Атанын уулу

КРнын Эл артисти Замир Сооронбаев:
"Уулумдун атын Күлчоро коймокмун…"
Юрмаладагы эл аралык "Жаңы толкун-2011" музыкалык сынагына Кыргызстандын атынан барган Айбек менен Арсен ("Бишкек" дуэти) 4-орунга ээ болгон. Бул касиетти канчалык катпайлы, баары бир талант ташты да жара тээп чыгары анык. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" демекчи, бүгүнкү каарманыбыздын атасы-чыгаан режиссёр жана актёр Замир Сооронбаев. Ал эми тогуз ай толготуп, сай-сөөгү сыздап Айбекти жарык дүйнөгө алып келген апасы-КРнын Эмгек сиңирген актрисасы Калича Сейдалиева. Чыгармачылыктын казанында бирге кайнаган өнөр адамдарынын уулу Айбектин бала чагына сапар тартсак.

- Айбек жалгыз уулуңуз экен. Алгач уулдуу болгондо кандай сезимге дуушар болдуңуз?
- Ар бир ата аркасында туяк калсын деп тилек кылат эмеспи. Алгач ирет уулумдун "баа" деген үнүн угуп, башкача бир сезим болду. Уулум 3 жашынан баштап бала бакчага бара баштаган. Там-туң басып калган маалда болпоюп топтоголок эле. Кичинекей калпагын кийип алып, башкармадай болуп басчу. Быйтыйган колдору менен кашык кармай алчу эмес, биз тамашалап кашыкты алып берчи дей берет элек.
- Баланын ырайына жараша ат кой дешет, көпчүлүк кесиптештериңиз аткарган ролдорунан улам балдарына ат коюп келишет. Уулуңуздун атын ким койгон?
- Чоң кызымдын атын таенем Айгүл деп койгон. Уулум төрөлгөндө, кызым: "Менин атыма окшош болсун, атын Айбек коёлу",-деп койду. Мен ошол убакта театрда "Сейтек" драмасынан Күлчорону ойногом. Уулумдун атын Күлчоро коём деп ойлогом. Бирок, биздин калк ырымчыл келет эмеспи, "Күлчоро оор ат, бала көтөрө албайт" деп каршы болушкан.
- Там-туң баскандагы кылык-жоруктарына токтолсоңуз?
-Бир күнү бала бакчада жаңы жылдык кече болду. Казакстандан бир тууган агам экөөбүз барып майрамга катышып калдык. Балдардын арасында менин балам да ырдап-бийлеп жүрөт. Бир маалда: "Азыр кичинекей Айбегибиз "Манас" айтат",-деп калды. Мен Айбек деген дагы бир бала бар го деп ойлодум. Карасам балам чыгып, кичинекей жер төшөккө отуруп, шакылдата "Манас" айтып жатат. Агам көрүп отуруп чыдабай кетип, "бул балага приз" деп акча берди. Көрсө, мен Тыныбек манасчынын ролуна даярданып жатсам, ошондогу сөздөрдүн баарын жаттап алыптыр. Кабыл алуусу мыкты, абдан зирек бала болуп чоңойду.
- Ырга ышкыбоздугу качан байкала баштады?
- "Ак шооланын" жетекчиси Гүлмира Эсенгулованын да баламдын ырчы болушуна эмгеги зор. № 64 мектепте окуп жатканда да ыр-дүйнөсүнөн узай албады. КЭУда окуп жатканда студенттердин "Ала-Тоо жазы" фестивалына катышып лауреат болгон. Композитор М. Бегалиев: "Айбек жакшы ырдайт экен, Консерваторияга 3-курстан окусун",-деп сунуш кылды. Бирок Айбек бир окууну бүтөйүн деп болбой койду.
- Балаңыздын ырдаганын алгач качан уктуңуз?
- Бир күнү "ата, мен иштейм" деп калды. Мен: "Кой, балам, бешиктен белиң чыга элек, кантип иштейсиң?-дедим. Күндө кеч келгенине мен тынчсызданам. "Балам, сен кечинде иштейсиңби, үкү болгону калдың го?"-дедим. Көрсө, Айбек кафеде ырдайт тура. Барып ырдаганыңды көрөйүн десем, болбой койду. Бир жолу Таластан келе жатып кафеге барып, акырын шыкааласам, Айбек ырдап жатат. Ошондо биринчи жолу баламдын ырдаганын көрдүм. Юрий Бобков мени "Поющий город" конкурсуна калыстар тобуна сунуш кылды. Көрсө, балам да ошол конкурска катышат экен. "Ата, сиз катышсаңыз, мен ырдабайм"- деди. "Кой, балам, сен катыш, андан көрө мен баш тартайын",- дедим. Ошол конкурста Айбек 2-орунга ээ болду.
- Кимди тартып токтоо болуп калган?
- Айбектин мүнөзү атам Рысбекке окшоштугун баамдадым. Атам өмүр бою партияда иштеген, оор басырыктуу, бир сөздүү киши эле. Биздин чекебизге бир да чертпей, сөз менен тарбиялаган. Уурулук кылба, ушак сүйлөбө жана калп айтпа деп көп айтчу. Бирөөнүн эмгегин жебеген айкөл киши болгон.
- Айбектин жашынып жүрүп заматта "жарк" этип чыга калганынын сыры эмнеде?
- Кичинесинен бери өз алдынча болгондуктанбы, жасаган ишин алдын ала жар салбайт. "Мен убактымды күтүп жүрдүм. Баары өз убагында болсун",- деген сөзү бар. Юрмаладагы фестивалга катышып, жарым финалга өткөндө гана бизге айтты. Албетте, Кыргызстандын желегин желбиретип жеңишке жетишкендиги кубантпай койбойт. Биз бул жакта чыдамыбыз жетпей, улам-улам интернет аркылуу кабардар болуп турдук. Ал эми карапайым калктын чолоосу жок да, интернеттен көргөнгө.Кыргыз телесинен көрсөтүшпөдү, бизде искусствого кайдыгер карашканы түйшөлтөт. Казакстанда конкурсанттардын ар бир кыймылын көрсөтүшүптүр. Ома башынан баштап аягына чейин колдоо көрсөтүп турду. Мен жөнөкөй ата катары Омага миң мертебе ыраазымын.

Динара Асылбекова




  Сыр маек

Жакут СЫДЫКОВ, куудул:
"Мага гонарар төлөбөй эле ырдап жүргөн ырчылар көп"
- Кандайсыз, Жакут байке? Туткан орозоңуз кабыл болсун.
- Рахмат, жакшы.
- Азыркы мезгилдерде гезит беттеринде көрүнбөй кеттиңиз. Эмне менен алектенип жатасыз?
- Чындап эле мен мындай-тигиндей кылып жатам деп өзүмдү жарыя кылган жокмун. Гезит беттеринде көп деле көрүнбөйм, ошондо деле элдин кызматында жүрөм. Элге кызмат кылам деп айылдан келгенмин, азыр шаардык болуп калдым. Иштеп жатам, азыр "Шаты" деген куудулдар тобун түздүм. Бул топ быйылкы жылдын январь айында түзүлүп, ишке кирише баштады. Таласка, Ошко жана башка дагы Кыргызстанды аралап, өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп келишти. Азыр болсо алгачкы бет ачар концертинин алдында турат. Эми алып чыгыш үчүн көп каражат кетет экен, негизгиси, алып чыга турган программаны даярдап койдук. Кийимдерине, жаңы клип, жаңы ырларына көп каражат талап кылып жатат, ошого карабай биз токтоп калган жокпуз, иштеп жатабыз. Негизи, "Шаты" тобундагы балдар-ырчы болом деген балдар. Мен буларды кыйнап эле куудул кылып жатам.(Күлдү) Мен деле ырчы болом деп келгем, куудул болом деп эч түшүмө кирген эмес, алардын да түшүнө кирген эмес. Буйруса, жакында кыргыз элиме жаңы "Шаты" куудулдар тобу чыгат.
- Элдин кызматындамын деп айтып кеттиңиз, топтон башка дагы кандай иш үстүндө жүрөсүз?
- Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып дегендей. Эми чыгармачыл адам болгондон кийин, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатам. Чыгармачылыгым, кудайга шүгүр, ошолорду эми эл алдына алып чыгыш керек болуп жатат. Чынын айтсам, мен ушул маалга чейин концерт берген эмесмин, азыр бар эмеспи, бир ыры хит болуп кетсе эле Спорт сарайын көздөй жүгүргөндөр. Көптөгөн ырларды, тамашаларды жараттым, азыр ошолорду элдин алдына алып чыгып, концерт берсемби деген ой болуп жатат. Эсептеп көрсөм, быйыл 10 жыл болуптур, анан он жылдык юбилей деп бериштен уялам. Болгону 10 жылдан бери чогулган чыгармаларымды элге көрсөтсөм деп ойлоп жатам.
- Биздин куудулдарыбыздын кимиси менен жакшы мамиледесиз?
- Эң жакшы мамиледе жүргөнүм Санжар Бердибеков, Максат Тасмаев, Айылчы Орозалиев жана башкалар. Баары менен эле жакшы мамиледемин. Баары менен эле саламым түз.
- Ал эми тил табыша албаган куудул байкелерибиз барбы?
- Мен жаңы эле жакшы мамиледе жүргөндөрүмдү атап өттүм, ал эми тил табыша албаган, чырдашкандарым жок. Сахнадагы бардык байкелер менен жакшы мамиледемин. Андай чыр, пикир келишпестиктер болгон эмес, болбой эле койсун.
- Азыр биздин куудулдар кинолорго да тартылып жатпайбы. Сиз өзүңүздү кино жагынан сынап көргүңүз келеби?
- Киного тартылсам деген оюм бар, киного сахна адамдарынын баары эле кызыгып жүргөнүн билем. Азыр бизде кинолор да аябай көбөйдү. Мен деле элиме жакшы бир комедия жараткым келет. Ал эми азыркы учурда Бек Борбиевдин калемине таандык "Мен сүйгөн карагат" аттуу киносуна тартылып жатам. Санжар Бердибеков Баатыр деген таксисттин ролун жаратып жатат. Ал эми Максат Тасмаев экөөбүз баатырдын досторунун ролун аткарып жатабыз.
- Ырларыңыздын сөзүн, обонун өзүңүз жазасыз. Ал эми башка эстрада жылдыздарына да жазып бересизби?
- Мен өзүм кичине кезимде эле ырчы болом деп айтчумун. Бала кезимде, айылда жүргөндө, өзүмчө эле Бек Борбиев болчумун. Ошол маалда Б. Борбиевдин, С. Бейшекеевдин ырлары жазылган кассеталар жыл сайын чыгып турчу, алардыкы чыккан сайын меники да чыгып турар эле. Чыккан ырларым хит болуп, коңшу айылдарга чейин ырдалып жүрчү. Азыр ошол ырларым көп эле ырчылардын керегине жарады десем болот. Мисалга ала турган болсом,"Окуучу кыз" деген ырымды Ирлан Таалайбеков ырдап чыкты. Айылдан эле чыккан "Мейли, ташта" деген ырымды Фарида Карбосова ырдап жүрөт. Эми мен жөнөкөй эле ырчы болом дегем, бирок азыр М. Иманбеков, И. Абдразаков, Мажиттер да ырдап жүрүшөт. Көп эле ырлардын авторумун, бирок ошол ырчылар ырдап чыгар алдында ырдын авторун айтып коюшса жакшы болмок.
- Ырларыңызды сатасызбы?
- Мен мынча сом деп айтпайм, сурап келген ырчыларга берем. Анан гонорар алам, мисалы Ынак Осмоналиев да ырдап жүрөт, ал мага 100 доллардан ашык төлөп берген. Ар бир ырчы өзү билет да эми, кааласа беришет, бирок гонарары жок эле ырдап жүргөн ырчылар көп. Мисалы, Ирлан Таалайбеков, Фарида Карбосова, эми көп, унутуп калдым.
- Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик.
Алиса Сапарбекова