Дарылыгы бар болсо, арам тамак адал дейт

Адам баласы жаралгандан кийин ден соолук үчүнбү, же жөн эле кызыгып болсо да өзгөчө бир нерсени татып көрүүнү кааласа керек. Эшектин иши адал, эти арам демекчи, иттин эти арам болгону менен ден соолук үчүн жеп жүргөндөр толуп жатпайбы... Ким иттин этин татып көргөн, кандай даам калтырганы жөнүндө билүү үчүн таанымал инсандарыбызга суроо узатып көрдүк.

Корей ашканасынан даам сызып көрдүңүз беле?
Иттин эти ден соолукка пайдалуубу?

Нэна, ырчы:
"Иттин этин жеп эле жүрөм"
Ооба, корей ашканасына кирип көргөм, иттин этин жегем. Иттин эти ден соолукка пайдалуу экенине ишенип калдым. Ырчылар көбүнчө эле бронхит, ангина болуп ооруп калат, ошондо пайдасы көп экен. Биринчисинде өзүм ооруп калып иттин шорпосун ичип, этин жегенден кийин жакшы болуп кеткем. Даамы кадимки эле эттей болот, болгону жумшагыраак. Биринчисинде ооруп калып жеген болсом, кийин өз эрким менен эле барып жеп жүрдүм, чындап эле дарылык касиеттери көп экен.


Нурдөөлөт Копоев, актёр:
"Күчүктү элестетип жей албай койгом "
Корей ашканасына, Москвада жүргөндө биз менен Түштүк Кореядан келген студенттер бар болчу, ошолор менен барып калгам. Көбүнчөсү деңиз азыктарынан жасалган тамак-аштарды көп жеп жүрдүк. Иттин этин менин өпкөм кичине ооруп жүргөндө байкем алып келип берген. Бирок мен жей албай койгом, байкуш күчүк деп итти элестетип. Бирөөлөргө берип салгам. Айтышкан таза союлган деп, баары бир жей албай койгом. Негизи, айтпай коёндун эти деп берет экен го, мага ачык эле айтышып койгонунан жей албай койдум окшойт.


Асылбек өзүбеков, ырчы:
"Иттин этинен жасалган куурдак жегем"
Корей ашканасына кирип көргөн эмесмин, кытай ашканасына кирип эле жүрөм. Кытай ашканасын ачып иштеткен досторум бар, ошолордукуна барып турам. Бирок корей тамактарын жеп эле жүрөм, себеби, менин жеңем Оля таза корей кызы. Жеңемдикине барганда корей салаттарынын түрлөрүн жыргап жейбиз. Ошол жактан жегем. Жеңем корей улутунун кызы болсо дагы, иттин этин такыр жолоткон жок. Бирок иттин этинен куурулган куурдак жегем. Аны да кокустуктан досумдун үйүнө барып калсам, картошка кошулган сонун куурдак болуп калды. Анан эле бири-бирине ымдап жатышкан, бир нерсе жашыргансып. Даамы ушунчалык сонун куурдак болгон экен, аябай жедим. Күлүп эле жатышкан, "эмне эле болуп жатасыңар?" десем, "Асаке, бул иттин этинен куурулган куурдак болчу",- деп калды. Мага даамы жакты, дагы жакшы жеп бүткөндөн кийин айтышты, эгер жегенге чейин айтса жебей коймокмун. Чындап эле эрте айтсак жебей коймоксуң деп айтышты. Иттин майын дары катары саткан жерди да билем, биз деле алып жүрөбүз. Дарылык касиети бар болсо эмнеге колдонбойбуз? Суурдун, кашкулактын майын деле ичип жүрбөйбүзбү. Иттин этин ошентип кокустуктан бир жолу жеп калгам.


Жамбыл Камчиев, куудул:
"Эми, буйруса, жеп көрөм"
Корей ашканасынан тамактанып көрсөм керек, бирок иттин этин жеген эмес элем. Буйруса, жакында Түштүк Кореяга "Аралаш" театрынан Рахман Раззыковду, Дөөлөт Мадымаевди жана мени гастролго чакырып жатышат, балким, ошол жакка баргандан кийин, албетте, жейбиз да. Эми ден соолукка пайдалуу болсо чочконун этин да жеш керек, аракты да ичиш керек, пайдасы жок болсо жебеш керек да. Шариятта да айтылган да ден соолукка пайдасы болсо арам нерсенин этин жегенге болот деп. Мисалы, чочконун этин, итти, аракты. Бирок иттин этин жеп көргөн эмесмин, ал эми корей ашканаларына эсимде жок кирген- кирбегеним. Кытай ашканаларына киргем, корей ашканасы менен айырмасы деле жок да.

Алиса
САПАРБЕКОВА




Зульфия Карыбекова:
"Фольклор менен эстраданы бирдей алып кетип жатам"
Эски ырларды эбине салып ырдаган ырчы эжекебиз Зульфия Карыбекова менен маек.

"Маданияттын мыкты кызматкери наамын алдым"
2010-жылы Маданияттын мыкты кызматкери наамын алдым. Аны деле, чындыгында, башкалар тааныш аркылуу алат дешчү. Бирок мен ал сыйлыкты чыныгы эмгегим менен алдым дейт элем. Маданиятка кошкон салымымды баалашты. "Айылдык таланттар-2010" деген республикалык биринчи фестиваль өттү. Жыйырма жылдан бери республика боюнча мындай фестиваль биринчи жолу өтүп жатыптыр. Ошол фестивалда алып баруучу катары биринчи орунга чыгып, министрдин ардак грамотасын алдым.
"Фольклор менен эстраданы бирдей алып кетип жатам"
Мурун фольклор менен эстраданы аралаштырып эле ырдап жүрчүмүн, азыр деле аралаш ырдайм. Азыр болсо экөөнү бирдей эле алып кетейин деп, эки жакка тең бирдей көңүл буруп атам. Замандын талабына жараша эстрада да керек экен. Ошондуктан, фольклорду да калтырган жокмун. Азыр шоу-бизнесте улуу жана кичүү муун болуп ажырым болуп атпайбы. Улуу муундар улуу муундун ырларын эле ырдай берсе, жаштар алардын концертине барбай коёт. Ошондуктан, жаштарды да концерттерине аралаштыра жүргөндөрү дурус. Ал эми жаштар да өз кезегинде улуу муун тууралуу унутпай, аларды концертине конок катары чакыра жүргөнү жакшы. Гастролдордон да жаштар улуу муундан көп нерселерди үйрөнүшөт. Мен муну өзүмдүн иш-тажрыйбаман соң айтып атам.
"Аранжировка жакшы нерсе экен"
Аранжировка деген жакшы нерсе экен. Биз мурун ырдаарда фольклорго он комузчу, аккордеончуларды таап келчүбүз. Алардын ичкен-жегени, баскан-турганы болуп көп чыгымга түшүп калар элек. Азыр болсо, үнүн бир жолу жаздырып койсоң, дискти көтөрүп барып ырдап келесиң. Жаман жагы жалкоолукка үйрөтөт экен.
"Жаш ырчылар жиниңди келтирет"
Жаш ырчылардын улуу муундун ырларын ырдаганы бир жагынан сүйүндүрсө, бир жагынан жиниңди келтирет. Кээ бир жерлерин өзгөртүп жиберип жатышат. Биз дагы улуу муундарды ээрчип жүрүп көп нерселерди үйрөнгөнбүз. Азыркы жаштар аларды ээрчип, жакшы жактарын кабыл алып, жаман жактарын ары түртүп салыш керек.
Оштогу тополоңдон кийин чыгармачыл адамдар бир топ кыйналдык
Ошто тополоң болгондон кийин, биз, чыгармачыл чөйрө, бир топ нерселерден алыстап калдык. Концерттерди көп коё албай калдык. Ош экинчи борбор деп айтылганы менен Бишкек баары бир борбор экен да. Борборго келип, чыгармачыл адамдар менен көбүрөөк байланышта болуп, алардын оюн угуп турган жакшы экен.
"Айылдагы клубдардын кебетеси кеткен"
Азыр маданият жагына көңүл бурулбай калды дейт, бирок кээ бир айыл жерлеринде өздөрүнүн аракети менен болушунча сахналарды оңдоп, клубдарды иретке келтирсе, кээ бир жерлерде айылдык маданият үйүнүн директорлору кароолчулукту аткарышпайт. Артисттерге кийимин илип койгонго мык кагып коюшпайт.Ал түгүл отургучтарын сүртүп коюшпайт. Маданият министри айылдагы клубдарга көзөмөл кылса жакшы болмок.


Сайра Сопушева