жамбаштап жатсаң сонун да
Эстрада чөйрөсүндөгү кыйышпас достор Кубик Калыков жана Бек Борбиев үй-бүлөсү менен биргеликте Чычкандын Итагар жайлоосунда өзгөлөрдөн өзгөчө чер жазып, эс алып кайтышыптыр. Жүзүнө кызыл жүгүргөнү мыкты эс алганын тастыктап, Кубик мырза мындайча кеп салды: "Кадыр аттуу досубуз кой союп, бизди мейман кылды. Келинчектерибиз кыям жасаш үчүн кулпунай, бүлдүркөн теришти. Биз аң уулоого чыгып, суур, түлкү, кашкулак аттык. Кийикти аңдып чыктык эле, тилекке каршы, такыр ата албай койдук".


Негизи, мен ырчымын да
А. Керимбаевдин "Жаштарга" деген ырын ырдап, клип тарттым. Жакынкы аралыкта элибиз күбө болушат. Буйруса, хит болот деген ишеничтемин. Элдин баары: "Сен ырдап баштадыңбы?"-дейт. Мен ырчымын да, тескерисинче, актёрдукка ырчылыктан соң киришкем. Куудулдук өнөрдү да кийинчерээк аркалагам.


Айбек менен Арсен төртүнчү орунга ээ болду
Кыргызстандан барган дуэт Арсен менен Айбек "Жаңы толкун" сынагындагы эң мыкты беш аткаруучунун катарына кирди. Эскерте кетсек, 31-июлда аталган сынак аяктады. Кыргызстандан барган дуэт "Бишкек" беш лидердин төртүнчүсүнө илинди. Сынчылар стилин жана чеберчилигин баалашты. Биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча биздин жигиттердин "Бишкек" аттуу дуэти 6-7-орунда турган болсо, сынактын жыйынтыгында 337 балл алып, төртүнчү орунга ээ болду.


Бек Исраилов 1-орунга татыды
"Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалында Бек Исраилов менен Адилет Жумабек уулу ийгиликтүү катышышты. Конкурс туурасында продюсердик топтун жетекчиси Айбек Акматов кубанычын жашыра албай: "Бек Исраилов обончу Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр төктү" деген ырын ырдап 1-орунга ээ болуп, 100 000 сом акчалай байгеге татыды. Адилет Жумабек уулуна калыстар тобу тарабынан атайын сыйлык ыйгарылды. Буга кошумча УТРКнын атынан клип белекке берилди. Эрмек Нурбаев тамашалай: "Адилеттин кыймылы кудум Атай Өмүрзаковдой тура, кыязы, агасы болот го",-деди. Сүйүнүчтүү кабар, Казакстан, Түркияга чакыруулар болуп жатат. Ал эми Гран-Прини комузчу Алтынбек Каленов жеңип алды",-деп маалымат таратты.


Бир ырдын тарыхы
Классикага айланган ар бир ырдын авторлорунан жаралыш тарыхын сүрүштүрүп келебиз. 86-жылдары Адылбек Кыязов жана Дамира Баратбаева "Сенин үнүң" аттуу ырды хитке айлантышканын ким танат? Бул ырды укканда жамгырдан кийинки топурактын жытындай сергий түшөсүң. Чыныгы сүрөткер гана эзилип-эрип ушинтип жазат! Мында сөздүн керемети, сөздүн боёктору чоң зергердин жүрөк отунан жаралганы көрүнүп турат.

Акын Биримкул АЛЫБАЕВ:
"Сенин үнүң" деген ырды С.Садыковага арнагам"
- Бул ыр кандайча жаралган?
- Бул ырдын жаралыш тарыхы 80-жылга барып такалат. Жаңыдан кулпуруп Саламаттын аты эл оозуна алынып калган маалда ушул ырымды атайын ошол кызга арнагам. "Сенин үнүң" деген ыр Саламаттын сыйкыр үнүнө арбалып калгандан улам жаралган ыр болду.
- Саламат эже ушул ыр өзүнө арналганын билеби?
- Жок, билбейт. Буга чейин бул ырым кимге таандык экенин купуя сыр кылып жашырып келгем. Эми силердин гезитиңерге ачык айтып отурам, Саламатка "сюрприз" болсун. Азыр "Сагындым туулган жер сени", "Периштем" аттуу ырларымды жанга жагымдуу үнү менен ырдап жүрөт.
- Бул ырыңызды жаратарда сизге "илхом" кандай убакта келген?
- Бир гана мен эмес, көпчүлүк акындар ырларын кечинде жаратышса керек. "Жерден жарака кетсе, акындын жүрөгүнөн өтөт" дегендей, биз, акындар, сулууларга кезикмейинче ыр жаратыш кыйын. Ошолорду фантазияңда элестетип, шурудай тизилген сөз берметтеринен ыр саптары "кылт" этип ойго келет тура. Саламат кубулжуган үндүү гана эмес, сөздү да багып сүйлөйт эмеспи. Айрыкча, мага акыл калчап, философиялык ой-толгоодон мисал келтирип сүйлөшү жагат. Нукура кыргыз кызы деп мына Саламатты айтса болот! Атайын комуздун үнү менен Саламаттын үнү жуурулушуп турганын жөн гана угуп тим болбостон, эргүү келип, ушул ыр жаралган.