Пайдалуу кеңештер

Бой мүчөңүзгө карап
"купальник" тандаңыз
Жарашыктуу купальник - ар бир айымдын көркү
Айым кийим таңдап аларда, албетте, өзүнүн бой-мүчөсүнө көңүл бөлөт эмеспи. Толук айымбы, же арык болобу купальник кийип, өзүн назик жана сексуалдуу көрсөтө алышы толук мүмкүн.
Азыркы мезгилде айымдар үчүн эч кандай оорчулук жок, өздөрүнө жарашыктуу купальник алганга. Азыр купальниктин түрлөрү көп: толук купальник, шорта-топиктер, кыска бикини, ич кийим-юбкалар, бандо, пландж, танкини, сетка- купальниктери.

Эгер сиздин төшүңүз чоң болсо
Эгер сиз төшү чоң айымдардын катарына кирсеңиз, анда сиз ачык өңдөгү жука эластин материалынан тигилген купальниктен баш тартыңыз жана ичке жипчеси, табакчасы бар купальник сиз үчүн эмес. Мындай айымдарга жоон жипчеси бар, табакчасы бекем, сиздин төшүңүздү тыкан кармап турган купальник керек.
Демек, сизге болот…
- купальниктин үстүңкү бөлүгү жоон, жиби жана табакчасы бар,
- V- түрүндө терең кесилген,
- ар түрдүү өңдөгү купальник, үстүңкү бөлүгү күңүрт, ал эми астыңкы бөлүгү ачык,
- туурасынан кеткен сызыкчалары бар купальник.
Сизге болбойт…
- тар төш кап,
- эч нерсеси жок табакча,
- эластини жок жука материалдан тигилген купальник.

эгер сиздин төшүңүз кичине болсо
Эгер сиздин төшүңүз кичине болсо, демек, сиз купальниктин үстүңкү бөлүгүнө, табакчасына көңүл бөлүңүз. Мындай айымдарга купальниктин үстүңкү бөлүгү кичине ачык, ар кандай сүрөттөрү бар кооз жасалга тагылган жана төштүн асты жагы кичине күңүрт келген купальниктер туура келет. Ошондой эле сизге кара, ар кандай күңүрт өңдөгү табакчасы жок купальниктер туура келбейт.Себеби, мындай купальник сиздин төшүңүздү кичине көрсөтүп коёт.
Демек, сизге болот
- табакчасы кичине кененирээк,
- төшүңүздү кыспаган,
- ачык өңдүү, сүрөттөрү бар,
- үстүңкү бөлүгү ачык, ал эми астыңкы бөлүгү күңүрт өң болушу кажет.
Сизге болбойт
- төшүндө түз сызыгы бар купальниктер,
- табакчасы жок күңүрт өңдөр.


эгер сиздин бутуңуз кыска болсо
Мындай айымдар үчүн купальниктин астыңкы бөлүгү белге чейин жеткени жана тик сызыкчалары бар, же сүрөттөрү менен болгону айымдын буту кыска экенин көп билгизбейт.
Сизге болот
- эгер жамбаш жагыңыз өтө кенен болбосо, анда купальниктин астыңкы бөлүгүнүн байламасы бел жакка чейин жетип турганы оң,
- эгер тескери болсо, анда орточо болгону жакшы,
- купальниктин үстүңкү жагы V- түрүндө кесилгени жакшы көрсөтөт.
Болбойт
- шорт жана бикини,
- бел жактан кыска кесилген ич кийим,
- купальниктин астыңкы бөлүгүндөгү капталынан сызылган сызыкчалар.


Бойлуу айым болсоңуз
Ал эми бойлуу айымдар үчүн эч нерседен коркуунун кажети жок. Себеби, мындай айымдар ачык жалтырак, күңүрт өңдөгү купальниктерди кие берсе болот. Мүчөңүздү эки бөлүккө бөлүп коюу үчүн белиңизге байлана турган байламасы бар купальниктерди кийсеңиз болот .
Сизге болот
- бикини,
- ич кийим шорта,
- ачык түстө, капталынан кеткен сызыктары бар.
Болбойт
- түз сызыктары бар кара купальниктер.


Эгер сиздин ичиңиз чыгып, жамбашыңыз кенен болсо
Мындай айымга толук тигилген, бел жагын бекитип турган юбкасы бар купальник керек. Өңү күңүрт, же кичине ачык болгону жакшы. Эч кандай жалтырак болбошу керек.
Болот…
- жука материалдан тигилген купальник,
- терең декольте, ачык өңдөгү,
- күңүрт, тик сызыкчалары бар,
- ич жагын тартып турган,
- жоон жиби бар, же моюнга байлана турган купальник.
Болбойт
- жалтырак, ачык өңдөгү купальник,
- дене мүчөңүздү көрсөткөн ачык купальник,
- ар түрлүү сүрөттөрү бар.


Эгер сиз бою кыска айым болсоңуз
Бикини сиз үчүн эмес. Мындай айымдар кыска, бел жагын ачык көрсөткөн ич кийимдерден баш тартканы оң. Купальникте түз сызыктар бар болсо, сиздин кыска боюңузду жаап-жардам берет.
Сиздер үчүн
- толук жабык купальник,
- ачык эмес, күңүрт өңдөгү купальниктер,
- жука материалдан тигилген купальник.


Күнгө туура кактануу үчүн эмне кылуу керек?
Азыркы мезгилде атайын кактануучу приборлор чыкпадыбы, бирок эч ким биз менен талашып-тартыша албайт болуш керек, көл жээгинде күнгө какталганга эч нерсе жетпесине. Сиз кумдун үстүнө жатып алып күнгө кактанам, суудан терим күйбөйт десеңиз, чоң жаңылышасыз. Сиз сууга түшүп жатканда да териңиз күйөт, суу эч кандай күндүн нурларын кайтарууга жардам бере албайт. Эгер сиз суудан чыккандан кийин денеңизди шамалга кургатканды жакшы көрсөңүз, сиз бир гана денеңиздин терисине залака тийгизип аласыз. Денеңиздеги тамчы суулар майда линзаларга айланат. Суу жээгинде какталуунун дагы бир пайдасы - аба нымдуу болуп, терини катуу күйгүзүп жибербейт. Териңизди бузуп алгыңыз келбесе, атайын кактануу үчүн колдонулуучу кремдерди пайдалансаңыз болот, же атайын кактанганга колдонулуучу майлар бар. Териге сиңип кетчү кремди колдонбой эле койсоңуз болот. Себеби, ал бат сиңип кетип, териңизди күндөн жакшы коргой албайт. Ал эми кактануу үчүн колдонулган кремдердин курамындагы компоненттер териңизди күнгө катуу күйүп калуудан сактайт. Кремди денеге көп калың сүйкөгөн да болбойт. Анткени, калың сүйкөлгөн крем күнгө ысып чыгып, териңизди күйгүзө баштайт. Кактанууңуз туура жана тегиз болушун кааласаңыз, кремди колуңуздан бутуңузга чейин тегиз, жука катмарда акырындык менен массаж сыяктуу кылып жай сүйкөп чыгыңыз. Кактануу үчүн "тингл" эффектиси менен дагы кремдер бар. Анын пайдасы сиздин териңиздеги кан айланууну жакшыртат. Бирок мындай кремди колдонор алдында абайлаңыздар, аллергия болуп кетиши да мүмкүн. Бул кремди пайдаланганда териңиз бир аз кызарып, ачышып чыгышы мүмкүн. Бирок бул коркунучтуу эмес. Бул кремди сиз териңиз күнгө кактала элек болсо колдонбой эле койгонуңуз оң, мындай кремди какталгандан кийин дагы жакшы кактануу үчүн колдонсо болот. Бетке болбойт. Кактануу үчүн крем алып жатканда сөзсүз курамын окуп көрүңүз, эгер соляри үчүн болсо болбойт, себеби, ал кремдер сиздин териңизди Уф- нурларынан сактай албайт. Демек, сиз териңизди оюңуздагыдай кактай албайсыз. Сизге ачык асман астында кактай турган крем керек. Мындай кремдер сиздин териңизге сиңип, Уф-нурларынан жакшы сактайт жана теринин картайып кетишине көп жол бербейт.

Алиса Сапарбекова