Теле жылдыз

Нияз Сманбеков:
"Мен кеткенден кийин, ушак сөздөрдү чыгарып тынчыбай коюшту"
- Жайдын ысык күндөрүндө эмне менен алек болуп жүрөсүң?
- Учурда "Манас жаңырыгы" телеканалында иштеп жатам. Жакында эле Улуттук консерваториянын алдындагы 2 жылдык студиясынын опера-хор ырчысы бөлүмүн бүтүрдүм. Мурда жөн эле артист болсом, эми апам айткандай, "диплому бар артист" болдум.
- Качан ырдап чыкканы жатасың?
- Кудай буйруса, жакында. Дос балам сөзү, обону даяр ыр берген, ошол ырды кайрадан иштеп, ырдап чыксамбы деп жатам.
- Балалык кезиңден эле ырчы болгуң келчи беле, же ырчылар менен аралашканыңдан кийин ырдагың келдиби?
- Кичинемден эле ырдап, бийлеп, "Манас", анекдот айтып конкурстарга катышып, башкы орундарды алып жүрчүмүн. Мектепте өткөн "Жаш таланттар" конкурсуна да көп катыштым. Азыр Кыргыз Техникалык Университетинде окуйм. Ал жакты бүтсөм, МАИ кызматкери адистигине ээ болом. Учурда ырчы болсомбу, же МАИ кызматкери болсомбу деп ойлонуп жүрөм. Бирок чыгармачылыктан алыстай албасам керек. Ырдамайынча бук болуп кетем, үйдө эч ким жокто ырдап-ырдап алсам, моокумум канып калат.
- Азыр алып баруучу болуп жүрөсүң, телеге кандайча келип калгансың?
- Эжем журналистикада окучу, ошол күнү экөөбүз бир жакка бармакпыз. Анан чогуу окуган кыздары таңкы "Замана" берүүсүнө алып баруучуларды тандоо жүрүп жатыптыр деп бармак болушуп, мени да ээрчитип алышты. Барсак камеранын алдына олтургузуп, баарын сындан өткөрүп жатышыптыр. Мен карап турсам, режиссёр Фатима Узбекова: "Сен деле олтуруп көрбөйсүңбү?"- деп калды. "Менин журналистикага тиешем жок, эжемди эле ээрчип келгем" - десем, "олтурсаң көрөлү?"- деп сүйлөтүп көрүшүп:"Сен чоңойгондо Алмаз Касымалиевдей алып баруучу болосуң, үнүң, өңү-түсүң жакшы экен. Кастингден өттүң, биз менен иштейсиң, окутабыз, үйрөтөбүз"- деп, башкы редактору Алтынбек Жумаев айтканынан макул болуп иштеп калдым. Бардык мыкты алып баруучуларды окуткан Гүлсүн Мамашова эжебиз мени да окутту. Андан сырткары, Алтынбек Жумаев, Каныбек Темиров, Алмаз Касымалиевдер көп нерсени үйрөтүштү. Башында кыйналып жүрүп, тез эле үйрөнүп кеттим. Ал менен катар эле радиодо да иштеп калдым. Ал жакта бир жылдай иштеп, КТРдин директору алмашып, командабыз менен жумуштан кеттик.
- НБТ каналындагы "Муз канал" берүүсүндө да алып баруучу болуп жүрдүң эле?
- Жай болуп, окууман эс алууга чыгып, иштесемби деп жүргөм. Апам:"НБТ каналына алып баруучу керек деп жарыя кетип жатат, барып көрбөйсүңбү?" - деп калды. Башында телеге болду жолобой эле коёюнчу деп көңүлдөнгөн жокмун. Апам кайра айтканынан бардым. Продюсери Нурдин Урманбетов өзү тандап жатыптыр. "Кыргыз тилиндеги берүү ачканы жатабыз, иштеп кете аласыңбы?" - деп калды. Мен ар кандай идеяларды ойлоп барып айтам, ал колдоп, экөөбүз жакшы иштешип кеттик. Эң биринчи Деля экөөбүз түз эфирге чыктык, эл жакшы кабыл алды. "Замана" берүүсүндө иштегенимде жашы улуу адамдар көп таанышчу. НБТдан жаштарга кеңири тааныла алдым. Көчөдөн көргөндөр чогуу сүрөткө түшүп коёлу деп сурана башташты.
- Анан ал жактан кетишиңе эмне түрткү болду?
- Мурда продюсерге түз кирип өз оюмду айтып турчумун, программалар мен айткандай болуп элге жагымдуу болчу. Идеяларымды продюсер колдоп турчу, кийин Нурдин байке менен Мирлан байке жакшы мамиледе болушуп, чогулуш болгондо менин ойлорумду жакшы колдоого алышпай, берүүлөрдүн форматын да өзгөртүп жиберишкенде, иштегим келбей ирээнжип калдым. Андан кийин: "Жаңы кыз келсе чыгасың"-дешип, эфирден себепсиз эле алып коюшту, кийин кыздар келсе деле чыгарышпайт. Бир күнү продюсерге кирип: "Эмнеге мындай болуп жатат" - деп айтсам,"жакшы кыз келсин"- деп койду, эфирге болсо эптеп эле бирөөлөрдү чыгарып жатышат. Мага эфирдин кунары кеткендей сезилди, кыскасы купулума толбоду. Жумушка барып кечке интернетте олтурам, сюжеттерге чыгайын десем деле макул болушпайт. Мирлан өзүнүн айтканын бербей, кыскасы, экөөбүздүн оюбуз дал келбей калды. Ошентип, бир ай күттүм. Акырында баарына көз жумдум да, торт, суусундугумду алып келип коштошуп жакшы эле кеткем. Анан мен кеткенден кийин жаман ушак сөздөрдү чыгарып, тынчыбай коюшту. Андан көп өтпөй "Манас жаңырыгы" телеканалынын "Таңкы тамаша" берүүсүнүн продюсери Жайна эже: "Жаңы берүү ачканы жатам, жардам берип ишке киргизбейсиңби?"-деп чакырып калды. "Муз каналда" кийинки кездерде мени менен ким жакшы сүйлөшүп калса эле, ошону эфирге чыгарбай чүнчүтүшүп, алардын баары иштен кеткен. Деля, Айпери, оператор балдар бардыгын чогултуп, бир команда болуп ишке кириштик. Өзү да мага жакшы шарт түзүп берди. Ошентип, "Таңкы тамаша" тез эле элге жагып кетти.
- Деля экөөңөрдүн ортоңордо сүйүү бар дешет го?
- Экөөбүз кесиптеш катары бири-бирибизди сыйлайбыз. Көбүнчө чогуу жүрөбүз, ошол себептен, андай сөздөр айтылса керек. Билбейм, экөөбүздүн ортобуздагы байланыш сүйүүбү же жокпу? Кыскасы, мамилебиз жакшы.
- Мамлекеттик теледе, эркин теледе да иштеп жүрөсүң, экөөнүн кандай айрымасын байкадың?
- "Замананы" Кыргызстандын төрт бурчу көрөт. А. Касымалиев айткандай, ал жакта чоң жоопкерчилик болуш керек. Алдын ала даярданып айта турган сөзүңдү тактап, кагазга жазып аласың. Ал эми бул жактыкы эркин формат болгондуктан, даярданбай эле чыгып кетесиң. Негизи, мага таңды тамаша менен тосуп алган жагат. Мисалы, "Заманада" эл алып баруучунун айтканы менен болсо, "Манас жаңырыгында" элдин айтканы менен болобуз.





  Ден соолук

Кулакка салгычты (наушникти) көп колдоном, кечинде чечкенде кулагым шуулдап, анча укпай калат. Жакындарым да: "Кулагың укпай калат",- деп көп айтышат. Анын кулакка кандай зыяны бар жана кантип туура тандоо керек, маалымат берип коюңуздарчы?
Асел, Бишкек шаары
"Кулакка салгычты көп колдонгондо, нервдин клеткалары өлүп калат"
Көчөрбаев Ишенбек Раимкулович, Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулар бөлүмүнүн дарыгери:
Ар бир адамдын кулагында клапандык тарсылдак болот, катуу музыка укканда алар барып нервге таасир этип, нерв жабыркап, кулак жакшы укпай калат. Азыр жаштар кечке кулагына "наушникти" салып алып, музыка угуп жүрүшөт. Аларды дароо укпай калат деп айтпайм, бирок акырындык менен укпай калышы мүмкүн. Ар бир техниканын зыяны бар, музыканы кечке уга берсе организм чарчайт, угуусу начар болуп, кулагы ооруйт. Аны көп колдонгондо нервдердин клеткалары өлүп калат да, кайра ордуна келбейт, ошондуктан, кулакты ар кандай чурулдоолордон сакташ керек.


кулакка салгычты (Наушникти) кантип туура тандоо керек?
1. Арзан баада алган "наушникке" өкүнүп калган учурлар болот. Убакыт өткөн сайын андан ар кандай жагымсыз үндөр угула баштайт. Ошол эле убакта башты оорутуп, кулактын угуусун начарлатат жана мээнин өз нугунда иштөөсүнө тоскоол болот. Аны канчалык кымбат баада алса, ошончолук сапаттуу болот.
2. Эгер сиз "наушниктин" төмөн жана бийик жыштыктарда чырылдаган үнүн уксаңыз, бул анын диапазон жагынан кемчилдигин билдирет. "Наушник" аларда ушул жагын жакшылап байкаңыз.
3. Алар зымсыз жана зымдуу деп бөлүнөт. Зымдуунун кемчилдиги-алардын зымында, себеби, кыймылдаганга жолтоо болуп, мындай наушник менен кеңири ары-бери кыймылдай албайсың. Ал эми зымсызы менен кеңири кыймылдоого болот.
4. Акустика жагынан ачык жана жабык болуп экиге бөлүнөт. Жабык "наушник" сырттан келген үндөрдү киргизбейт, ал эми ачыгы айлана-чөйрөдөгү үндөрдү угууга жардам берет. Ошондуктан, ачык түрүн тандасаңыз ыңгайлуу болот.
5. Айрымдары кулакты өйкөшү мүмкүн, андыктан, сатып аларда кулакка таккан жери атайын губка менен капталганын алсаңыз өкүнбөйсүз.

Жүгөрүнүн пайдасы
Жүгөрү жүрөк-кан тамыр системасынын калыптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон "К" витаминине бай. Андыктан, жүгөрүнү көп өстүргөн өлкөнүн калкы жүрөк-кан тамыр оорулары менен аз оорушат. Жүгөрү - эрте картаюунун алдын алып, чачтын жана теринин абалын жакшыртуучу "Е" витамининин казынасы. Нерв системасын бекемдөөчү "В" витаминин, иммунитетти көтөрүүчү "С", сөөктү бекемдөөчү "Д" витаминин жана темир, калий, кальций жана магний сыяктуу пайдалуу заттарды да жүгөрүдөн табууга болот.
Диетологдор жүгөрүнү организмден ашыкча холестеринди чыгара алгандыгы үчүн баалашат. Жүгөрү майы тамакка болгон табитти төмөндөтөт. Андыктан, аны арыктоодо да колдонушат.

Колдонулушу
Жүгөрү илгертен тамак-ашка жана тоют катары кеңири колдонулуп келет. Мисалы, поп-корн кийинчерээк гана популярдуулукка ээ болсо, ал мындан 5000 жыл мурун эле америкалык индейлердин негизги тамагы болгон.
Жүгөрүнүн медицинада да өз орду бар экенин кошо кетели. Мисалы, жүгөрүнүн чачыгы боор менен өттүн иштөөсүн жөнгө сала тургандыктан, аны холецистит жана гепатит оорусу барлар кайнатып ичишсе болот. Жараны айыктырууда да салымы чоң болгондуктан, дерматит оорусу барлар тамак-ашка (мисалы, салатка) колдонсо жакшы.

Динара Чокоева