Обон почта

ОП-179-01. Сагындырып көргөзбөдүң элесиңди. Алтыным, суранамын келесиңби? Көздөрүңдү күтүүдөн мен тажабайм. Кара-Балтада жашап жаткан жаным Чыңгыз, мен сени чексиз сүйөм. Мени кечирип койчу. Мага чал. Айзада
ОП-179-02. Сүйүү деп жүрөгүмдө так да калды. Ал такты өчүрүү кыйын мага. Алты тамга басылган тагы калды. Айзада
ОП-179-03. Канча күндөр, канча айлар өтсө да, жүрөгүмдү эч бир жанга сатпадым… +77028368ххххх
ОП-179-04. Салам, "Обончулар". Мага ырчы Араш жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? Зарина
Толук аты-жөнү - Араш Лабаф
Туулган жылы - 1977-жыл, 23-апрель
Туулган жери - Иран, Тегеран
Жактырган ашканасы - Тай ашканасы
Араш 14 жашында ырчы болуп, топ түзүүнү туура көрөт. Мектеп курагындагы музыкага кызыккан балдар топ түзүү сунушун колдошкон. Жардам сурап чиркөө үйүнө кайрылганда, баш тарткан эмес. Башында теңтуштарынын арасында ырдап, чакан концерт коюп жүрүп эле чоң сахнага кантип келип калганын байкабаганын айтып келет. Ата-энеси артисттикти кесип деп санабайт. Улуу агасы Швецияда белгилүү врач, иниси Швециянын АКШдагы элчилигинде юрист болуп иштейт. Бир жолу апасы: "Тукумубузда артист деген деги эле жок, каякка мурдуңду тыктың"- деп катуу урушканында, анын көңүлүн алып Мальмёдогу ЖОЖдордун бирине тапшырып окуусун бүтүргөн. Кесиби боюнча архитектор -дизайнер, бирок иштеп көргөн эмес.
ОП-179-05. Адал оокат тамчыдай тамып келет, арам оокат сел сыяктуу агып келет. Ар кимдин жегени адал болсо, дини таза болорун билгин. Дениз
ОП-179-06. Жүрөгүм сиз деп согуп турат. Түндөсү айды карайм, жылдыздарды самаймын, себеби, алар сизди көрүп турат. Көл болсом балык болуп сүзөсүзбү? Гүл болсом жамгыр болуп төгөсүзбү? Алтыным, менин сизден суранарым, сиз мени чын жүрөктөн сүйөсүзбү? Беш жерде беш жыйырма беш, жүрөккө жүрөк тилектеш, ыр менен жазам сөзүмдү. Гүлзар 96
ОП-179-07. Салам, "Обон". Биз тоюбузга чакыруу билет жасаталы дегенбиз. Той жөнүндө ыр саптарын жазып бере аласыздарбы? Алдын ала рахмат. Тахмина
ОП-179-08. Салам, "Обон". Менин саламым 87-мектептин 8-д классынын окуучуларына. Элнура
ОП-179-09. Кең тоолордо өсүп турган гүл болсоң, назик кармап сабагыңдан үзмөкмүн. 0773160ххх
ОП-179-10. Асманда жарык чачкан айымсың сен. Жанымда сен гана бол, башкасына кайылмын мен. Назик кучактап, ысык кучагыма бекем тартып өпкүм келет… 0773160ххх
ОП-179-11. Сүйөм жаным, ар убакта чарчабастан. Сезимимди, ак сүйүүмдү сага арнайм. Махабатты эңсеп жаным жүргөн кезде, жаным менин асылым, сени тапкам. Gulu 95
ОП-179-12. Байкоосуздан мен өзүңө кабылдым, сүйүп сени ак сүйүүгө багындым. Үнүңдү аз убакытка укпай калсам, жүрөгүм ыйлап жаным сагындым. Gulu 95
ОП-179-13. Туруп алды бир сезим сени эңсеп. Сүйдүмбү, бул сезим сүйүү, демек. Сүйдүм, жаным, жүрөгүмдү жалындатып, чын эле алдың, жаным, жүрөктү ээлеп. Gulu 95
ОП-179-14. Алмаша албайм, жаным, сени башкага, сүйсөң дагы сүйбөймүн деп алдаба. Ак сүйүүмдү сууга таштап жанчып салып, жүрөгүмдү эзип, жаным, жаралаба. Gulu 95
ОП-179-15. Сүйөм, сүйөм асылым, мен өзүңдү. Ак сүйүүмдү дале сезбей жүрөсүңбү. Бирге ойноп бак аралап баскым келет, күтүп келем ал бактылуу күндөрүмдү. Gulu 95
ОП-179-16. Асылым бол жүрөгүмдө жайнаган. Сүйөм сени ишен, жаным садагам. Неге… 0773160ххх
ОП-179-17. Балдар, дайыма алга. 0778969ххх
ОП-179-18. Салам, "Обон". Мага Нурлан Насиптин номерин бериңиздерчи, суранам. Бере турган болсоңуздар, ушул номерге СМС жиберип коюңуздар. Жооп күтөм. Алия 97
"Обондон" жооп: Урматтуу окурмандар, биз ырчылардын номерин бергенге укугубуз жок.
ОП-179-19. Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты, баарыңыздарга ден соолук каалайм.
ОП-179-20. Кабылдымбы сиздей сулууга? Кабылдымбы кайырчынын капчыгына? Дарманым жетпей олтурамын жол боюнда. Кайыр сурап өткөн-кеткендерден сизди сурап, жашоомдо арман болду. Сизди сүйүп, өзүмдөн он жаш улуу болсоңуз да. Сүйөм сизди, күтөм сизди, жазбы, жайбы, күзбү, кышпы, күтөмүн бир күн жолугармын сиз менен. 0773575ххх
ОП-179-21. Жайкы түндөй узун болсун өмүрүңүз. Айлуу түндөй ачык болсун көңүлүңүз. Дайым шаттык күлкү менен өткөрүңүз. Аллахымдын сизге берген өмүрүн. Бул ырды Тата Улан байкеге жолдоймун. 0779504ххх
ОП-179-22. Жалгыздык жанга тийип, сезимим айга сызып, каалаймын мен сиздерге, жакшылык таазим кылып. Аман болуңуздар, "Обон" газетасында иштегендер. 0779504ххх
"Обондон" жооп: Урматтуу окурман, каалоо-тилектериңизге "Обон" газетасынын жалпы жамааты ыраазычылык билдирет.
ОП-179-23. Толкун болот деңиздин күчтүү жери, толкундай бол кыргызымдын жигиттери. 99 өнөрдүн ээси бол деп, тоолук эне төрөгөн сени, мени. "Обондо" иштеген жигиттерге салам. 0779504ххх
ОП-179-24. Аялга сөз айта албайм, тик карап, аялды жыга албайсың күч сынап. Аял деген үч тамганын ичинде, ай ааламды титиреткен күч жатат- дегендей, ар дайым биздин ажарлуу айымдарыбыз аман болсун. Алардын ичинде сиздер да аман болуңуздар, кыргызымдын айымдары. 0779504ххх
ОП-179-25. Салам, "Обон". Мен силерди жакшы көрөм. Айнаш
ОП-179-26. Коки, мен сени сүйөм,- деп сенин жаның Маку.
ОП-179-27. Даракта жашыл жалбырак, жалбырак мынча жалбырайт. Жүрөктөн сени сүйбөсөм, жүрбөсмүн сага жалдырап. Эля 95
ОП-179-28. Ырчыларыбыз ырчымын деп эле өздөрүн көтөрүшөт. Эркектерге тең келген Курманжан энебиздин канча жылдыгын белгилеп жатканыбызды билбейт, уят эле. 0773803ххх
ОП-179-29. Жерге-Талдык 93төргө жана Котик,Эламанга,Белый Эламанга, сүйүктүү Канболотко, Орозго, Лашига. Мен баарыңарды жакшы көрөм,- деп Дамира 95. Алга достор. 0779689ххх
ОП-179-30. Асылкан+Гүлжигит+Дамира+Майкл+Жексон+Сейил+Омар =Банда талпасы, Жерге-Тал 95тери, алга. 0779689ххх
ОП-179-31. Салам, достор, мен бир жигитти сүйүп калдым. Эми эмне кылсам болот? 0558000ххх
ОП-179-32. Салам, достор, силерге суроом: кыз бала канча жашында турмушка чыгуу керек? 0558000ххх
ОП-179-33. Мен Бактияр кызы Бегимайды издейм. Беловодскилик 1995-жылкы. Эгер окуган болсоң, мага чал. 0555-41-45-57, 0552-44-43-16, күтөм деп Токмоктон.
ОП-179-34. Кара-Сууда жашаган курбум Аиданы 1-август туулган күнү жана ошондой эле баарыңарды Рамазан айынын башталышы менен куттуктайм. Орозо кармагыла, мусулмандар. Назбийке
ОП-179-35. Рыспайдын нак кыргызча аты-жөнү Ырыспай Абдыкадыр экен. "Ыр" деген сөз менен башталып, "ыр" деген сөз менен бүтүп атат. Дал ушул аян белги айтып тургандай, анын өмүрү ыр, ыр, ыр экендигин ким танат? Назбийке
ОП-179-36. Сулайман -Тоо-ордолуу Ошубуздун жүрөгү. А жүрөк менен ойногонго болбойт. Назбийке
ОП-179-37. Сен үчүн күйүп-жанып кайгыланам. Капалуу жүрөк жанып жалбырттаган. Айымсың, өмүрүмсүң турмуштагы. Алдымда чырагымсың жаркыраган. Назбийке
ОП-179-38. Мен сени өмүр бою сүйөм, жүрөгүм. Сүйгөнүң
ОП-179-39. Ар бир сени менен өткөргөн күндөрүмө өкүнбөйм. Эч качан менден алыстаба, менин жанымдан кетпе. Анткени, мен сенсиз жашоомду элестете албайм. Бирок сезем, сен дагы мени сүйүп, мени менен түбөлүк болоруңа. Сүйгөнүң
ОП-179-40. Бардык кыргыз элимдин кармаган орозолору кабыл болсун. Айбек
ОП-179-41. Кыргыз элине ысык салам. Бар болгула, бай болгула, кыкелер. 0773362ххх
ОП-179-42. "Обонушка", мен силер менен сыймыктанам. Ар бир саныңарды калтырбай окуйм. Силерге ийгилик каалайм. Күйөрманыңар
ОП-179-43. Сени эч унута албадым. Унуткум келди, бирок колумдан келбеди. Сени өзүм билбеген абалда сүйдүм. Сен ушунчалык боорукер, эч кимге окшобогон инсансың. Сен жанымда жок экениңди эстесем, жашоом тарып, сенин эч кимде жок жакшы сапаттарыңды, экөөбүз бактылуу сүйлөшкөн күндөрдү эстеп алып, жашоомо чырак жаккандай кубанып, жылмайып калам. Бирок бул убактылуу, ал эми муң-кайгы, жалгыздык жүрөгүмдү муздатып келүүдө. Сени сүйөм, сен ошону бил жана бактылуу бол, Эрнест. Уйкучу Бегимай
ОП-179-44. Асманда ай жалгыз, дүйнөдө жер жалгыз, а жерде мен жалгыз. Тагдырым, таалайым табамбы, айга окшоп каламбы? "Обонушка", менин СМСтеримди газетага чыгарып коёсуздарбы? 96 Сникерс
ОП-179-45. Салам, "Обон". Менин саламым Казарман айылында жашап жаткан сүйүктүү сүйгөнүм Макска. 07773 68ххх
ОП-179-46. "Обон" гезити! Токтогулдук Гүлзада Корошованы издейм. Сураныч, жардам бергиле. 0553621ххх
ОП-179-47. Салам, "Обонушка". Супер СМС жазуучуларга ийгилик, тунук сүйүү каалаймын. 0773879ххх
ОП-179-48. Толготуп тогуз ай томук сыздап, көтөрдүңүз апакем кантип чыдап. Наристенин ыңаалаган үнүн угуп, мына өзүн бактылуу сезип турат. Андан бери нечен жылдар өттү узап, наристе кыз он тогузга толуп турат. Jaku_92
ОП-179-49. Каным,жаным, менин сүйүктүү акем Улан, сизди сагындым. Айко, 0779401907
ОП-179-50. Төлөбаев Санжар, мени кечирип коюңузчу. Сизди дале сүйөм. Нур…н К. Ч айылы
ОП-179-51. Момун мусулмандар, Орозоңуздар кабыл болсун. Алланын жолунда жүрөлү. Нуркан
ОП-179-52. 0779401хх5 номерин көтөрүп жүргөн Сылык, таарынбачы мага суранам. Гүлназ
ОП-179-53. Салам, "Обон". Менин саламым Токтогул районунун Комсомол айылынын Кыр-Жайлоо жайлоосунда эс алып жүргөн апам Калича, атам Жусу жана бир туугандарыма. Аларга каалаарым бардык жакшылыктар, күзүндө аман- эсен келишсин,- деп кызы Уулжан 96. Комсомол
ОП-179-54 . Айткылачы, достор, кандай адам бул дүйнөдө эң бактылуу? Жооп күтөм. 0773879ххх
ОП-179-55. "Ата Мекен" партиясынын лидери О. Ч. Текебаевдин ишине ийгилик, узун өмүр каалайм. Жумгалдан Ишен
ОП-179-56. Нурлан Насип, сизге чоң салам. Ишиңизге ийгилик. Дайым бар болуңуз. Сизди жана сиздин ырларыңызды сүйөм. Алайдан Нестан Дарежан
ОП-179-57. Салам, "Обон". 9-13- июль Москва Бишкек поезддинде таанышкан кыздар, атыңарды унутуп калдым. Ушул номерге чалгыла. Симка саткан Улан
ОП-179-58. Кабыл, мен сени менен өмүрүм өткөнчө досмун. Ушуну көңүлүңө бекем түй жана дүйнөдө жамандык көрбө, күлкү, тойлордун үстүндө жүр. Бар бол, бай бол,- деп Кымызгүл 81.
ОП-179-59. Ноокат районуна караштуу Жаңы-Базар айылындагы Кабылга салам. Мен сенин жумшак,сылык мүнөзүңдү сүйдүм,- деп Кымызгүл.
ОП-179-60. Кызылгүл, кандай, сени абдан сагындым, качан көрүшөбүз? Досу Гүлзар 96
ОП-179-61. "Обон", салам. Менин досторум Кызылгүл, Эркетай, Айка, Бабник 94, Али, Ыхвал, Бермет, кандай жакшыбы, ден соолук жайындабы? Гүлзар 96
ОП-179-62. Айлуу түндө жолугууну көздөдүм. Сизге арнап сөздүн гүлүн издедим. Сиз деп жүрүп өзүмдү унутуп, мен сиздик болуп калганымды сезбедим. Гүлзар 96
ОП-179-63. Сүйдүм сени чын жүрөктөн берилип, элесиңизди эстеймин жүрөк эзилип. Кайра-кайра көргүм келип өзүңүздү, уксам деймин сөзүңүздү, жаным. Гүлзар 96
ОП-179-64. Билбедим акырында эмне болот? Ата-энеңиз сизди кимге үйлөп коёт. Ар кандай суук кабар угуп, жүрөгүм токтогонсуп кайра согот, алтыным. Гүлзар 96
ОП-179-65. Сүйсөң, сүйүү чынар болуп көрүнөт. Сүйүү жолу нечен жолго бөлүнөт. Сүйүп жүрүп сүйгөнүнө жетпесе, кара көздөн кайгы жашы төгүлөт. Гүлзар 96
ОП-179-66. Кайрагачтык Шүкүр байке, мен сизди чын жүрөгүмдөн сүйөм. Сизди аябай сагындым, жаным. Э……а
ОП-179-67. Салам "Обон" жана СМСчилер. Силерге суроо: Сүйүү канча жылга чейин жашайт? Сүйүү деген эмне убактылуубу, же түбөлүктүүбү? Каролина 95
ОП-179-68. Сүйүү десе сүйүп жүрүп жете албай. Сүйүү десе күйүп оттой жана албай. Азап тартып жүрөккө дарт баскандай. Калды байкуш бул дүйнөдө армандай. Каролина 95
ОП-179-69. Көздөрүң күйгөн шамдай, коркомун жазгы таңдай. Көңүлүм сүйүп сени, колумду сунам талбай. Карлыгач жарык маанай, караймын эч тажабай. Коркконум сезилгенсийт, кол жетпес жылдыздардай. Каролина 95
ОП-179-70. Жүрөк менен жүрөгүңө сүйүү салам. Өчпөс болуп жан дүйнөңө күйүп-жанам. Садагам, сөзүм берем түбөлүккө. Жүрөгүңдү жүрөгүмө катып алам. Бул ыр Таластык красавчигиме арналат. 0708081ххх
ОП-179-71. Бүгүн менин маанайым жок. Анткени, жигитим менен кечээ кечинде таарынышып кеттим. Бүгүн болсо кечке ал мага чалган жок. Мен дагы чалган жокмун. Анткени, бирдигим жок болчу. Бирок сезип жатам, ал дагы жаман болуп, маанайы жок жумушунда отурат болуш керек. Эмне үчүн ушинтип эле бири-бирибизге таарынып, бат эле урушуп кетебиз. Чындыгында, бири-бирибизди аябай сүйөбүз, аны билем. Бирок ушул жөнү жок нерселерге урушканыбызды токтотпойбуз. Азыр саат 4төн 51 мүнөт өттү. Мен жумуштан 6да чыгам. Ага чейин чалат болду бекен, мага кызык болуп жатат. Баары бир кайда жүрсөң дагы, эмне кылып жатсаң дагы, эч качан оорубачы, суранам. Өзүңдү мен үчүн жакшы кара. Мен сени гана сүйөм. Сүйгөнүң
ОП-179-72. Көк беттик, таарынчаактык - эң жаман сапаттардын бири. Башында мен көк бет эмес болчумун. Бирок мектепте окуп жүргөндө кичине көк беттигим кармап калчу. Азыр ошол сапатымдан арыла албай жүрөм. Муну бир гана жигитиме көрсөтчүмүн. Ал мени көтөрүп, түшүнөт. Бирок ал деле тажады болуш керек. Сүйгөнүң
ОП-179-73. Тажаганы үчүн мага чалбай жатат болуш керек. Мен дагы аны түшүнөм. Сүйгөнүң
ОП-179-74. Арман беле сен жок бул жалган. Жазган беле мага амалсыз калган. Артка кайры мезгил, муздап барат жүрөгүм. Ал жок, бакытым да жок күйүп-жанган. Издеп таппадым, кабарың, жазым ай. Жан дүйнөм арбадың, жаным ай. Элесиң жок, сезим бөксөрүп барат. Ызадан жаралган үмүтүм жанат. Демиме дем берип сенсиң гана түбөлүк. Сен жок бакыт шаңы жок, атаганат. Баардыгын багыңа байлаган түнөк. Тушалган сезимде сагыныч күтөт. Арзып барам жалгыз дегдеп эми күүлөнүп. Жан дүйнөм жалындап турат өзгөрүп. Айбек
ОП-179-75. Ушул ырчылардын көбү эле ырларды уурдап калышканбы, ыя? Жакында эле жакшы көргөн ырчым бир ырды ырдап чыкты, аны мен кичинемде өзбектерден уккам. Башкасынан күтсөм дагы, андан күткөн эмесмин. Мейли эми, аман болсун. Мындан ары ийгилик. Шаира
ОП-179-76. Сен мени салдың жаным, неге кайгыга. Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай. А күйдүм а, күйдүм ай. Неге эле сени сүйдүм ай. Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай. Неге эле сен деп жүрдүм ай. Жүргөнүң эле элден такыр башкача. Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок. Эңсегенде пайда жок. Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Сен мени салдың жаным неге кайгыга. Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң. Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай. Айбек
ОП-179-77. Жалпы Кочкор элинин жашоочуларына салам. Ал жакта акылдуу, ыймандуу, боорукер адамдар жашайт. Мен силердин баарыңарды сыйлайм жана урматтайм. Айпери
ОП-179-78. Мен сени сүйчүмүн. Сен менин жүрөгүмдү жаралап, башкага кеттиң. Эми бактылуу бол. Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн. Үйүңөрдө ынтымак болсун. Сени менен өткөргөн күндөрүмө өкүнөм. Анткени, азыр ойлоп көрсөм, жаман күндөр болгон экен. Сен мага жакшы маанай алып келген жоксуң. Сен деп соккон жүрөгүмө кээде таң калам. Эмне үчүн сени тандады? Зарина
ОП-179-79. Салам, "Обон". Сураныч, Элиза Орозова жөнүндө маалымат бериңиздерчи. Мен аны жакшы көрөм. 0770668ххх
"Обондон" жооп: Элиза Орозова жөнүндө маалымат бергенбиз. Сиз окубай калдыңыз болуш керек.
ОП-179-80. Эмнеге күн ысык? Жакында эл-журт сары май болобуз, бөлөгүңөр айран болгула. Тамаша. Фатима
ОП-179-81. Дос кыдырып жатам. 0553117ххх
ОП-179-82. Койгулачы, Бактыгүлгө караган Неля сулуу. Капа болбо Неля, биз сенин чыныгы күйөрманыңызбыз. Бактыгүл, койчу, сен дагы ырчысыңбы? Ырчы деп Неляны айтат. Күйөрманыңыз Фатима, Марат 97
ОП-179-83. Салам, "Обонушка". Мага Тайра Бенкс жөнүндө кененирээк маалымат берип коюңуздарчы, сураныч. 0779999ххх
Тайра Бэнкс 1973-жылы 4-декабрда кембагалдын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ага кошумча эң улуу байкеси муну көп сабап, күн көрсөткөн эмес. Ошондуктан, балалык чагын эстегенде, көзүнө жаш алып, азыркыга чейин жамандыкка моюн сунуп жашайт. Бирок Тайра өзүнүн теңтуштарынан алда канча акылдуу кыз болуп чоңойгон. Мектепте окуп жүргөндө классташтары менен жаман мамиледе болуп, башка мектепке которулууга аргасыз болгон. Башка мектепке барганда Тайра эч кимге таанылгыс болуп, бардык жагынан өзгөрүүнү каалап, модель болууну пландаштырат. Ошентип, моделдик курстарга барып жүрүп, 15 жашка чыкканда "Seventeen" журналынын жүзү боло алган. 17 жашка чыкканда гана ага көптөгөн сунуштар түшүп, 4 чоң-чоң агенттик менен иштеше баштаган. Ошентип, дүйнө жүзүнө таанылып, Британиялык телеберүүнү алып барып калат. Анын сулуулугун, талантын байкап калышып, биринчи жолу "Inferno" тасмасында роль жараткан. 1996-жылы журнал "People" аны дүйнө жүзү боюнча эң сулуу 10 айымдын катарына кошкон. Ал ушул убакка чейин диета кармаган эмес. Болгону спорт менен тынбай машыгып турат.
ОП-179-84. Кызыл-Кошчудагы Эмилжановдордун үй-бүлөсүнө чоң салам. Айжаркын, 0779912403
ОП-179-85. Мен Дайыр Исмадияров жөнүндө билгим келет. 0779912ххх
Дайыр Исмадияров 1986-жылы 16-июлда Өзгөн районунун Черемушка айылында туулуп-өскөн. Бош убактысында сууда сүзүү, бийлөө менен алектенет. Апасы менен байкеси учурда Өзгөн районунда жашашат. Ал жакта апасынын өзүнүн дүкөнү бар. Эки эжеси шаарда турушат, экөө тең үй-бүлөлүү. Дайыр - эң кичүүсү. Үй-бүлөсүндө жалгыз гана ал чыгармачылык менен алектенет.
ОП-179-86. Бегимай Эсенгулова жөнүндө билгим келет. Мага аябай жага. Күйөрманы Айжаркын
"Обондон" жооп: Урматтуу Айжаркын, Бегимай Эсенгулова жөнүндө биздин № 174 саныбызда маалымат бергенбиз.
ОП-179-87. Арча-Бешикте жашаган кошуналарыма салам. Алар - аябай жакшы адамдар. Биз өтө ынтымактуубуз. Бат-бат бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө конокко барып турабыз. Нурбек
ОП-179-88. Замир Арыкбаев деген ырчынын талантын баалайм. Анын үнүнө эч кимдики жетпейт. Бир гана үйлөнүп алганы жаман болду да. Камила
ОП-179-89. Күмүшай сиңдимдин өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Азыр наристе болсо дагы, кылган иштери чоңдордукунан айырмаланып, акылдуу кыз. Мындан ары дагы акылдуу болуп жүрө берсин. Ыймандуу кыз болуп чоңой. Камила
ОП-179-89. Курбулар, келгиле сырдашабыз. Силерди абдан сагындым. Айгерим
ОП-179-90. Гүлзина, досум, сени көрө элегиме канча жыл болду? Качан жолугабыз? Айгерим
ОП-179-91. Мен ата-апамды абдан жакшы көрөм. Бактылуу,өмүрлөрү узун болсун жана биздин төрүбүздүн көркү болуп жүрө беришсин деп кудайдан суранам жана эжелерим аман болсун. Дүйнөдө бактылуу болуп, өз сүйгөндөрүнө жетсин демекчимин. Наргиза
ОП-179-92. Салам,"Обон". Кочкор-Аталыктарга чоң салам. 15-мектепке да салам. Айзадага дагы салам. Нурайым
ОП-179-93. Урматтуу Маратов Ч. , таптырбай кайда жүрөсүң? Же өткөн жашооңду такыр эстебейин дедиңби? Билип кой, өткөн жашоосуз келечек кура албайсың. С. М. С
ОП-179-94. Салам алейкум, кыргыз калкым. Мусулман бир туугандар, жараткан эгем тутуп жаткан Орозоңорду кабыл кылсын. Баарыбызга сабыр, канат берсин (Оомийин) Фарид
ОП-179-95. Классташым Назгүлгө көңүл айтабыз. Атаңдын жаткан жери жайлуу болсун,- деп классташтарың. 0773790ххх
ОП-179-96. Мен Тоң районунун Эшперов айылында жашап жаткан апам Токтобүбүгө жана атам Рысманга ысык салам жолдойм. Оорубагыла, апа. Тезирээк айыгып кеткиле,- деп кызыңар Айдана. Эмил байке, сизге менден ысык салам жана Бишкек шаарында жашап, иштеген Зинагүл, Жеңишкүл, Гүлзина эжелериме, Жыргал байкеме жана Моквадагы байкем Майрамбекке, жеңе сизге да ысык салам жолдойм. Ошондой эле Кажы-Сайда жашаган эжем Амангүл, Жай…0779358ххх
ОП-179-97. Арманымсың сүйүп бирок жетпеген. Ардагымсың оюмдан эч кетпеген. Кыялымда өзүң менен жашаймын. Бактымсың сен мага насип этпеген. Сагындым сени Н…. . 0779314ххх Сүйөмүн бирок, Наргиза, айта албаймын. Сагынам, сагынычымды жаза албаймын. Айлуу түн кечинде уктабастан, алтыным, сен жөнүндө ойлоп жатам. Б+Н=Л
ОП-179-99. Кечээ күнү кечинде мага жигитим чалып, болбогон бир нерселерге дагы урушуп кеттик. Анан бири-бирибиздин жүрөгүбүздү оорутуп коштоштук. Бирок бул уруштун баарын ойлонуп көрсөм, менин күнөөлөрүм көп экен. Ал күнөөлөрдү кетирип жатканда, мен деле жаман ойлоп, атайын жасаган жокмун да. Ал мени түшүнбөй жатабы, же менби, белгисиз. Бир туруп бизден өткөн бактылуу адамдар,бир туруп бизден өткөн муңдуу, маанайы чөккөн адамдар жоктой сезилет. Мен ишенем, бирок ушу менен биздин сүйүүбүз аяктабайт, тескерисинче, күчөйт. Сүйгөнүң
ОП-179-100. Кандай болгон күндө дагы, жүрөгүм менен анын жанында болом. Мейли экөөбүз ажырашып кетели, баары бир жүрөгүм менен колдоп турам. Бир гана бул өмүрдө бактылуу болуп, өзү тилеген тилегине жетишин каалайм. Эч кимге айта албаган сырларымды кат аркылуу калтыргым келет. Мындан аркы өзүмдүн жашоомду элестетүү кыйын. Ар бир өткөн мүнөттөрүмө ал жок өкүнөм. Бирок мен аны менен таанышып, өткөргөн кызыктуу күндөрүмдү эстеп кубанам. Сүйгөнүң
ОП-179-101 . Бир адамды көп убакыт катуу сүйүп жүрүп, кийин аны менен ажырашсаң, абдан жаман болот экен. Достор, менин сиздерге каалоорум: сиздер эч качан сүйүүңөрдөн айрылбагыла. Диана 96
ОП-179-102. Салам, "Аси" сериалындагы Демир жана Аси жөнүндө маалымат берип коёсуздарбы? 0773362хххх
Асинин толук аты-жөнү - Хатиша Туба Бүйүкүстүн
Туулган жылы - 1982-жыл, 5-июль
Туулган жери- Түркия, Стамбул шаары
Бою - 173 см
Салмагы - 54 кг
Атасы Сердар менен апасы Хандан күн сайын таң заардан ишке кетишип, кызын үйгө камап коюшчу. Кечкисин гана ата-энеси менен сүйлөшкөнү болбосо, Туба элге аралашпагандыгы үчүн абдан уялчаак жана көпчүлүктү жактырбаган, бирөө менен тил табыша албаган кыз болуп чоңоёт. Актрисалык чыйыр жолун 2003-жылы "Султан Макамин" деген жаңы телесериал пайда болуп, ошондо роль жаратат. Мындан тышкары, 2004-жылы "Гүлзар", 2005-жылы "Атам жана уулум", "Липа дарагынын алдында", 2006-жылы "Сынак", 2007-жылы "Аси", 2010-жылы "Жүрөгүңдөн сурап көр" жана башка сериалдар катар-катар чыгып келет. Актриса эми бир гана сериалдар менен чектелбестен, театрда да эмгектенүүгө бел бууп турган кези. Учурда бойдок.
ОП-179-103. Салам, "Обонушка", сүйүү эмнеге мынча азаптуу нерсе? 0773045ххх
ОП-179-104. Бишкекте иштеп жаткан Айбек акеме чоң салам жолдойм. Иштериңизге ийгилик каалайм. Сизди жакшы көрөм жана аябай сагындым,- деп карындашыңыз Диля.
ОП-179-105. Сен жанымда болбосоң да, сүйүүңдү түбөлүктүү, таза бодйон жүрөгүмдө сактайм. Сенден башкасын сүйүп калсам да, жүрөгүмдө сени эстетип турчу бир башкача сезим орун алат. Сени сагынсам да, бул сагыныч ичимде ачылбай калган гүлдөй анын курч тикендери жүрөгүмдү оорутат. Бул жашоодо убакыт өтөт, ал эми биздин сүйүүбүз жүрөктө гана калат, Эрнест. Бегимай