Кычык суроолор

Марат Султанов:
"Энем сүт өнөр жайында 40 жылдан
бери директор болуп иштейт"
Президенттикке аттанып жаткан азаматтарыбыздан интервью алып келе жатабыз.
Бу саам ЖКнын депутаты, ажолукка аттанып жаткан Марат Султанов менен маек курдук.

- Марат мырза, сиздин саясатка аралашып, саясат менен жашап калганыңызга кимдин салымы чоң?
- Мен саясатка Каржы министринен кеткенден кийин, 2000-жылы аралаша баштагам. А мамлекеттик кызматка 1992-жылы киргем. А.Акаев өзү мени көрүп, Улуттук банктын төрагалыгына дайындаган. Менин саясатка аралашуума залкар жазуучубуз Чыңгыз Төрөкуловичтин салымы чоң. Өзүнүн "Адилет" деген партиясына киргизип, тең төрага кылып шайлаган.
- Ата-энеңиз тууралуу көп айтпайсыз, алар убагында эмне менен алек болушкан?
- Атам шахтачы болчу. Кесиби-тоо-кен инженери. Башкы инженер болуп эмгектенип жүрдү. Кийин партиялык кызматка өтүп, БКда бөлүм башчы болду, кийин саясатта партиялык кызматкер болуп жүрдү. Энем болсо сүт өнөр жайында 40 жылдан ашуун директорлук кызматты аркалап келе жатат.
- Азыр саясат туугандашып кетпедиби. Саясатта туугандарыңыз барбы?
- Менин Омар аттуу бир эле тууганым бар. Ал да Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө жашайт. Бизнес менен алек болгондуктан, саясатка аралашпайт.
- Улуу балаңыз канчага чыгып калды? А кичүүсүчү?
- Үч кыз, бир уулум бар. Эки кызым чоңоюп, бирөө АКШда университетти бүтүп, кесиби боюнча банкта иштеп атат. Экинчи кызым университетке эми кирди. Үчүнчү кызым беш жашта. А уулум болсо бир жарым жашта.
- Өмүрбек Бабановдун аялы Чыгыш-5те "Изумруд" деген зер дүкөнүн ачканын билебиз. А сиздин келинчегиңиздин кандай жеке бизнеси бар?
- Андай чоң зергер дүкөнү же башка иши жок.
- Эки уй баккандын үйү - айран, эки аял алгандын үйү - ойрон деп коюшат. Азыр депутаттардын көбү экинчи никеси менен жашаганы жамы журтка маалым. Сиз канчанчы никеңиз менен жашайсыз?
- Мен биринчи никем менен эле жашайм.
- Үйүңүздөгү жардыруу ким тараптан болду дейсиз? "Ата Журттан" эмеспи? Ал иштер боюнча иликтөө иштери аягына чыктыбы?
- "Ата Журт" боюнча да ар түрдүү көз караштар бар. Бирок, "Ата Журт" партиясынан деп эч кандай шек санабайм. Эмнеси болсо да, биз бирге жүргөнбүз. Улуттук коопсуздук министрлигинен:"Граната ыргыткан номерлерин Россияга жибергенбиз,азырынча ал жактан бекитүү келе элек, ошондуктан, иш токтолуп турат", - дешкен. Иликтөөлөр иштери азырынча токтотулуп турат.
- Кул жеймин дейт куйрукту, кудай билет буйрукту дегендей, эгер кудай буйруп президент болуп калсаңыз, кандай алгылыктуу иш-чараларды жасайм деп жатасыз?
- Негизинен, бизде төрт чоң олуттуу маселе турат. Коррупция менен социалдык теңсиздик. Экинчиси - экономикалык абалдын туруксуздугу жана шектүү жактарынын болгондугу. Үчүнчү -коопсуздук. (Айрыкча,түштүк чек араларынын коопсуздугу). Төртүнчү болсо өзүңүздөр билесиздер күч алып кеткен жердешчилик, уруучулук, улутчулдук маселелери. Бул маселелерди чечүүдө өзүмдүн көз караштарым бар.
- "Чү" дегенде эле үч президенттин кайсы каталарын оңдоого киришесиз?
- Үч президент тең эл менен болгон байланышын үзүп алышты. Булар туура эмес маалымат алып, алар курчап турган аппарат, үй-бүлө, бийлик туура эмес чечим кабыл алууга түрткү болуп калды. Ошондуктан, эң биринчи ММКлардын сөз эркиндигин сакташыбыз керек. Эл менен бийликтин башчысынын, президент менен болгон байланышын үзбөшүбүз керек. Экинчи өзүңдүн тууган-туушкандарыңды, жакындарыңды бийликке алып келбешиң керек. Мен бийликте канча жыл иштесем дагы, бир да тууганымды бийликке алып келип, аралаштырган жокмун. Үчүнчү баары бир сөзгө турганды, келишимдерди так аткарганды үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, Россия менен бир келишим түзүп, кайра алардын келишимин бузуп, сүйлөшүүлөрдү аткарбай койгон учурларыбыз көп болгон. Менин оюмча, президенттин сөзү бир болгон туруктуу жетекчи болуш керек. Ошондой каталарды кетирбесек, Кыргызстандын келечеги бар.
- Биздин бийликтегилер бирди сүйлөп, иш жүзүндө таптакыр башка ишти кылып жүргөнү жаңылык деле болбой калбадыбы. Сиз да алардын катарын толуктап калбайсызбы?
- Эгерде ошондой учурлар мен тараптан болсо айтыңыз. Мен элдин астында, элдин жалпы маселелери боюнча берген убадаларымды так аткара алам. Туура, кээ бирлери жеке суроолор менен: "Баламды бул жакка ишке коюп бер, акча бер, ооруп атам", - деп көп кайрылышат. Мүмкүн болушунча жардам бергенге аракет кылып келе жатабыз, Бирок баарына жардам бере албайбыз. Ушундай учурларда анча-мынча таарыныштар болушу мүмкүн. Башка, элдин мүдөөсүнө караштуу кандайдыр бир талаш-тартыштарды аткарбай койгон убадаларым болсо айткыла, мойнума алайын.
- Ахматбек Келдибеков экөөңүздөрдү тууган деп жүрүшөт, кандайча тууган болуп кетесиздер?
- Биз бир райондон, бир кыштактан болобуз. Ахматтын таятасы менен менин чоң атам бир тууган. Бөлөбү же жээнби, айтор, ошол сыяктуубуз.
- Камчыбек Кыдыршаевич: "Мен президенттикке койсом, Ахматбек мени колдойт", - деп мактанып жүрдү эле. А Ахматбек мырза досун эмес эле сизди колдоору белгилүү болду.
- Ахмат мени колдогон жок. Ал ээлеген орун-калыстыкка түртө турган орун. Ахмат мен жакта да, башка талапкер тарапта да болбошу керек. Кандай болгон күндө да Ахмат-бир бутактын башчысы. Ошондуктан, ал ошол бутакты кандайдыр бир саясатка түртпөй, түз, бир калыпта алып жүргөнгө өзүнүн салымын кошсо жакшы болот эле.
- Ахматбек мырза сизди колдобой Камчыбек Ташиевди колдоп кетсечи?
- Ахмат мындай иштерге киришпеш керек.
- Шайлоодо негизги атаандашым Алмазбек Атамбаев болушу мүмкүн деп айтканыңыз бар. Азыр деле ал оюңуздан кайта элексизби, же Алмаз Атамбаевдин деңгээлиндей күчтүү атаандаштарды да байкап жатасызбы?
- А. Атамбаев, К. Ташиев, А.Мадумаров, Ө. Текебаев, Өмүрбек Суваналиев, Нариман Түлеевдердин баары-күчтүү атаандаштар. Бирок, менин оюмча, башка атаандаштарга караганда экинчи турга чыгууга Атамбаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.
- Сиз менен Нариман Түлеевдин биригип, тандем болуп алганыңарга жини келген Камчыбек Ташиев азыртадан эле жолуңарды тороп, бөгөт коюп атат деген да имиштерди эшиттим эле?
- Эми ал кайсы жолду торомок эле? Камчынын өзүнүн көз караштары бар. Болгону өзүнүн шайлоо компаниясын баштап, өзүнүн аракеттерин кылып жүрөт. Өзүңүздөр билсеңиздер керек, Нариманды "7-апрель жаштар кыймылы" партиясы талапкер кылып көрсөттү.
- Н. Түлеев экөөңүздөрдү Орусия колдоп атат деген пикирлер да коомчулукта жүрөт.
- Менин да, Наримандын да Орусияда абдан көп жакшы жоро-жолдоштору, жогорку деңгээлдеги саясатта күчтүү орду, таасири бар саясатчылар, бизнесте жүргөн тааныштарыбыз бар. Ошондуктан, алар бизди колдошот. Бирок, алар колдойт, булар колдойт деген сөз жок болгону менен жалпысынан Орусиянын авторитеттүү лидерлери менен биздин ой-пикирибиз дал келет. Аларга биз дайыма өзүбүздүн көз карашыбызды айтып жүрөбүз. Биздин негизги өнөктөштөрүбүздөн болуп Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан эсептелет.
- Тил комиссиясынын экзаменинен өтпөй калам деген коркунуч жокпу, кыргыз тилинин грамматикасынан кандайсыз?
- Көптөн бери кыргызча жазбагандыктан, грамматикадан анча-мынча коркунуч бар болушу мүмкүн. Сүйлөө жагынан эч кандай кыйынчылыктар жок.
- Жыйын учурунда сизди көп көрчү эмес элек, анан эле шайлоо астында эл арасынан көп көрүп, иштериңизди байкап жатабыз. Бул да шайлоого болгон кадамдарыңыздын бири болсо керек. Президент болсоңуз да чээнге бекинип алып жата бербейсизби?
- 1990-жылдарды, 2005-2007-жылга чейин карасаңар, элдин арасында көп болуп, радио, теле, гезит беттерине көп эле чыгып жүрчүмүн. Себеби, 2007-жылы парламент тарап кеткенде мен: "Болду, ошол кездеги саясатка аралашпайм"- деп, "Ак-Жол" партиясына да кирбей койгом. Ошол парламентке да кирген эмесмин. Пиар, өзүмдү-өзүм даңазалоо боюнча иштеген эмесмин. Ошондуктан, үч-төрт жылга жакын көрүнбөй калгам. Эми азыр кайра кичине көрүнө баштадым. Рейтинги жогору саясатчылардын катарына кирип жүргөм.
- Шайлоодо акча биринчи ролду ойнойбу?
- Жок, акча биринчи ролду ойнойт дегендерге кошулбайт элем. Эгер акча биринчи орунда турса, анда бардыгы акчасын коюп эле, кимдин капчыгы калың болсо, ошол утуп алып, аны президент кылып шайлап коймокпуз.
- Нариман Түлеевдин акчасы көп, ошого кызыгып тандем түзүп атат деген сөздөргө ишенсек болобу?
- Нариман менен он беш жылдан бери тандем түзүп келе жатам. Ошончо жылдан бери анын акчасына кызыгып жүргөн экемин да анда. Экөөбүз тыгыз карым-катнаштабыз, бири-бирибизге дайыма жардам берип жүрөбүз. Экөөбүз тең кайсы жерде иштебейли бири-бирибизди колдоп жүргөнбүз жана колдой бермекчибиз. Мени бир нерсе өкүндүрөт да. Коомчулукта акчаны биринчи орунда турат деген философия пайда боло баштады. Бул туура эмес, жигитчилик деген сапатты артка калтырып, баарын акчага оодарып аткан көрүнүш өкүндүрүп атат.
Төлөбүбү Касымалиева