Борбордук Азиянын саясатта таасирлүү, бычакка сап айымдары
Саясатта эркектер басымдуулук кылат, бирок эркектерди чаңында калтырган сулуулардан да лидерлер чыгат. Мисалга алсак, биздин өлкө башчыбыз Роза Исаковна, Каримовдун, Назарбаевдин кыздары. Бүгүн саясаттагы таасирлүү сулуу айымдар тууралуу сөз козгомокчубуз.

Роза Исаковна-Борбордук Азиядагы биринчи аял президент
Биздин президентибиз Роза Исаковна Отунбаева Борбордук Азиядагы саясаттагы эң таасирлүү аялзаттарынын бири. Кыргыз өкмөтүн эң оор кырдаалда, апрель, Ош окуяларында кабагым-кашым дебей башкарып турду жана азыр да башкарып келет. Президенттин мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын декабрь айында бүтмөкчү. Москвадан билим алган мурунку дипломат КМШ мамлекеттеринде алгачкы жана жалгыз аял президент болуп отурат. Эки баланын энеси, буга чейин Кыргызстандын Улуу Британия жана АКШдагы элчиси жана Тышкы иштер министри болуп эмгектенген.

Назарбаевдин кызы Динара дүйнөлүк миллиардерлердин катарын толуктайт
Роза Исаковнадан кийин эле коңшубуз болгон Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин экинчи кызы Динара Кулибаева "Форбс" журналынын аныктоосу боюнча дүйнөлүк миллиардерлердин тизмесине кирди. Анын байлыгын 1,3 млрд АКШ долларына баалашкан. А өзүнүн өлкөсү боюнча алганда эң бай адамдардын төртүнчүсүнүн катарын толуктайт. Аталган журналдын аныктаганына караганда Назарбаевдин кызы банк сферасын мыкты өздөштүргөн. Ал эми анын иш өндүрүүсү боюнча маалымат аз. Динара Тимур Кулибаев аттуу мамлекеттик "Самрук Казына" холдингинин башчысына турмушка чыккан. Аталган холдинг Казакстандын экономикасын, энергетикасын, алтын жана уран өндүрүүнү көзөмөлдөп турат.

Өзбекстандын саясий чечимдерин кабыл алууда Светлананын ролу чоң
Кесиби боюнча юрист, укуктук жана соттук суроолор боюнча өзбек сенатынын комитетинин төрайымы Светлана Ортикова буга чейин ага прокурордун ишин аткарып, Өзбекстандын генпрокуратурасынын басма сөз кызматын жетектеп келген. Светлана Эл аралык ММКларга интервью берген бирден бир Ташкенттеги жогору турган ак сөөк аялдардын катарына кирет. Саясий чечимдерди кабыл алууда, бажы жана салык иштеринде Ортикованын таасири чоң.

Коммунисттик уюму менен саясий ийгиликке жеткен Акджа
2007-жылы февраль айында спикердин ордуна отурган Акджа Нурбердыева изоляционисттик энергетикалык бай өлкө курам деген кадамдарга барган. Нурбердыева Комсомол-жаштар коммунисттик уюму менен эле саясий бийиктиктерди багынта алган. Аны тааныгандар Түркмөнстандын эң жогору бааланган саясатчыларынын катарын толуктайт дешет.

Каримовдун кызы Лола Өзбекстандагы алдыңкы бизнес-империянын башында турат
Өзбекстандын президентинин эң кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева болсо бизнес-империяны башкарып турат. Күнүмдүк товар айландыруусу 250 миң АКШ долларын түзгөн "Абу Сахи Нур" базары анын колунда. Азыркы учурда Өзбекстандын ЮНЕСКОдогу элчиси. Лола атасына жакын болгондуктан, Франциянын бир басылмасы атасын "диктатор" дегени үчүн ал басылма менен соттошкон.

Нефть жана газ компанияларын негиздеген Гоги Ашкенази
Оксфорддон билим алып, учурда Лондондо жашап жаткан Гоги Ашкеназинин ийгилиги анын иш билгилигинде, талыкпай эмгектенгенинде жана керектүү убакытта керектүү жерде болгондугунда. Гоги "MunaiGaz Engineering Group" казактардын жеке нефть жана газ компаниясынын негиздөөчүсү жана "MMG Global Consulting Group" компаниясынын директору.

Тажик бизнесмендерин титиреткен Тахмина
Тажикстандын президентинин кызы Тахмина Рахмонованын бизнес-империясы боюнча айта турган болсок, Тахминага соода борборлорунун бир топ түйүндөрү, ресторандар жана кыймылсыз мүлктөр карайт. Президенттин эрке кызы өзүн абдан токтоо кармап, коомчулукка кээде гана пайда боло калбаса, көпчүлүк учурда көрүнбөйт. Каримовдун кыздарына караганда, Тахминанын өзүнүн веб-сайты бар. Тажиктердин мен-мендеген бизнесмендери Тахминадан коркуп турат. Себеби, ал кыз өзүнө жагып калган жер участкаларын өзүнө тартып алмай жайы бар.

Президенттин балдарынын арасынан Мамкызматка иштеген жалгыз кыз-Озода
2009-жылы президент Рахмон өзүнүн кызы Озоданы Тышкы иштер министринин жардамчысы кылып дайындап коёт. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, министрге караганда президенттин кызында бийлик көбүрөөк дешет. Озода президенттин тогуз баласынын арасынан мамлекеттик кызматта турган жалгыз кыз. Озода каржы министринин жардамчысы Жамаллиддин Нуралиевге турмушка чыккан.