Пайдалуу кеңештер

Эркектерге жагымдуусузбу?
Ар бир айым эркектерге канчалык деңгээлде жагарын билгиси келет эмеспи. Кызыгы арткан айымдарыбызга аны билүү үчүн тест аркылуу текшерип алуусун сунуштадык.

1. Эркектердин чөйрөсүн жактырасызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
2. Эркектердин арасында өзүңүздү эркин сезесизби?
Ооба (5)
Жок (0)
3. Көчөдө басып баратканда, артыңыздан эркектер суктануу менен караган учурлар көп болду беле?
Ооба (5)
Жок (0)
4. Өзүңүзгө кийим сатып аларда, дайыма сексуалдуу көрүнүш үчүн аласызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
5. Эгер тааныш эмес эркек жагып калса, ал эркектен көзүңүздү албай тура аласызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
6. Бир кечеде бир эркек жагып калса, таанышуу үчүн биринчи кадамды өзүңүз таштайсызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
7. Эркектердин сиздин коомдо болгону жагабы?
Ооба (5)
Жок (0)
8.Ар кандай кол жаңсооңорго эркектер түшүнүшөбү?
Ооба (5)
Жок (0)
9. Дайыма баарлашып жаткан адамыңыздын сөзүн бөлбөй уга аласызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
10. Эркектер менен сүйлөшүү үчүн сизге сөз көп керек эмеспи?
Ооба (5)
Жок (0)
11. Кээ бир курбу кыздарыңыз күйөөлөрү менен тааныштырышпайбы?
Ооба (5)
Жок (0)
12. Сүйкүмдүүсүң деп көптөр айтышты беле?
Ооба (5)
Жок (0)
13.Сүрөткө түшкөн жагабы?
Ооба (5)
Жок (0)
14.Өзүңүздү акылдуумун деп эсептейсизби?
Ооба (5)
Жок (0)
15.Оюңуз боюнча ашыкча салмак сизге көрк береби?
Ооба (5)
Жок (0)
16. Кызыктуу эркек менен баарлашып жатканда, анын колун кармайсызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
17. Бийик такалуу бут кийимди жактырасызбы?
Ооба (5)
Жок (0)
18. Бирөөлөр менен таанышуу сизге анчалык деле оорчулук туудурбайбы?
Ооба (5)
Жок (0)
19.Эркекти өзүңүзгө баш ийдирүү жагабы?
Ооба (5)
Жок (0)
20. Эркектер дайыма көңүл бөлүп турушабы?
Ооба (5)
Жок (0)

Эгер сиз 30-50 баллга чейин топтогон болсоңуз
Эркектин көңүлүн, оюн билүү сиздей айымга эч кыйынчылык туудурбайт. Өзүңүздүн ордуңузду жакшы билгендиктен, көрүнгөн жерде, көрүнгөн менен жүрө бербейсиз. Өзүңүзгө жаккан эркекти эркелетип, дайыма көз алдыңызда алып жүргөндү жакшы билесиз. Сиз мамиле куруп жүргөн эркек сиздин толук каалооңузду аткарып турбаса, анда сиз, тандаган адамыңызга жөн эле убакыт коротуп жүрөм деген ойго келип, андан ары мамиле түзүү керек эмес деген чечим кабыл аласыз.
Эгер 50-80 баллга чейин болсо
Сиздей айымдар эркекти кол жоолук сыяктуу колдонгонду жакшы билишет. Эркекке жагынуу сизге чоң деле түйшүк эмес. Сизди карап, көңүлү тартпай турган эркек, бир нече сааттын ичинде сиздин жаныңызда отуруп алып, сиздин колдоруңуз кандай назик экенин айтып отурганын өзү билбей калат.


  Дүйнө жылдыздары

"Forbes" журналы Голливуддагы эң сүйүктүү жылдыздардын тизмесин түздү
"Forbes" журналы Голливуддагы эң сүйүктүү жылдыздардын тизмесин чыгарды. Голливуддагы эң сүйүктүү жылдыздардын катарына он адам кирген. Алардын ичинде бир гана айым, калгандары эркектер болуп табылды..

Биринчи орунду Уилл Смит алган. Бул таланттуу актёр көптөгөн кинолордо роль жаратып келген. Күйөрмандары көп бул актёр ар бир тартылган кинолорунда ар кандай, бири-бирине окшобогон роль жараткан.


Экинчи орунда актёр Том Хэнкс."Код да Винчи" киносунун жылдызы "Гиннес" китебине киргизилген. Актёр катарынан бир нече кинолорго тартылып, ал кинолору 100 миллион доллар киреше алып келген.


Ал эми үчүнчү орунга Робин Уильямс татыган. 57 жаштагы комедия жанрында роль жаратып келе жаткан актёр, азыркы мезгилге чейин күйөрман-дарынын жүрөгүнөн түнөк таап келет.


Жалаң эркектердин арасында сүйүктүү деп табылган жалгыз айым-Натали Портман. Бул айымдын күйөрмандары дайыма интернет булактарынан жаңы жаңылыктарын терең кызыгуу менен талкууга алууда.


Еврей үй-бүлөсү тамактанып жатышат. Кокустан стол үстүнөн кашык түшүп кетет. Үйгө конок келишин каалабаган атасы, кашыктын сабын бутунун учу менен тебелеп алат. Бир маалда ашканага чуркап келген баласы: Ата, ата, Сара эжем лифтте камалып калды,- деген экен.


Алия Ибраева