган жерде 60 % кызматкер кыскарыптыр. КТРде кабарчы боюнча конкурс жарыяланып, конкурстан өтүп кеттим. "Жаштык ыры" долбоорун түзүп, КТРге штатка орношуп иштеп калдым. Баткен областтык телеге иштегени мени дайындашты. Ошентип, Баткенде үч жылга чукул иштедим. Областтык теленин базасында сериал тартсамбы деп, эл аралык уюмдарга кайрылдым. Ошентип, Баткендин жашоочулары камтылган "Баткен сериалы" деген кино тарттым.
- Ошо киноңуз өздүк камера менен тартылгандай сезилет?
- Ал жөн эле проект катары эл аралык уюмдардын областтык деңгээлде көрсөткөн фильми болчу. Сөздөрү баткенче тартылган. Анан КТРге кайрадан которулуп келип, жаштар редакциясында продюсер да болдум. Автордук программаларды даярдап, Баткенге барганчакты эле кыска сценкалуу фильмдерди тартып жүргөм.
"Дөңгөлөк kg" киносунун тарбиялык маанисине токтолсоңуз?
- Эң негизгиси, элет жериндеги кесип ээлеринин аздыгын көрсөтүү.Мугалимдердин, врачтардын өз кесибин таштап, соода тармагына өтүп кетүүсүн күлкүлүү окуялар менен чагылдыруу. Айласыздан музыка сабагынын адиси физик болуп чыга келет. Союз ыдырагандан кийинки элдин жашоосун жеткиликтүү чагылдыра алдык деп айткандан алысмын, эл тараза деп ойлойм.
- Айтматовдун "Жамиласындай" сиз кыргыз кызынын тайманбастыгын ала качуу салтында болуп көрбөгөндөй чагылдырып, ачылыш жасапсыз. Эл кандай кабыл алды?
- Бул кинодо Ислам Университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовдун ала качуу жөнүндөгү дискте сүйлөгөн шарият боюнча туура баянын (масала) колдондук. Ала качуу тууралуу шариятта кандай пикирлер айтыларын, ток этер жерин көрүүчүлөр түшүнөт. Эгер кыздын макулдугу болбосо, кандай ырым-жырымдарды жасабасын, кыз өз эрки менен чыгып кетет. Айрыкча ала качууну колдогон мырзаларыбыздын купулуна толбогону байкалып турду.
- "Бышкан ашты жечү көп, тузу өткүр дечү көп" дегендей, музыка сабагынан берген бала аккордеон менен ырдабай, эстрада жанрында ырдаптыр. Жандуу үнү менен ырдаса болбойт беле?
- Ал баланын аккордеон менен ырдаган жери деле тартылган. Бирок анын үнү эстрада кошулганда кооз чыкты.
- Көрүнүктүү режиссёрубуз Д. Садырбаевдин "Махабат дастанында" деле Тууганбай Абдиевдин үнүн төкмө акын Эстебес Турсуналиев ырдаган. Сиз да башка ырчынын үнүн коштоп койсоңуз болмок беле?
- Туура айтасың, жандуу үн менен ырдаганга не жетсин? Ошол кемчилигибизди азыр байкап отурам.
- Голливуд актрисасы Люси Луиге кудум окшош каарман да бар экен. Ал кыз тууралуу билгибиз келет?
- Айперим кичинекей эпизод жаратса да, элдин эсинде калган каарман болуп калганы кубандырып турат. Эпизод дегенибиз менен кыргыз керемети кинолорунда "эпизоддун королу" элдин эсинде дале да жашап келет. Бул кинодо Токторовдордун династиясы катышты десем да болчудай. Айперим Токторова менин кызым болот.
- Бул тасманын аты эмне себептен "Дөңгөлөк kg" коюлуп калды?
- Философиялык аты айтып тургандай турмушуң өзү -араба дегендей эле кеп да. Айрым кадрларды иним Бактияр: "Өзүңдүн жашооңдон да алыпсың, мен да сенин сүйлөшкөн кызыңды башкалардан коргогом",-деп айтып калды. Эстеп көрсөм (күлүп), чындыгында, ошондой окуялар болгон экен.

5-6 жылдан бери кыргыз киносунун саны арбыды. Ошолордун арасынан акыры мыктылары ыргалат чыгар. Тарыхта аты калган гениалдуу режиссёр, актёр Чарли Чаплинди трагикомедиянын чебер устасы катары атап келишет. Чындыгында, трагедияга караганда комедияны жаратыш кыйын дешет. Комедия жанрында кино тартып, эмгегин элге тартуулаган бүгүнкү каарманыбыз Алим Токторов менен ой бөлүштүк.


Михаил Юдин:
"Сүйгөнүм мусулман болушума түрткү берди"
- Кыргыз тилин кандайча үйрөнүп калдың?
- Ар бир адамдын жүрөгүнөн деп билем. Кайсыл жерде жашасаң, сөзсүз ал улуттун тилин билишиң шарт. "Улут болсоң тилиң менен улутсуң" дегендей, ар бир кыргыз өзүнүн эне тилин билүүгө тийиш. Балалыгым Москва районунда өткөн. Ваня аттуу бала кыргызча так сүйлөчү, аны көрүп мен көпкө ага суктанып жүрдүм. Менин да тил үйрөнүүгө кызыгуум артып, үйрөнүп алдым. Менин бөлөм абдан тентек бала болчу. Аны менен ойнобой, кыргыз балдар менен чүкө ойночумун.
- "Дөңгөлөк kg"киносунда көзгө урунарлык роль жаратыпсың. Актёрдук билимиң барбы?
- Атайын кесиптик лицейди бүтүргөм. Бирок азыр өз кесибим эмес, башка тармакта иштеп жатам. Киного аралашып калгандан соң, буйруса, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтуна тапшырууну чечтим.
- Кандайча кино дүйнөсүнө кызыгып калдың?
- Бала кезимде кыргыз тасмаларын сүйүп көрчүмүн. Айрыкча, мага режиссёр Д.Садырбаевдин "Акбаранын көз жашы" тасмасы жагат. Актёрлукка болгон кызыгуум да ошондон улам болсо керек. Азыркы режиссёрлордон Н. Эгендин "Аталар керээзи" жагат.
- Сага орус улутундагы кыздар жагабы же…?
- Мага орус кыздарга караганда, кыргыз кыздар көбүрөөк жагат. Мен ай чырайлуу кыргыз кызы менен сүйлөшүп жүргөм. Ата-энеси христиан динин тутунган баланы эмне кыласың деп, биздин үйлөнүшүбүзгө каршы болушкан. Сүйүүнүн күчү керемет тура, бир досум ислам динине өтүшүмө чоң көмөк берди. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, ал кыз менен бирге болбой калдым.
- Кыргызча баарлашсаң, таң калгандар болбой койбосо керек?
- Жаңы ишке орношуп иштеп жатканда, кесиптештеримдин көпчүлүгү кыргыздар экен. Мен алар менен кыргызча сүйлөшсөм, бир бала таң калып карап: "Кыргызча билет экен"-деп жанындагысына айтса, ал да жөн турбай: "Билмек түгүл кыргызча түш жооруйт",-дептир. Ал бала түз мааниде кабыл алып, мага түшүн жооруткан.
- Бактылуу балалыгыңа кайрылсак?
- Менин ата энем СССР доорунда колхоздун малдарын карачу. Биз да элчилеп жайлоого чыкчубуз. Кичинемде мен ат үстүндө чоңойдум десем да болчудай. Жайлоодо арча-карагайлар көп болот эмеспи. Эсимде, мектепке бара элек кезимде үч кылдуу гитара жасап ойночумун.




Мээрим Курманалиева:
"Жашоодо кинодогудай шуулдакмын"
- Чыгармачылыктын чыйыр жолуна кандайча чалынып калдыңыз?
- Менин чыгармачылыкка болгон дараметим мектепте окуп жүргөндө эле башталган. "Жаш таланттар" фестивалында араб бийин бийлеп, биринчиликке татыгам. Үйдөгүлөрдүн каалоосу менен КТУнун экономика жана журналистика бөлүмүн бүтүрдүм. КТРде Рабиха Алыбаева практикага алган. Бурул Асакеева жетектеген "Рабаят" долбоорунда куурчактарда үн коштоп иштечүмүн. 45 минут 4 жан 5 кг куурчактарды көтөрүп, жандуу үн менен оюн көрсөтчүбүз.
- Сизди "Эркектер" киносунан да кезиктирдик?
- Менин ал тасмага тартылып калганымдын бирден бир себеби Келсинбек Атабековдун түрткүсү болду. Кастингден өтүп, мага бир кызы бар аялдын образын беришти.Жашоодо мен өзүмө тыңмын да, ал каарманым өтө жоош экен.
- Байкашымча, сүйлөгөнүңүздө акцент бардай, түштүктүн кызысызбы?
- Кыргызда жакшы макал бар го: "Кайсы жерге барсаң, ошол жактын ырын ырда",-деген. Анын сыңарындай, "Аты угулду Алайга, даңкы кетти далайга" дегендей, Алайдын келинимин. Өзүм Кочкордун Күл-Дөбөсүнөн болом. Кайненемдин мүнөзү аябай катуу, темирдей бекем аялзаты. "Супер келинчек" болуп, турмуштун оош-кыйыштарын жеңип келе жатам. Кантсе да жолдошум Артурга сүйүктүү жар, уулум Эльманга мээримдүү эне, ыйык коломтобуздун отун өчүрбөй, үйдүн куту болуп өмүр кечирип келемин.
- "Дөңгөлөк kg" киносунда шуулдаган кыздын образына кандайча тандалып калдыңыз?
- Алим байке тасма тартып жаткан экен. Шуулдап жүргөн шайыр кыздын образын ачышың керек деди. Менин жашоодогу мүнөзүм экен, ал ролду ачып бериш мага кыйынчылык туудурбайт дедим.
- Косметика сатып жаткан кыздын образын бериле ойнопсуң. Тасма бүткөндө да ал ишке кызыгуу болгондур?
- Ооба, андай сунуштар болду. Бирок, мен буга чейин соодага жок элем. Ушул ролум мага стимул болду.


Динара Асылбекова