Атактуулар ааламы

Аты - жөнү - Наоми Эллен Уоттс;
Туулган жылы - 28-сентябрь, 1968-жыл;
Кичи мекени - Шорхем (Улуу Британия);
Кесиби - актриса;
Бою - 165 см.

Кинг Конгдун сүйгөн кызы болгон
Нооми Уоттс
Апасы эски буюмдарды сатып, балдарын бакчу
Наоми Уоттс Питер Уоттс жана Мифаннви Робертстердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Наоминин апасы эски буюмдарды сатып эмгектенсе, атасы белгилүү "Pink Floyd" рок тобунун үн режиссёру болуп иштечү. Актриса 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, жети жашында атасынан айрылат. Эки баласын алган актрисанын апасы күн өткөрүү үчүн Англиянын жарымын айланып чыгат. (Байкеси Бенджамин эң мыкты сүрөтчү) Акыры Австралияга көчүп келишет. Ал убакта актриса 14 жашта эле.

Мода журналында кабарчы болуп иштейт
Бала чагында жергиликтүү театрга апасы менен чогуу барып жүрүп, актёрлук кесипке болгон кызыгуусу күн санап арта баштайт. Ошентип жүрүп актёрлук чеберчилик мектебине тапшырып, ал жакты бүткөн соң ар кандай угууларга барып турган. Ошондой күндөрдүн бириндё белгилүү киножылдыз Николь Кидман менен таанышып калып, экөө бүгүнкү күнгө чейин мыкты курбулардан. Наоминин эң биринчи ролу 1986-жылы "Сүйүү үчүн гана" тасмасындагы кичинекей рол болгон. 18 жашында Наоми өзүн модель кыздын ролунда көргүсү келип, агентство аркылуу Японияга ишке кирген. Бир жылдан көп убакыт ал жерде иштеп жүрүп, мода бизнеси меники эмес экен деп, өзүнүн туулуп-өскөн жерине кайтып келет. Ошентсе да модадан алыстагысы келбеген чунак кыз мода журналына кабарчы болуп ишке кирет. Бир нече жолку кинопробаларында өзүн сынап көргөн Наоми акыры актриса болом деп чечет.

Иш-тажрыйбасынын башталышы
Убакыт өтүп Наоми Уоттска "Флирт" аттуу тасмага сунуш түшүп, Николь Кидман, Тэнди Ньюстон аттуу киножылдыздар менен бирге аталган тасмага тартылып калат. "Флирт" тасмасынан кийин аталган кинонун режиссёру Жон Дуиган Наомини "Узун Саргасс көлү" аттуу тасмасына тартылып берүүсүн өтүнөт. Ушул кинолордон кийин эле жаш актриса Лос-Анжелеске аттанат. Алгачкы Голливуддук иш-тажрыйбасы "Күндүзгү сеанс" аттуу тасмасынан башталат.

Алгачкы атак алып келген ролдору
Наомиге атак-даңк алып келген кинолордун бири "Малхолланд драйв" аттуу тасма болду. Бул кинонун режиссёру Дэвид Линчтин ойлогонундай тартылып бергендиги үчүн тасма мыкты пикирлерди жаратып, "Оскар" сыйлыгына татыктуу болуу менен бирге, Каннадан "Эң мыкты режиссура" наамына ээ болгон. Бул кино Наомиге дагы, кинонун режиссёруна дагы ири сыйлыктарды алып келип, Америкалык киносынчылардын да сыйлыгынан куру калышкан эмес.

Кинг Конгдун сүйгөнүнүн ролун аткарганда…
Андан кийин "Коңгуроо", "Президентти өлтүрүү керек", "Жүрөктү жаралатуучулар", "Ажырашуу" сыяктуу кинолору биринин артынан бири кетип, актрисага атак-даңк алып келе баштайт. 2005-жылы Питера Джексондун "Кинг Конг" тасмасы чыгып, Наоми Энн Дэрроу аттуу алп маймылдын сүйгөн кызынын ролун ойногон. Ал жерден алп маймылдан эч коркпостон аткарып, мурункудан да популярдуулукка ээ болот.

Николь Кидмандын балдарын баккан
Уоттс режиссёр Даниел Кирби, сценарист Жефф Синги, режиссёр Стивен Хопкинс жана актёр Хит Леджер сыяктуу мен-мен деген мыкты жигиттер менен роман курган. 2005-жылдан баштап Лив Шрайбер деген актёр менен мамиле курган. Андан эки уулу бар. Александр Пит 2007-жылы Лос-Анжелесте төрөлгөн болсо, экинчи уулу Семюэль Кай Нью-Йоркто жарык дүйнөгө келген. Наоми Кидмандын балдарын баккан.




Көңүл буруңуздар! Көңүл буруңуздар!
"Манас жаңырыгы" телерадио компаниясы жана Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек телевизиондук адистердин атайын курсун жарыялайт. Бул курста телевизондук программалардын алып баруучусу, режиссёру, оператору, монтаждоочусу, менеджери ж.б. адистиктер тез убакытта даярдалат. Ошондой эле курстун жүрүшүндө белгилүү лекторлор жана тренерлер тарабынан телевизиондук журналистика, алып баруучулук, репортаж, имиджелогия, уюуштуруучулук, лидерлик сапаттар, контакттар ж.б. сабактар жана белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, саясатчылар менен жолугушуулар уюштурулат. Практика реалдуу долбоорлордо жүргүзүлүп, татыктуулар өз долбоорлорун "Манас жаңырыгы" телерадио компаниясында уланта алышат. Шашылыңыздар, орундар чектелүү гана.
Байланыш телефондору:
0312 62-17-59, 0559 205800, 0543 803253