Сыр маек

Айжамал Кабылова
Кубулжуган үнү менен көпчүлүктү суктандырып, ар бир ырын жүрөккө жеткире хит кылып ырдаган "АГК" тобунун кымча бел ырчысы Айжамал Кабылова менен интернет аркылуу маектештик.

"Ырчы биринчи өзүнө эмес, элге жагыш керек"
- Мекениңизди сагынып жатсаңыз керек, качан келейин деп жатасыз?
- Мекенди сагынбаган жан болбосо керек. Элимди, жеримди, суумду сагындым. Кудай буйруса, сентябрда барабыз.
- Бала багып үйдө олтуруу кандай экен?
- Бала багып үйдө олтуруу да өзүнчө бир рахат. Ар бир нерсенин өзүнүн доору болот экен. Бойдокчулук кезде гастролдоп жүргөндө, тилек кылчу элем: "Мен дагы эне болуп, балдарымдын ар бир кылыгына күбө болуп маңдайында болсом",- деп. Жараткан эмне тилесең, ошону берет экен. Кудайга шүгүр, азыр балдарым менен үйдө олтурам, алардын шаңы менен күндүн кандай өткөнүн сезбей калам.
- Сахна, ата-эне, жакындарыңызды сагындыңызбы?
- Ата-энемди, кайын-журтумду сагынам. Бирок алар менен ар жума сайын байланышып, үнүн угуп тургандыктан билинбейт. Ал эми сахнага ырдап чыгып, микрофон кармамайынча сагынычың тарабайт. Куттуу сахнаны, күйөрмандарымды сагындым. Мен азыртан жаңы ырларга заказ берип, сахнага чыкканга даярданып жатам. Буйруса, аз убакытта күйөрмандар менен жолугушам.
- "АГК" тобундагы кыздар бир туугандай эле болуп калдыңыздар, бат-баттан байланышып турасыздарбы?
- Биз үчөөбүз "Кыз-Буракта" жүргөндө дайыма айтчубуз: "Турмушка чыкканда да бир топ болуп ырдашыбыз керек" -деп. Мен такыр элестете албайм, үчөөбүз үч башка болуп көрүшпөй калганыбызды. Биз үч бир тууганбыз, эжелер менен тез-тез сүйлөшүп турам. Жакында эле Орусиянын үч чоң шаарына "АГК" тобу өзүбүздүн жеке концертибизди бердик. Эл абдан жакшы кабыл алды. Үчөөбүз концерт бергенибизге эмес, жолугушканыбызга аябай кубандык.
- Үй-бүлөдө кайсыл тилде сүйлөйсүздөр? Чет жерде жүргөн мекендештерибиздин көпчүлүгүнүн балдары кыргыз тилинде сүйлөй албай калышат, сиздер бул жагына кандай көңүл буруп жатасыздар?
- Үйдө көбүнчө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Балдардын биринчи тили чыкканда "ата, апа" дедиртип үйрөткөнбүз. Көбүнчө кыргыз тилине басым коёбуз, ал эми орус тилин бала бакчага барганда сүйлөшөт. Мен өзү балдарымдын көп тилдүү болушун каалайм. Буйруса, 5-6 тил билген балдар болушат деп ойлойм.
- Бала тарбиялоодо көбүнчө эмнеге басып жасап жатасыз?
- Мен балдарыма: "Бирөөнүн уруксатысыз эч нерсесине тийишпегин, тамактанып бүткөндөн кийин бата кылып тур. Бирөө бир нерсе берсе, "рахмат" деп айт деп айтам. Көбүнчө туура эмес нерсе жасап жаткандарына күбө болуп калсам, дароо оң жагына үйрөтөм.
- Москва баары бир өз жериңизге жетпесе керек, Кыргызстанды сагынып буулукканда, кырдаалдан кантип чыгасыз?
- Албетте, дүйнөнү бир кыдырып келсең да өз жериңе жетпейт деп ойлойм. Москвага келгенибизге төрт жылдай болуп калды. Чынын айтсам быйыл гана көнүп калдым. Болбосо жаңы келген жылдарымда абдан ыйлагым келет эле. Жакындарымды, сахнаны сагынганда буулугуп, эч кимге көрүнбөй ыйлап алат элем. Азыр деле кээде буулугуп, көңүлүмө эч нерсе жакпай калганда Азамат сезип калат. Жумуштан эс алган күндөрүндө: "Кайсыл жакка барасыңар, эмне кылгың келип жатат?"-деп сурап турат. Мага Турция көбүрөөк жаккандыктан: "Анталияга баргым келип жатат"-десем, "Анда кеттик",-дейт. Көбүнчө бул кырдаалдан чыгууга жолдошум Азамат жардам берип, мени түшүнүп турат.
- Казан-аяк ар бир үйдө кагышат эмеспи, сиздердин үйдө көпчүлүк учурда эмнеден улам уруш болот?
- Кудай сактасын, казан-аяк кагыша элек, урушпай эле коёлук. Азамат экөөбүз болгону 1-2 жолу кызымдын айынан айтыша кеттик. Ал Жыпарга катуу тийгенинен, жиним келип болушуп: "Сен кыз балага катуу тийбе, мен өзүм тарбиялап алам",-дегем. Башка урушканга бизде себеп жок.
- С. Эркебаев экөөңүздөр "Күтүү" аттуу ырды дует ырдап чыгыптырсыздар, кандайча ырдап калдыңыздар?
- Сапар экөөбүздүн дуэт ырдайлы деп сүйлөшкөнүбүзгө 4-5 жыл болду окшойт. Анан былтыр Бишкекте экөөбүз жолугуп калып: "Айжамал, экөөбүз качан дуэт ырдайбыз?"-деп калды. Мен тамашалап: "Кел, азыр ыр жаз"-десем, жанымда Кенже эже да бар болчу. Ал: "Эски ырлардан ырдабайсыңарбы?"-деп "Күттүм сени" деген ырды ырдап берди эле, экөөбүзгө тең жакты. Ал ырдын автору Болот Токтобаевден бир ооз сурап коёлу деп Кенже эже чалса: "Башка ырды ырдасаңар ырдагыла, бирок ал ырга тийишпей эле койгулачы"-деп, ырын кызганып коюптур. Биз болсо антип айтканына карабай ырдап койдук эле, кийин Кенже эжеге чалып ыраазычылыгын айтыптыр. Мен сүйүнөм, алыста жүрсөм да ырларым элге жагып турганына, бул мен үчүн чоң бакыт.
- Көп эле ырчылар менен дуэт ырдап жүрөсүз, ырчылардын эмнесине көңүл бурасыз?
- Ырчылардын көбүнчө диапазонуна көңүл бурам. Анан да ырчылар жүрөктүн ырчысы, кулактын ырчысы болуп бөлүнөт го? Мен жүрөктүн ырчысын жакшы көрөм. Азыр көбүнчө талант эмес, акча башкы ролдо болуп калды. Азыркы жаш ырчылардан Султан Садыралиевдин ырдаганын жактырам жана талантын баалайм. Ал кандай гана ыр ырдабасын жүрөгүнөн ырдайт.
- Кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы ырчы менен дуэт ырдагыңыз келет, чет элдикчи?
- Кыргыз эстрадасынан ал же бул менен деп айтпайм. Чыныгы таланттуулар менен ырдай берем. Ал эми чет өлкөлүк ырчылардан Мэрайя Кэрри менен ырдагым келет жана кумир тутам. Ушул ырчыдан сабак алсам деп көп тилек кылам.
- Кыргыз шоу-бизнесинин учурдагы абалына көз карашыңыз кандай?
- Кыргыз шоу-бизнесине көз карашымды айтсам: таланты бары да, жогу да бар. Эми "акча бар, мен ырдайм" деп эле чыга бербестен, кичине вокал менен иштесе жакшы болмок. Азыр 60-70% ырчылар компьютердин жардамы менен ырдап, өздөрүн кубандырып жүрүшөт. Ырчы биринчи өзүнө эмес, элге жагыш керек. Ошондуктан, кыргыз шоу-бизнесин өтө жакшы деп айта албайм.
- Бош убактыңызда эмне менен алектенесиз?
- Негизи, балалуу адамдын бош убактысы аз эле болот экен. Балдар түштө уктаганда гана 1-2 саат убакыт болот. Ал убакта интернетке кирип жаңылыктарды окуйм, алыста жүргөн досторум менен сүйлөшөм.
Чыгармачылыкка качан киришкени жатасыз?
- Балдарым, кудайга шүгүр, чоңоюп калышты. Мына быйыл чыгармачылыкка киришпесемби деп даярданып жатам. Күзүндө барганда жаңы ыр, жаңы клип менен барам. Клип тарттырганга сүйлөшүп жатам, буйруса, баары эле ойдогудай болуп жатат.
Динара Чокоева