Бакиевдер Бишкектин кафелеринин биринде туулган күн өткөрүп…
Редакцияга Курманжан деген "псевдоним" менен кат келиптир. Катта:"29-июлда Кыргыз Республикасынын мурдагы президентинин бир тууган иниси Бакиев Адылбек 50 жашка толуп, тымызын билдирбей Бишкектеги кафелердин биринде мааракесин өткөрүп, агасын чакырат. Агасынын да 1-август туулган күнү болгондуктан, тууган-урук, жакшы санаалаштар экөөнүн туулган күнүн кош майрам болсун деп ойда майрамдашат. Туулган күнгө баргандардын айтуусунда мурдагы колуна куш кондуруп, алдына аргымак тарткан кошоматчылардын бири да келбестен, жалаң гана карапайым адамдар катышты дейт. Айтор, азыркы бийлик Бакиевдердин келип тойлоп кеткенин көрбөй-билбей калганбы, же болбосо көрмөксөнгө салганбы, азырынча белгисиз",-деп жазылган. Бул окуя боюнча эмки санда кененирээк маалымат бермекчибиз. Кызыктын баары алдыда.


Аскар Акаев Манастын эстелигине канча акча которду?
Аскар Акаев десе биздин качып кеткен президентти ойлобоңуздар. Бул Аскар Акаев качпай эле Ош шаарында жашап, Ош Мамлекеттик Университетинин окутуучусу. Патриот өңдөнөт, анча-мынча элдин акчасын жеп алып, чөнтөгүнө бекитип алган чиновниктерге караганда өзүнүн чөнтөгүнөн миң сом болсо да, Бишкектин чок ортосуна коюла турган Манас баатыр жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелдери үчүн миң сом которгон.
Манастын айкелин Ала-Тоо аянтындагы "Эркиндик" эстелигинин ордуна, ал эми Айтматовдун эстелигин мурдагы Агропром имаратынын алдына коюу чечими өкмөттүн токтому менен кабыл алынган.


С. Усманов: "Айыл чарба министрлиги жоюлса, мамлекетке 1,3 млрд. сом пайда түшөт"
Кыргызстанда көпчүлүк министрликтер менен ведомстволор бири-бирин кайталап калган. Аларды мамлекеттин эсебинен каржылоо казынага өтө чоң зыян келтирүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башында жаңы өкмөттүн түзүлүшү менен Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй чиновниктер көбөйдү. Учурда министрлик, агенттик жана ведомстволордун жалпы саны 41ге жетип, 48 миң 494 мамлекеттик кызматкер иштейт. Эң негизгиси, алардын иштегенинен мамлекетке эч кандай натыйжа же пайда түшпөй жатат. Бул тууралуу 1-августта парламентте өткөрүлгөн маалымат жыйынында Борбор Азия эркин рынок институтунун эксперти Сейитбек Усманов айтты:"Мисалы, министрликтердин арасынан жылдык бюджети 1,3 млрд. сомду түзгөн Айыл чарба министрлигинде 2300 кызматкер иштеген менен алар дыйкандарга эч кандай жардам беришпейт. Кайра лизинг, кредит түрүндө чет мамлекеттерден келген техникаларды "шапка" коюп жең ичинен таратат. Ал эми дыйкан, фермерлер эчак эле өз жанын өзү багып келүүдө. Бул министрликти жоюп жиберүүдөн мамлекет жылына 1,3 млрд. сом ашыкча чыгымдан кутулмак", - дейт.


Акыйкатчыны Президентке жолотпой коюшту
Акыйкатчы Турсунбек Акун УКМК кызматкерлери 31-июлда Ысык-Көлдөгү ат майданда Президент Роза Отунбаева менен жолугушууга уруксат бербей койгонун айтып чыкты. Турсунбек Акун бүгүн ММКга тараткан билдирүүсүндө Ысык-Көл облусундагы адам укуктары жана сөз эркиндигине байланыштуу маселелер боюнча ошол күнү Президент менен жолугушууну каалаганын айтат.
Ал эми президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Роза Отунбаева эс алуу мөөнөтү аяктагандан кийин Турсунбек Акунду кабыл алууга даяр экендигин маалымдады. Отунбаева 27-июлдан тарта 2-августка чейин кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө чыккан.


  Бир бүркүм маалымат

Борбор калаанын атын өзгөртүү сунушу кайра козголууда.
"Апрель баатырлары" коомдук борбору Бишкекти Манас шаары деп атоо сунушун көтөрүп чыкты. Борбордун жетекчиси Турусбек Сагынаев бүгүнкү маалымат жыйында шаардын атын өзгөртүү боюнча кол топтоо башталганын билдирди. Алардын эсебинде, шаардын атын өзгөртүүгө 120 млн. сом талап кылынат.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 30-июлда саат 18:00дөр чамасында катуу жаан жаагандыгына байланыштуу Чөкө-Дөбө, Жаңы-Айыл, Таштак айылдарында жана Атабеков айыл округунун Кара-Жыгач айылында сел жүрдү, -деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Жарандык кеңеш: Сот тандоо кеңешинин төрагасы кайра шайлансын.
Мындай пикирин бүгүн сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш айтып чыкты. Кеңештин мүчөсү, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков 2002-2005-жылдары Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жана Каракол шаарынын судьясы болуп турган чакта бир топ мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Абдрасулова бир кезде Базарбеков аттестациядан өтпөй калганын кошумчалады.
Д.Нарынбаев КСДПнын башкы юристи болуп бекиди. Өзүн мыкты юрист эсептеген Данияр Нарынбаев өкмөттүн парламенттеги өкүлү кызматынан кетишин ар ким ар кандай жоромолдошуп, айрымдар жубайы Людмила Нарынбаеванын кесепети тийди дешет.




  Коом

Чым-Коргондон качкандардын дагы бирөө кармалды
Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадан жазында качып кетип, издөөдө жүргөн 1988-жылы туулган Дмитрий Королевских Кара-Балта шаарынан кармалды.Маалыматка ылайык, Королевских буга чейин да бир нече ирет соттолгон. Ал эми ооруканадан качкан бешинчи адам 1986-жылы туулган Даурен Бейсенбеков издөөдө. Аны кармоо жана жашаган жерин аныктоо үчүн ыкчам издөө иштери уланууда. 25-мартта Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадан 5 адам медициналык кызматкерлерге кол салып, уюкфонун, акчасын тартып алып качып кетишкен. Бешөө тең соттолгон жана сот чечими менен "акыл-эси ордунда эмес" деп табылып, күчтөп дарылоого жөнөтүлгөн болчу.
Дубайдын жашоочусу, Баткен областынын тургуну, туулган жерине 10 миллион доллардык инвестиция алып келмекчи
Баткендик жигит Кубанычбек Төрөбаев туулган айылына 10 миллион доллар инвестиция алып келмей болду. Бул тууралуу ал област губернатору Арзыбек Бурканов менен болгон жолугушуусунда билдирди. К. Төрөбаев 15 жылдан бери араб өлкөсүндө үй-бүлөсү менен жашайт. Дубай шаарында "Юниверсал Стар Маршал Артс Клаб" компаниясын жетектейт. Кубанычбектин досторунун көпчүлүгү акчалуу шейхтер, банкирлер, компаниялардын жетекчилери, миллиондогон байлыктын мураскорлору жана жөнөкөй эле жардам берүүнү каалаган араб өлкөсүнүн жарандары.
"Алардын айрымдары мечит, медресе курууга Кыргызстанга гана эмес Казакстан, Тажикстан, Россиядан кайрылгандарга жардам берип келет. Мен болсо арабдарды өз айылыма суу чыгарууга жардам бергиле деп сурандым. Себеби, Баткенде суунун азабын тартпаган адам жок. Эгер арабдар колдоого алган долбоор ишке ашса, Баткен районунда бери эле дегенде 35 миң гектар жер өздөштүрүлөт экен. Мындан сырткары, ар бир областка бирден кичи завод курууга мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси, долбоорду тез арада даярдап арабдарга берүү керек,-дейт К. Төрөбаев.


  Маданият

Уркуя Салиеванын 100 жылдыгына карата ыр сынак өтөт
2011-жылдын 8-9-октябрында Ноокатта Курманжан датка жылынын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулаймановдун колдоосу менен элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмери УРКУЯ САЛИЕВАНЫН 100 жылдык юбилейине арналган республикалык кыз-келиндер арасында ыр сынагы өтөт. Ыр сынагына тандоо сынагынан өткөн Кыргыз Республикасынын булуң -бурчунан, эл арасынан чыккан мыкты үнү бар, ырга шыктуу 30 жашка чейинки кыз-келиндер катышат. Тандоо сынактары Ош жана Бишкек шаарларында 2011-жылдын 16-17-сентябрларында ал эми, өнөр сынагы ушул эле жылдын 8-9-октябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлөт. Сыйлыктар: Салттык музыка жана фольклор жанры боюнча: Баш байге - "S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы. - Биринчи орун - 100 000 сом, экинчи орун- 60 000 сом, үчүнчү орун -40 000 сом. Эстрада жанры боюнча дагы жогоркудай баш байгеге - S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы. Биринчи орун- 100 000 сом, экинчи орун - 60 000 сом, үчүнчү орун-40 000 сом . Ыр сынагына тиешелүү бардык суроолор менен Бишкек шаары боюнча (0312) 66-50-39, 0552 08 23 22; Ош шаары боюнча (03222) 8-55-86, 0777 58 00 83 телефондору менен байланышка чыксаңыз болот.


  Дүйнө

Сирияда аскер огунан ондогон киши набыт болгону кабарланууда
Жекшембинин таңында Сириянын аскерлери өкмөткө каршы митингдердин чордонуна айланган Хама шаарында атайын коопсуздук чараларын баштады. Жоокерлер шаардын бир нече тарабынан киргизилип, көчөдөгү атышуулардан ондогон киши набыт болгону кабарланды. Сириянын куралдуу күчтөрү жекшембиде (31-июлда) өлкөнүн түндүк тарабындагы Хама шаарынан башка да бир нече шаарларды чабуулга алды. Хамада жекшембиде ооруканаларга жарадар жана өлгөн адамдар ташылып отуруп толуп кеткени кабарланды.
Жергиликтүү укук коргоочулар күүгүм кире электе Хама шаарында аскерлердин огунан каза тапкан тургундардын саны 60тан ашканын маалымдашты. Сириянын президенти Башар ал-Асаддын бийликтен кетишин талап кылган нааразылык иш-аракеттери дал ушул Хама шаарында күч алган. Сирия өкмөтү көтөрүлүштөрдүн артында исламчыл уюмдар турат деп үчүнчү жакты байма-бай күнөөлөп келатат. Бирок чет элдик кабарчылар нааразылык жыйындарга чыккандар өлкөдө кеңири саясий реформа жүргүзүүнү жана демократиялык эркиндиктерди талап кылып жатышканын, айрым жерлерде гана элдин арасында куралчан чакан топ көрүнө калып жатканын билдиришет.

P.S. Маалымат интернет булактарынан алынды