Жаңы ысым

Кайнаров Мелис:
"Окуп жүргөндө далай кыздарга ашык болгом"
"Адам атактууну эмес, атактуулук таланттуу адамды издейт" дегендей, талантын элге тартуулап, жаштар арасында "Кайгырба", "Досум" деген ыры менен белгилүү болгон Мелис менен тааныштырабыз.


- Ырчылык кесибиңиздин өзөгү эмнеде?
- Тарбиялык ырларды жаратып, элге тартууласам дейм. Турмуш жолунда ар бир адам ката кетирет эмеспи. Ошолорду төрт сап ыр кылып обонго салып, элиме жеткизгим келет.
- Ырдап баштаганыңызга канча жыл болду?
- Он жылдан ашып калды. Москвада ырдап жүрдүм. Азыр такшалып калдым десем болот.
- Эмне үчүн ал жакта калып калган жоксуз?
- Өз мекенимди таштап кантип кетмек элем? Мекениңдин суусу таза болот. Бизде керемет, кооз жерлер абдан көп.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз?
- Мен үйдүн кичүүсүмүн, менден улуу эки агам бар. Азыр апам болуп Кант шаарында турабыз. Атам менин кичине чагымда каза болуп калган. Мага ыр жазуудагы талант атаман калса керек. Ал көп ырларды жазган экен. Эми минтип атанын уулу болуп ырдап жүрөм.
- Сизге жаккан кыз барбы?
- Жок.
- Cүйүүгө кабылбай туруп эле сүйүү ырларын кантип ырдайсыз?
- Ооба, (күлүп) окуп жүргөндө далай кыздарга ашык болгом. Ошондогу улуу сезимдин таасиринен уламбы, азыр ошол кезди көз алдыма элестетип ырдай берем.
- "Достор" деген ырыңызды кимге арнадыңыз эле?
- Аны өзүмдүн жакын досума арнагам. Жакшы эле жашап келе жаткан. Бир учурда сүйлөшкөн кызы менен ажырашып кеткен. Кийин жолуксам мурдагыдай эмес, аябай жүдөп калыптыр. Ошондо Саламат деген иним экөөбүз көпкө ойлонуп, ушул ырды жараттык. Бир ай аранжировка жасап, анан ырдап чыктым. Радиолорго, телеканалдарга берип, досума барып ырдап берсем, ага жакты окшойт, бардык маселелерин унутуп калды. Ырдын мааниси күчтүү болгондуктан, досум 30 пайыз болсо да жеңилдеп калды деген ойдомун.
- Ырчылык сиз үчүн кесиппи, же хоббиби?
- Чымчык деле бир канаты менен уча албайт да, сөзсүз эки канат болуш керек. Бир гана ыр менен кеткенге болбойт да, бизнес ачып, экөөнү чогуу алып кеткенге аракет кылам. Анткени, мен Москвадан окуп келгем. Кесибим боюнча экономистмин.
- Кандай планыңыз бар?
- 5-11-класска чейин балдар-кыздар окуй турган атайын мектеп ачтым. Алар кытай, англис, немец тилдерин жана компьютердик окуу боюнча үйрөнүшөт.Ушул ишимди өркүндөтүп кетсем дейм.


Жылдыз Абдыкерим кызы






Арстан эми сахнада эмес, аянтта ырдайбы?
Окуучулук кезинде махабат деңизинен бир аз гана кечип өткөн, ошол сезимдин дараметинен уламбы, айтор, "Чексиз махабат" деп клибинин картинасында жаан алдында сыздаган ырчы А. Абдылдаев эки айдын ичинде төрт чыгарма жаздырып, эки клип тартканга жетишиптир. Азыр болсо тынбай изденүүнүн үстүндө. Жакында боло турган эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгына карата дагы бир мекенин даңктоо максатында жаңы ырдын үстүнөн продюссери экөө катуу иштеп жаткан кези экен. "Ал ырды 31-августта аянтта болуучу концертте уга аласыздар",-дейт ырчы. Сыягы, Арстан бул жылы эс албай эле жыйырма төрт сааттын бардыгын ыр жаздыруучу студияда өткөрөт окшойт.


Борончу президент болот
Боорду эзген Борончу Кудайбергенов эми президент болом деп боорду эзет го? Сыягы, тамашаларында Отунбаеваны жакшы мактап, мандатын алганы жатат окшойт, же акчасы көбөйүп калганбы, билбейм, көчөдөгү афишалардан бери "президент болом" деп илдирип салыптыр. "Борончу кайсы акчасына президент болот имиш?" деген калың элдин көйгөйлүү суроосуна кийинки жумада Борончу өзү жооп бермекчи.


Чыңгыз күчтүүбү, же Рустамбы?
Бардык жылдыздар сыяктуу "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун дегендей", Чыңгыз Мырзаев менен Рустам Сагыналиев биргеликте "Жашагым келет" деген дует жаздырышты. Экөө тең жашоодон тажаштыбы, ким билет? Эми ага образдуу клип тартып жатышат. Мурда Чыңгыз комузда кол ойнотуп, Рустам болсо кыягын кыйкылдатып келсе, бул клипте кимиси кандай аспапта ойноп, биринен бири ашып түшөр экен, аны жакынкы арада көрө аласыздар.


Алмаз Анталияга эмнеге кетти?
Сахнага кадам таштаганда эле "Жаным, ай" деген атка конгон Алмаз Шаадаев көрүнбөй кайда жүрөт деп күйөрмандары тынчсызданып жатса керек "Жок, андай эмес, мен өзүмдүн окуума байланыштуу Турциянын Анталия шаарына практикага келгем. Кооз жерлерди кыдырып азыр клип тартып жатам. Сентябрдын башында Кыргызстанга барам деген ойдомун. Быйыл Искусство Институтуна тапшырганга жетишпей калдым, эмдиги жылы окууга тапшырып, музыкалык билим алам",- деп билдирди Алмаз Шаадаев бизге интернет аркылуу.