Адистин көзү менен
Өзү да, үнү да назик Айпери Сыдыкованын "Эркеле" аттуу ыры радиолордон тынбай берилип жаткан учуру. Бул ыр аткаруучунун жагымдуу авазы менен бааланып, элдин жүрөгүнөн түнөк тапса да, баары бир адистин ой-пикирин угууну эп көрдүк.

Айпери Сыдыкова
Сөзү, обону:
А. Сыдыкованыкы
Эркеле
Жүзүңдөн нур чачырап төгүлсө,
Айланам агаргандай көрүнөт.
Жанымда отурсаң эркелеп,
Көңүлүм сага гана бөлүнөт.
Көңүлүм сага гана бөлүнөт.

Кайырма:

Эркем менин, эркелечи,
Эрип кетем эркелесең.
Эркем менин, эркелечи,
Эркелесең эрип кетем.

Жаным го, жаным деп эркелетип,
Сага арнап, эркем, ырдай берем.
Ардактап, асырап жарың болуп,
Сүйүүңдүн кадырына жетемин мен.
Сүйүүңдүн кадырына жетемин мен.

Кайырма

Мирбек Атабеков Ысык-көлдө
Таланттуу жигиттерибиздин бири Мирбек Атабеков тойлордон баш тартып, азыр Ысык-Көлдө жайкы эс алууда. Жигитибиз эс алуу менен гана чектелбестен, жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып, күздө боло турган чоң программадагы концертине даярданып жаткан учуру.

Дайыр өзгөчө стилде дуэт жаздырды
"Кара көз" деп ырдаган жигитибиз Дайыр Исмадияров Россияга гастролдоп келип аябай чарчап, Ысык-Көлгө эс алганы кеткени жатат. Ошондой эле, ырчы жигитибиз Эрлан Андашев менен биргеликте өзгөчө стилде дуэт жаздырышты. Мындан тышкары, "Атаке" деген ырына клип тарттырып жатат.


Кундуз клип тарттырып жатат
Татынакай, ай чырайлуу ырчы кызыбыз Кундуз Канатбек кызы кечээ жакында "Мегаком" компаниясы менен Нарын областына концерт коюп келди. "Алгачкы сүйүүм" аттуу ырына клип тарттырып, Ысык-Көлгө барып эс алып келсемби деп турат.


Добрдан жаңы ырлар
"Нукура кыргызмын" деп ырдаган жаш, таланттуу жигитибиз Добр "Аят-2" киносуна саундтрек жазды. Мындан тышкары, жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө иштөөдө.

Алиса Сапарбекова





Алтынбек Исмаилов, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, акын:
"Ашмалтайы чыккан ойлор, уйпаланган уйкаштар"
Негизи, обондуу ыр деген комуздун үч кылы сыяктуу. Башкача айтканда, биринчи кылы - ырдын сөзү, экинчи кылы - обону, үчүнчүсү - аткаруучунун үнү. Мына ушул үч нерсе бири-бири менен бекем жуурулушканда, бири-бирине шайкеш келгенде гана мыкты чыгарма жаралат. Тилекке каршы, учурда ыр дүйнөгө жаңыдан кадам таштап жаткан жаш ырчылар көбүнесе ырдын сөзүнөн аксап жатышат. Жада калса, айрым ырлардын маани-мазмуну бул жакта турсун, сырткы техникасы да талапка жооп бербейт. Сезимге боёк сүртүп, жүрөккө жарык берчү мыкты саптарды кезиктирүү абдан кыйын. Көпчүлүк учурда мындай мааниси жок, арабанын огундай оркойгон, одур-бодур, олдоксон саптарды компьютерден тазаланган аткаруучунун "жасалма" үнү менен чет элден уурдалган даяр обондор жаап-жашырып, жылмалап салууда. Эгерде ошол ырлардын текстин музыкасынан бөлүп алып, өзүнчө талдай турган болсоңуз, бир сабы түндүктү, бир сабы түштүктү, бир сабы чыгышты, да бир сабы батышты караган, борпоң сөз айкаштары менен тамтыгы чыккан сүйлөмдөргө күбө болосуз. Ал эми айрымдарынын сырткы техникасы кынтыксыз иштелгени менен мааниси супсак.
Мына ушул өңүттөн алып караганда, Айпери Сыдыкованын "Эркем" аттуу ыры өзү теңдүү аткаруучулардын ырларынан анчейин айырмалана бербейт. Ырдын техникасы да, мазмуну да жармач. Баягы эле күн сайын кайталана берип ашмалтайы чыккан ойлор, уйпаланган уйкаштар.
Анан да боз уландын сүйүктүү селкисине арнап ырдачу ырын, тескерисинче, кызбаланын эркекке багыштап, эзиле ырдап жатканы бир кызык. Маселен, "жанымда отурсаң эркелеп, көңүлүм сага гана бөлүнөт" деген сапты кунт коюп окуп, андан кийинки далай жолу кайталанган "эркем менин, эркелечи, эрип кетем эркелесең" өңдүү кайырмага назар салган же болбосо, соңку куплеттеги "жаным го, жаным деп эркелетип, сага арнап, эркем, ырдай берем" деген саптарга үңүлө караган сабаттуу окурмандын кандай ойдо калары айтпасак да белгилүү. Андыктан, жаш ырчылар ырдын сөзүн да, обонун да өзүм жаратып, баарына өзүм жалгыз автор болом деген түшүнүктөн арылып, сөздү мыкты акынга, обонду мыкты композиторго жаздырышса, эл алдында жүздөрү жарык болуп, жараткан чыгармалары алардын экинчи өмүрү катары түбөлүккө жашап калмак. Өкүнүчтүүсү, учурда жарык дүйнөгө келген көпчүлүк ырлар ара төрөлгөн баладай болуп, авторлордон мурда "чарчап калууда".




"Алмаз" радиосу тажрыйбалуу жогорку билимдүү айымдарга ДИ-ДЖЕЙликке кастинг жарыялайт. Резюмелерди radioalmaz@mail.ru дареги боюнча кабыл алабыз жана 0312-30-10-24, 30-10-23 телефондору боюнча кененирээк маалыматтарды алсаңыздар болот. Андан тышкары, "Алмаз" радиосунда жаңы акция "Кумир жана угарман". Бул жуманын коногу Нурбек Дайырбек уулу. Берилген суроолорго так жана таамай жоопторду 1032 кыска номерине жөнөтүп, Нурбектин сыйкырдуу белегине ээ болсоңуз болот.




Жамила Муратова, ырчы, композитор:
"Үч - төрт нотанын
тегерегинде жазылган обон"
Азыркы мезгилде жаштарга ылайыктуу кандайдыр толкун кетип жатпайбы. Бул ыр ошол жаштар гана уга турган ыр болуптур. Эми мен өзүмдү кыйын композитор катары эсептебейм. Мындайча айтканда, жогорку деңгээлде жазылган ыр эмес. Бул кыздын өзүнүн вокалдык жагынан жөндөмү бар экен. Айпериге айтар элем, жакшы ырларды, мындайча айтканда, оор басырыктуу ырларды ырдасын жана вокалды дагы жакшы өздөштүрүүсү керек. Азыркы жаштар сүйүү, махабатты өздөрүнчө кабыл алышат эмеспи. Мен, балким, улуураак болгондон кийин бул сезимге көз карашым башкача болуш керек. Айпери эгер жакшылап аракет кылса, бул кыздан жакшы эстрада жылдызы чыгат деп ойлойм. Чыгармачылык деңгээлин, репертуарын кичине бийиктетсе жакшы болот. Жаштарга ылайык эмес ар кандай курактагы угармандардын купулуна толгон жакшы ырчы кыз чыгат деген ойдомун. Мындай кыздар чанда, азыр ырчылар саны бар, сапаты жок болуп жатышпайбы, бул кейите турган көрүнүш. Чыгармачыл улуу эже катары айтар элем, мен ушул ырды ырдап койдум, кыйратып салдым дебей, мени уккан угармандарым бар, ошолордун алдында уят болбоюн деген жоопкерчиликти ал деп. Жакшы композиторлор, акындар менен иштешип, изденсин демекмин. Ал эми обону анчалык деле диапазондуу деп айта албайм. Үч-төрт нотанын тегерегинде, бийик профессионалдык деңгээлде жаралган эмес. Айпери жакшы ыр, жакшы обону менен жакшы аранжировкаланган ырларды эл алдына алып чыгарына ишенем. Каалаарым чыгармачылык ийгилик, тынымсыз эмгектенүү, жакшы чыгармаларды жарата берсин жана алып чыгат деген ойдомун. Себеби, Айперинин ичинде жаткан таланты бар экен.